Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева: «НАЗГҮЛ ЧЫНДЫККА ЧЫЧАЛАБАСЫН»

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

Айчүрөк Иманалиева менен Назгүл Насиеванын чыры сотко жетип, көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Эки айым тең "аброюма шек келтирди" деп бири-бирин күнөөлөп турган чактары. Айчүрөк Иманалиева буларды айтып кейип отурду.

“Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жакшы сөз бар. Жашоомдо көбүнчө ушул сөзгө таянам. Сөз кубалоо, териштирип-сүрүштүрмөй көп убакытты алат. А мен үчүн бир мүнөттүн да баасы бийик. Көп сөздү кулагымдын сыртынан кетирем, “жакшыга сөз, жаманга чөп жабышат” дейт. Бирок Назгүл Насиеванын мен тууралуу айткандарына жооп бербей коюуга да болбоду.
Адам аргасы кеткенде актанууга кенедей нерсени да төөдөй кылып көтөрүп чыга келет эмеспи. Назгүлдү бул жагынан түшүнүп жатам. Анын үстүнө сот иши башталып, соттук отурумдарга чакыруу барып, айыпкер катары сурак берип баштаганда өзүн коомчулуктун алдында актаганга жакшы эле далбас уруп, кайсы тараптан кадам таштаганга камынып жатканын боолголоп турам. "Калдыктар" деген сөздү өзүнүн кызыкчылыгы үчүн тескери багытка бурмалап, жалпы элге мени жаманатты кылууга жасаган аракети үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.
“Айчүрөк эжекебиз ар кайсы гезитке барып жүрөт” дейт. Кудайдан коркпогон Назгүл”, “Чёрныйларды” көңүл чордонуна айланткан шоучу айым” деген темада гезиттерге чыкты. “Көргөн концертим түрмө менен той болду” деп Кайыргүл аттуу жаш ырчы интервью берген.
"Коркутканы – бандиттери, айтканы – жардырып кетем дегени" деп Ислам Сатаров маектеринин биринде айткан. “Мен ойлойм, Назгүл эже таянып жүргөн адамдардын деле өздөрүнө тиешелүү эрежелери бар болсо керек. "Ургула" десе ура бергидей, алардын деле бир туугандары бар, алардын деле ак менен караны ажырата билген акыл-эси бар дегендей. Алар деле бизге окшош. Капаланчу жерден капаланып, күлчү жерден күлгөн адамдар. Назгүл эже эле алардын атын бизге каралап, "монстр" көрсөтүп жатпайбы”,- дейт Ислам.
Мына ушундай түшүнүктүн өсүп келе жаткан жаш муунга кереги бар беле? Тескерисинче, мен эмес, Назгүл Насиева өзү гезиттерге чуркап, “Айчүрөктүн кылганы” деп мага жалаа жапкан. “Назгүл Насиеванын адамдык аброюма шек келтирген интервьюсунан кийин, эжеке, мен ушунчалык коркконумдан Орусияга кетип калайын деп жаткам” деп Кайыргүл мени өзү таап келди. Мен Кайыргүлдү кайдан тааныйт элем? Сүйлөшүп отуруп Кайыргүлдүн ажарына, талантына бийик баа бердим. Мындай балдар-кыздарыбыз орусиялап качпай, кыргыз эли үчүн кызмат кылышы керек.
Менден бир кабарчы “Назгүл Насиеваны кандай продюсер деп айта аласыз?” деп сураган. Мен "ал жөнүндө айтпай эле коёюнчу?!" десем, “улуу муун катары сиздер айтпаганда ким айтат? Адис катары оюңузду айтыңыз” деген. Ошондо мен "ал кайсы ырчыларды чыгарганын деле билбейм. Менин оюмча, жарык жылдыздарды чыгара алган жок" дедим. Муну Култаевдин Мирбегиндей, Эсенгулованын Султанындай популярдуу ырчыларды чыгара алган жок деген мааниде айткам. Бул чындыкка Назгүл чычалабай койсо болмок.
Менин окуучуларым менен Назгүл көп эле иштешти. Бул сөз менин окуучуларыма болгон таарынычым гана болчу. Чынында эле бирөөнүн эмгегин колдон талашып жула качпай, ийгиликке жетем деген адам өзүнүн мээнети менен түз жерден тепкич кураса, баркы да бийик болот, жүзү да жарык болот. Менин сөзүмдү таптакыр тиешеси жок жааттагы адамдарга, абакта отурган, карылар, майып балдар деп бетине кармай койгону аргасы түгөнгөнүнүн, мыйзам алдында жооп берүү коркунучтуу экенин түшүнгөндүгүнүн белгиси эмей эмне?
Сахнадагы 25 жыл ичинде мен Балдар үйүнө, Карылар үйүнө колумдан келген жардамымды берип келем. Абактарга да барып ыр дүйнөмдү тартууладым. Бул да болсо эне, аял, ырчы катары аларга болгон сый-урматым. Бирок мен аны эч качан колко кылган эмесмин.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(43)
29.08.2011. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча аракет кылсаныз дагы баары бир кандай адам экенинизди эл коруп турат.
29.08.2011. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй! Баарынар эмне Кыргызстандын примадоннасын жамандап жатасынар?.Айчурок эжеге эч ким тен келбейт. Таланттуу, сулуу, мээримдуу,эрктуу айым!. Эрмегинер эмне Айчурок Иманалиевабы аа, сериал... деп. Бул жерде Айчурок эже калыстыкты кыргыз элине болушойун деп жатат. Мен лично эжеге ишенем, кудайым колдосун!
29.08.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооофффф Иманалиеванын жаны тынбайт экенда же карысы же жашы калбады . Как всегда темселеп корунгонду ушактап журот . Уяты жок экен куйоосу деле айтпайбы болду эми ушагынды токтот деп
29.08.2011. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын историясы сериал болуп кеттиго бутпос.
29.08.2011. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BAIBOLOT 71 ыкшып калдым
29.08.2011. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
haha bizdin forumchular sonun syiloisynor da.ushul oozuna aly jetpegenderge tan kalam,sozdon kalsa jashai albai kala turgansyp tynch jashoondu otkoro ber sottoshpoi toboo!!!
29.08.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tigrenok tyyra aitacyn caga kowylam.
29.08.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai okunuchtuu kairashtyruu emnege kana alyp barbait.
Super-Info suranabyz emi biri-birin kairashtyrgandyn orduna eldeshtirelichi:( Dagy chyga beret butpoi. Men eldeshinizder demekchimin!!!
29.08.2011. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
he he ana tamawa...
29.08.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын бир топтоп алып териштирбейсинерби ыя, а то ар санда ар кимисинин озунчо актанганын-мактанганын уга берип башым айланды. Анан алардын тытышканын коруп бир чечим чыгарат элек кимиси кобуроок куноолуу экенин :)
29.08.2011. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ejebiz kaariganda kadir barki menen ele kalbay, kizi menen ten kizdar menen sottoshup kaliptir.
30.08.2011. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми президентти кууп артистер бирин бири кууганы калдыбы
30.08.2011. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bala bakchanyn baldaryndaj ele bolushtu go,mintip ajtty,tigintip ajtty deship ele jugurup kelishet.Korunuktuu adamdar,madanij kyzmatkerler bolgondon kijin ozunordu oshondoj alyp jurbojsunorbu,je jurist alyp kelip ,choguu oturup chechpejsinerbi.
30.08.2011. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
etoi aychyrok delat nechego.islam satarovdu emne ele kowup salgan jok jerden,emi al da soguwup chygat ko...
30.08.2011. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aychurokko "Ek artisti" degen naamyna da koshup, "Eldik sottoshuuchu" degen siylyg yigara turgan bolup kaliptir!
30.08.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo kudai adamdar emne ele bolup baratat. kyrgyzdar biri biribizdi koro albaganybyzdy toktotpoduk. uwintip kyryla bersek onugobuz dep umuttonboi ele koiolu.oo kudai adamdar emne ele bolup baratat. kyrgyzdar biri biribizdi koro albaganybyzdy toktotpoduk. uwintip kyryla bersek onugobuz dep umuttonboi ele koiolu.
30.08.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bashka rubrikalardy okusam forum chulardyn kommenti ayabay az eken ushul shou biznesti okusam ayabay tan kaldym chyn ele ushul kyzyktuu okshoyt serialga aylanyp tagdyr oyunu serialybyz biyakta biyakta ele kalyptyr
30.08.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тфу-тфу Кызыл-гул.Кагыштыргандарды укпай, сиз курактуу адамдар олтуруп ыйман тилеп жаздык эле орозо айында.Акылсыз,урушарга жоо-урунарга-тоо таппай ото бук болгон экенсин.Аял,апа экенинди унутсан да,Эл сыйлаган адам экенинди унуттун. Эми эл сени суйуп карарына козун жетпейт курбум. Окурмандар эженерде ыйман болбосо, биз ыймандуу бололучу........
30.08.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй ушулар надоел кылышты го!
31.08.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корей сериалдарына окшотуп сериал тартса болчудай болуп калыптыр.Кыргыз шоу бизнесинде
31.08.2011. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйушкондор жолугушса кучакташат, Форумчулар жолугушса ушакташат!
31.08.2011. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын эн чырчы айым ырчысы деген наам бериш керек болуп калыптыр.
31.08.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахахахахахахахахаххахахахахахахахахахахахахахахахахаахахахахахахахахаахахахахахахахахахахахааххахааэ Ырчыларарга не жок деймда!!!
31.08.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын урушунан башка кызыктуу макалаларды жазсанар болбойбу,байкагандырсынар эми окурмандарга бул акыйнектер жакпай жатканын.
01.09.2011. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
he hee show biznes ushunusu m-n kyzyktuu da
01.09.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин бири сотко берип онуп эле калыптыр го
01.09.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииииииииии ушундай адамдарды келемиштей жаман кором
01.09.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наоборот окурмандар кызыкан учун кирип окуп, комментарий жазып жатпайсынарбы. Назгул Насиева ото куу айым, байкуш Айчурок дейин десен бул айым деле кыйын. Эми эмне болуп бутоор экен, карап туралычы
02.09.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katyn bar zherde ushak bar!katyn bar zherde ushak bar!
02.09.2011. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда эмесе сахнада жылдын чырлуу айымы Айчурок Иманалиева тосуп алыныздар.Карачы ээ кандай сонун угулат.
03.09.2011. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат, рахмат урматуу куермандар, анда эмесе мен силерге озумун "Ушакчы катынмын" деген ырымы тартуулап коеюн, кол чабып койсонор жакшы болмок хе хе хе хе
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо