Ирина Ан: «КОРЕЙ ЭМЕС, КЫРГЫЗ КОЛОРИТИНЕ УМТУЛАМ»

№461 2-8-сентябрь, 2011-жыл

«Ой тобо», «Нарындан жазган салам кат», «Чагылган» деген элдик ырларды катыра ырдаган корей кызы Ирина Анды жакындан тааныштырабыз.

ИРИНА ТУУРАЛУУ
Туулган күнү – 1981-жыл, 14-февраль
Улуту – Корей
Туулган жери – Рига шаары, (Латвия)
Билими – КУУнун компьютердик-маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Эки уулдун энеси
Учурда – Жеке ырчы жана сулуулук салонунда бет сымбаттоочу

– Салам. Алгач сени «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген долбоордон көрүп калдым эле. Анан эле кыргызча ырларды ырдап чыга баштадың...
– 1-класстан тарта ырдаганга кызыгам. Үй-бүлөбүздө ырга шыктуу эч ким жок. Атам Иннокентий Ан спортчу. Каратэ-до боюнча Эмгек сиңирген машыктыруучу. Ал эми апам Клавдия Ли айымдардын кийимдери боюнча дизайнер, тигүүчү. Менин ырчы болом деген кыялыма тоскоол болгондор көп болду. Окуучу кезимде ыр ийримине катышайын дегенде сиңдим төрөлүп калды. Ошентип, бир топ жыл бала багып калдым. Мектепти аяктагандан кийин ырчылык кесипти аркалайын десем, апам «сен өмүр бою жер кезип жүрүүнү каалайсыңбы же стабилдүүлүктүбү деп мени ойлондурду. Ошентип, компьютер жагына ооп кеттим. Анан турмушка чыктым. Жолдошум менин ырчы болушума таптакыр эле каршы болчу.
– Анан кантип ырдай баш­тадың?
– Эки жыл мурун жолдошум менен ажырашып кеткен соң катуу стресске кабылдым. Жашоого көңүл кош болуп жүргөн күндөрдүн биринде радиодон Гүлнур Сатылганованын ырын угуп калдым. Жан дүйнөм тим эле «зырп» деп ойгонуп кеткендей болду. Анан ошол күндөн тарта эле «мага эми эч нерсе тоскоол боло албайт, мен ырчы болом» дедим. Бирок бул чечимиме да жакын тааныштарымдын арасында «кеч болуп калды, 30 жашка чыгып ырчы болуу кыйын болот. Же улутуң кыргыз болбосо» деп айныткандар да көп болду. Бирок мен жан дүйнөмдү кытыгылаган талантыма ишенем.
– Продюсериң барбы?
– Жок. Бирок мени чыгармачылык жактан колдоп турган адамдар бар. Ал таланттуу акын, раматылык Чоробай Шадыбековдун жээндери Уран, Эрмек деген жигиттер. Алгач бул жигиттер менин жакшы тааныштарым эле. Анан алар менин ырдаганымды уккандан кийин ыр дептер көтөрүп келишти. «Ушул ырларды карап көрбөйсүңбү» деп. Бул дептер Чоробай Шадыбековдун кол жазмасы экен. Бир сыйра окуп чыгып, ырларынын терең маанисине баа бердим.
Ошондон улам ушул акындын ырларына обон кошуп ырдап чыгууну чечтим. Чоробай Шадыбековдун «Кыялым» деген ырын биринчилерден болуп жаздырууну бекеринен чечип калган жокмун. Себеби бул ыр менин жан дүйнөм тууралуу жазылгандай. Жаңы ыр жаздырсам деле болмок. Бирок азыркы ырлардын маанисинин жеңил-желпилиги жакпайт. Азыр көпчүлүк кыргыз ырчылары корей стилин мода тутуп жатышса, мен, тескерисинче, кыргыз колоритине умтулам.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(14)
05.09.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
05.09.2011. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок, молодец...
05.09.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында уят эле корейлерди туурап жатат дедирбей эле , озубуздун кыргыз колоритибизди которсок жакшы болот эле . Ирина азаматсыз.
05.09.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай эле корейлер кыргызча ырдап калышкан? Булар орустарча ат коюп, коздорунун жымшыктыгына карабай, тим эле орустарды Кудай тутуп, алардын бир жерин жалап келчу калак эле го! Кызык!
13.09.2011. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ardo, "Besh kol barabar emes" degen sozdun maanisin tushunosunda tuuraby??
22.10.2011. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ardo, Сен аябай каттуу кеттинго.Озунорду билип албайсынарбы?Мен деле кореянкамын,кыргызчаны 100%билем,эч кандай орустукун жалабай эле.Кудайга шугур,мусулманмын,сага окшогон орусчаны билбегендер менен кыргызча суйлошо алам)))
05.09.2011. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ирина!
05.09.2011. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ardo ne d-n jiyirkenichtuu sozdor koldoo korsotup azamatsyz iygilik sizge dep koison birdeme bolobu?!Rahamat sizge Irina bizdin tildi syilap,bizdin tilde yrdap jatkanynyzga sizge iygilik jana aialzatyna tiesheluu bakyt kaalaim!
06.09.2011. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сага иштерине ийгилик жаны ырларды жарата бер. жана тел номерин же электрондук дарегин калтырып кетсен байланышсак.
07.09.2011. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!!!!!!!!!!
07.09.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, ишине ийгилик, кыргыздардын намысына тийип койбосон, алар ушинтип эле ар кимдин (башка улуттун) ырларын уурдап алып атышат, элди ирээнжитип. Рахмат.
07.09.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes, ar-dayim ushintip bizdin tildi orkundotup juro bergile
08.09.2011. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, удачи тебе!!!
11.10.2011. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin ayalem ushul ele erde koyup alat abdan jakderat eken korso jakshi erdapseng mundar nareda ushundai kyrgyz4a erlarengde erdai ber jakderep ugup jatabiz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо