Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эрлан Андашев: «МИРБЕК ЭМЕС, МАЙКЛ ЖЕКСОН МЕНИН КУМИРИМ»

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл

“Талантым жок деп кайгырба, татыктуу жашоо чоң талант” деп ырдаган Эрлан Андашев да ыр көрөңгөсү кенен, тай күлүк ташы обонго оогон талант. Бүгүн “Супердин” төрүндө ырлары менен элге алынган Эрлан Андашев отурат.

АНДАШЕВ ЭРЛАН ШАЙЛООБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 1987-жыл, 29-август.
Туулган жери – Ысык-Ата району, Нурманбет айылы.
Мүнөзү – Жоош, бирок ачуусу чукул.
Ашар концертке аралашкысы келбейт, ошон үчүн концерттерде көп ырдабайт.

– Эрлан, жакында ата болом деп кубанып турган убагың турбайбы...
– Кубанычымды сураба. Жакында эле кыздуу болорумду билдим. Азырынча ысым тандай элекпиз, кызыбызга. Өзүбүз коёлу деген ой жок. Мени чоңойткон чоң апам бар, наристебизге атты ошол адам ыйгармакчы.
– Байкашымча, үй-бүлөлүү болгон соң чымындарың учуп-кайкып калды.
– (Каткырып) Негизи, “үйгө келин келсе кут-ырыскы кирет” деп коюшат. Перизат ак өргөөмө ырыскысы менен келди. Келинчегим чыгармачылыгымды колдойт.
– Кантер экен десем, келинчегиңди мактап кирдиң, ээ? Кантип эле Эрлан кичинекей кезинен ырга жакын болбосун...
– Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепти бүткөм. Чоң атам Темиркул неберелерин маңдайына отургузуп алып, комуз менен ырдап берчү. Ал кезде 5 жашта болсом да чоң атамдын “тоого бүркүт чыкканда андара-күү, андара-күү...” деген обону бүгүн да кулагымда. Биздин үй сай тарапта болчу. Бизден обочороок жердеги сарайда Аскар деген ата бар эле, мал баккан. “Аскар ата, атыңды берип турчу?” деп ат минип алып ырдап жүрө берчүсүң” дешет. Бир аз чымын бар да балакайда, антпесе музыкалык мектепке беришмек эмес.
– Мектепти бүткөн соң кафеде ырдап калдың?
– 11-классты бүтүп эле борбордогу кафелердин биринде музыкант болуп иштеп баштадым. Ошол учурда экс-продюсерим Нурсулан Сыдыгалиев сахнага чыгарды. Ага ыраазычылык билдирем. Окууга тапшырдым, консерваторияда окуп, кайра таштап жүрүп мына быйыл араң 3-курска келдим. Мага караганда келинчегим тың, комуз бөлүмүн бүтүп, аспирантурага тапшырды.
– Сени “Жолдубай Кайыповдун күйөө баласы болду” дешкен эле.
– Жолдубай Кайыпов кайнатамдын жездеси экен. Талант тирүү болгондо бажа болмок экенбиз. Азыр Жолдубай агайдын “Көл үстүндө” деген ырын ырдасамбы деп жүрөм.
– “Мирбек Атабековдун үнүнө окшош, аны туурайт” деп белгилүү аранжировкачылар айтышат. Же кумир тутасыңбы Мирбекти?
– Эгер сизге айткан ал адам чыныгы музыкант болсо, “Эрлан Мирбекти туурайт” деп айтмак эмес. Музыканттар менен иштешем, бирөөнөн да ушундай сөз уккан эмесмин. Себеби менин бирөөнү туурайын деген оюм жок. Мирбектин өзүнүн таланты, менин өзүмдүн үнүм, музыкалык билимим бар аткаруучумун. Кумирим Мирбек эмес, Майкл Жексон.
– Сүрөтчү досуң “Эрлан Перизат дегенде ичкен ашын жерге коюп жүгүрүп кетчү” деп жүрөт.
– 7-класста окуйм. Ардак тактада бир кыздын сүрөтү турат. Көрүп эле катып калдым. Аскат деген классташымдан “ким эле?” десем “бул Перизат да, ы-ы, сен жактырып калдыңбы?” деп баштады. Ал балдарга айтты, ошентип тарап кетти. Кат да жазып көрдүм. Жаштык да “э, койчу” деп тоготпой койду. Мектепти бүткүчө акмалап жүрдүм, “Перизат меники, эч кимиң тийишпегиле” деп сыртынан кайтарып. 11-классты аяктаарда “сүйөм” деп айттым, унчукпай күлүп кутулду. Анан чала баштадым. 1 жыл күн куру эмес жетелешип жүрдүк. Мен 15 номер көтөрдүм, бирин дагы эстеп кала албайм, эмнегедир Перизаттын алгачкы номери эч жадымдан чыкпайт. Аны көргөндө тилимди жутуп алчумун, ал көп сүйлөйт болчу. Сүйлөгөнүн угуп, ырахаттанып отура берчүмүн. Ошондуктан досторумдун айтканы чын.
– “Сүйүп калдым кантейин?..” деп сыздап жүрүп акыры жеттиң.
– Менин Жаңылай деген күйөрманым бар. Ал сүрөттөрүм чапталган, арзуу ырлары жазылган калың дептерди белекке берди. Дептерди барактап отурсам, “сүйүп калдым кантейин?” деген сап бар экен, көңүлүмө жакты. Мындай караганда жөн эле саптар, жөнөкөй тил менен жазылган ыр, бирок ошол ыр обон чыгарууга түрттү. Жаңылай таарынбайт болуш керек, мен анын арзуусун билбей, өзүмдүн Перизатка болгон махабатымды ошол ырда жеткиргениме.
– Демейде бала атасына жакын болот, апасы менен сырдашат экен, сенчи?
– Атам Чернобыль авариясынан жабыркагандардын бири. 45 жашта, пенсионер. Анын жанында күлүп калжыңдабайм, олуттуу сүйлөшөбүз. Апам Элмира, үй кожойкеси, мээримдүү эне, сырдашым. Мен үйдүн улуусумун, менден кийин 3 иним бар. Келинчегим болсо 5 бир туугандын кенжеси.
– Бир жигит редакцияга келип “Эрлан продюсери экөө акча алып, бербей жатышат” деп арызданган эле. Аласа-бересеге кандайсың?
– Турмуш тегиз болбойт да, аласа-бересеси менен күн өтөт. Мен бирөөгө карыз берген күндө да антип кайрылбайт болчумун. Эркекче сүйлөшмөкмүн. Ал жигитке жолукканбыз. Акырында бизде эч кандай күнөө жок экенин тастыктадык.
– Кайсы ырың көңүлүңө жакын, ырчылар “байлыгым – ырларым” деп баласындай бапестешет?
– Бирин бөлүп айткым келбейт. Ошентсе да көңүлгө өтө жакканы “Сагындырба”. Чынында, бул ырды автордун уруксатысыз эле ырдап, жаңыча аранжировка жасатканбыз. Бир күнү Жаныш Кочкоров агай чалып калды. “Ырга жаңы көйнөк кийгизипсиң, азаматсың” деп алкады, кудуңдап калдым.
– Учурда продюсер ырчы чыры модага айланды. Айбек Акматовду “Айбек акмак экен” деп кийинчерээк айтпайсыңбы?
– Кудай сактасын. Айбек экөөбүз кагаз түрүндө келишим түзгөн эмеспиз. Себеби мен былтыр үйлөнгөндө келишим үзүлгөн. Азыр эркекче эле оозеки келишим үстүндөбүз. Менде урушуп кетейин деген ой жок. Айбектин оюнда деле жок болсо керек.
– Эрлан, 29-августта 24 жашка чыгат экенсиң, куттуктайм!
– Рахмат. Биз ата-энебизден бөлүнүп, шаардагы кабаттуу үйдөгү батирибизде турабыз. Буюрса, дос-туугандын маңдайында 24 жашты тосуп алып, 25 жашка кадам таштайм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Маек - Эрлан Андашев:"Мирбек Атабековду туурап ырдабайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(39)
29.08.2011. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самая лучшая, красивая пара Кыргызстана!
29.08.2011. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну жакшы...
29.08.2011. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikti irdayt munu tanbaym azamatsin
Erlan ak jol saga
29.08.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бала ,сага ак- жол
29.08.2011. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коооп ырчылардын аялдарын кордум баарынан Эрландыкы сулуу, жылдыздуу жылуу кыз экен. башкалардыкы сулуу болсо жылдызы жок, жылдыздуу болсо сулуулугу жок.
29.08.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Happy Birthday Erlan! Iyigilik koshtosun, uibuloon menen amanchylykda,baktyluu omur suro ber!
SUPER.KG видео
29.08.2011. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jigittin unu Mirbektikinen da jakwyraak tunuk
29.08.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tulgan kunun menen!!! Baktyluu bolgula :)
29.08.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Эрлан! ме дагы Эрландын ырын биринчи укканымда Мирбек Атабековдукуна окшоштургамын, бирок экөө баары бир эки башка да.
29.08.2011. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле Эрлан менен Мирбектин ундору окшош! 25 ке чыксаныз, сиз дагы "25 жаш" деген ыр чыгарасызбы?
29.08.2011. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Эрлан алга! Ийгилик астыда
29.08.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман озун мактайт! Андан жаман катынын мактайт! Эрлан иним ушул созду конулуно туйуп ал э. Жаман корбо.Жаман озун мактайт! Андан жаман катынын мактайт! Эрлан иним ушул созду конулуно туйуп ал э. Жаман корбо.
30.08.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus, мен сага кошулбайм...катыны мактаганга татыктуу болсо эмнеге мактабасын?
30.08.2011. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus, katyny jaman ekenin sen kaidan bilesin???
30.08.2011. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus, сенин аялындын жузу суукокшойт. Тигил жакта бир ырчынын аялына эмне асылып жатасын? жон гой эмне кылса да журо берсин.
10.09.2011. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus, озун мактабай эле турат го, ушинтип жамандай бергенинер эле жаман, мен бул ырчыны тааныбайт деле экенмин, бирок зачем жамандап, а АЯЛЫН молодец ошентип мактап койгону, джентльмен турбайбы настоящий )))
30.08.2011. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрлан туулган кунун кут болсун. Азаматсын, ырларын мыкты. Байкасам озун дле жонокой окшойсун. Аракетинен сенин.
30.08.2011. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрландун уну Мирбекке эмес, Мирбектин уну Эрландыкына окшош го дейм....
SUPER.KG видео
30.08.2011. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан токтоо, оор басырыктуу, созунун орду бар бала тура. Ийгилик сага .
30.08.2011. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрлан буларды укпа! Чыгармачылык жолунду жолдой бер! Аялынды сыйлап жур! Суйуу абдан маанилуу нерсе!
30.08.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрландын продюсери 39 ник менен кирет болуш керек. Макта Айбек, мактай бер сага жарашат. Кантсе да кабарчы болумуш болуп калбадын беле. Эрлан азамат Майкл Жексон болот деп жазгандан уялгансын го э бул жакка.
SUPER.KG видео
31.08.2011. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eki sozunun biri ele "bayagy" dei beret eken go
31.08.2011. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун туулган кунунуз! Узун болсун жунунуз! Узак омур сурунуз! Жузго чыгып олунуз! Хехехе тамаша. Туулган кунун менен. Аялын экоонор бактылуу болгула!
31.08.2011. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Сагындырба деген ырын жактырам. Кундо бир жолу укпасам, башым ооруйт. Азамат! Ийгилик! Бакыт!
01.09.2011. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuui,aialyn maktasa emnesi bar eken demek jakshy korot da baktyluu bolgula dep ele koisonor tiliner teshilebi?!Iygilik silerge,Baktyluu bolgula!!!
SUPER.KG видео
01.09.2011. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атам.папам мамам
01.09.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизги суроттогу ич кийими кыйкырат го
03.09.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барби, :))) сразу ошол жагын карадынбы?:)))
10.09.2011. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барби, ха ха чын эле корунуп калыптыр ;))))
01.09.2011. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу баланын толкундана берип , ката суйлоп алганы эле боорду эзе берет.
02.09.2011. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
+5!
03.09.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi
04.09.2011. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zag деген адам акыл эсин оордундабы? Мирбек ким да Эрлан ким? Эрлан кечээ эле чыкпады беле. Мирбектин уну Эрландыкына окшош имиш... хм.
05.09.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izana мен сага толугу менен кошулам. Эрлан ким? Мирбек ким?
10.09.2011. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kinostan, а зачем так унижать, Эрлан ким, Мирбек ким деп, ну и что Мирбек андан биринчи чыккан, но экоотен эле кыргыздын балдары, Эрлан деле эми эмгектенсе Мирбектей болот, а может андан дагы ашып кетет... ушинте бербей бирдей караш керек да, негизи кыйын болбой!!!
05.09.2011. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине кудайды карагылачы, Эрлан чындыгында таланттуу ырчы, бирок Мирбекчелик эмгек кыла элек. Эрлан дагы иштеп Мирбектей убакыт менен текшерилгенде гана аны мактайлы. Азыр анын болгону 3-4 хит ыры бар.
SUPER.KG видео
20.07.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну жакшы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо