№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
Эмгек өргүүсүнөн келсем, кесиптештерим мага жайдын эң көп окулган китептери тууралуу жазуу буюрганын айтышты. Учурда дүйнөдө популярдуу болуп жаткан китептерди табууга мага интернет жардам берди. Ал эми Кыргызстанда кайсы авторлордун ити чөп жеп жатканын билүү үчүн дүкөн менен базарларга баш багуу жетиштүүлүк кылды. Бул тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, окуп көрүңүз.
Илимпоздордун айтымында, жай мезгилинин рейтинги кайсы чыгармалар окурмандарга жагарын так айтып берет. Анткени көпчүлүк эс алууга чыгып, өзү менен кошо көңүлүнө жаккан китепти алат. Анда учурда суроо-талап көп болуп жаткан китептердин хит-парады менен таанышыңыз.
«1Q84. МИҢ БЕЛГИСИЗ СЕКСЕН ТӨРТ» 1-2-китеп 
Автору – Харуки Мураками
Фантастикалык роман
Жазылган тили – Япон
Чыккан жылы – 2009
«БАРДЫК ТӨРТ ТАРАПТЫ КАРАЙ» 
Автору – Адриан Антони Гилл
Журналисттик баяндама
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2010
«ЧУМА КЕЗИНДЕГИ СҮЙҮҮ» 
Автору – Габриэль Гарсия Маркес
Сүйүү тууралуу роман
Жазылган тили – Испан
Чыккан жылы – 1985
«ГАРРИ ПОТТЕР. ТОЛУК КОЛЛЕКЦИЯ (7 китептен турган комплект)» 
Автору – Жоан Роулинг
Фантастикалык роман
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2011
«ДЕТЕКТИВ ҮЧҮН ОКУУ КУРАЛЫ» 
Автору – Жедедайя Берри
Детективдик роман
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2009
«ТҮЙҮНДӨГҮ ЖАЛГЫЗДЫК» 
Автору – Януш Вишневский
Сүйүү тууралуу роман
Жазылган тили – Поляк
Чыккан жылы – 2001
«ТАМАКТАНУУ, СЫЙЫНУУ, СҮЙҮҮ» 
Автору – Элизабет Гилберт
Мемуардык роман
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2006
«ПЕРИШТЕЛЕРДИН ИМПЕРИЯСЫ» 
Автору – Бернард Вебер
Фантастикалык роман
Жазылган тили – Француз
Чыккан жылы – 2010
«МЕН – ФАНАТМЫН!» 
Автору – Айваз Маннанов
Биография, сын, макалалар
Жазылган тили – Орус
Чыккан жылы – 2008
“Нуска” дүкөнүндө таланып жаткан китеп жок!
Бул тууралуу Бишкектеги “Нуска” китеп дүкөнүнүн башчысы Анаркан Садыкулова мындай деди: “Бизде тигил же бул автордун чыгармасы таланып сатылып жаткан көрүнүш жок. Союз мезгилиндегидей эле кыргыз адабиятынын классиктери Ч.Айтматов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов, Т.Касымбековдун чыгармаларына суроо-талап бар. Анан азыркы күндө мезгилдин талабына жараша окуучулар менен студенттерге зарыл болгон окуу куралдарын, каада-салт, улуттук оюндар тууралуу эмгектерди көп сурап кайрылышат. Жаңы китептерден Жумадин Кадыровдун “Бүбү Мариям” жана Бермет Мамбеталиеванын Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу жазылган “Жоголбогон каттар же “Эркиндик” гүлбагындагы маек” чыгармалары өтүп калат”. Анаркан эже кыргыз тилдүү окурмандардын аздыгы өкүндүрөрүн кошумчалады.
Базарда турмуштук китептер өтүмдүү
"Базарларда кайсы китептер көп сатылат?" деген суроого жооп издеп Бишкектеги айтылуу гезит базарга бардык. Сатуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, төмөнкү китептерди аныктадык. Кызыгы, учурда Айгүл Шаршендин турмуштук китептери өтүмдүүлүгү жагынан алдына эч кимди салбайт экен. Айгүл Шаршендин “Аскадагы азгырык”, “Атасынан тууган кыз”, “Ойнош”, “Күтүлбөгөн байлык” (бардыгы көркөм чыгарма); Айдаралы Кубаттын “Киоскер келин” (көркөм чыгарма); Гүлбайра Турумованын “Айымдарга 1000 кеңеш. Чөп менен дарылоо, пайдалуу кеңештер”; Саадатбек Мырзакуловдун “Макал-лакаптар, тосттор”, “Ашууда атылган ок” (детектив); Нургүл Бейшендин “Жан кумарга жетеленип” (эротика); Кенжебай Дүкөштүн “Президенттин ойношу” (саясий-көркөм чыгарма); Нурзада Токтосун кызынын “Жашоо кереметпи же эшек арабабы?” чыгармалары.
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
азыр эмес