Анжелика: «ЫРЧЫЛЫКТЫ ЭМЕС, ҮЙ-БҮЛӨМДҮ ТАНДАДЫМ»

№461 2-8-сентябрь, 2011-жыл

Ыр дүйнөсүнө аралашпай калган Анжелика бизге келиптир, меймандап, ал-жай сурап. Тамаша иретинде айтсам, тимеле чоң энемдей болуп маек курду биз менен.

– Анжелика, сахнаны сагындыңбы?
– Адам баласынын жыл өткөн сайын ой жүгүртүүсү, көз карашы өзгөрөт экен. Менин жашоого болгон көз карашым да өзгөрдү. Ырдасам экен деген тилегиме жеттим. Анан бизнес жаатында иш баштап, 3 жыл мурда сулуулук салонун ачып, экинчи кесипке ээ болуп, ошол жаатка ооп кеттим. Эң негизгиси, эне болдум. Чоң турмуш жолуна аттангандан кийин, албетте, чыгармачылыкта тыныгуу болот. Ошол тыныгуу мага жагып калды. Анткени күндөп-түндөп концерт дебейсиң, кичинекей кыздарым бар, аларга берилем, өзүмдүн жумуштарымдан кол бошобойт.
– Сахнага чыкпай калганыңды эл ар кандай жооруду эле. “Күйөөсү кызганып чыгарбай коюптур”, “жолдошу менен ажырашып, ошон үчүн ырдабай калыптыр” деген сыяктуу...
– Эл оозунда элек жок тура. Жолдошум экөөбүз көчөдө баратып, күркөдөн бир гезитке көзүбүз түштү. “Анжелика жолдошу менен ажырашыптыр” деп турат. Урмат мени карайт, мен аны карайм, таң калып. Бир чети күлкүң келсе, бир чети ачууң келет мындайга. Мен биринчи орунга үй-бүлөмдү, балдарымды коём. Балдарым жаш болсо, кантип сахнага чыкмак элем? Эненин жүрөгү алыс-жакынга чыкса деле балага ооп тура берет, башкача толкуп. Жаңы үйгө көчүп, жумушта көп болбой жүрдүм. Телефонду колуңа байлап албагандан кийин жоготот экенсиң, анан мени таппай калганда эле “бул жооп берүүдөн качып жатат, демек, ажырашканы чын же үй-бүлөлүк чыры бар” деген сөздөрдү чыгарышат. Негизи эле мен сүйүктүү жар, мээримдүү эне, үлгүлүү аялзаты болгум келет. 5 өкүл кызым бар, алар баары биригип 3 неберем менен келгенде үйгө батпай опур-топур болобуз. Ошондо айтам “мына карагылачы, бизди кантип ажырашты дегенге ооздору барышат?” деп.
– Ошондой ушактар үй-бүлөңө кедерги тийгиздиби?
– Жолдошум түшүнүктүү, оор басырыктуу, намаз окуган адам. Ал мени түшүнүп, мени аяп турса, анын мага болгон ишеничин эки эселеп акташым керек. Бири-бирибизге катуу ишеничке киргенбиз, ошондуктан ушак-айың очогубуздун отун өчүрө албайт.
– Былтыр орозо айында экинчи кыздуу болдуң, кыздарың чоңоюп калыштыбы?
– Кызым Айым үч жарым жашта. Былтыр Элима жарыкка келди. Кыздарым менин көзүм, карегим. Айымка менин кичинекей жардамчым, курбум. Элима таттуу сөздөрү, күлкүсү менен бизди бакытка бөлөөдө.
– Неля айтат, “балдарым жок кантип жашап жүрдүм экен?” деп. Сенде да ошондой болобу же “эрте турмушка чыктым” деп кейийсиңби?
– Эгерде мага бир сыйкырчы келип “жашооңду кайра баштайын, эмнени өзгөртөсүң?” десе, эч нерсени өзгөртмөк эмесмин. Жашоомду кыздарымсыз, жолдошумсуз, жакын адамдарымсыз элестете албайм. Аялзатына тиешелүү бардык бакыттан куру эмесмин, Кудайга шүгүр. Менин жашоомдо баары эрте келет. Эрте бой жеттим, эртелеп чоң адамдардын арасында иштедим. Андыктан көз карашым башкача. Өзүм теңдүү кыздар менен сүйлөшүп отурганда баары бир алардан ой жүгүртүүм жогору болуп калат.
Учурда өзүм кызыккан иш менен алекмин. Үйдө көйнөк-кечектердин эскизин чийип, тигем. Биздин кыздар көбүнчө кыргыз кийим кийип турмушка чыкканды самайт экен. Кыргызстанда кыргыз колоритиндеги үйлөнүү-үлпөт көйнөктөрүн саткан дүкөн жок болгондуктан, ушул жаатта борбор ачып, аны менен убарамын.
– Кантсе да тарбиясын алып калдың Айчүрөк эжекеңдин. Учурда устатың соттошуп, кыжалат болуп турган учуру, сенде ага карата боор ачуу болдубу?
– Албетте, мен “эч нерсе билбейм, эмне болуп жатыптыр?” деген курулай таң калуудан алысмын. Бирок алардын урушун олуттуу маселе деп эсептебейм. Айчүрөк эжекемди да, Назгүл эжемди да эң оболу мен эне деп айтам. Белгилүү болгон соң миң урушса да өздөрүнчө сүйлөшүп, чечишип алганы дурус. Эки энеге тең сабырдуулукту тилейм. Жүрөккө кечиримдүүлүктү киргизсе эле, бул таарынычты кечирип коюуга болот.
– Эки клип тартыпсың, сахнага келгени 3-4 эле ырың бар экен, сенде чыгармачылыкты өркүндөтүү деген ой жокпу?
– Мен жаңы чыгып жатканда балдарга арналган ырларды аткарчумун. Ал ырлардын жыйнагы өзүнчө бир альбом. Кийин чоңоюп, сүйүү тууралуу ырларды ырдап жүрдүм. 18ге чыкканда турмушка чыгып, үй-бүлө күткөнүмө карабай 2 клип тарттырып, ыр жаздырганга жетишкем. Бир клип тарткан элем, ал сандыкта жатат, эми аны чыгарбайм го. Азыр жүрөгүм эмнени каалап жатса, ошого дитимди коём. Эки жыл болду, ырдай элекмин. Ырчы болгон соң жакшы сөз айтса көтөрүлөт экенсиң, жаман сөз айтса чөгөт экенсиң. Андыктан үй-бүлөмө, кыздарыма менин атымдын залакасы тийишин каалабайм. Мен ырчылыкты эмес, үй-бүлөмдү тандадым. Азыр ырдан да мурун чоң бир бийиктикти каалап турам. Астыга койгон планым кең, ошондуктан орто жолдо ырды ысырап кылгым келбейт. Ырдын аркасынан жүрө албайм, башка тармактан ордумду тапсам дейм.
– Кээде кыздарың менен кошо бала кыялга кеткиң келеби жетеленип?
– Күйөөмдүн улуу кызымын деп койбоюмбу. Аябай эркемин. Кээде кызыма кошулуп бала болуп кетем. Бир жолу кызым эч уктабайт, анан “мен сенин кызыңмын да, мама, мага жомок айтып берчи” дедим. Кыткылыктап күлүп, кызым жомок айтып берип отуруп өзү уктап калды. Анын жанында, болгондо да манежине өзүм кошо түшүп алгам десеңиз, уктап калыпмын. Урмат келип сүрөткө тартып коюптур, көргөн сайын күлөбүз.
– Актриса Гүлнур Асанова “Анжелика экөөбүз бир кезде дос элек” дегендей айтты эле...
– Гүлнурду кичинемден билем. Мага таарынган киши көп. Тоюмда көп ырчы кыздарды чакыра албай калдым, ошондо таарынышыптыр. Жанымда дайыма Сүйкүм, Мира аттуу кыздар жандап жүрүшөт. Аяш жактан карасак, бизге көптөр суктанышат. Биз алтообуз жакшы аяштарданбыз. Мен эң жашы болсом да, уюштуруучулук жактан тыңмын. 30дан ашкан аяштарым менен менин көз карашым бирдей эле. Кээде акыл үйрөтүп кирем, “сиз мындай кийиниңиз, бул жакка баралы” деп.
– Сени эмне катуу күлкүгө салып кубантат да, кайсы учурда кайдигер карайсың, кабак-кашың чытып?
– Өзүмдү өзүм жемелей берем “кечигип жатам, жетишпей калдым” деп. Ошондо кабагым чытылат. Ал эми эки кызымдын өнөрлөрү, “философиялык” сөздөрү күлкүгө бөлөйт.
– Бир ырчы кыздын салону бар экен, “анда иштегендер кардарды тейлебей эле, ошол ырчынын тырмагынан башына чейин кам көрүп отурушат” деп жүрүшөт. Сен да ошентип кол алдыңдагыларга маникюр жасатып отурасыңбы?
– Карасаңыз, тырмагымды боёгон эмесмин. Салонго бир айда бир жолу келип чачымды тегиздетип коюшум мүмкүн. Бирок кызматкерлеримди иштетип, алардын эмгегин текке кетирбейм. Бирөөнүн эмгегин сыйлаш керек.
– Бардар турмуш, байлык адамды көптүрөт, кошуласыңбы?
– Бир чети кошулам, бир чети четтейм. Мен да, жолдошум да карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жокту көргөн адамдарбыз. Бул сөз дээринен бай адамдарга тиешелүү болсо керек. Жолдошум 9 бир тууган, үйдүн кичүүсү. Өзү бутуна турган адам. Урмат айтат, “экөөбүз издешпей табышканбыз, карапайым үй-бүлөдөн чыкканбыз. Өз эмгегибиз менен бутубузга турдук, ошон үчүн маңдай тер менен тапкан эмгегибиз ак” деп. Азыр мен бүт баарын жазып турам, ийне-жибине чейин эсептеп, эмнени сарптадык, эмнени сатып алдык деп. Анткени так болгон жакшы.
– Ошол кыйналган убактарыңды эскересиңби?
– Таластагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде үйүбүз бар болчу. Апам бир күнү эле жумушун таштап, батирибизди кулпулап, мени жетелеп борборду көздөй келе берди. Көрсө, апам мени музыкалык мектепке берип, ырчы болсун деп чечкендегиси экен. Шаарда же үйүбүз, же тууган-уругубуз жок, батирден батирге көчүп жүрчүбүз. Ошондо апама ыйлактай берет элем “качан өзүбүздүн үй болот?” деп.
– Жанатан бери “мусулманчылыкта мындай экен” деген сөздү көп кайталап отурдуң...
– Ымыркай төрөлгөндө эле азан айтып, ат койгондон башталат эмеспи мусулманчылык. Эгерде Алла Тааламды көп эстеп, сабырдуулук менен иш алпарсаң, алдыга койгон максатың аткарылат экен. Ыйман жолунда мен көп нерсени үйрөндүм, акыл-парасатым жетти, эч кимге жамандык каалабайсың, жамандабайсың. Негизи эле жоолук салынган ыймандуу көрүнөт. “Биринчи Кудайдан коркуп, анан кайнатаңдан коркуп жоолук салын” деп айтат го. Мен ойлойм, биринчи Кудайдан коркуш керек.
– Маегиңе рахмат, бакыт чөйчөгүң кемибесин!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Маек - Анжелика:"Үй-бүлөм үчүн ырчылыкты таштадым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  22 
Комментарийлер(122)
09.09.2011. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу аялзат экенсин!кудайым баардык кыргыз айымдарына аялзатка тиешелуу бакыт берсин.!кээ бирибиз бактылуу жашайлы деп балдарыбызды айылга таштап,онбогур тыйынды табабыз деп иштеп журобуз тырышып.айтаарым бакыт кушун учурба колундан
09.09.2011. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуганы абдан жакшы Аллах ыраазы болсун!!!
SUPER.KG видео
09.09.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күйөөсү "эркек" болгон айымдар, ушундай болот!
SUPER.KG видео
09.09.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу бол! абдан акылдуу, ыймандуу, созго чебер айым экенсин бар бол!!!
SUPER.KG видео
09.09.2011. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу бол анжелика!абдан назик,сулуу жан экенсин,уй-булон менен бар бол ар дайым.
10.09.2011. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо башку беттинер эмне болуп калган, лично мага вообще жаккан жок!!!!! Мурункусун эле койгулачы, жаны версиянар абдан ызы чуу болуп, бытылдап калыптыр!!!! Тушунуксуз ужас просто,озгортпой эле койгулачы плииииз ,
12.09.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezy, Кошулам!
10.09.2011. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika jakshy joldu tandadynyz! Respect!!! Baktynyz kut bolsun!!! lichno ya vas silno silno uvajayu i silno zauvajala vash vybor... Akylduu 4e4im, abdan akylduusuz.
11.09.2011. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика,ит уро берет кербен журо берет! Ээн талаада коздогон максатына карай баратсан бутуна коптогон тикенектер жабышат анын баарына конул бурсан жетчу жерине кечигип же жетпей да каласын! Эч кимге кулак турбо,жогоруда тилдерин кайрап сага жаман тилинин уусун токкусу келгендерден сен алда-канча бийиксин!Бактынды кудай кут кылсын! Коз тийбесин! Ичи куйгондордун ичи ото берсин! Жашоо ошонусу менен кызык!
11.09.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Anjelika! Men 2 balam menen ewtekege jetiwpeym :)
12.09.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз аллаанын жолунан жанылбай жашай бериниз алхамдулиллах алхамдулиллах алхамдулиллах
12.09.2011. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл эмне дейт деп жашабай, Аллах эмне дейт жашай бер. Эки дуйнодо тен бактылуу бол.
SUPER.KG видео
13.09.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tumar сага толугу менен кошулам! туура айтылган соз! Эри багып атса, анан бактылуу болбогондо не кылмак эле! Кыялдарын оорундатып отура берет да!
21.09.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Анжелика болбоду эми, кайра-кайра кирип ар кайсы ник менен жазгандан уялсан боло! Ушул артисттерде таптакыр эле бет деген калбай калган, тобо.
SUPER.KG видео
24.09.2011. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сиздердин гезитиниздерде Анжеликаны тим эле чон энемдей маек курду деп жазгансыздар андай эмей эле жакшы маектешитир,эмнеге бирөнүн артынан жаман сөз айтасыздар
24.09.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
все завидуйте молча! Анжелика удачи тебе!
06.10.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчыны коро албагыдай, Анжелика келип казаныма аш салып бербейт. Болгону жеткен желмогуздугун айткан адам неге туура эмес ич куйдулук кылып жатат деп жыйынтык чыгарасынар силер. Кытайга фольклор ырчылары менен неге бул чычкак ырчы кошулуп барып калган. Албетте бакиевдин айыл окмоту болуп турган асылбек деген инисинин досу менен ойнош болгондугу учун барган. Жон жерден эле айта берген жинди эмесмин мен да. Цирк ханышасы таажыны тапшырганда ошол кездеги министр Султан Раев
24.10.2011. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мика, ушу жинди элесин го деп ойлоп калдым.
01.11.2011. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, сени эч ким мага карата комментарий бер деген жок
06.10.2011. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даже кандай конкурс болуватканын билбей барып кабинатинде отурган жеринен чакыртып тапшырткан. Эмне деп суйлошун билбей министр оозу ачлды деп ошол эле маданият тармагындагылар аныз кеп кылып журушот. Тамашоуго келсек ырчы оманы сабап кетиптир жюри болуп отурган жеринен деген соз чыккан. Самом деле омарны эмес Анжеликаны онойшу келип жюри болуп отурган жеринен "ж..п" деп согуп кеткен бир амбал. Куйоосу артында отурган болот ошондо чыр чыккан. Так что Анжелика актанбай эле койсун уяты жок
SUPER.KG видео
22.10.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликадай сулуу акылду кыз алышымды калайм.
24.10.2011. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликаны Нурбек ошондо кыргыз эстадасынын эн татынакай деп тааныштырган, куйоосу сыймыктанып эле калган. ошого ичтери куйуп, тыбырчылап кеткендердин "чыгармачылыгы"
SUPER.KG видео
26.10.2011. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин айалым сулуурак
28.10.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец, Анжелика. аялзаттын эн башкы ролу, жумушу, кызматы - бул уй-було. бут ырчы айымдар сенин жолунду жолдошсо. "артистти аялым дебе"
02.11.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Anjelikany aiabai obujok erke kyz dep oylochumun...janilishiptirmyn...Abdan akylduu kelin eken...tuura vybor kiliptir...Men aiabai suktanam
11.11.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир гезиттен окуп калдым эле... Замандаш партиясынын лидери менен да жакын болгонун. Бул чындыкбы?
SUPER.KG видео
27.12.2011. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошмар......оозу ушундай беле?
SUPER.KG видео
26.01.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекеринен таластык эмес сиз да))))) а так ниче))))
31.01.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой хватить сама себя хвалить! Раздражаешь уже!!
31.01.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уже все знают, что тут твоя мама под чужими именами заходит, а так хамеленша экенинди все поняли!
SUPER.KG видео
14.06.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын карындашым, Кудай жаман коздон суук создон алыс кылсын. Кыргызмдын сиздей жылдыздары кобойушун, уйунуздун коломтосунан от очпошун каалаймын.
Бактыгул Бадыева дагы,ооз коптуруп асмандан тушпой суйлогондун оордуна сизден улгу алса болмок. 5 кун мурун Бактыгулдун маегин коруп алып,азыркыга чейин кыжырым келет.
SUPER.KG видео
14.06.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салим! Таластык деп болбонуз, Анжелика бут кыргызымдын периси, бактылуу эне!!! -деп Оштук байкениз.
SUPER.KG видео
30.08.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бети жок абайлап суйлосон боло опколонбой айчурок эже жок сен адам эмес болмоксун тиштеринди бир аз ондоп алчы
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо