Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АРАБ ЭМИРАТТАРЫндагы «БЕЙИШ» ЖЕ АЛДАНГАН КЫРГЫЗДАРДЫН АРМАНЫ

№461 2-8-сентябрь, 2011-жыл

Чет өлкөлөргө бакыт издеп кеткен мекендештерибиз аябай көп. Алардын арасында алданып барып алып, кайтып келгенге акчасы жок, азапка батып жүргөндөрү да жок эмес. Төмөнкү маектештер да мекенибизге араң келишкенин айтышты. Анда баарын өздөрүнөн угалы.

“КАНДАГАРГА КЕЛГЕНДЕЙ ЭЛЕ БОЛДУК”
Ал жигиттердин бири Нурлан сөздү минтип баштады (каармандардын суранычы боюнча аттары өзгөртүлдү):
– Жакын тааныштардан бир фирма Дубайга жумушка орноштурганы киши чогултуп жатканын угуп калдым. Мен ал фирмага барып, анда иштеген Оксана аттуу корей улутундагы аялга жолугуп, келген себебимди айттым. Ал жашымды, билимимди, кайсы тилдерди билеримди сурап, анан: “Биз кореялык “SEO YONG” аттуу фирманын Бишкектеги филиалы болобуз. Азыр биздин фирма Араб Эмираттарында бир компания менен келишим түзүп, жумушчуларды жөнөткөнү жатат. Сен англис, араб тилдерин билет экенсиң. Супервайзер (катардагы кызматкерлердин тобуна жетекчилик кылып, алардын ишин көзөмөлдөөчү) болуп иштейсиң. Силер Абу-Дабиде иштейсиңер, айлык акыңар алгач 500 доллар, кийинчерээк 1500 долларга чейин көтөрүлөт. Жаткан жериңер, тамак-ашыңар бүт бекер болот”,- деп түшүндүрдү. Кеткенге чейин “эмгек келишимди көрөлү, анын кандай болуп түзүлгөнүн билели” десек, “келишим бул жактан түзүлбөйт, силер Абу-Дабиге барганда ошол жерден келишим түзөсүңөр” деди.
2011-жылдын 14-июнунда 8 кыргыз жараны Абу-Дабиге учуп кеттик. Биз барган учак Абу-Дабиге конгондо аэропорттон Ифти деген пакистандык адам тосуп алды. Ал бизди Абу-Дабиге алып барып жайгаштырып, документтер бүткүчө ушул жерде болорубузду айтты. Төртүнчү күн дегенде жумушка иштегенге уруксат кагаз – “лейбл-карт” дегенди алып келди. Анан бизди башка жакка алып жөнөдү.
Абу-Даби шаарынын эле ичиндеги башка ишканага алып баратса керек деп ойлогонбуз. Бирок шаардан 300 чакырым алыста жайгашкан Брака деген Йемен, Бахрейн менен чектешкен чөлгө алып барды. Ал жерде корейлер АЭС (атомдук электр станциясын) куруп жатышыптыр. Ифти “силер ушул жерде иштейсиңер” деп коюп кетип калды.
Чындыгында, ал жакта Бишкекте айткан “жомоктордун” бири да жок экен. Кандагарга түшкөндөй эле болдук, күндүн ысыгы – 60 градус. Колубузга форма карматып, башыбызга каска кийгизип, иштегиле дешти. Кайра кетели десек, жолго акчабыз жок, аргасыздан ошол жерде иштегенге туура келди. Бетон чагып, арматура ташып, таштанды терип жүрдүк.

“ВИЗА ДА АЧЫЛБАПТЫР”
– 18 күн араң чыдап иштедик. Ал убакка чейин эмгек келишимди ар кандай шылтоо айтып көрсөтпөй жатышты эле, кийин алып келишти. “Келишим боюнча, силердин айлыгыңар 200 доллар болот. Кааласаңар иштегиле, каалабасаңар кете бергиле” дешти. Биз “иштебейбиз, кетебиз” деп чыксак, “силердин 15 мүнөт гана убактыңар бар, чыгып кеткиле. Эч кандай акча бербейбиз, эмне кылсаңар ошо кылгыла” дешти. Ал жерден “Араб Эмираттарынын бийликтерине арызданабыз” деп коркутуп отуруп араң дегенде 500-600 дирхамдан (6500-7500 сом) акча алдык. Абу-Дабиге келгенибизде бизди аэропорттон тосуп алган Ифти паспортторубузду алып келип берди. Паспортторду карасак, виза да ачылбаптыр. Мыйзам боюнча, бизге жумушка орношууга уруксат кагаз берилгенде эле виза ачылыш керек экен.
Абу-Дабиден Дубайга жөнөдүк. Арзан мейманкана таап, ал жерде төрт күн жашадык. Дубайдагы Кыргызстандын консулдугуна барып, вице-консул Чынара Акматбаева дегенге кирип, “ушундай болду, силер бизге кандай жардам бересиңер же кандай акыл айтасыңар?” деп кайрылдык. Ал жардам бергендин ордуна кагып-силкип, сөгүп кууп чыкты.
Тамак-ашка жана мейманканага эле төлөп жүрүп акчабыз түгөнүп калды. Паспортумду да жоготуп жибердим. Паспортуңду жоготсоң, аябай чоң көйгөй экен. Көчөдө, бекеттерде түнөдүк. Мен арабча билем жана Куран боюнча түшүнүгүм бар. Мечиттерге барып, “Курандан сабак берейин, биз ушул жерде жатып туралы” деп сүйлөшүп, кичинекей балдарга сабак өтүп, ал жерде да жаттык. Бир күнү Наргиза деген кыргыз эжеге жолугуп калдык. Аябай жакшы адам экен, бизди ошол эже бакты. Тамак-ашыбызга, баскан-турганыбызга акча берип, Кыргызстанга келгенге да билет алып берди.
Мен өзүм күбө болдум, бир кыргыз жигит Дубайда иштеп жүргөндө кожоюндары жумушунан бошотуп салып, паспортун бербей коюшкан экен. Анан ал бала жардам сурап вице-консул Чынара Акматбаевага келет, “ушинтип паспортумду бербей жатат, көчөдө жашап жүрөм” деп. Ага жардам бергендин ордуна вице-консул тилдеп салыптыр. Тиги жигит каяша айтса, Чынара полицияны чакырып, салып берип койду. Ушул консулдуктун кыргыз үчүн күйгөнүбү, укугун коргогонубу?
Миграция кызматынан “өлкөдөн чыгып кеткенге уруксат” деген кагазды алыш эле аябай оорго турду. Корей фирмасына барсак, “консулдуктан келип алып кетишсин” дейт, консулдукка барсак, “эртең кел, бүрсүгүнү кел” дейт. Чуркап жүрүп ал кагазды өзүм бүтүрдүм. Эми кетет экенбиз деп сүйүнүп билет алып аэропортко келсек, учурбай койду. Көрсө, “бул жакта кылмыш кылган жок” деген да кагаз алыш керек экен. Кайрадан консулдукка барсам, ошондо гана кичине жардам беришти. Кыйналып жүрүп Кыргызстанды көргөндө гана өзүбүзгө келдик.

“КЫРГЫЗСТАНДАН ДАГЫ 63 БАЛА БАРМАК”
– Жалгыз менин укугум тепселенсе, макул деп көзүмдү жуумп коёт элем. Бирок ал жакта канчалаган кыргыз жарандары көчөдө жүрүшөт, канчалаган балдар-кыздарыбыз мыйзамды билбегендиги үчүн абактарда отурушат?
АЭСти куруп жаткан “Samsung” жана “Hyundai” деген компаниялар, ал эми бизди алып барган “SEO YONG” фирмасы ортомчу экен. Анан Абу-Дабидеги “SEO YONG” фирмасынын адамдары Кыргызстандан дагы 63 адам келерин айтышкан. Менин айтарым, ал балдарды колдон келсе, бул жактан токтотуп калыш керек. Болбосо алар да биз көргөн кордукту көрүп калышы ыктымал. Араб Эмираттарында визасыз жүргөндүгүбүз үчүн да олчойгон айып төлөдүк.

“КОНСУЛДУККА ИШТЕГЕНИ ЭМЕС, ЭС АЛГАНЫ КЕЛИШКЕН ГО”
Кыялбек: – Биз алгач консулдукка барганда чөнтөгүбүздө аз болсо да тыйынбыз бар эле. Вице-консул Чынара Акматбаевага “кантип өлкөбүзгө кетсек болот?” деп кайрылсак, ал биздин сөзүбүздү укпай эле орусча аралаштырып сөгүп кууп чыкты. Ошондон баштап эмне кыларыбызды билбей көчөдө калдык.
Иштебейбиз деп келгендердин төртөөсү “200 долларлык маянага да макулбуз” деп кайра иштегени артка кетишти. Калган үчөөбүз көчөдө калдык. Ошентип жүргөндө кыргыз эжелер жолугуп, ошолор көп жардам беришти. Алардын жардамы менен мекенибизге кайттык. Аларга чоң ыраазычылык билдиребиз.
2 ай 4 күн дегенде гана консулдук “Араб Эмираттарынан чыгып кетишсин” деген макулдук кагаз алып беришти. Эгер башында эле, жаныбызда кичине акча барда кантип кетип калышыбызды жакшылап түшүндүрүп айтып беришсе, аларга барып “эшек” деле болмок эмеспиз.
Көп жолу күбө болдум, консулдукка жардам сурап келгендердин көбү эле бизге окшоп тумшукка чапкандай болуп кетишет экен. Алар консулдукка иштегени эмес, эс алганы барышканбы деп да ойлоп кетет экенсиң. Эми укугубузду коргойлу деп Оксананын үстүнөн милицияга арыз жазып, Дубайдагы кыргыз консулдугунун үстүнөн Консулдук департаментке арыздандык.

ЧАРА КӨРҮЛӨБҮ?
Бул ишти иликтеп жаткан Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Талант Арзиевден тергөөнүн кандай жүрүп жаткандыгын сурасак, айтуудан баш тартып койду.
Ал эми Консулдук кызмат департаментинин директору Айдит Эркинге байланышып, консулдуктагыларга кандай чара көрүлөрүн сурадык.
– Кайсы өлкө­дөгү консулдук болбосун, жардам сурап барган биздин жарандарга жардам бериши керек. Бизге бул балдардан Дубайдагы консулдуктун үстүнөн арыз түштү. Азыркы тапта бул арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүүдөбүз. Эгер консулдуктун кызматкерлеринин мыйзам бузуулары аныкталса, аларга чара көрөбүз. Бир айдын ичинде арыз жазгандарга жана сиздерге сөзсүз түрдө жообун беребиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(56)
05.09.2011. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага капа болбогула, баарына озунор куноолуусунор! Бараардан мурда Дубайдагы кыргыз балдар м-н кенешип алып анан барсанар болбойбу (толуп атат Мой Мирде). Оозунду ачып журуп паспортунду да жоготсон, былбыраган бош неме окшойсун. Виза ачылбаптыр деп коет, кантип откорду силерди паспорт-й контролдон анда (бул жер КР эмес).
Бирок консульство да такыр иштебейт доукменттер учун акча алгандан башка...
05.09.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun, Мой мирде алдамчылар жок деп ишенезсизби?!
06.09.2011. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyldyzbek,

Мой Мирдегилердин баары алдамчылар деп ойлойсузбу? Же сиз маалымат сураганда 1-2 адамдан сурап эле ишти кыла бересизби? Анализ деген жакшы нерсе бар !!!
06.09.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun,
Сиз суроону жакшылап карасаныз мен мой мирдегилер алдамчылар деген жокмун жок деп ойлойсузбу? Мой мирден анализ чыгарыш ото кыйын ошол жерден ичи арам бироо жарымга суротунуз жагып калган болсо сизди кандай азгырып кеткенин тушуно да албай каласыз ошондуктан мирдеги сиз интернет аркылуу таанышкан досторунузга ишенип анализ кылганыз болбойт.Мыйзамдуу гана фирмалар менен келишимдин негизинде ишке барыш керек. Анализ чыгарам деп мой мирде 3-4 ай убакыт откоргонго баардык эле элде
07.09.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyldyzbek,

Сени ким кыйнады суротунду кой деп. Табияттын суротун коюп кой же аттын суротун кой :-). Койбой деле совет сурай бер. Неужели сенин досторундун ишеничтуу тааныштары жок ошол жерде. Фирмалардын мыйзамсыз экенин таап берчи? (алардын баары мыйзамдуу, кылган иши "башка"). Аракет кылсан баарына жетишсе болот. "Алма быш оозума туш" деп жата бербей.
07.09.2011. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun, Мейли ким кандай кылса да туура чечим болот деп ишенем сизге да баарынарга дайыма ак жол каалайм!!!!!!!!
05.09.2011. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну,да как можна доверять чужим я непонимаю.Ладно если там близкий знакомый бы ждал,а тут совсем.
05.09.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizochka_89, сиз чын эле кргизочка окшойсуз а менен о бирдей эле турбайбы сизге...
06.09.2011. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizochka_89, navernoe tol'ko ty ne riskuesh, ili jivesh s roditelyami, a oni uehali v poiskah luchshey jizni i zarabotki. Poka sama ne okajeshsya v takoy situasii, ne poymesh, no vryad li
SUPER.KG видео
05.09.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
консулда мес го кеп...озунордо даа...консулдун да созун уккум келтат...
05.09.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болгондо да бул балдарга жардам бергенге консулдун милдети да анда эмнеге консул, жапкыла анда бекер ага акчаны чачпай
05.09.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул Дубайдагы Консул эч жакшы иштебейтда, sheraly, сага кошулам жумуштан бошотуш керек
07.09.2011. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, Москвадагы консулдукту да алмаштырыш керек!
SUPER.KG видео
05.09.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле аман эсен келип алганынар жакшы болуптур, эми аягына чейин чыгыныздар. Бул Арабияда эле эмес коп олколордо да ушундай окуялар кайталанып жатат, ушул эле Казахстандан канчалаган кыргыздар келе албай кул болуп журушот. Бул да мамлекеттин эн чон койогойлорунун бири.
05.09.2011. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларга боорум ооруй берип журок оорулуу болуп кала турган болдум.
05.09.2011. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээх..... абдан окунучтуу бардык жерде эле ошо болуп калды Башка малекетке барып иштегенге комок сурабай мигацияны токтоткондой программаларды иш жузуно ашырууларын талап кылбасак ушундай эле корунуштор боло берет.
05.09.2011. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корей сорейи менен кошо ортош керек. консулду арабдарга подарит етип салыш керек...
05.09.2011. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке эле Дубайдын консулдугу эмес, Москванын деле кж консульствосунан тумшукка жегендей болуп чыккан кыргыздар чачтан коп. Ишенбесенер Добрынинский метрого келсенер ыйлаган кыргыздар толтура.Жеке эле Дубайдын консулдугу эмес, Москванын деле кж консульствосунан тумшукка жегендей болуп чыккан кыргыздар чачтан коп. Ишенбесенер Добрынинский метрого келсенер ыйлаган кыргыздар толтура.
05.09.2011. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barrdyk ele chet olkogo jonogon kyrgyzdar ushundai ele korduk korushso kerek. oshonduktan keteerdin aldynda taktashtyryp jonosh kerek surashtyryp.
06.09.2011. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу. Болору болуптур эми 63 баланы алып калсак жакшы болот эле.
06.09.2011. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
VISA achylganda gana alardyn Birikken Arab Emirattygyna kiruugo ukugu bolot. VISAnyn achylganyn alar Kyrgyzstandan biluuloru kerek ele, bul jerde men takyr tushungon jokmun alar kantip Emirattyka kirishti eger VISAsy achylbasa!!! Anan Ish Kelishimdi dagy Kyrgyzstandan toluk okup kaisy jerde ishteim, ailyk aky kandai bolot, kandai jengildikter berilet ushunun baaryn bilip kelish kerek bolchyda, anan biroo jarym aitsa ele kele berbei!!!
06.09.2011. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynynda Kyrgyzstandyn Birikken Arab Emiratyndagy Toluk Yigarymduu Elchiligi bizdin jarandardyn koopsuzdugun, kol tiybestigin, adamdyk baaluuluktaryn, ukuktaryn beriluu jana chon joop kerchilik menen ishke ashyruuga mildetuu. Tilekke karshy Dubaidagy Elchilik chynynda aman ele bolsun, kolunan ech nerse kelbeit. Biz kaida bolboilu Bash kalkaloochy jardam kenesh alchy AK ORGOOBUZ bul ELCHILIKta, anan ozunun adamy kelse kulgan mamilesi ushul bolso AMAN ELE BOLUSHSUN.. BIYLIKTEGILER KOZ SALGYLA!!!
06.09.2011. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgbala_90,
Бул жакта балээнин элчилигиби. Жон гана консулдук, б.а. бизге керектуу документтерди оз убагында, кыйшаюуусуз камсыз кыла турган мам.окулчулук. Ошону да кылбагандан кийин, жаап эле салганы жакшы (казынага чыгым кылбай). Ансыз деле озумо керектуу документтерди буларсыз эле бутурп конуп калгам.
07.09.2011. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun, Birok negizi uiat ele ish, alardyn mildeti bizdi korgoo da tuuraby???
07.09.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgbala_90,
Биздин чиновниктер, пайда чыга турган жакты карабай, ошонун тескерисин кылат. Ошон учун да арабдардын мамилеси биздин мамлекетке кыйшайып калган (алар кыргыздарды жакшы корушот, мусулман туугандар деп). Консульстводон которулбодук, элчилик ачып, жакшына мамиле кыла берсе болмок, булардан коп жакшы жардамдарды алсак болот негизи Казактарга окшоп...
07.09.2011. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun, En tuura aitasyn, negizi Arabtar bizge kop taraptan jardam bermek, birok bizdegi korrupsiany korgondon kiyin, mamileni chettetip koiushkan!!!
SUPER.KG видео
06.09.2011. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте ,кыргыз жаштарын жумуш менен камсыз кылышпаса,айлык акы аз болсо,ким гана жакшы акча сунуштаса,баргысы келбесин,тем более суйлогонуно карганда абдан грамотный бала экен.Эгер ушул балдарыбыз алданып калышкандан кийин.Баарына мамилекет башында турган чондор куноолу.Орун талашышпай,ушундай маселелерди талашышып,бутурушпойбу.Бишкектин жакшы орундарында жалан орустар,башка улуттагылар отурушат.Креслодо,а байкуш кыргыздар жумушка орношо албай ошол орустарга барып жалдырап...
SUPER.KG видео
07.09.2011. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аравия турцияда кыздар прост.....я менен занимаца тетишет деген чынбы
09.09.2011. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар деги эмне деген КАЛКПЫЗ...абдан окунучтуу, КГ дын ичиндегиси да сыртындагысы да иштебейт...
09.09.2011. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nu voobwe slu4ai! nado je reb9ta sami je toje vinovaty!Kak tak mojno lyudyam dover9t' da ewe i bez kontrakta bez ni4ego! A konsula nado sro4no ot doljnosti sn9t'!Ponimayu u reb9t stress...nado im pomo4',organy vlasti sp9t!
09.09.2011. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nemogut zawitit' svoix grajdan i vnutri strany i za ego predelami!
09.09.2011. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу кайсы мамлекеттеги элчилигибиз бар жакшы иштеген, чет жерде жургон жарандарыбызга пайдасы тийген билесинерби??? Мисалы москвадагы кыргыз элчилиги озунчо эле "бизнес центр".Эптеп акча тапмай.Жардам сурасан ага бар тигиге бар деп бир бирине жонотуп.
09.09.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элчиликтеги адамдар озунун жараны жардамга муктаж болуп турганда колдоонун ордуна кордогону жанынды кейитет.Эмне биздин кыргыздарыбыз жыргаганынан барыптырбы?Деги ошол креслодо отургандарга АЛЛАХ ыйман берсе экен.
10.09.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chet olkonyn konsulu emes kyrgyzstandagylar kasha bolup jatyshat. Bul baykushtar dele nan tabam dep ketti go deim.
12.09.2011. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынара Акматбаеваны ал жерден туб оорду менен жоготуу керек, ошол жерге озун алпарып бир жума таштап койсо билет эле. Чынара Акматбаевага чара корбосонуздор кыргыздар ошон учун оспойбуз да. Министерство эмнени карап олтурасынар, уятсыздар.
16.09.2011. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добрый вечер, всем! Прочитала статью, очень жаль молодых ребят, что они попали в такую ситуацию, почему они не позвонили в горячую линию 189 или центр занятости по трудоустройству, который находится на Токтогула Молодая гвардия. Корейская фирма отправляет в Корею, но не в Эмираты. Есть в городе фирма Арабский центр, они дают рекламу в газетах-Работа, Вечерний Бишкек, в Дизели, в интернете. Сходите и получите информацию там, они работают по ул Турусбекова, у низ есть разрешение.
16.09.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добрый вечер, всем! Прочитала статью, очень жаль молодых ребят, что они попали в такую ситуацию, почему они не позвонили в горячую линию 189 или центр занятости по трудоустройству, который находится на Токтогула Молодая гвардия. Корейская фирма отправляет в Корею, но не в Эмираты. Есть в городе фирма Арабский центр, они дают рекламу в газетах-Работа, Вечерний Бишкек, в Дизели, в интернете. Сходите и получите информацию там, они работают по ул Турусбекова, у них есть разрешение. их тел. 612031.
03.10.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
silerdi ugup oturup jurogum oorup ketti degi aman esen gelip alypsynar oshogo suyundum el jerinerge negizi ele ushul konsulda ıshtegen bizdin jarandar abdan nachar mamile kylysht eken dep gop ugam alardyn ustunon karagan adam jokpu emne ostorun abdan kıyın sezıshet tım asman tushkonsup oruscha suyloshup bizdin ele kyrgyzdar oruschany jakshy bilem degensip al kıyındıka jatpayt menimche ozunun tilin changan adamdan jakshılık kutpoy ele koyush kerek kudaydan gorushsun dew kerek andaylardı
04.10.2011. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал дейбиз-бул дейбиз кимдин башына кандай иш тушпойт?Бул балдарга тынсынып суйлоп жатабыз,кээ бир адамдар бир-тууганы менен барса да сатып кетет,ал эми кээ бири алыс таныш менен эле барып жакшы иштеп жатпайбы.Ошондуктан кимдин башына эмне туш болбойт!!!
13.10.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Konsuldar Akmaktar turbaiby, prosto svolochii
13.10.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush kyrgyzdar, ichim ezilip ketti
13.11.2011. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыскы жака барарда, биринчи баардык шартар м-н таанышуу керек, андан тышкары барып келген адамдардан сураш керек! Баардык маалыматарды биздин имиграциялык кызматка барып баардык маалымытарды окуп алса болот! Бул балдар боюнча айтат элем, жолдору болбой калган, негизкиси эч бир маалымат жок кете беришкен. Мындай балдарды коп коргом себеби озум ал жакта коп жургом, керек болсо бир кыйналып жургон балдарга жардам бергем, братан ыразы кылым деп, ал эмес кормоксон болуп койушту! Сак болгула!!!
21.11.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кошулам кобуно себеби бизде консулдукта иштегендер жон эле куротто жургондой кыргыз деп куйгон жуздон бироо болушу муикун ,ошон учун айтам эгерде ушулардын ордуна озунордун баланарды койуп коргуло попробуй элестетип кор,кыргызстанда ачык айтам озу кыйшык болсо да, байдын баласы суйлосун заман келген давно ,ушуну бир билип койгула замандаштар,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо