Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Т.О.П.

№459 19-25-август, 2011-жыл

Корея толкуну сериалдар менен эле чектелбей, азыркы тапта бизде түштүк кореялыктардын музыкасы, тамак-ашы, кийим-кечеси, аксессуарлары, керек болсо чач жасалгасынан бери мода болуп жаткан кези. Анын ичинен бүгүнкү музыкалык чарттардын лидери жана «Big Bang» тобунун рэпери, актёр Т.О.П. менен тааныштырабыз.

Т.О.П. – Ырчы, актёр жана модель.
1987-жылы 4-ноябрда төрөлгөн.
Бою – 181 сантиметр.
Салмагы – 65 килограмм.
Хоббиси – Китеп окуу жана сууда сүзүү.
Сеулдагы Искусство академиясын аяктап, 2008-жылдан бери Дангук театр жана кинематография университетинде билим алып келет.
Ата-энеси жана эжеси бар.
Тартылган тасма-сериалдары – «Мен Сэм» (2007), «Айрис» (2007), «Кишинин окуясы» (2008), «Менин 19 жашым» (2009), «Оттун ичин көздөй» (2010).
Сыйлыктары – 2011-жылы кино жана телеберүү тармагындагы эң престиждүү «Бэксан» фестивалында «Эң жаш актёр» жана «Эң популярдуу артист» деген наамдарга ээ болду.

ТОМПОЙГОН Т.О.П. КАСТИНГДЕН ӨТПӨЙ КАЛГАН
Т.О.П. – «Big Bang» тобуна келгенден кийин коюлган сахна ысымы. Өзүнүн аты Чхве Сын Хён. Анын шоу дүйнөсүнө аралашып калганы кызыктуу окуя менен коштолгон.
Чхве «YG Entertainment» компаниясы эркек балдардан түзүлө турган топко талапкер издеп жатканын угуп калат. Бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын эң мыкты рэперин биринчи уктурууда калыстар тобу «ашыкча салмактуу экен» деп жактырбай коюшкан. Чхве кастингден өтпөй калганына ыза болгондун ордуна спорт менен машыгып отуруу менен арыктап, алты айдан соң «YG Entertainment» компаниясы арыктаган жигитти кабыл алат. Бул компания тандап алган 4 жигиттен «Big Bang» деген топту түзөт. Чхве окуучулук кезинде эле Tempo деген лакап ат менен рэп окучу. Ал өзүнөн улуу достору менен чакан түнкү клубдардын программаларына катышып жүргөн.

АЗИЯНЫ «ЖАРГАН» «BIG BANG»
2006-жылы «Big Bang» тобунун «Биз экөөбүзгө таандыкпыз» («We belong together») деген ыры менен сахнадагы тушоосу кесилет. Бир апта айланбай бул ыр түрдүү музыкалык чарттарды башкарып, хит болууга жетишет. Андан ары 2007-жылы күйөрмандарына «Дайыма» («Always») альбомун су­нуш­ташса, 2008-жылы «Тур» («Stand up») альбомундагы «Күндөн-күнгө» («Day by day») деген сингли бир эле Түштүк Кореяда эмес, дүйнөлүк музыка чөйрөсүнүн хитине айланат. Ушул эле жылды «Эсте» («Remember») деген альбом менен аякташып, өлкөдө «Эң көп ырлары сатылган топ» деп табылат.
Топтун популярдуулугу арткан сайын анын продюсерлери ар бир ырчынын рейтингин карап чыгып, G-Dragon менен Т.О.П.ко сахнага өзүнчө чыгууга шарт түзүп беришет. Ошентип, 2007-жылы ал биринчи соло синглдерин чыгарууну баштаган. Анын соңку эң популярдуу ыры болуп «Жогору карай бур» («Turn it up») саналат.

«КЫЗДАРДЫН ЫЙЛАГАНЫНАН КОРКОМ»

Т.О.П. сүйүү темасына чанда гана токтолот. Бирок төмөндөгү маекте кыска-нуска айтып берүүгө макул болуптур.

– Азыр бирөөнү жакшы көрөсүзбү?
– Жок, мен үчүн учурда жумуш маанилүү. Ишке толугу менен берилип кетип, башка нерселерди унутуп койгон адамдардын катарына кирем.
– Идеалдуу махабатты кантип элестетесиз?
– Эгерде ал экөөбүз чогуу болбосок да, ортобузда ишеним сезими күчтүү болуп турган абал деп ойлойм.
– Кандай кыздар жагат?
– Мен анын эч нерсеге карабастан пози­тив­дүү жүрүшүн жана мени менен бирге өсө ала турган адам болушун каалайм.
– Айымдардын көз жашы тууралуу эмне дей аласыз?
– Чын, аябай корком. Эмне кылышымды билбей алдастап калам.
– Кызга берген эң баалуу белеги­ңиз...
– Анын туулган күнүнө арнап ыр жазганмын. Бул ыр жарата алган адамдардын жетишкендиги. Ал аябай таасирленип, ыйлаган болчу.
– Сүйлөшкөн кызыңыз болсо, кай жерге барууну тандамаксыз?
– Эл көп болгон жерде кол кармашып сейилдегим келмек.
– Качан биринчи жолу сүйүүгө кабылгансыз?
– 19 жашымда. Ал менден улуу эле, кыз тууралуу башка эч нерсе айткым келбейт.
– Эгерде сүйүүңүздү кабыл албай койсо, эмне кыласыз?
– Достордон жашынып, баарын көзөмөлгө алуу үчүн өзүм баарын жакшылап таразалап чыкмакмын.
– Айымдардын эмнеси көбүрөөк жагат?
– Бийик така кийген буттар. Мен баарын унутуп, кечке ошону эле карап калам.

ЭҢ КЕЛБЕТТҮҮ, ЭР ЖҮРӨК...
T.O.П. – топтун эң сабатсыз аткаруучусу. Ал ырчы болуу үчүн эч качан сабак алган эмес. Андыктан башында ырлардын ичинде ага өзүнчө чакан партия берилип, ошону аткаруу менен чектелчү.
T.O.П. – топтун эң мыкты актёру. Ал көптөгөн тасма жана сериалдарда роль жараткан.
T.O.П. – топтун эң кыз жандуусу. Бир концерттин учурунда кореялыктар үчүн өөн учураса да, ал сахнада популярдуу ырчылардын бири Ли Хё Рини өпкөн.
T.O.П. – топтун эң сезимталы. Сахнадан тышкы жашоосунда өтө сентименталдуу, жалгыздыкта калганды жактырат.
T.O.П. – топтун эң эрктүүсү. Дебютунун алдында 40 күндүн ичинде 20 килограмм салмактан арылган.
T.O.П. – топтун эң үшүкчөөлү. Адамдар жатарда чечинип жатса, ал керебетке кулаарда тапкан кийимин каттап-каттап кийип, анан уйкуга чөмүлөт.

Эльвира Караева
koom@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Т.О.П.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
22.08.2011. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он такой класный я влюбилась в него
22.08.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа согласна , он классный , Топчик люмимчик мой.
23.08.2011. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wonderfullgirl, эээк, экөөвүс муну мага деп сүйлөшпөдүк беле? Кечке эжекеңден талаша бересиңби? :)
SUPER.KG видео
22.08.2011. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер!
23.08.2011. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ролунь жакшы ойнойт ммолдес
23.08.2011. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оба ал татынакай экен бирок кыргыздын жигиттерине жетпейт
24.08.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziato4ka, Кыргыздын моделдери башка да! Рахмат сага Кыргыз жигиттеринин атынан
23.08.2011. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chxve Syn Hyon emes Choi Syn Yon dep aytilat. Orus chun bashtar chuldurap kanday atashsa, bizdikiler da osholordon kotorup jatip atyn oshondoy kilip chigarip tashtayt da. Ozum Korey tilin jana Koreyany jakshi bilgendikten aytip jatam.
25.08.2011. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dollar, ooba tuura aitasyz. Birok bizdin sistema oz kalybyna kelgenge cheyin baari bir orustardyn sistemasy menen ulana berse kerek.
25.08.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааааааа корей жигиттери биздин кыздарды кызыктырышты да калды. эх кыргыздын жигиттери кайдасынар? Кыргыз кыздарынын журокторун корей "калемпирлери" ээлеп кетмей болду.
25.08.2011. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде кыздар азая баштаганда биз кино тартабыз
кино менен кыздарды нары бери чуркатып
ойносон болот э
кантип турмушка чыгуунун жолун издеп калат экенго
27.08.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lider-kg, созундун мааниси эмнеге барат тушунбодум?
27.08.2011. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да кайдагыны энсеп отурбай оз суйуунорду кыргыз жигитеринен издесенер болмок аларга жетпейсинер го кыздар
01.09.2011. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iii emi koreiler jaga bawtadubu en bawunda indiiskii kino korup andan kiin brazil'skii anan ozbek anan koreibi?

21.08.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну аябай жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо