Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКВАПАРК СУУДАГЫ ЭС АЛУУ ЧОРДОНУ

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

Аквапарк - суу аттракциондору, суудагы оюндар ойнолчу эс алуучу жай. Заманбап аквапарктардагы бассейндерде сёрфинг (толкун үстүндө ойнолчу спорт түрү) үчүн жасалма толкундарды да жасашат. Аквапарктардын көбү ачык асман алдында жайгашат. Жабык аквапарктар көбүнчө курорттордо кездешет. Өзгөчө аквапарктардын тизмесин «Форбс» журналы түзүп чыккан.

АКШ БИРИНЧИ ОРУНДА
Дүйнөдө биринчи аквапарктар 1940-жылдын аяк ченинде пайда боло баштаган. Алгач климаты ылайык делген жылуу суу жээктеринде ачык типте курулган. 1980-жылдардын ортосунан тартып кургактыктарда жабык типтери да курула баштайт. Мындай ишкердиктен түшчү киреше 20 жыл мурун күмөн санатса, азыр дүйнөнүн бардык бурчундагы ишкерлер аквапарк курууну максат кылышат. Азыркы кезде санынын жана кирешесинин көптүгү боюнча АКШ 1-орунда турат. Ал жакта 1000ден ашык аквапарк бар. Висконсин Деллз шаарында эле жабык типтеги 18 аквапарк кездешет. Бул шаар “аквапарктардын дүйнөлүк борбору” деп атаганга татыктуу.

Эң чоң аквапарк
Япониянын Кюсю аралындагы «Сигайя» курортунда “Океан куполу” аквапаркы жайгашкан.
Ал – 10 миң кишини өз ичине батыра турган дүйнөдөгү эң чоң аквапарк. Туурасы 100, узундугу 300 метр.

Эң бийик горка «Бич паркта»
Түштүк Америкада биринчи аквапарк 1989-жылы Бразилиянын Форталеза шаарында курулуп, «Бич парк» деп аталган. Ал 3 горка жана пляждан турчу. Азыркы учурда бул парк – 180 миң чарчы метрди ээлеген чоң туристтик комплекс. Андагы “Инсано” горкасынын бийиктиги 41 метр. Мындай бийиктиктен 4-5 секундда сууга учуп түшүүгө болот.
Бир күн үчүн билет баасы: чоңдорго 45 евро, балдарга 40 евро.

Эң кымбаты – “Аквавентура”
Багам аралдарынын Парадайз аралчасы жайгашкан “Аквавентура” аквапаркы туристтик комплекстин бир бөлүгү. Бул аквапаркта Атлантида жана майя уруусуна байланышкан темалар колдонулат. Мисалы, “Майя храмы” деген аталыштагы горка бар. Үй-бүлө менен барып тынч эс алып келчү жайлардын катарына кирет. “Ишеним секириги” горкасы менен мактанса болот. 18 метрлик бийик жерден 2 секунд ичинде сууга барып түшөсүң. Мындай ылдамдык коркууга да мүмкүнчүлүк калтырбайт.
Бир күнгө билет баасы: чоңдор үчүн 80 евро, балдар үчүн 57 евро.

Эң түндүктө жайгашканы
Эң түндүктө жайгашкан аквапарк – Швециянын Буден шаарында орун алган “Түндүк бассейни”. Бул – тынчтыкта рахат алуучу жай. Сауна, жакузи менен кошо түрдүү массаж кызматтары бар.
Бир күнгө билет баасы: чоңдор үчүн 10 евро, балдар үчүн 7 евро.

«Ривьера» – Орусиядагы эң чоң аквапарк
Татарстан Республикасынын Казань шаарында жайгашкан «Казань Ривьерасы» эс алуу комплексинин бир бурчунан орун алган. «Ривьера» аквапаркынын долбоорун Британиянын «WhiteWater Leisure» компаниясы түзүп, куруп берген. Ошондуктан бул жактагы аттракциондор Европа парктарынын стандарттарына туура келет. Күнүнө орточо эсеп менен 3500 адам кирет. 2 өзгөчө аттракцион бар: бири – сёрфинг үчүн жасалма толкундарды түзүүчү жана экинчиси – катуу тегеренүүчү аттракцион.
Бир күнгө билет баасы: чоңдор үчүн 660 рубль, балдар үчүн 420 рубль.

2 миллион эс алуучу келет
Эл эң көп келген оюн жайы АКШнын Флоридадагы Лейк Буэна Виста шаарында жайгашкан. АКШда аквапарктар көп болгону үчүн алардын ээлери элди тартуу үчүн көп аракет жасашат. “Дисней” компаниясына таандык «Тайфундар булуңчасы» көп жылдан бери эл эң көп келген аквапарк болуп келет. Жыл сайын
2 миллион эс алуучуну кабыл алат. Бул шаарчада расмий түрдө 15 гана адам жашайт. Калган калктын курамын жумушчулар жана туристтер түзөт.
Бул паркта дүйнөдөгү эң чоң толкундуу бассейндердин бири жайгашкан. Толкундарынын бийиктиги 2 метрди түзөт.
Бир күнгө билет баасы: чоңдор үчүн 45 доллар, балдар үчүн 39 доллар.

“Тропикал Айленд” – эң чоң жабык оюн чордону
Германиядагы Карусник шаарында жалпы аянты 66 миң чарчы метрге жеткен “Тропикал Айленд” жайгашкан. Ал жерде 50 миң дарак, бадал, гүл, чымчык, балык, курт-кумурскалар кездешет.
Бир күнгө билет баасы: чоңдор үчүн 25 евро, балдар үчүн 19,5 евро.

Бизде...
Ал эми Ысык-Көлдүн Бостери айылында «Золотые пески» жана Сары-Ой айылындагы «Карвен четыре сезона» эс алуу жайларында аквапарктар кездешет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
29.08.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан биздин кыргызстанда ушундай стандарттагы аква парк курулайт экен.
29.08.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bishkeke salyp koiushsa sonun bolmok, biznes degen myna,jabygyda,achygyda bolso kop akcha tabyshmak. Suu degi Kudaiga shugur bizde......
29.08.2011. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык көлдүн жеектерине ушундай эс алуучу жайлар курулса атаганат, көп каржы керектелет да, бирок кирешени да ошондой чоң алып келет эле.
01.09.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса бизде да болот! :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо