Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРА КӨЗДӨРДӨН КЫЯ ӨТӨ АЛБАГАН – ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

Шоу дүйнөнүн жашоочуларынын кулк-мүнөзү баарына кызык. Андыктан жаңы рубрика “Портрет” деп аталат. Бул ирет Дайыр Исмадияровдун портретин аны жакын билгендердин жардамы менен тартабыз.

ДАРДАҢБАЙ ДАЙЫР
Дайырдын колу ачык. Дардаңбай десе. Бир нерсени угуп-укпай, түшүнүп-түшүнбөй жатып “давай-давай” деп макул боло калмайы бар. Кемчилиги – кара пиарды мыкты өздөштүргөнүндө. Өзүн жарнамалоо, курулай пиарлоо боюнча алдына “мен кыйынмын” дегендерди салдырбайт. Чын. Бирде “Орусиянын мегажылдыздары менен иштешкен досунун досу клип тартып бермей болот”. Бирде карасаң эле “Казакстандагы классташы Дайырды сүйүп калат, эстен танып”. Эгер Дайыр ырчы болбосо, бир компаниянын мыкты пиар менеджери болмок. Балким, буга эс тарткандан бери соода-сатыкка аралашып калганы себеп болсо керек. Дайырдын “студент кезде балдарга тапшырмаларды аткарып берип акча тапчумун. Орусияда эжем иштегендиктен, жайкы-кышкы эс алууда ал жакка барып базарда иштеп келчүмүн. Азыр соода тармагында чакан бизнесим бар. Кытайга каттайм. Келечекте чоң бизнесмен болуп, ырчылык менен ишкерликти ала жүрөм” дегенине ишенсек, анда ырчы да, бизнесмен да боло алат.

КЫЗ ЖАНДУУ, КЫЯЛКЕЧ ЖИГИТ
Дайыр “көзүм ойноктоп кыз жандуумун” деп ачык эле айтат. Ырчы сүйүүдө туруксуз адамдардын тизмесинде. Күйөрман кыздары көбөйсүн деппи же кандай билбейм, бирде башы бош, кыз колун кармабаган жигитке айланса, бирде “ырчы кызды сүйүп калдым, үйлөнөм” дегенге чейин баргандан кайра тартпайт. Кокустан “и-и, баягы ырчы кызың не болду?” деп сурасаң, “ал экөөбүз жөн гана доспуз” деп айткан сөзүн төгүнгө чыгарат, бети-башы кызарбай-этпей. “Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” дегенди дал ушул ырчыга байлаш керек. Анткени концерттерде көшөгөнүн артынан музоо кирпик, сары чач кызды же өзү ырдагандай кара көздү колдон жетелеп, орундукка отургузуп ызаат көрсөткөнүн көп эле жолу көргөндөр бар. Кантсе да тандап жүрүп тазга жолукпайт болуш керек. Кесиби психолог эмеспи, ички туюму жубай тандаарда жаза тайбас.

КАНАТ ЭКӨӨ КАРЫН БӨЛӨГӨ АЙЛАНГАНДА...
Дайыр киндик кан тамган жери катары ар айылды айта берип көпчүлүктүн башын айлантып бүткөн. “Өзгөндүн Мырзакесиненмин, Черёмушкасынан, Чымбайынан...” деп отуруп, акыры “кара-кулжалыкмын” дегенге токтолду.
Мырзакедеги Мамат Нурбаев атындагы орто мектептен бүткөн. Бир жолу “биздин класстагы балдар орусча ооз ачалбайт эле, оң кулагыңды көрсөт десе сол кулагын көрсөтүшчү” деп классташтарына сол капталдан сокку урган. Ал сөз бат эле айылдаштарга тарап, “катыгүн, ошентип классташтарын шыбагандан уялбайбы” деген сөзгө калган. Дагы бир көзгө урунарлык “косягы” бар. Мурдагы продюсери Канат Кадыржан менен иштешип жүргөндө экөө карын бөлө болуп чыга келишкенин кантейин! Кийин Дайырдан муну сурашса, “Канаттын саясаты болчу” деп оңой кутулду.

КӨЗ МОНЧОК ТҮТПӨЙТ ЭКЕН
Кээ бир эркектердин ырымчылдыгына там берип бүтө албайсың. “Көз тийип кетип оорудум” дегенди көп айтчуларга Дайырды кошом. Анын “мага тез-тез көз тиет. Бир эле жолу сахнага чыксам кирине кирип, көңүлүм жаман болуп кетет. Көз мончок мага түтпөйт” дегени бар. Өң-келбетине кам көрүп, корейлерди туурай койгон жигитке көз тийсе тийгендир. Бирок ыр жагынан көз тиет дегенге кошулуш кыйынга турат. Канча ыры чыкты, элдин эсинде калганы аз. Баягы кыргыздын кыйын обончулары айтчу “компьютердин жардамы менен ырчы” деген сөздү кыпчый кетсек чычалабайт деле болуш керек. Дайырды Дайыр кылган ыр “Кара көзүм” болду. Клип жактан каражатты көп коротуп, сапаттуу клип тарттырарын билебиз.

Толик Сынчы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
29.08.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага мен бул баланы жакшы корчумун да, эми бул оюман баш тартам, жакшы корбой баштадым, аман болсун эмнеси болсо да
29.08.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да Дайыр арает кылат,уну болбосо да аз жана саз жасайт.Алга Дайыр
29.08.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwu balany negedir tatynakai bala degenderge taptakyr kowulbaim,kaisy kyzdarga jagaryn tuwunboi,kozu bolso eli-eli a4ylat baikuwtun,a koreilerdi turagandygy vsem yasno,my je ne slepye lyudi!
29.08.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирөөнү тоготбогон, алы чоңдой сезилет.
30.08.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толик сынчы вам+10!
30.08.2011. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
капырай бул жигит эмнеси болсо да супер инфонун катуу жинине тийген го даанале жамандап салыптыр го?капырай бул жигит эмнеси болсо да супер инфонун катуу жинине тийген го даанале жамандап салыптыр го?
01.09.2011. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamek10, чын эле жинине тийген го ))) дайыма мактап жазышчу эле элди тажатып эми туура озун жазыптыр. Жакты мага макала ))) А так чындыкды жазышыптыр )
31.08.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamek10 точна мен дагы ошондой ойлодум
01.09.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolik synchy imidjin ozgortkon go,koncertten son syn aitchu ele, bul jerde yavno NE TO!
01.09.2011. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuui Superinfo eemi siler Daiyr m-n sottoshkula anan any emki sanga chygargyla oshentip forumchular aitkanday jany serial bashtalat,erten Toliginerdi sabap ketiptir biroolor dese bilesiner da kim ekenin......
01.09.2011. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик байке эми кийинки кезек кимдики. Чыдамсыздык менен кутуп жатам.Сураныч Канат Култаевдин балдарын бир талкаланызчы.озун баш кылып.
01.09.2011. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырдын Озгондук экенин эми билдим. Сынчыга сынчыдай мамиле кылайын деп ар нерсени айтып тамашалап койсо, Толик сынчы чычалап кеткен го. Толик сынчы бироолорду жакшы эле сынайт, а озу сындасан чыдабайт го.
01.09.2011. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик байке ишинизге ийгилик. Эмки санда Бадыеванын портретин окугубуз келет. Дайырдын портретине 100 пайыз кошулам. уну жок кынылдай берет
02.09.2011. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolik synchynyn kuchu jetkeni Daiyr bolgon go tartynbai ayabai jazyptyr,bashkalardy da jazsa gana ushintip.korobuz go ushul menen bshkalardyn portreti chykpit bolush kerek,je dagy bir aly jetkn biroonu jazyp chygat da.
03.09.2011. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиги жонундо эробекетке кире албайтам достор
03.09.2011. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, Эробекетке кириш учун биринчи алигини тургузуш керек.
03.09.2011. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baibolot71, ва ха ха х:)))
03.09.2011. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр Айчурок эженден кемсинби,Сен да соттошуп кой да:)))
03.09.2011. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayir azamat Dardanbay al emi unu jok dep bul jerde kelgiregenderge takyr koshulbaym
03.09.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Дайыр да супер инфону сотко бергенге акысы бар.менин ойумча бербейт го себеби Дайыр байке дарданбай ак конулда.
04.09.2011. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо инфо ушунунардан жазбагыла ошентип бетке бетке айтсанар каталарын ондошсун биздин созубуз силер аркылуу эле жетпесе.Алга супер инфо биз силер менен элдин суймончулугуно татып журобер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо