НАМЫС (аңгеме)

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

Оо, булардын мындай мамилесине көп болду. “Макул, ушул боюнча көрүшпөй коёлу” деп мамилеге чекит коюп басып кетишке экөө тең даабай, бирок куру намысты четке кагып, бири-бирине керек экенин айта албай экөө тең чайналып келет.
– Көңүлүңдө эмне болсо баарын төгүп салчы, ыраазы болоюн,- деди кыздын каректери. А эриндери таптакыр башка нерселерди айтып жатты. Үй-жайды, тиричиликти, жумушту жана башка арзыбаган нерселерди...
– Биздин тааныштар чекеден балалуу болуп башташыптыр. А сен дагы деле жүрөсүң, ээ, жумушка байланып?..- деп койду жигит жөн салды гана.
Чындыгында, жаман ой менен айтпады. Ушундай туура эмес сүйлөп алмай жайы бар. Бул кыздын ооруп турган жерине тийди. Чекеси тырыша түштү.
– А балким, бул сиздин ишиңиз эмес чыгар,- деди күлүмсүрөй бокалды оозуна тийгизип.
– Айтып койдум да...
– А өзүңчү? Өзүң эмне кылып жүрөсүң?
– Мен да кимдир бирөөнү күтүп жүрсөм керек.
Байкабаган менен көңүл ушунчалык назик. Бир ооз сөз менен жигит кыздын көңүлүн аздырып, кыялын бырын-чырын чыгарып, беш жылдан бери топтолгон сүйүү жибин үзүп таштады. Ордунан туруп, сыр алдырбай коштошкон Жаркын узап кеткенче шашты. Жамгыр бетине чаба жаап, кыз алдыга кадам шилтей берди.
Бул акмактан эмне таптым? Ушундай кыргыздын кара тоголок жигити жок калыптырбы?” деп жатты күйүп-жанган намысы.
Эртең эле турмушка чыгып кетем. Ошондо көрөм сени. Кана, кимдер бар эле тизмеде?” деп санай баштады алдастаган акылы.
“Токточу, аярлачы. Кантем? Мен аны гана сүйөм го. Андан башка бир адам жан дүйнөмө жакын эмес. Башка менен... Болуптур, сыртымдан күлүп, ичимден сызып жашай берем. Бирок мен жүрөк токтоп калгыча, өмүрүмдүн акырына чейин ошол көз карашты, жылуулукту издей берем. Убактыма да, аны күткөн күндөргө да капа болбойм. “Сен ага керексиң. Өзүң да байкабай жатасың, канчалык ага керек экениңди. Капа болсо, ким маанайын көтөрөт? Ким акыл айтып, жакшы сөзүн арнайт? Жамгыр жааса, “суукта калбады бекен” деп, өзү ысык тамак ичсе, “тамак ичип алдыбы” деп ким ойлойт? Сабыр кылчы...” деп жатты байкуш жүрөк тыпырап.
А жигит андан беш бетер көңүлү бошоп, адатынча ай-уйга келбей басып кеткен Жаркынын эстеп жатты. “Жинди кыз, кетсең кете бер. Анчалык таарынгандай не дедим? Ошентип “гордая” болуп жүрө бер” деп булкунуп туруп баратып, кол чатырын столдун четинде унутуп калганын көрдү. Аркасынан барганга намыстанып жаткан жаны шылтоо табылганына сүйүнүп кетти. Кол чатырды ала салып, кафеден атылып чыкты.
– Жаку, токто-о!
Жүзүнөн жаштар төгүлүп келе жаткан кыз аркасынан чыккан үндү үзүл-кесил укту. Буттары шилтенип-шилтенбей токтоп калды.
Аркасынан чуркап келген жигит энтиге токтоп калды.
– Ме, муну унутуп калыпсың.
– Ушунча токтотуп алып айтарың ушулбу? Сага бердим. Эстеликке...- деди кыз булкуна.
– Токточу, мен... мен...
– Эмне сен?
– Мен... Сенсиз жашай албайм. Туура, көп кыздар бар, сенден сулуу, сенден акылдуу, сенден токтоо...
– Бара бер ошолоруңа...
– Бирок менин жүрөгүм сендей жинди, азоо, чалпоо жанды сүйөт экен. Эмне кылам эми, колуңду сурашка мажбурмун.
Жигит балчыкка карабай асфальтка тизесин лук уруп чөгөлөй берди. Азыр эле жоготуунун азабына күйүп бараткан жүрөк бакытка чалкып кетти. Эңиле берип жигиттин ысык эриндерине эриндери жабыша түштү. Алар төгүп жаткан жаанды да, аларды таң кала тиктеп өтүп жаткан элди да капарына алышкан жок. Анткени алар өз бактысына мас болчу.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(24)
12.09.2011. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир убакта менде да ушундай болгон бирок мен намыстанып жок деп басып кеткем азыр ошол жок деп айткан созум учун окуном ыйлайм
12.09.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hollywood kinosunan uzundugo ozunchele.....
14.09.2011. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmok, da uj
12.09.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ммм романтикаа-а,бирок аягы окшошпой калыптыр.биздин кыргыздар антишпейт да
12.09.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да учурунда басып кеткем "гордость" деп, намыстанып башкага турмушка чыккам, азыр мен ажыраштым, ал да ажырашты....боодо жашообуз бузулду...бирок кайра артка жол жок... Кыздар ийилчээк болгулачы...
14.09.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ai_peri, men da ushul jonundo oyloym, gordost' uchun baktymdan ajyrap kalbayin dep ar dayim kechirgenge araket kylam, antkeni men dagy gordaya. Jogotup aluudan kayra korkom.
16.09.2011. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн биринчи суйууну сактап калуу керек эле, гордость жашоодо жакшылыкка алып келбейт!
12.09.2011. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кыз бар, ал кыз болсо ашканада мен иштеген жерде официантка болуп иштейт болчу, бир куну жок башка бир кыз кызмат кылып журот,анан корсо жумуштан кетип калыптыр, бир куну базарда казан аяк сатып журот, мени коруп шарт Мегокомдун ичине кирип кетти, фа милин как будто мурунку иштеген жеринде гл.администратор болуп иштегендей анан аттым не бекинесин деп, сизден уялдымда ахвалымы карасаных дейт
13.09.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх, мен да убагында ушундай жылуу сезимдерге арбалгам. Бирок негедир чыгынбай журо берип суйумду уурдаткам. Ошондо мага сооп эле болгон экен да. Азыр окуном. Жаштар колдон келсе суйууну барктай билгиле, омур откучо. Бирок, азыркы убакта тунук суйуулор жокко эсе.
14.09.2011. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, тунук, чыныгы суйуу бар эле го дейм... заман озгорсо да журок кургур мурункудай эле иштей берет экен да тышкы корунуштор менен иши жок...
13.09.2011. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13.09.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gang_UTK ты че упал?сен учун бир кыз болсо башка бироо учун мин кызга тете эмес!
14.09.2011. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gang_UTK бир аз ойлонуп жазсан болмок экен"коп болсо бир кызыл этта,"ошол кызыл эт менен жашообуз уланат да ошону менен жашообуз урап бырчаланып кетиши мумкун
14.09.2011. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nnnnn, tuura aytasin, Gang_UTK oz bashina tushpoyuncho tushunboyt okshoyt
15.09.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнону сулуулук эмес эле суйуу, махабат сактап калат деген менимче туура болотко ...
16.09.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо артист болуш керек гордая бол боло турган жерде журогун талпынса айт айта турган жерде!!!орусча айтканда жизнь прекрасно если жить умеешь!!!
16.09.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiturganka, дааа биз жашообузда болуп жаткан бактыбызды байкабай калабыз.бул дуйнодо бактылуу жашоо болбойт бактылуу убакыттар болот ошол убакыттарды сезе билишибиз керек!!!
17.09.2011. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен баарынарга тунук суйуу бакубат жашоо каалайм ошо суйгон адамынар менен эле табышкыларчы.
18.09.2011. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ангеме жакшы экен. бирок, кичине супсак болуп калыптыр. баарынарга ТУНУК СУЙУУ КААЛАЙМ!!!
18.09.2011. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да. Кайдагы алыстагы журок эзген элестер жаштык кездеги козго суртумдор
23.09.2011. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul angemeni Ernest Abdyjaparovdon chykkan rejisserlor kyska metrajduu film kylyp tartsa en sonun bolot.
27.09.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bashkacha end'di kuttum ele. Negedir kadyrese ele angemedey sezildi maga.men bashkacha end'di kuttum ele. Negedir kadyrese ele angemedey sezildi maga.
23.03.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакты ангеме жакшы экен, анан комментарий жазгандар болбогон нерселерди эле талаша бересинер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо