Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сыймык Бейшекеевдин иниси Жыпарбек: «СЫЙМЫК АКЕМДИН КОМУЗУН КАЙНАТАСЫ ЧААП ТАШТАГАН»

№461 2-8-сентябрь, 2011-жыл

Сыймык Бейшекеевдин бир тууган иниси, дизайнер Жыпарбек Бейшекеев агасы тууралуу кеп кылмакчы.

БИР ТУУГАН БЕЙШЕКЕЕВДЕР
Бакыт, 38 жашта
Сыймык, 37 жашта
Нурбек, 35 жашта
Мирбек, 33 жашта
Асыл, 32 жашта
Жайылбек, 29 жашта
Зыпарбек, 27 жашта
Жыпарбек, 26 жашта
Таалайбек, 24 жашта
Жаркынай, 23 жашта
Кенжегүл, 22 жашта

“БАЙКЕМДИН БАЛЫГЫ ҮЧҮН ЖАРЫШКА ТҮШЧҮБҮЗ”
– Үй-бүлөдө үч кыз, сегиз эркекпиз. Сыймык акемден мен 11 жаш кичүүмүн, эркектердин жетинчисимин. Сыймык агам балык кармаганды жакшы көрчү. Суунун жээгинде балык кармап отурганы эсимде. Биз чуркап мал-жанды кайтарчубуз. Анан бизди ойнотом деп ары-бери жарыштырып, байгеге бирден отко бышкан балык койчу. Суу жээгинде чоң таш бар эле, ошонун үстүнө ким биринчи чыкса, ошол кыйын деп кыйкыра берчү. Биздин же боюбуз жетсечи, эптеп агамдын балыгына жетүүнүн амалын ойлочу экенбиз ошондо. Тырышып жатып акыры таштын үстүнө чыгып, анан жулунуп агамды көздөй чуркачубуз. Ар түрдүү оюндарды ойлоп таап, бизди ойнотуп, курсагыбызды да тойгузчу.

“МЕНИ СПОРТЧУ КЫЛАМ ДЕП...”
– Акем бүтүрүүчү класстарда окуп жүргөндө мен 5 жашта элем. Мени спортчу кылам деп айламды кетирчү. Бутумду чоюп, ары тартып, бери тартып, шпагатка отургуза албай кара терге түшөт. Бутум ооруганынан боздоп ыйлайм, ага деле карабай бутумду созот. “Азыр отурасың, мына, мына” деп алдап-соолап отургузчу. Бир күнү апам үйдө жоктон пайдаланып, мени дагы шпагатка отургузуп койду. Өзү дүкөнгө баратып, мени эжеме кайтарттырып койду. Бир саат өттү, эки, үч... Акем дале жок. Эжем “ай, тур, бүттү” десе болбой “агама айтып саласыз” деп көгөрүп турбай отурдум. Акем кечинде келип, мени көрүп алып аябай таң калган.

“УЧКУЧ БОЛУУНУ ЭҢСЕЧҮ ЭКЕН”
– “Сыймык шоктугу менен ооруган жагынан алдына эч кимди салган жок” деп апам көп айтат. Бир жолу согуш жөнүндө тасма көрүп, аябай таасирленип алыптыр дейт. Эшиктин алдындагы токтоп турган машинага түшүп, от алдырып, анан туткундан качып бара жаткандын ролуна кирип кетип, машинаны арт жагы менен айдаптыр. “Эшиктеги аксакалдар араң токтоткон” деп күлүп калышат. Өзү учкуч болууну эңсечү экен, бирок интервьюларында “дале жерде жүрөм го” деп күлүп айтып калганы бар.

“КОМУЗУН КОЛУНАН ТҮШҮРБӨДҮ”
– Мектептеги мугалимдердин эсинде Сыймык деген тентек бала гана калды окшойт. Эртең менен сабакка келгенде эле комузун кучактай келип, арткы партаны ээлеп, анан кайсы сабак болбосун комузун чертип, заңкылдап ырдай берчү экен. “Сүрөт сабагында да, математикада да эч кимди тоготпой обон созчу” дешет билгендер.
Бир күнү бир эжекеси чыдабай кетип директорго кайрылыптыр. Директорду ээрчитип келсе, акем көзүн жумуп алып ырдап, комузун чертип отурган болот. Агай жинденип, комузун колунан жулуп алып, жерге чаап салат. Кийинчерээк классташ баласы үйлөнөт. Анан тойдон бир кызды жактырып калат. Ал аяшынын курбуларынын бири болот. “Ошол кыз менен тааныштыр” деп жанын койбой, акыры таанышат.
Акыры Нурзада жеңем экөө баш кошушту. Кызыгы, бая­гы комузун чаап салган директор агай өзүнүн кайнатасы болуп чыкпадыбы! Ошентип, акем комузун кудабызга чаптырып, өзү кызын сүйдүрүп алган. Кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлө ээси.

Мальвина Уметбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(22)
05.09.2011. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчыны жакшы деш керек
05.09.2011. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехе менин атым Жыпаргул да, анан Жыпарбек деген атты олойун азыр билдим бар экенин
05.09.2011. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11 bir tuugandar baardygy bir kundo ui bulosu menen chogulsa ozuncho ele bir aiyldyn eli bolup kalat bolush kerek.
05.09.2011. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, ... бен ладен 57 бир тууган. Озу 17чи бала
05.09.2011. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага ырчылардын тугандарын жазбагылачы откондо эле Суранчиева эми Бешекейев эми кимге кезек келди????????????????????????? Дагы биросу келет менин байкем мындай болгон андай болгон деп!!!
05.09.2011. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумарбек, сага жакпайт экен деп жакшы рубриканы жок кылып коюшсунбу. Сага кызыксыз болсо бизде кызыктуу эле окуп биз суйгон биз сыйлаган ырчынын жоругуна кулуп отурабыз.
05.09.2011. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаку., жагат бирок мындай болбойтда
05.09.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууу эми Сыймыктын калган бир туугандары кезек менен келип айтып берип турушат экен да.Тууу эми Сыймыктын калган бир туугандары кезек менен келип айтып берип турушат экен да.
06.09.2011. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turmus, сенин ошондой бир туугандарын барбы?Пускай келип сен жонундо айтып беришсин! Антип ич куйдуулук кылбаш керек да, биз кыргыздар качан болсо ушактап ,сын койуп,шылдындаттырып эле койсо болду(((
06.09.2011. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moinok - мен жонундо айтчу бир туугандарым кудайга шугур бар! Жок эмес! Бирок мен эч убакта мени газетага келип эскеришине жол бербейм.
11.09.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus, сен жол берсен да сен жонундо эч ким жазбайт.жон эле суйлой бересинби.
06.09.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus,antkeni sen Syimykka okshosh elge belgiluu adam emessin da,bir tuugandaryn kelip sen jon-do aitsa biz seni taanyp koiuppuzbu he he hee kulkunu keltirbegilechi
07.09.2011. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
engel, ошону айтсаныз )) боорду эзет да ))))))))))
06.09.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комузун сындырган директор кийин кайнатасы болуп калганы кызыктуу экен кийин. Куйо баласы болгондон кийин башка комуз алып бериптирби.
06.09.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык байке атына эаты жарашкан кыргызымдын сыймыгы.......
07.09.2011. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мунканып ырдап коцсо эле кыргыздын сыймыгы болуп калабы ия ойлонуп корсонор. Кадимки эле коп ырчынын бири. Кыргыздын сыймыгы болуш ооо-оо-ой, бир ачылыш кылса, бир кыргыз элине тете иш кылса анан сыймыктансак болот, анан ырчынын баары эле... Ырларында деле жанылык, жанычалык жок го..
07.09.2011. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мисалы учун Бек Борбиевди сыйлайм, анын ырлары журогундо суйуу бар экенин корсотуп турат. Тим эле оозунан суйуусу корунуп турат, мен Бек байкенин ырлары менен талантты тушунгон кишилердин арасында сыймыктанам
08.09.2011. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmus sen emne SYIMYK baikedei populyrduusunbu, sen KG yrchysy je akteru bolso jazatta sen jonokoi adam bolgon uchun seni ech kim jazbait.....
10.09.2011. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ın ele Kyrgyzstandyn SYİMYGY
11.09.2011. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай белгилуу адамдардын жубайларына рахмат айтыш керек
11.09.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык экен мага жакты, а тиги коро албай жазгандар жакпаса окубай койгулачы, окуп бутуп минтип жазгандан коро.
04.10.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tumus tumus жылаандын куйругун бастын го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо