Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Динара Эсенгулова: «АЙДИН ШЕР АТЫН АКТАГАН ЖОК»

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

Айдин Шер апасы менен келип, продюсерине болгон таарынычын узатып кеткен эле. “Мен да өз укугумду коргойм, айтчу сөзүмдү айтайын” деп Динара Эсенгулова келди.

– Динара эже, сөз сизде, баштай бериңиз...
– Негизи, ырчыны сахнага чыгарарда көптөгөн эмгектер болот. “Эмгек китепче ачпаптыр, айлык бербейт экен” деген кептер жүрөт. Эмгек китепчесин ачканда гана айлык берилет. Биздин келишим жолдоштук жаатта түзүлгөн. Айлык төлөгүдөй мен ал ырчыга начальник же ал мага начальник болот деп көрсөтүлгөн эмес.
– Келишимге “5 жыл” деп жазып алып, “адашып калган экенбиз” деген турбайсыздарбы?
“Келишимде 5 жыл деп жазылып калыптыр, андай-мындай” деген болбогон сөз. Мен да сотко берип жатам аларды. Бул жерде 3 пункт менен кетип жатат. Биринчиден, кесиптик ишмердүүлүгүмө шек келтиргендиги үчүн, экинчиден, жеке адамдык аброюма акаарат айтканы, үчүнчүдөн, ыр-клиптердин баары менин эмгегим, мага тиешелүү. Ырчы менен продюсердин мамилеси бузулса, ырчы да, продюсер да чыгармаларды колдонууга болбойт. Мына азыр тойлордо мен жаздырган ырларды аткарып акча таап жатат, аны далилдөөчү кишилер толтура. Мен анын ырын ырдап же костюмун кийбей элемин. Мыйзам боюнча, 16 жаштан баштап ар бир Кыргызстандын жараны өз алдынча иштеп акча табууга, акчаны каалагандай коротууга акысы бар.
– Ырчылардын эң биринчи эле айтканы “продюсер менин эмгегимди жеп кетти” болуп жатат.
– Ырчы белгилүү болуп баштаганда эле өнөрүн көрсөтүп, акчаңдан да эмгегиңди тээп кеткенине ыза болосуң. Ортодо “Алмаз болуп чыгам” деп силерге айтты. Анда да мейли дедим, жаңы ат менен нөлдөн баштап ырдап чыксын деп. Мына, өзү эле айтыптыр, “мени Алмаз деп эч ким тааныбайт” деп. Кичине уялып койсо боло, мен баштаган жокмун, өздөрү башташты. Апасы “мен баламды өзүм ээрчитип келгем” деп айтып жатат. “Баламды сага, сени Кудайга тапшырдым” дегенде “келишим менен иштешебиз, жол-жоболору бар” деп кетиргем. Ошондо 2007-жылдын марттын аягы же апрелдин башы болчу. Көпкө ойлонуп жүрүп, күзүндө Алмазды ырчы кылып ала турган бодум. Чын-чынына келгенде мен Айдинди өзүмдүн балама окшоштуруп алгам. Себеби азыр жалгыз турам, балам алыста. Балам менен Алмаздын окшоштугуна тартылдым, ошон үчүн макул болгом.
Апасы да тастыктап жатат “менин балам өтө таланттуу эмес” деп. Башында ырдаган деңгээлин баары эле билет. Жазылган фонограммасы турат менде, ошондон эле менин канчалаган эмгегим кеткенин билсе болот. Мен музыкантмын, ага үйрөттүм музыка жактан. Анын ырга болгон көз карашын, деңгээлин көтөрүү жагынан көмөк көрсөткөм. “А” деген Алмаздын баш тамгасы “и” деген жана “дин” дегени продюсеринин атынан алынсын, шер жигит болсун деп лакап ат коюп, жакшы ниет менен чыктык эле. Ошол атты актабады.
– Экөөңүздөр ээрчишип эле жүрчү элеңиздер, келишпестиктердин башы концерттен чыккан экен.
– Арадан 1,5 жыл өткөн соң Алмаз “апам сиз менен сүйлөшөм деп жатат” деди. Жолуктук, апасы “менин балама концерт бере элексиң” деди. “Айдин концертке даяр эмес, иштеш керек, вокал жактан да, каржы жактан да түйшүк” деп болбой койдум. Бул концертке деле даяр эмес болчу. Аягында апасы “сенин эмнең продюсер, балама концерт коё албасаң?” деген сөзгө чейин барды. Айдиндин биринчи концерти акча табуу эмес, элге кеңири таанылуу болсун деп жакшы эле түшүндүргөм. Концерт болчу күн да келди. Апасы келип “тиякта бирөөлөргө билет сата калалы” деп жатты. Мен ата-эне, тааныш-тууганына чакыруу билеттеринен сырткары 200 билетти сатыкка деп бергем. Отчёту келген жок, эгерде 2000 билетти карматып койсом, такыр эле талаада калмак экем.
Концертте коридорго чыксам, апасы менен шоу-бизнестеги киши туруптур. Алмаздын апасы “Динара, мен бул кишиден карызга акча алгам, 1000 доллар бере калчы” деди. Концерттин 1-күнү, Спорт Ордосунун чыгымы концерттин чыгымдарын жабабы деген жүрөк өйү бар болчу менде. “Эже, түшүнсөңүз, концерт боло элек, мен чыгымдарды төлөшүм керек” десем, “мен сенден күндө эле акча сурап жатамбы?” деди. Бир убакта берки киши “ай, Динара, кандай немесиңер, мени коё бербейсиңерби, бербейсиңерби акчаны” деп кыйкырды, ырчылардын көзүнчө. “Сен деген бул ырчынын продюсерисиң, төлөшүң керек” дейт. Дагы бир келинди ээрчитип алыптыр, берки киши "мен буга карызмын" деп.
Ырчынын ырын, клибин, баарын төлөгөнүбүз аз келгенсип эми атасынын, апасынын карызын төлөшүбүз керекпи, түшүнбөй калдым. Концерт өзү менен өзү өтүп жатат, апасы менен жанагы киши гримдөөчү бөлмөгө кирип, мени чыгарбай коюшту. “Спорт Ордосунун ижарасын, операторлордун, үн режиссёрлордун, коопсуздук кызматкерлеринин акысын төлөшүм керек” деп мен отурам.
Мен отчётту 10 күндүн ичинде беришим керек, ырчыга. Каржы жагын мен эмес, администратор карайт, чыгармачылык жагын мен уюштурам. Ошентип, гримдөөчү бөлмөдө отурсам, мени чакырып калышты, кассадагылар. Концерт аяктаарда кассадагылар “ижара акысын кармап калабыз, жетпей жатат” дешти. Ошол жерден эле алпаруучуларга, бийчилерге акысын берип жатсак, баягы үчөө келип калышты. Апасы “кандай немесиң уяты жок, урдум концертиңерди, отмена кылып салгыла” дейт.
Менден башка бирөө болсо, “башты оорутпа!” демек. Концерт убагында Айдинге барып “апаң ушундай кылып жатат” деп айткан да жокмун. Сахнадан рахмат деген сөз айтпаса мейли, концерт бүткөндө жолугуп “рахмат, эже” десе сүйүнмөкмүн. Жок, Айдин кетип калыптыр, кийим-кечегин көтөрүп алып. Баягы үчөө келип алып гримдөөчү бөлмөдөн чыгарбай коюшту. “Эч нерсени билбейм, акча бер” деп отуруп түнкү саат 2:30 болду. Бир убакта охранада иштегендер “уятыңар барбы, кетпейсиңерби?” деп кыйкырганда гана чыктык.
Түнкү саат 3тө үйгө келдим. Таң атпай туруп администратор Нурзатты ойготуп “эмне кылабыз?” деп баш ооруттук. Айдин апасы экөө үйгө келишти. “Эже, кечээкидей акысыз спектакль коё турган болсоңор, концертти жөн эле коёлу, уят да, канча киши карап турду” дедим. Алтын эже “менин баламды малай кылып иштеттиң” деп дагы баягы сөздөрүн айтты. “Кечээ көрдүңүз, ырчылар келип ырдап беришти. Мирбек, Ильяз, Омар эмне малай бекен?” деп айттым.
Анын ортосунда Айдин бакырды “урдум ошол шоу-бизнесиңерди, ырдабай койсом кутуламбы” деп. Чырдап отурган апасы “эй, кыздар, бир ачууңарды мага бергиле, концертти өткөрөлү. Мен эртең таптакыр жолобойм, андан көрө чай даярдайын” деп сөзгө келди. Кечинде эч нерсе болбогондой келип чай даярдап жүрдү.
Өкүнүчтүүсү, баласынын концертте кандай ырдаганын көргөн жок, башында зордоп отуруп бир чыгарганбыз, кайра келип сахнанын артында жүрдү. Экинчи күнкү концертибиз да бүттү. Декорацияны жыйнап жүрсөк, апасы чалды “отчётту бергиле” деп бакырып. “Мен өзүм да отчёт ала элекмин” десем, “ким билет, 3-4 күндүн ичинде кандай махинация кыла коёруңарды” дегенинен чакырып, дептерди көрсөтсөм, ары карап-бери карап “3-4 күндөн кийин бересиңер” деди. Ошентип, отчётту көтөрүп алып үйүнө бардык, Айдин жок экен. Апасына отчёт берүүгө туура келди. Ашкан билеттерди алдына коюп, дептерди бердик.
– Концерттен соң каржылык кыйынчылык болгон үчүн Айдин машинасын сатыптыр го...
– Азыркы күндө машинаны өз наамына эмес, башкага жаздырып күбөлөндүрүүчү кагаз менен жүргөндөр толтура. Менин деле машинам бар болгону менен, күбөлөндүрүүчү кагаз менен жүрөм. Айдиндин машинасын сатып, ордуна башка кымбат машина алгандыгы тууралуу мага маалымат келди.
– Кечирим сурап барыптыр, Айдин да, апасы да. Макул болбой коюпсуз.
– Айдин “мен ырдабай койсом кутуламбы, Америка, Кытайга кара жумушчу болсом да күн өтөт” деп кеткен. Бир жолу чалсам “Динара эже, я с вами больше работать не буду” деп катуу сүйлөп салды. Шок болуп эле эмне дээримди билбей калдым. Чынын айтсам, аябай катуу оорудум. Ич ара чечишип аларбыз деген үмүттө эч кимге билгизбей, үн катпай жашырып отурдум. Бир күнү мага бирөө чалды, “Айдин сага барат болуш керек, азыр апасына жолуктум” деп. Апасы айтыптыр “не лепый акча үчүн чыр чыгарган окшойбуз, азыр эми кечирим сурайлы дедик, Айдин кетти” деп. Айткандай эле Нурзат эшикти ачса, Айдин каткырып күлүп кирип келди. Айдиндин сөзү: “Динара эже, мен сизден кечирип коюңуз деп чөгөлөбөйм. Кечирсеңиз кечириңиз, кечирбесеңиз, короче, ошондой. Чынын айтсам, мамамды аралаштырганыма өкүнүп турам. Бул жерге келгенимди апам билбейт. Атам менен сүйлөштүм, апам кийлигишпейт” деди. Мен "ойлоноюн" деп айттым. Анткени шок болуп калгам, “шоу-бизнести урдум” дегенинен. Кийин кайта дагы кечирим сураганын айтып берейин. Телефон чалды, башка номерден. Алсам эле “я что то не понял, вы простили или нет?” дейт. “Айдин, сенсиңби?” десем “да, я уже сколько времени жду? Вы ничего не отвечаете...” деп эле токтоно албайт. Оозум ачылып, телефонду басып салдым. Кайра-кайра чалат, эмнеге бул мага бакырат деп кайра алдым. Алсам бир аз басаңдап калыптыр. “Динара эже, ойлондуңузбу?” дегенинен “мен ойлоно элекмин” деп жооп айттым. Бул эмнеге бакырат деп сотко кайрылсамбы деп Ленин райондук сотуна бардым. Ошондо уккан окшойт, келип кайра кечирим сураганынан, “мен апаңды да, сени да кечирем, бирок ишеничтен кеттиң, иштеше албайм” деп айткам.
Ушул убактан бери эч кимге жамандабай, жүрөгүм аны кыялбай отурган сайын кыйкыра берсе, менде не амал калат? Башында 9000 сом берген. Келишим боюнча, 50 пайыз андан, 50 пайыз менден кетиш керек болчу. “Эмкиде алып келип берем” деп жүрүп бир топ ыр жаздырдым, клип тарттырдым. Эгерде 50 пайызын төлөгөн болсо, анда мени эмне кылышмак билбейм, ай. Мына, 5 той, эки корпоративдик кечеге барды, менде жазылып турат. 16 ыры, 8 клиби бар. Кечирип койсун, ошонун баарына 9000 сом берип, анан тойго барганын талап кылган. Сотко берем деген коркутуу эмес, мен өзүмдү коргойм дегендик.
– “Кыргызстандан жок кылып коём” деп катуу кеткен экенсиз сиз да.
– Мен андай сөздү таптакыр айткан эмесмин. “Айдинимди асмандан жерге түшүрдүң” деген өзү. Мен шоу-бизнести абдан жакшы билем. “Жөнөкөй баламды керсейтти” дегенине жооп берейин. Ооба, мен айткам, “отун жарышып кой” деп. Бир маалда карасам, табак ташып кыздар менен иштеп жүрөт, майдаланып, ашканага аралашкан эркекке жарашпайт. Көзүмө жаман көрүнгөнү үчүн “Айдин деген атың бар” деп айткам. Адам өзүн кандай ойлосо, башканы да ойлош керек, “карып кеттим, балам саргайды” дептир. А менин жети ай үйдө жатканымды, стресстен эми чыгып келатканымды ким ойлойт? Ошонун баласынын атын чыгарууга далалаттанып жүгүргөн эмгегимди жаманатты кылып кеткенине сүйүнөмбү?
Мен жаш кезде ырчы болгум келип, консерваторияны бүткөм. Ырчы болуу тилегим ишке ашпай калып, продюсерликке өткөм. Мага окшоп талпынгандарга жардам берейин деген эле ой. Ошонун аркасынан байып кеттим деп айтпайм. Байыбай эле, жылуу сөз угам дегем.

Динара Эсенгулова бир канча күбөлөрдү да ээрчите келген экен.
Алардын сөзүнө кулак түрүп көрөлү.

Асыл Апасова, продюсер:
– Негизи, шоу-бизнестин ашмалтайы чыкты. Баары бүтүп эми ата-энеси киришкени калды эле. Факт менен эле айтайын. Апасы “Динара, пожалуйста” деп эле маңдайында отурганын мен көргөм. Өздөрүнчө сүйлөшүп алсын деп чыгып кеткем. Бая күнү корпоративде көрдүм. Эгер Айдин Шер деген брэнд болбогондо ал жерде ырдабайт болчу. Өзүнүн берки аты менен иштей албаганы үчүн ушундай чатак чыгарып жатат. Кыйын болсо, өзүнүн аты менен чыксын. Бул жерде атаандаштык бузуп жатат. Айдин менен тең ырчылардын тууган-туушкандары Айдинге май тамызып койсо, бул кырылышып жатат, беркилер ал убакта чыгып кетип жатышат.

Дана, продюсер:
– Чынын айтканда, продюсерлерди ким коргойт? Динара эжеге айттым, “Динара эже, сиздин эмгегиңизди өз каныңыздан бүткөн бала гана билет” деп. Себеби менин да башымдан өткөн. “Атага кат” деп дүңгүрөдүк беле, дүңгүрөдүк. Ашып кетсе жарым жылга барып жок болду. Ырчынын чөнтөгүнөн бир тыйын да кетпейт. Анан эле ырчы жылдыз болуп кетти, көптү. Элдин баары эле “ой, сен кыйын болдуң, азамат” десе эле продюсер көшөгөнүн артында калып калат. Качан бизде адилеттүүлүк болот, түшүнбөйм. Ким жаман, продюсер жаман, факты менен айтпай эле, көрүнгөн ушакка ишенишет. Кыргызстанда канча продюсер бар, баары жаман. Ак ийилет, бирок сынбайт, убакыт келет таразалачу.

Канат Култаев, продюсер:
– Айдин Шердин интер-вьюсун окуп, кейидим. Апасы азыр ушинтип Динара эжени жамандап жазгандан кийин бир ой кетти, 2-3 жыл мурда баласын өзү эле алып чыкпайт беле, ырас телевидениеде иштейт экен. Бир чети Динара эжеге боорум ачыды. Алып жаткан кезде билем, атынан бери коюп, өзүнүн баласындай көрүп ээрчитип жүргөн. Айдин жакшы эле бала болчу, балким, анын башын башка бирөө айланткандыр. Динара эженин кемчилиги – ата-энесин ишине кийлигиштирип алганы. Мен, мисалы, балдарды аларда ата-энесинен бата алганым болбосо, кийлигиштирбейм.

Алмаз Раимкулов, цирктеги атчандар тобунун жетекчиси:
– Айдиндин продюсери Динара эже “концертке жардам бер” деп ыйлактаганынан келип көмөктөшкөм. Концерттен соң бир жумадан кийинби, айтор, машина базарда жүрсөм, Айдин жүрүптүр. Жанына барып учурашайын десем, карагыдай эмес. Күмүш түстөгү Мерседес карап жүргөнүн көргөм.

Ырыс Жоомартова, кинорежиссёр:
– Бир тойго заказ чыгып калып, ошого Айдинди ырдап бер деп суранайын десем, Динара “телефонун албай жатат, өзүңүз чалып көрүңүз” деди. Чалсам албай койду. Бирок кечинде ошол эле тойдон Айдинди жолуктурдум, сабыры суз, “Ырыс эже, мен Динара менен иштешпей калдым” деди. Мен экөөнү жараштырганга аракет кылдым, Айдин көнбөдү.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(72)
30.08.2011. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин продюсери жок эле ырдап келишкен. Онорлуу олбойт деген ушу да. Ал эми азыр ырдай албагандары да продюсери аркылуу жылдыз. Себеби УТРК продюсерлердин колунда. Хит парад коруп жатканда деле байкачумун, продюсери барлар 1-орунду алып финалга кетсе, продюсери жоктор, бирок таланттуулар артта калып кетчу. Продюсер деген нерсе чыккандан бери таланттууларыбыз комускодо калып баратат. Продюсер деген нерсени жок кылыш керек болуп калды.
30.08.2011. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Playboy,
Bizde bardyk jerde korrupzija da, al torotkanada bashtalyp, jyldyzdarybyzga chejin infekzija bolup jajyljyp ketken.
30.08.2011. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sizderdin jazgandarynyzdar konulumduu gana achty zerigip oturganda ))).super info abdan kyzyktuu gezit bolo bara jatat....tolko uwak jana teriwtiruu... kimisine iweniwti da bilbeisin toobo
30.08.2011. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ызы чуу...продюссер,ырчыларга жин тийгенби.
30.08.2011. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karga karganyn kozun chukumak bele, berkilerge emne jok?
30.08.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз айтсак эле булардын проблеммасы чечилип калбайт да,андан коро бир жака тартпай акыйкатту бололу ,ким куноолуу болсо ошону кудай жазалайт оз убагында!
30.08.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
короче соз коп бирок айтып кереги жок
30.08.2011. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир колдон ун чыкпайт,эки колду бирге чапсан ун дуулдап чыгат.Бекерден бекер актана бересениз болмок.Сизден да куноо кеткен да.Уят эле.Ортодо болгон создун ийне-жибине чейин жаздырып,кошоматчыларын кара теги эле
31.08.2011. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Култаев Темир Назаров менен урушуп,чыгарбайм сахнага деп аракет кылды эле го.темир ырдап эле журөт го.Талан өлбөйт деген.дээринде болсо эч ким аны токтото албайт.продюссер дегендерди да көтөрүлүш кылып Кыргызстандан кууп салыш керек болуп калды!
31.08.2011. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Narynbek, Анда ырчылар пикетке чыгыш керек да продюссерлерди кубалаш керек Россияга коздой.
31.08.2011. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун эмгеги тепселеген бул ыймансыздык! Айдинди бир жолу машинасын жолдун ортосуна токтотуп алып щз уйу жакта щз атасындай болгон бир улуу кишиге кыйкырып согуп атканын коруп калгам. тиги байке байкуш "кечирип кой корбой калдым" деседа болбой согуп кыйкырып атканын коруп ой тобоо дегем! такыр ыйманы жок бала экен! козунорду чон ачпаысынарбы! Мындай "скунстар" Кыргызтанга кереги жок! оз ата-энедейге ушинтип атса, продюсерге кылган мамилесин элестетип коргуло! Продюсери азамат! боорукер!
31.08.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдиндин, уну деле жок! бироо айтып кеткендей келбети эле болбосо! Айдин точно эле Султан Садыралиевдей НЕБЛАГОДАРНЫЙ! Продюсери аны да кечирип мунусун да кечирип жургон! Айдинди колдоп продюсерлердин баарын жамандаган озу эле болуш керек! дагы башкача кантип актанат! Уят! Аллах сени жазалайт! Одноклассник сайтында " Я счастлив" деп жазып алыпптыр тимеле! каягына счастлив болуп журот! Энесинин юбкасына жашынып алыппы??? ХАХАХА
31.08.2011. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaa Beka717, pravilno! on mne izna4alno ne nravitsya. poet kak popalo da i vyglyadit kak goluboi fuuuuuuuuu((( a klipy emu ego produser vidno ne samye dewevye snimala, a naoborot xorowie i ka4estvennye. vot 4to zna4it "ZVEZDANUTSYA"! toje mne "EMGEK SINIRGEN" wahahahah a nas4et slu4aya kotoryi ty rasskszal ujas, on naverno ko vsem tak otnositsya. v lico naverno ulybaetsya, prikidyvaetsya angelom, f nf sfmom dele v jopu bez myla zaidet!))) nu eto vse moe i mnenie, da i mnogix!
31.08.2011. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
izvinyayus za owibo4ki)))
31.08.2011. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esli by byl stoyawiy pevec, daaaa bazaru net. a tut fuflo kakoe to.
02.09.2011. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikusyalight, Beka717 Сен Динара Есенгулова экенсин!!! айткандан кийин профайлынарды карап корсом экоонор тен бир кундо бир саата 31-августта так айтканда именно бул номер чыккандан кийин сразу, атайын ушул Айдинди жамандаган комментарий жазыш учун бул жерге каттоо кылыпсыз, жана бул макаладан башка эч нерсеге коментарий жазган эмессиз!! Бир дагы ыр же макалага! Факты на лицо дегендей!Дагы бир жолу жузунузду карартыныз Уят-Уяяят!!!!
31.08.2011. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ну ну Aikusyalight я конечно не идеальный, но раз ты стал человеком искусства надо же хоть правила приличия соблюдать..а тут наверно собрались те которые хотели стать певцами их же щас навалом а им отказали вот они и сидят продюсеров хаят :D а Айдин аман эле болсун. пусть сначала эркек болгонду уйронуп алсын
02.09.2011. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka717,Aikusyalight Сен Динара Есенгулова экенсин!!! Shaki айткандан кийин профайлынарды карап корсом экоонор тен бир кундо бир саата 31-августта так айтканда именно бул номер чыккандан кийин сразу, атайын ушул Айдинди жамандаган комментарий жазыш учун бул жерге каттоо кылыпсыз, жана бул макаладан башка эч нерсеге коментарий жазган эмессиз!! Бир дагы ыр же макалага! Факты на лицо дегендей!Дагы бир жолу жузунузду карартыныз Уят-Уяяят!!!!
01.09.2011. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa deistvitelno neblagodarnyi!v nachale kak milenkie umolyayut prosyatsya wtob ih prodyusirovali,a zatem posle odnoi pesni,odnogo koncerta korchat zvezd iz sebya.Dinara eje ozu erkeletip alat baldaryn
01.09.2011. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aittym ele goo eki jakta ten kunoo baar....
01.09.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Продюссер чон эле аял экен, Алмаз болсо, али бала эле бойдон экен го. Анан ошонун ар бир созун, урдум деди, анан америкага барам деди деп, мазактагансып турганы уят эле. Мындай кезинде ал эмне гана кылбаганын ким билет. келишимди жаш, билбеген адамдарды алдап, оздоруно ылайыктап, каякка бурса ошол жакка бурулгудай кылып тузуп алышат окшобойбу. Жондон жон эле чырдабайт да адам. Теле, студия сыяктуу шарттар менен коз каранды кылып. кандай эле таланты жок экенин чыр чыккандан кийин билип калышат? <
01.09.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланты жок экенин билишсе эмне келишим тузушот, Дин деп атына биротоло озун чаптап. Жаш баланын демин баспашы керек анчалык адамгерчиликтуу экен.
Алмаз, шоу сен учун биринчи кезекте Кудай ыроологон онорун менен элиндин руханий азыгы болушун учун керек. Ыр журогундон, жакшы сезимдердин деми менен оргуп чыгышы керек. Атак, акча учун ырдасан анда копко барбайсын. Ырларынды кутобуз, ийгилик каалайм!
02.09.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, сизге кошулам, чон эле аял, келип алып озунун продюссердик статусуна жарашпаган нерселердин баарын суилоп, биринчиден озун тушуруп койду.
01.09.2011. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш бала дейсинер Айдинди каякта жаш бала, Динара эже байкуш жылдыз кылып чыгарып койсо кыр корсотуп жатпайбы, бироолордун созуно кирип. Мен бул ырчынын ордунда болсом Динарага эжеге мин мертебе ийилмекмин. Анткени мурдун тарталбай жургондорду ырчы кылган, эмгекти баалай билиш керек. Ар кимин комментарий жазарда озунорду коюп туруп жазгыла, курулай доомат уйо бербей кишиге
01.09.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эжени колдоп келген продюсерлер да туура айтышат. Себеби продюсер продюсердин жумуш жакшы билет. Айдин Шер эркектик намыска бек тур. Динара эжеге рахмат айткандын ордуна, кайра конулун оорутуп. Эмне сени элге таанытып койгонунабы?
01.09.2011. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдин келип Динара эжени жамандап кетсе. эмнеге Динара эже окуяны кандай болгонун айтпашы керек??? Айдиндей балам бар деп атпайбы, ей не в ризон калп эле что то придумывать! Она же хотела им гордиться! А он, реально неблагодарный, школьницалар келип афтограф алып койсо эле озунчо эле звезду корчит! Америкага барып эмне кылып кыйратмак эле? коп болсо заправкага же кафеге официант болмок!))) так что кого он обманывает?
03.09.2011. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka717,sen bul jerde katuu janylywasyn,birinchiden amerikaga kelip korbogondon kiyin myndai tyianak chygarbai turganyn on go,zapravka,oficiant bolosun dep Aidindin tagdyryn cheche bilgendei kozun achykpy,a ekinchiden Amerikadagy kyrgyzdar en jakwy jumuwtarda iwtegenderi da bar,taiky akyl m-n taiky korogochtukt kylbai ele koigonun durus go deim Ejekesi!
01.09.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
продюсеры вкладывают, а потом пожинают и делят по полам. я думаю. так что бироонун аркасы менен жашашат деген такыр туура эмес го.
02.09.2011. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka717 Dinaranyn ichki duinosun jakwy bilgenine karaganda,Begimai Esengulovasyn go,abdan jan tartypsyn taejene,birok senin dele unun jok da...
02.09.2011. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaki, ха-ха-ха :))) ушинтип эле оздорун билгизип коюшат турбайбы ее? анда устундокулорду деле Динара Есенгулова озу жазса керек, слишком эмоцияга алдырган коментарийлер бар екен :)))))
02.09.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
особенно Aikusyalight Айдин Шерди жаман корот екен дагы, бирок Есенгулова тарткан клиптери жагат екен :)))) Динара Есенгулова! мындай бир аз башты колдонуп жазсаныз коментарийлерди, озунуз уят болбойсуз!
02.09.2011. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да уж, не ожидала от такой женщины ! каждый экинчи созу "бакырып"! это же тупизм элге баарын жайып, аныкы туура болсо унчукпай эле койсо болмок!
Алмаз тебя на сцену она не пускает что ли? ТЫ СВОИ ПРАВА ХОТЬ ЗНАЕШЬ? ТЫ ХОРОШИЙ ПЕВЕЦ! ГЛАВНОЕ УНУН БОЛСО БОЛДУ ДА! УДАЧИ ТЕБЕ!!!! НЕ НАДО СНЕЙ ССУДИТЬСЯ!
02.09.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi tipa KTRchilerdi chakyryp kelgeni eken da... konechno kollegalar kollegasyna tartat da...Ushulardyn baary jelkelerindegi bashtaryn ozdoru koldono alyshpayt!!! Myna Nazarovdon bashtalgan, anda talant bolso da Kultaev KTRmenchigi bolgonsup chygarbay koydu, emi Sultan, dagy Aidini. Emne televideniye bulardyn menchigibi?
04.09.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э Шаки за языком следи! сен ошо озун Айдинсинго! я вообще то свое мнение говорю!
04.09.2011. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха мен ощол кыз болсом, атымды ошонтип чыкмак белем? хахахаха кулкуну келтирбечи
А мага ушул сьаьбя кызык болду ошон учун бул жака эле жаздым! Айдиндикилер каттуу кеткен го. молодцы БРАВО! ушунтип актанып журо бергиле)))))))
04.09.2011. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batmakan i Shaki eto lyudi Aidina, timele maga ekoolop napadat etip alywyptyr))) A Dinara ejenin ichki duinosun bilchudoi men misaly emne dep jazdym? ne smewite moi noski! A meni xot Superge baryp alyp tekwere bergile)))) ne moe je vremya)) ai Aidin Aidin, chon ele ayaldy jamandatyp koyup uyat uyat!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
27.10.2011. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka717, Менин билишим боюнча сен. Бегимайдын озусун кааласан далилдеп берем. Эки жак тен начарсынар колунардан келеби шоу бизнестен общий кеткиле! Ал жакта калп эле журо бергендин не кереги бар. Андан коро адал оокат кылгыла. Америка барасынарбы, кытайгабы, Бразилиягабы калганы озунордун ишинер. Так что ракета!
04.09.2011. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже, ырчылар менен контракт түзөрдө деталдарды ойлонбоптурсуз да, акча менен бийлик ар кимди көптүрөт. Келишим менен так иштесеңиз, эч кандай проблема чыкпайт. Ата-энесин, туугандарын аралаштырбоону биринчи пунктка жалаң БАШ ТАМГАлар менен жазыш керек.
22.01.2012. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха)))))))))))))
10.05.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз сага ийгилик калганына соз жок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо