Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАР

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

Учурда кожойкелер банкаларын жууп, кышкы салаттардын камын көрө баштаган кез. Келиңиздер, бул жолу жашылчалардын түрлөрүн чогуу туздайлы.

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Туз бат сиңиш үчүн бадыраңдын эки башын кесип коюу керек.
  • Бадыраң туздаганда уксустун ордуна кызыл карагатты же анардын данын кошсоңуз, өзгөчө даам берет.
  • Эгер туздаган бадыраңыңыз атып кетсе, суусун төгүп, помидордун ширесине укроп, петрушка, сарымсак, жарым чай кашык лимон кислотасын кошуп кайнатып, үстүнө куюп жаап койсоңуз болот.
  • Бадыраңдын үстүнө 2-3 помидорду терип жапсаңыз, ал атылып кетүүдөн сактайт.

“УКСУССУЗ ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ”
Керектелүүчү азыктар:

ЖАСАЛУУ ЖОЛУ:

  1. Бадыраңды жууп, эки учун кесип, 2-3 саатка муздак сууга чылап коёбуз.
  2. Андан соң сарымсак менен кызыл калемпирди жууп-тазалайбыз.
  3. Алдын ала бууланган банкалардын астына укроп, сарымсак, лавр, хрен, карагат жалбырактарынан, андан соң бадыраң менен калемпирди тизип салып чыгабыз.
  4. Кайнак сууну үстүнө куюп
    10-15 мүнөткө коё туруп, төгүп салабыз. Бул процессти эки жолу кайталайбыз.
  5. Үчүнчү жолкусунда банкага (3 литрлик) 1 аш кашык кумшекер, 2 аш кашык туз, 1 чай кашык лимон кислотасы, жарым таблетка аспиринди салып, үстүнө кайнак суудан куюп, капкагын бекитебиз.
  6. Жабылган банканы көмкөрүп, жылуу ороп коюуну унутпаңыз.
“АССОРТИ”
Керектелүүчү азыктар:

ЖАСАЛУУ ЖОЛУ:

  1. Бадыраңды жууп, эки учун кесип, 2-3 саатка муздак сууга чылап коёбуз.
  2. Калган жашылчаларды жууп, тазалап, аарчып даярдап алабыз.
  3. Алдын ала бууланган банкаларга жашылчаларды ирети менен тизип салып, кайнак суудан куюп 10-15 мүнөткө капкагын жаап тыныктырып, кайра төгүп салабыз. Бул процесс эки жолу кайталанат.
  4. Эми маринадды даярдайбыз. Ал үчүн 3 литр сууга 1 аш кашык кумшекер, 2 аш кашык туз салып кайнатып, ага тууралган укропту, сарымсакты кошуп 5 мүнөт кайна­тып алабыз. Алгач кайнап жаткан маринадды, андан кийин 1 чай кашык уксусту (1 литрлик банкага) куюп, банканын оозун бекитип, муздаганча жылуу ороп коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(7)
29.08.2011. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
01.09.2011. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошонтсе эле атылбай калабы?
02.09.2011. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasap koryw kerek tolko ewike koyo turuw kerek bolboso atylsa yidy bulgait
02.09.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен. Мен кантип жапса болот деп ойлоп журчу элем... Рахмат, эми кылып коруш керек экен.
20.09.2011. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин методум да ушундай эле.
27.04.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы рахмат
18.05.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зоргоооооооооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо