БЕКке ЖАҢЫ ИДЕЯ КЕРЕК!

№461 2-8-сентябрь, 2011-жыл

Концерттин аталышы – «Сары жалбырак»
Башталышы – 18:40 (10 мүнөт кечикти)
Алпаруучу – Чыңгыз Мырзаев
Билет баасы – 300-500 сом
Көрүүчүлөр – Филармониянын чоң залынын 80 пайызы (концерттин 1-күнү, 31-август)
Катышкандар – Мая, Байыш Момунов, Алишер Тоотаев, Алтынбек Алымов, Эрнист Бөрүбаев, Өктөм Сапар уулу, Санжар Бердибеков, Курал Чокоев, Калыс Жакыпов, “Арман” тобу, “Агама” бийчилер тобу, “IUK” командасы

Негизи, мен туруктуу көрүүчү катары ар бир концерттин өтүшүнө, уюштурулушуна баам салып, анын деңгээлин салыштырып жүрөм. Кош майрамга туш келген Бек агабыздын бул концерти адаттагыдай эле жагымдуу, жылуу маанайда өттү. Өзү айтмакчы, карапайым, башкача айтканда, шоу эмес, жөн гана жакшы ырлардан ырахат алуу болду. Концерттин максаты да, Берадор Смановичтин маанайы да ушул нерсеге багытталган өңдүү.
Сахнанын жасалгасы ырчынын мүнөзүндөй “токтоо”, салмактуу, ашыкча эч нерсе жок. Бир гана сахна менен тең болгон Берадор мырзанын жана кайсы бир бийкечтин сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Албетте, “сүрөттө кайсы сулуунун элеси түшүрүлгөн?” деген ой келип, бирок ал бийкеч Бектен башка баарыбызга табышмак бойдон калды. Фарида жеңекебиз десем, ага деле окшобойт, балким, кыялындагы бийкечтир деп тим болдум. Кантсе да чыгармачыл инсан эмеспи.
Кызык, концерт “Сары жалбырак” деп аталганы менен, сахнада кызыл жалбырактар орун алыптыр. Бул көрүнүштөр Бекке гана түшүнүктүүдүр, элге эмес.
Ошентип, концерт баягыдай эле “Агаманын” ак маралдай керилген кыздарынын улуттук бийи менен ачылды. Концерттин күнөөкөрү айтылуу “Кыргызстаным”, “Ырдесте”, “Уулуң мага окшогон”, “Сагынгам да”, “Сары жалбырак”, “Сен дедим” сыяктуу ырлары менен катар жаңы чыгармаларын аткарып бугун чыгарды. Конок катары келген ырчылар Бек Борбиевдин ырларын аткарышып, “IUK” командасынын тамашакөй жигиттери боорду эзди. Курал Чокоев деген жаш талантты баса белгилей кетүүгө болот. Анын Бек мырзанын ырын жандуу, шаңдуу аткарганы, сахнада өзүн эркин алып жүргөнү жакшы экен.
Бек аганын аккордеондун коштоосунда аткарылган ырлары ыр кеченин кульминациясы болгону айтпасак да түшүнүктүү. Анткени дал ушул бөлүгү көрүүчү менен ырчыны жакындаткан кандайдыр бир жылуу, өзгөчө атмосфера. Анан да эч даярдыксыз турган Чыңгыз, Санжар, Алишерди жанына чакырып алып, өзү менен бирге ырдатканы кызык болду. Күтүүсүздөн болгонгобу, берки үчөө ырдай албай жүдөп, Бек акенин жанында кыңылдап эле калышты.
Бек Борбиевдин концерттерине дайыма барып жүргөндүктөн, ишенимдүү айта алам, бул концерти мурункуларынан өтө деле айырмаланбады. Тагыраак айтканда, мурунку эле сценарий, мурунку эле аткаруучулар, ошол эле ырлар. Албетте, ырчынын өзүнө, ырларына эч нерсе дей албайм. Баары сонун, баары орду менен. Болгону, концерттин уюштуруучулары изденип, чыгармачылык менен олуттуу мамиле кылышса деген ой. Эгер ушундай эле бир типтеги концерттерди уюштура берсе, Бек мырзанын аброюна доо кетери турган кеп.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
05.09.2011. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ыр завод" жакшы иштебей жатабы эмне? Бирок Бек байкенин ырлары жагат, ананда ийгилик!
05.09.2011. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bektin baardyk yrlary soonun, ukkuluktuu!
05.09.2011. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыр завод жакшы заводтун дизайнери начар
05.09.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектин концертине элдер БЕКтин өзүн көрүп,ырларын угуу үчүн барышат.А сахнанын жазалгаланышы ж.б. көп кызыктырбайт!Жөн гана чер жазып чыгышатго чиркин!!!
05.09.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп туура бектин озун анан ырын угууга барам мен да, жасалгасы не волнует, сахнада Бек кана керек бизге
05.09.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozum jaw bolsom da,uwul yr4ynyn yrlaryn juktom alganmyn,bawka kyrg.yrlar ne suwestvuet mende,KGdy sagynsam anyn "Kyrgyzstanym","Jamila"degen yrlaryn uksam ozumo kelip kalam!
05.09.2011. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага келишин сурана берип тилим тешилмей болду.
07.09.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида, Бек байке Москвага келип кетти го бир ай мурда,концерт мыкты болду.
06.09.2011. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкенин концертине бизда бардык,ырды аткаруусу жагынан эн сонун болду,бирок автор айткандай Бек байке концертке кайдыгер мамиле жасаптыр,жасалгасыз сахна сахнага окшошпойт экен. Алишер Тоотаев да сонун ырдап берди. Бектин репертуарынан Мен куткон Жапалакты Добр менен ырдап берсе жакшы болмок,сыягы Добр чыкырылган эмеско.Ааа москвага барып келбеди беле жакындале биздин достор Москвада концерт бериватат дештелего.
06.09.2011. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БЕКке жаңы идея керек эмес,ушул эле типте кеткени жакшы эгер оброюна доо кеткенде давно эле кетмек.Берадорду баары жакшы көрүшүп,концертинде да столдор бош калбайт.
Жаңы идея жаштарга керек,БЕКке эмес!
06.09.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек сахнадан кетеберди кайра эле келе берди . Анча мынчада сахна менен коштошуп да койот , :-)) эптеп эле ырчыларыбыз аман болсун
07.09.2011. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7909812, чын эле Бек кооп жолу коштошту ))) мына кеттим, ана кеттим, кетип атам деп эле угуп келатам ) Бирок Бек абдан таланттуу адам. Балким чыгармачыл адамдарга сахна менен коштошуу ордук кылса керек. Ошон учун Бек байкеге дагы-дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
06.09.2011. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек ырларыныз сонун да.
06.09.2011. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берадор мырзанын баардык ырын берилуу м.н угам.
14.09.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeen sonun ırçı Bek
11.10.2011. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oxooo bek baikemdin talanten oos menen aytep bere albaym ilayem omuruguz uzun bolsun ui buloguz menen baket ku4agenda jashai berigiz
kitaidage kyrgyz inigiz koldoyt
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо