Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАНТИП БАЙЫСА БОЛОТ?

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

“Акчаны кантип туура сарптап жана үнөмдөө керек? Бир айлык жашообуздун керектөөсүнөн арткан каржы корундагы каражатты кандай иштерге жумшап көбөйтсө болот?” деген суроолорго жооп издеп көрөлү.

АКЧАНЫ ТУУРА САРПТОО ЖАНА ҮНӨМДӨӨ
Айлык алган күнү акча каражатын дароо бөлүштүрүп алуу керек. Мисалы, 15 миң сом айлык алсаңыз, анын 5 миң сомун тамак-ашка, 5 миң сомун кийим-кечеге, керектүү буюм-тайым алганга, 2 миң сомун жол киреге жана телефонго бирдик салганга деп өз-өзүнчө тактап алыңыз. Ошондо баарына жете турган бир айлык чыгашанын жалпы суммасы 12 миң сомду түздү. Капчыкта дагы 3 миң сом бар. Эми бул каражатты кайда жумшайбыз?
Колубузда кичине ашыкча тыйын болуп калса эле кафе, кинотеатр, кыскасы, көңүл ачууга коротобуз. Муну менен сиз өзүңүздүн каржылык абалыңызды жакшыртууга болгон мүмкүнчүлүктү коё берип жиберүүдөсүз. Караңыз, концертке, кинотеатр, кафе, ресторандарга барганда сиздин акчаңыз алардын ээлеринин чөнтөгүнө түшөт. Бир айлык жашооңуздан ашкан анча-мынча тыйынды болор-болбос көңүл ачууга кетирип салдыңыз. Ушундай жол менен кете берсеңиз, 10 жылдан кийин да каржылык абалыңыз ушул бойдон калат. Андыктан бир айлык керектөөдөн ашкан тыйынды топтоп, өзүңүздүн каржы коруңузду түзүңүз. Бул келечекте сизди өзүңүз күтпөгөн кирешеге маарытат. Кантип?

КАРЖЫ КОРУНДАГЫ КАРАЖАТТЫ КӨБӨЙТҮҮ
Каржы корун түзүп, ага ай сайын 15 миң сом айлыгыңыздын билинер-билинбес 20 пайызы болгон 3 миң сомду салып туруңуз. Эгер айына 3 миң сомдон чогултсаңыз, 1 жылда 36 миң сом болот. 3 жылда 108 миң сом. Ушул эле каражатты жөн эле чогулта бербестен, жылына 20 пайыз пайда алып келе турган ишке салсаңыз, 3 жылдан кийин 133 135,8 сом болот. Каржы корун жылдык пайыз менен көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр:

  • Банкка акча салуу (депозит)
  • Баалуу кагаздарды сатып алуу (акция, облигация)
  • Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу
  • Кымбат баалуу металлдарды сатып алуу

Каржы корун түзүп жатканда алдыга сөзсүз бир максат коюу керек. Мисалы, “10 жылдан кийин бул чогулган каражатка унаа алам же балдарымдын окуусуна жумшайм” деп. Эгер белгилүү бир максатыңыз болбосо, каржы корундагы каражатты бир күнү башка бир иштерге жумшап жиберип, келечектеги каржылык абалыңыздын жакшырышынан кол жууп калышыңыз мүмкүн. Андыктан бир айлык керектөөдөн ашкан 3 миң сомду көңүл ачууга эмес, каржылык абалыңыздын жакшырышына жумшаңыз.

ЭКОНОМИКАЛЫК СӨЗДҮК
Акция – баалуу кагаз. Компаниянын акциясын сатып алуучу акционер деп аталып, анын тең ээси (совладелец) болот. Компанияга түшкөн пайданы акционерлер бөлүп алышат.
Облигация – баалуу кагаз. Облигациянын ээси компанияга карыз берүүчү болуп саналат. Акциядан айырмасы, компания иштебей токтоп калса да, облигация ээси төлөнүүчү пайданы алып турат.

Экономикалык суроолорго «СЕНТИ» компаниясынын адиси Адилбек уулу Шумкар жооп берди. Кеңири кеңеш алуу үчүн (0312) 32-33-28 номерине кайрылыңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
29.08.2011. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо супер! Автандил Добулбеков салам!
31.08.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен азыр, айына 35-40 мин табам москвада официант болуп ,озумо 10-15 мин жетет бир айга ,калганын баарын силер айткандай кылсам, 1-2 жылдын ичинде жакшы сумма кошулгудай ,
16.10.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuriksexy, мага эле жонотсон мен ишеништуу элемин толой албай калсам участкаларым бар сага коп керек эмес 50000с болсо болот
01.09.2011. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бийлике олтуруп байыбасан эле, жон журуп бай болуу кыйын болуп калды го.Азыр бийлике олтуруп байыбасан эле, жон журуп бай болуу кыйын болуп калды го.
02.09.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keede konul da achyp turbasan stress bolup butosun go.kantkende baaryna jetkizse da toptoso da bolot?
04.09.2011. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага берип тургула топтогон пулунарды мен иштетип байып алып анан беремин чын
17.10.2011. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15000 som alganyn menen Kyrgyzda toi-topur degen bolot! ak4amdy 4ogultam dep jatabersen elden 4ygyp kalasyn! ak4a koldun kiri birde bar birde jok!
04.07.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча чогултам деп досчардан ажырап четтелип калабыз,туура айтасынар акча кетсе кетсин абийир кетпесин достор!
04.07.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок бир чети мага да кызык москвада иштейм!Кыргызстандын банкына кантип акча салып кобойтобуз билгенинер болсо айтса кетсенр жакшы болмок!
18.07.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
armin85,депозитке сал Кыргыздардын банкына 1же 2жылдыкка салсан акчан коп проценттуу болуп көбөйөт. Көп кошулат. Анан катардан чыгып калам дегендер ХХХХ ХХХХ сенин артынан чуркашат ошондо сен аларга ысырапкорчулук кылбоо жөнүндө айт. Аларда ысырапкорчулук кылбай акча топтоп байыганга аракет кылышат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-18 13:15:27
18.07.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibragimkg, этика нормаларына туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
29.12.2019. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сонун кеңеш экен.Аракет кылабыз буюрса экономдошко.Айлык тийгенче карыз болуп айлыкты алып төлөп коюп жатабыз )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо