Жаным Айзат: «НИКЕ ШАКЕГИМДИ КОЛУМДАН ЧЕЧПЕЙМ»

№459 19-25-август, 2011-жыл

АЙЗАТ АЙТАТ

  • 1991-жылы 2-мартта Бишкек шаарында төрөлгөм.
  • Учурда боюм 169 см, салмагым 50 кг.
  • КГУСТАнын кыргыз-герман факультетинде 4-курста окуйм.
  • Жума сайын “Дордойго”, дүкөндөргө кийингени барып турам.
  • 20дан ашык туфлийим бар.
  • Корей тилин үйрөтүүчү курсту бүткөм, бирок корей тасмаларына кызыгуум жок.

– “Окуум биринчи орунда болгондуктан, шоу-бизнесте көп ийгиликтерге жетишпей жатсам керек” деген элең, азырчы?
– Азыр деле ийгиликтерди жарата албай келатам. 1-2-курста окуп жүргөнүмдө чыгармачылыкка жакшы эле жетишип жаткан элем, анан эле кийинки курстарда артка кеттим. Ойлонуп көрсөм, окуумду биринчи орунга коюп, андан кийин гана ырчылыкта катуу иштешим керек экен.
– Эмне себептен клиптериң аз, өзүң да сахнадан көрүнбөйсүң?
– Дагы деле окуума шылтайм. Чындыгында, көрүнбөй калдым. Буюрса, сентябрь айынан баштап чыгармачылыкка катуу киришейин деп учурда вокалдан сабак алып жатам.
– Түнкү клубдарга барып турасыңбы?
– Мурда көп эле барчумун. Азыр болсо чанда гана барам. Өткөндө үч курбум менен Ысык-Көлгө эс алганы барганбыз. Үчөөбүз түнкү клубга баралы деп караңгыда такси тоскону сыртка чыксак, бир машина токтоп жатпайбы. Такси эмес экен деп коркуп, башка машинага түшүп кеттик. Бир маалда эле биздин таксинин жолун тосуп чыга калышса болобу. Эки курбум коркуп кыйкырышса, мен болсо ала качып кетишсечи деп ойлоп алып ыйлаганымды сурабаңыз. Ошентип, ал бейтааныш адамдар түнкү клубга “таанышалы” деп ээрчип алышты. Биз калп эле шашкан болуп качып кеттик.
– Жигитиң барбы, качан турмушка чы­гасың?
– 8-классымда классташым менен бир ай сүйлөшкөм. Ошондон бери жалгызмын. Элдер таң калып “кантип жигитиң жок?” дей беришет. 20га чыгып жигитим жок экенине өзүм да таң калам. Бой жеткен сайын турмуш тууралуу көп ойлонуп калат экенсиң. Мен дагы үч жылдан кийин турмушка чыккым келет. Негизи, шакек тагынганды жаман көрөм, бирок кийин нике шакегимди колумдан чечпейм.
– Тамеки чегип, ичкен кыздарга ки­ресиңби?
– Тамеки чегип көргөм. Бир жолу эжем экөөбүз үйдө отуруп, атамдын тамекисин көрүп калып, чегип көргүбүз келип кетти. Тартып жатсак, атам келип калып жатпайбы. Эмне кыларыбызды билбей, артыбызга ката койсок, атам кечке бизди карайт, шекшип калгансып. Көрсө, эжем тамекисин өчүргөнгө жетишпей калгандыктан, палас күйүп, түтүн чыга баштаптыр да. Ошондо атам көрсө да көрмөксөнгө салып башка бөлмөгө кирип кеткен. Ичкилик ичпейм.
– Комуз үйрөнсөм деген ние­тиң­ди ишке ашырдыңбы?
– Комуз үйрөнгүм келип жүргөн кезде мен ноталарды да билчү эмесмин. Азыр болсо, Кудайга шүгүр, түшүнүп калдым. Ал эми комузга дагы деле убакытым жок болуп жатат.
– Ак колсуңбу же кара жумушту катырасыңбы?
– Колумдан келет, баары. Ичеги-карын артканды да билем. Ийне-жип кармай албаганым чатак да. Кенедей топчу кадагым келбейт.
– Өзүңө ырчы катары кандай баа бересиң?
– Өзүмдү орточо ырчылардан да кичине төмөнүрөөк көрөм. Бийик деңгээлдеги ырчылар күндө үндөрүн таптап турушат, мен деле көнүгүүлөрдү жасап турам, бирок баары бир жетпейм.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(29)
22.08.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда чегет экенда
22.08.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIRDAUS,
Эмне анча капа болдун?
22.08.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда чегет экенда
22.08.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчы болбой ле койсунчуу...кыйраткан деле ун жок..
22.08.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмушка чыкканбы деп оюма кетиптир....Аябай жакшы кыз, мунозу да сонун
22.08.2011. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мне она нравится ....
22.08.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 дан ашык туфлим бар!!! Эми ошону айтпай эле койсон болмок. Айткан сон жакында 1-сентяарь коп балалуулар жок эмес. Жарымын бер ошолорго. Анан суперге келип ошону мактансан арзыйт!!!20 дан ашык туфлим бар!!! Эми ошону айтпай эле койсон болмок. Айткан сон жакында 1-сентяарь коп балалуулар жок эмес. Жарымын бер ошолорго. Анан суперге келип ошону мактансан арзыйт!!!
22.08.2011. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчылар катуу чучкурсо деле мактана беришеби
22.08.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец,уда4и ей во всем....
22.08.2011. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЧЫК КЫЗ ЭКЕН ГО!!!негизи калп айтпаш керек
22.08.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчак экен анан ыры деле жакпайт
23.08.2011. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!!!!!!!
23.08.2011. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кыздай корунот го бирок чын эле туфлисин мактанбай эле койбоптур!
23.08.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе хе хех туфлиси жоктор жазып жатышат ко дейм, болсо болот да ага анча эмне чычаладынар, азыр санасан кыздардын 4 сезондогу бут кийийми 20 да ашат туурабы айымдар санап коргулочу озунордун бут кийийминерди, бирок бул кыздын ырын да угуп коргон эмесмин
23.08.2011. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан мурунку жолу супер инфого берген интервьюсунан кичине айырмаланып турат экен.
23.08.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"НЕМЕЦ БАЛАНЫ ЖАКШЫ КОРЧУУМУН" деген эле, ошон учун кыргыз - герман факультетин тандаган окшойт.
23.08.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ырчы эмесмин,бирок менин да 20дай туфлийим бар.
23.08.2011. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле көнүгүүлөрдү жасап турам, бирок баары бир жетпейм: antkeni unun jokda :)
23.08.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыз ырдайт беле? Нике шакегинди тагынып деп.Бирок татынакай кыз экен.
24.08.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Я не думала что она учиться в каси....
24.08.2011. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ona horoshenkaya!
24.08.2011. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мда она очень открытая и милая девушка!я ее отл знаю!!!!!молодец и удачи во всем!
25.08.2011. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"myshyk mayga jetpey sasyk" deptir tuugandar biz bularga okwop sahnaga emes karaoke yrdawtan uyalabiz go, syndagandy uyronolu,tuura sundagyla,"azamatsyn Janym Ayzat alga, dagy ki4ine araket kilsan" dep koygula....
25.08.2011. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn janym Aizat
25.08.2011. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамеки тартса озуно зыян...
26.08.2011. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai jakshi, baarin achik otzn kotorboi aitip koidu.
28.08.2011. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын ИЙГИЛИК сага
13.06.2012. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жума сайын дордойго барып кийинип турсан, 20 туфли алганга аран жетиштинби? 100деп мактансан жарашат эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо