Айдин Шердин апасы Алтын эже: «АЙДИН ШЕРДИН АЗАБЫН ТАРТЫП ЖҮРӨМ»

№459 19-25-август, 2011-жыл

Шоу-бизнес – өтө эле кызык дүйнө. Бул чөйрөгө продюсер деген түшүнүк киргенден бери ырчы менен продюсер чыры деле бүтпөйт өңдүү. Бул саам Айдин Шер деген ысым менен белгилүү болгон ырчынын апасы Алтын эже кеңсебизге келиптир, “уулум үчүн убайым тартып жатам” деп. Cөздүн аягы барып эле продюсер ырчы чырына такалды.

– Эже, сөздүн төркүнү уулуңуз Айдин Шер жана продюсери Динара Эсенгулова менен байланыштуу экенин билип турам.
Ооба. Уулум менен продюсери чырдашкандан бери бир жылга аяк басты. Баары келип каржы маселесине такалат. Былтыр ноябрда Айдин концерт берген. Өздөрү жетишпей калганда мен чуркап жүрдүм. Ала турган акчабыз кечеңдегенинен мен туугандардан чогултуп, баннерлерге акча тапкам. Кассаны эки күн көргөзгөн жок. Адегенде “Динара, бир күндүк концерттин билетин мага чыгарып бер, мен саттырайын” дедим. Ал “жок, эже, андай болбойт. Кайрат Примбердиевдин концертинде да ушинтип кайра билеттерди алып келип беришкен” деп болбой койду. Илгери-кийин концертке аралашып көрбөгөн жаным баарына макул боло берипмин, акырында өзүм күнөөлүү болуп каларымды сезбей.
– Продюсер менен иштешерде ырчы келишимге кол коёт эмес беле?..
– Мен телевидениеде 14 жыл иштегем. КТРКдан кетип жатканымда уулумду сахнага чыгарайын дедим. Анда Динара теледе иштечү. “Менин балама да жардам бер” дегем. Динара “Султан башында кыйын болуп кыйратам деп аягында ушинтип кетти” деди. Жумуштар менен Көлгө кеткем. Мен жокто Алмаз экөө келишим түзүшүптүр, кызым күбө болуптур. Кайрат, Султан менен 3 жыл келишим, а менин балама келгенде эле 5 жыл деп жазып алышыптыр. Анан “ката болуп калган турбайбы, мейли, көрөбүз” деп коюшат. Иштешкенине 4 жыл болгондо экөө урушуп жатышпайбы. Динаранын коркутуп-үркүткөнү эле “келишимде мындай болуп турат” дегени. Бекер күнөөлөй бербейин деп юристтерден консультация алдым. Динаранын тарабын алган 6 барактан турган келишим экен. Анан калса ата-энесинин уруксаты жок, 18ге чыга элек кезинде түзүлгөн. Келишим түзөрдө “эже, келиңиз, балаңыз менен келишим түзүп жатам” десе болмок. Балама “мен сени менен 3 жылдан бери иштешип жатам, ошого 5000 доллар бересиң. Айдин Шер деген атыңды өчүрүшүң керек. Эч бир телерадиого, гезитке чыкпайсың” деген ультиматум койду. “Алмаз эл үчүн ырдап жатат. Эмне үчүн мындай кылдың?” десем, “бизде продюсердик тилектештик бар, я имею право. Мен бүт баарынан ыр-клиптерин алдырдым. Керек болсо, мен сиздин балаңызды Кыргызстандан жок кылып коём” дебедиби.
– Балким, кечирим сурашсаңар сотсуз бүтмөк да...
– Динара бут тосуп жатат. Ырдаса барып эле кийлигишип, “мен сени сотко берем” деп коркутат. Акыры мен сотко бердим. Ушунча жылдан бери экөөнүн ортосунда эмгек китепчеси же эмгек келишими жок болсо, айлык албаса, балам жөн эле жүрө береби? Сотко келип Динара “булар мени эмне үчүн күнөөлөп жатат?” дептир. Кантип эле күнөөсү жок болсо, биз сотко кайрылабыз?! Алдынан өттүм, кечирим сурап бардым, болбоду.
Алмазга жини келген күнү эле “килемге” чакырат. Барсам мага акыл үйрөтө берет да, акчага келгенде “апаңдар неге кийлигишет?” деп уулумду жейт.
– “Айдин Шер жылдыз болуп кетиптир, продюсерине кыйкырды” деп шоу-бизнестин өкүлдөрү айтып жүрүштү эле...
– Концертке КТРК­­­­­­­­нын декорациясын алпарды. Ошол учурда силердин Толик Сынчыңар да барбай калыптыр, барып көргөнүн жазчу. Концерттен соң өзүм макала жазып, кайра койчу дедим. Уулум үчүн убайым жейм. Айлам кетти. Баламды көрүп ооруп калдым. Бойго жетип калган бала муунуп алса не болот эле? Бул деген асмандын башынан талп деп кулагандай болуп калды. Баламдын өңү саргайып, сыртка чыкпай, депрессияда калбадыбы. Доктурга көрсөтүп, дары-дармек жаздырдым. “Апа, мен эмнеге чыктым?” деп капа болот. Баламды урушканым менен, анын жанынан алыс барып алып ыйлаган күндөрүм болду. Султандын энесинин абалын мен ошондо сездим. Султан менин балама караганда эки эсе таланттуу. Кандай акмакчылык, бул кыздын кылганы?! Чет өлкөдөгү кызым көрүп, “апа, бир жылда картайып кетипсиз” дейт. Бала үчүн убайым жеген жаман, эне үчүн. Динараны үйүмө конокко чакырып, төрүмө отургузуп баштыктарды берип, “сенин аркаң менен балам сахнага чыгып жатат” дечүмүн. Булакты тосуп койсоң деле бир жерден атып чыгат. Менин баламдын жолу тосулду. Концерттен кийин эле көңүлү калды. Динарага барып “бүттү, эже, мен сизден неге кечирим сурамак элем? Эмне үчүн мени күнөөлөп жатасыз? Ортодон апамдарды отургуздуңуз” деп кетип калыптыр.
Чогуу иштешкен артисттер Алмазды какшыкташат экен, “Дикибай менен иштешкен кандай болот экен?” деп. Макул, менин балам жаман экен, а эмне үчүн Султан, Кайрат бир концертинен кийин иштешпей калды? Динарага акча эле керекпи? Султан, Кайрат да карыз болуп чыгыптыр, эми менин балам карыз болду.
– Биз “продюсериң менен көпкө иштешесиңби?” деп сурасак, Айдин “эми убакыт көрсөтөт, көрөбүз го” деп койгон болчу.
– "Жараланган турналарга” тартылган эмеспи Айдин. Режиссёру “балаңыз аябай жөнөкөй экен” деп ыраазы болду, муну Динара өзү деле айтты. “Эже, балаңыз далдаке, кино тартылганда башка балдар жөн эле жүрсө, ал от жагып, суу ташып жүрдү. Анан “ай, сенин Айдин Шер деген атың бар” деп айттым” деген. Жөнөкөй баланы керсейтти, өзүндөй кылып. Динара керсейген кыз, мен аны бетине айтам. Ошол улуу башымды кичүү кылып кечирим сурасам да керсейет. Анын да эмгеги бар, иштешти. Алмаз пунктуалдуу эмес, барчу жерине кечигип барат, эркелейт. Андан башка жагы, айтканыңды ляппай деп турат. Үйгө көзү кыпкызыл, башы челектей болуп келет, Динара менен сүйлөшкөн күндөрү.
– Кийим-кечек тиктирип, клип тарттырып, ыр жаздыруу бир топ түйшүктүү иш.
– Түшө турган акча 40 пайызы ырчыга, 60ы продюсерге деп сүйлө­шүлгөн. Мен анын кыркын да көргөн жокмун. Кызым фирмада иштегендиктен, кийимдеринин көбүн ал тигип берген. Динара болгону бир-эки форма алып берди. Анан айтат дейт “мен кийинтип жаткам” деп. Мен керек болсо ошол фирмадан күбөлүк да алып берем. Айлабыз кетип машинасын саттык, эми жөө калды. Динара эжеси Алмаз бир нерсе десе эле “если ты первый лезешь, посмотрим кто кого” деп коркутат экен. Тойго барышат, түшкөн акчанын 200 сомун берип коёт экен “бензин куюп ал” деп. Ушуга чейин концерт коюп акча жыйнасам болмок, продюсерин сыйлап жүрдүм. Бир жолу Таласка концерт коюшуптур, анысын келгенден кийин билдим. Анда деле ооз ачкан жокмун. Өзүнө окшоп мен да айтсам болмок. Продюсерлер мага “эже, балаңызды лох кылып койдуңуз го. Айдинди Динара менчиктеп алды” дешти...

“Алмаз ырдабай калгандан бери депрессияда жүрөт” дегенинен ырчы жигитти чакырып сүйлөштүм.

– Айдин, өткөндө “Алмаз болуп чыгам” дедиң эле, бул жагы болбой калды го эми...
– Бир чети Алмаз деп чыга берейин деп ойлогом. Бирок мени баары Айдин Шер деп таанышат да. Ошон үчүн ушул ысымда эле жүрө бергим келет. Продюсерим уруксат бербей жатат, анткен менен соттук иштерибиз бүткөндөн кийин айкындалар.
– Динара эжеге “кечирим сурабайм” деп айтып салыпсың, балким, ошого капа болгондур.
– Айрым адамдар көрбөй-укпай туруп эле чымынды төө кылып айтышат экен. Кеп анда эмес. Өзүбүз эле ич ара таарынышып кеттик. Бири-бирибизге катуу кыйкырган деле эмеспиз. Негизинен, тил табыша албай калдык. Динара эжени деле түшүнөм, бирок эженики өзүнүн бир жактуу келишимине таянганы болуп жатат.
– Келишимге окуп туруп кол койгонсуң да, ээ, баарына макулмун деп?
– Эми ал кезде сахнага чыгам дегенде эки көзүм төрт эле да. Чынын айтсам, ошол учурда жаштык кылыпмын, келишимди деле толук түшүнгөн эмесмин. 17 жашта экем, азыр болсо баарына түшүнүү менен иш кылмакмын.
– Ырга жакын жаның ырдабай калганыңда кандай абалда болдуң?
– Жарым жылдан бери ырдабай бук болдум. Кара-Балтага концертке чакырылып, ырдадым. Мени али эл унутпаптыр, жылуу кабыл алышты. Сахнага чыгып алып, толкунданып, сүйүнүп, ыйлагым келди. Баса, бир жолу концертке бардым, бирок баштагыдай сахнада эмес, көрүүчүнүн катарында экениме намыстандым.
– Жаман болдуң...
– Ооба. Мындайда эң жакын деген эки досум жардам берди. Калгандары кытмыр карап, башкачараак мамиле жасай башташты. Анан албетте, апам жанымда, сооротуп, калкалаган.
– Маселеңерди чечишип алган соң башка продюсер менен иштешесиңби?
– Продюсерлердин достугу күч, мен башкага барган күндө деле алардын кабыл алышы кыйын.

Жогоруда кеп болуп жаткан продюсер Динара Эсенгулова “эмки санда мен өз жообумду берем” деген жооп узатты.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(56)
23.08.2011. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдиншер реально не падай духом. завершится все. и на твоей улице будет праздник. Верь в это. я тебя видела в одной кафешке, такого угрюмого...не печалься. все образуется!!!!!!
23.08.2011. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salam dostor, Aidin negizi aiabai talanttyy bala, ushul Dinaraga okshogon adamdardan kudai ozu saktasyn. Baary belgiluu ele bolup turat, kimdiki tuura ekeni.,... Kerek bolso muizamda jok adamdyn jeke jashoosuna bashka biroonun kiyligishkeni. Aidindi yrdatpai koiuuga, atyn aldyryp salyyga anan yrlaryn chygarbai koiuuga... Bul degen ak makchylyk Dinara kozundu choOOOOOOOOOOOOOOOOOnuraaaaaaakkk achyp ish kulchy suranych.. ADAMDARDYN KUSKUSUN KELTIRBEI... INFO:- KELERKI SANDAGY DINARANYN SOZYNO TFU
23.08.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жогорудагы комментарийлерден улам бизде продюсерлердин эмгеги комускодо кала берет тура, эл алардын кандай туйшук, эмгек кылышарын билишпейт экен деген ой кетти. Динара Эсенгулова алып чыкпаса Айдин Шер деген ысымды кайдан таанымак элек? Алмаз аттуу жакшы ырдаган балдар толтура эле журушпойбу?
24.08.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
shasi,
25.08.2011. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shasi, Eger al jigitte Talant bolboso Dinara janyna jarym karysh jolotpoit bolchu,, Bul jerde Producerdin emgegi emes, Eng negizkisi ADAMDYK SAPATY aitylyp jatat!!!!
23.08.2011. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен продюсердин таламын талашуу максатында эмес, жон гана коруп-билип жургонубуз учун пикир калтыргым келди. Бир концертке канча акча кетээри тууралуу соз кылсак, продюсерлерди аяп кетет, эл.
23.08.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдин Шердин таланты жакшы, осуп келе жаткан жылдыз, Динарага окшогон макулуктар атын очурсо да талантын эч качан очуро албайт!!! Кудайдан жетсин Динарага, Айдин биз сага тартабыз эмнеси болсо да биз сенин унунду суйуп угабыз Динара бизге как воздух, белди бекем бууп сотту женип чык!!!
23.08.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдин Шер озу таланттуу бала Динара Эсенгулова ушундай жаман аял экен да... жаш балдарды алдап, эмгегин жеп,,, бир куну болбосо дагы бир куну ошо алдагандарынын азабын тартат
23.08.2011. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dinara Esengulovaga "en chyrduu prodyusser" degen naam berish kerek kachan bolso ele yrchylary menen kyrylyshyp jurot,akchaga slishkom jakyn okshoit da birok urushta ech kachan bir ele tarap kunooluu bolboyt Aidinde da bir nerse bar bolush kerek a tigil ejebizge oshol ele kerek bulchu da emi korkutup jata beret.emki sanda korobuz al bul sandagynyn baaryn chetke kagyp men antkeem men mintkem deyt da,emnesi bolso da aman bolgula!Almaz saga iygilik!!!
23.08.2011. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неужели ырчылар топтолуп ушундай аялды жок кыла албайсынар???
26.08.2011. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Light, ырчылар жакшы толошсо динаранын туп тамыры менен жок кылып берем!!динара злая ведьма ей нужны только деньги ненавижу ее
23.08.2011. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Almaz ech kachan synba,ak iilet birok synbait.Seni kalyn el koldoit,ech kapalanba,otkondu batyraak unutsan janysyn batyraak tabasyn,Dinara ejege soz jok,eje jakshy bolso ishteshken yrchylary mintip eki jakka tarabait ele.
23.08.2011. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Engel,
Oto jakwi jani bir nominatsiya oilop taapsin. Super Info tolugu menen kowulat degen oidomun.Jildin mikti irchisi - Atabekov, En mikti kinosu - talas biwkek jana uwul siyaktuu bolgon nominatsiyalarga kowup koyuw kerek eken. Dinara atuu korkutup urkutchuu prodycerge men dobuw bermekmin. Jildi en mikti chir chikargan, irchilardi depressiyaga salgan prodyucer- Dinara Esengulova! Bravo.
23.08.2011. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mdaaa...
23.08.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне бала учун эмне гана кылбайт, апасына боорум ооруду. Дикибайга кудай корсотот.
23.08.2011. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо-о-о Дикибай кыйын го ырларын радиодон алып, клиптерин теледен алып. Дикибай азыр 21-кылым MP3, диск деген бар эсинде болсун.
24.08.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamdy bir ele olturosunor Super infonun jamaty elge jetkirish kerekda kimdin kandai ekenin. emnege menin jazganymdy ochurup koidunar??
24.08.2011. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
lolo, сиз айтып жаткан билдирүүңүздү мүмкүн болсо кайра жазып коюңуз. Текшерип көрдүк, атайы өчүрүлгөн эмес!
24.08.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Biz Aidin Sher menenbiz!!!
Dinara ozun bassyn!!!
24.08.2011. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
россияда биросу менен урушса экинчиси м.н иштеше берет .а биз бизбиз кыргыздар.уят.
24.08.2011. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жамандап алып кайра кечир сурап иштешип калганыбыз жаман да .мирбек султан асыл динара ит абиирлери кетип шоу бизнести баркын кетиришти.секреттерин ачып.азыр иш таппай ээриккени ырчы болсомбу деп прикол кармашат.же гезиттерге жарыя кылбай уйундо уруш .ынсап кетип акча болуп калган кез.озунорго келгилечи продюсерлер.
24.08.2011. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лоло башынан жазчы чогу окуп коелу.
24.08.2011. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен жаш болчумун деит...ойлонуп келишим тузбойсунбу...тузгондон кийин жон иштебеисинерби ...тем более билчу чырдуу продюсер экенин...
24.08.2011. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара ушул эле бала менен чырдашып атса анда бул балада күнөө бар десек болот эле. Бирок бул бала гана эмес дагы экөө бар экен чатакташып жаткан. Демек Динаранын кандай адам экенин ушул цифралар айтат.
24.08.2011. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бардыгы келип акчага такалыптыр. Мен бул жерде Динараны куноолобойм, апасын куноолойм Айдин Шердин. Эмнеге киришет баласынын жумушуна. Концертке канча акча коротту байкуш Дикибай. Ал эмне миллионер бекен, ырчы учун жанын берген. Жылдыз болумуш болуп алып ушул ырчы соройлор кутурду
24.08.2011. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мика,Концертке даярданып жатканда сарпталган акча эки жактан тен чыгарылган турбайбы, ал эми билеттер сатылып, иш кассага келгенде Динара эже эмнегедир озу ээ болагалыптыр, кассаны корсотпой, макул озунун акчасын чыгарып алыптыр кеп анда деле эмес Айдиндин апасы ага эмес, Динара эженин Айдинге атынды очуром, ырдаганга акын жок, сотко берем, штраф толойсун, дегендери учун, Айдинди ооруп калганга чейин стресс кылганы учун редакцияга келип отурат.
24.08.2011. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле тушуном продюссерлик оной-олтон иш эмес, ырчыларды элге тааныткан ошолор, Динара эжени да жаман аял дей албайм, бирок кылган иши туура эмес экен. Айдин чындап эле абдан озуно тарткан,жылдыздуу, талантуу бала, ошонусу менен элге жакты, ооба продюссер чыгарды, бирок талантын эл суйуптур, коментарийлерден корунуп эле турат Айдинди канчалык суйуп поддержка берип жатканынар. Мен да оюмду айтып кеттим, Айдин, элин сени менен экен! Баары жакшы болот!!!
24.08.2011. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара Эсенгулова чын эле вредная экен. Озун укмуш сезет окшойт. Оз козум менен коргом.
25.08.2011. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык иштин козун билсен оной эле.твда иштесе анын устуно.диги дигини байкуш дегенинерге кошула алгам.
25.08.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ааа да эмне деш керек...менимче эки тарапта тен эле болсо керек...бирок Динаранын да кылганы туура эмес го, адамдын акысын жеген биринчиден эн чон куноо, экинчиден абийирсиздик го...ал эми Айдин Шер эч качан чокпостон озуно болгон ишеними чон болуп, баардык кйынчылыкты жениши керек...себеби бул жашоодо ойдо ылдый болот дегендей..жылдызсынбы, кундузсунбу, байсынбы кедейсинби баары бир, ...
26.08.2011. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u etoi Dinari na roje napisano shto ona sterva. vot poetomu ee vse brosaut.
26.08.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ну и тварь у него продюсер,а он талантливый певец,я думаю он прорвётся и будет дальше радовать нас своими песнями,мы его в любом случае потдержим
28.08.2011. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун ырчылар Динара м-н иштеше албайт? Же Динара жаман же ырчылар жаман.
28.08.2011. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу артистерге тушунбойм кенедей бир нерсени эле тоодой проблема кылып эле журо беришет анан кайра кечирим сурап эле ооп жытташып калышат
13.09.2011. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ВУХАХАХАХАХ хехехе АКМАКТАР ЫРЧЫЛАР ДЕГЕН ИТТЕР БАШЫ ЖОК МАЛДАР ТООДОН ТУШКОН ВУХАХААХАХАХАХАХХАХАХАХХАХАХАХАХАХ ДАГЫ ЫРЧЫ ИМИШ ВУХАХАХАХАХАХАХАХХАХААХАХХА АПАСЫН ОРТОГО САЛГАН ИТТИК КОТТУК ВУХАХАХУВХУАХАУХА АЙДИН ШЕР БОЛБОЙ ОЛСУН ВХУВХУВХаахаха Алмаз екен го аты вухаха Айдин Шер деп продюсери койсо керек вухахахха АКМАК АЙДИН ШЕР КОТ екенсин го а,.. таланттуу болсо гана тыюу салганына карабай чыкпайбы ырдапвухахаххахахах хеххехееххехехе Шерменде шерменде шермсенде!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо