«АЛТЫ ЖЫЛДАН БЕРИ ЭГИЗДЕРИМДИ ИЗДЕП КЕЛЕМ»

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

“Жашоодон кечип кетким келет, а бирок эки балам менин үмүтүм да, тушоом да болду. Аларды көрүп каламбы деп жашап келем” деп кеп баштады Таалайгүл эже.

“ЖАЛГЫЗ БАКЫТЫМ...”
– Жетим чоңойдум. Кичинекей кезимден баштап бир татар апа бакты. Ал бала бакчада тамак жасап иштеп, мени да ары-бери сүйрөп алып жүрөр эле. Мектепте окуган жокмун, анткени мени мектепке бергенге апамдын чамасы деле болбоду, колу тийгенде гана билгенин айтып, үйрөтүп койчу. Апамдан “менин ата-энем бар беле, каякта?” десем, “мен сени таап алгам, менин кызымсың” деген гана жооп кайтарчу. Апам экөөбүз Ош шаарында 4 бөлмөлүү жер тамдын 2 бөлмөсүндө жашачубуз. Ал эми берки 2 бөлмөсүндө Таш-Көмүрдөн келген студент балдар турар эле. Бир күнү ойгонуп “апа” деп үн катсам, эч ким жооп бербеди. Көрсө, апам түбөлүк уйкуга кетиптир.
Ошентип, он эки жашымда апамдан айрылып калдым. Эки бөлмөлүү үйдө өксүп ыйлап кала бердим. Кошуна жигиттер менен апамдын сөөгүн жерге берип, акыркы сапарга узаттык. Алар мага каралашып, тамагын берип көз салып жүрүштү. Арасында Бакыт деген жигит батиримдин акчасын төлөп жүрдү. Билинбей ортодон үч жыл өтүп кетти. Студенттер окуусун аяктап, өз жерлерине кетмек болушту. Мен аларга абдан көнүп калган экем. Бакыт ыйласам сооротуп “мен сени таштабайм, коркпо” деп көз жашымды аарчычу. Бири-бирибизден кол үзбөш үчүн экөөбүз баш кошууну чечтик. Ал учур менин эң бактылуу көз ирмемдерим катары түбөлүккө сакталып калат. Үйүнө келгенде кайненем мени дароо эле жактырган жок. Көрсө, анын жалгыз уулуна мурдатан эле алып берем деген кызы бар экен.

“ЭКИ ЖЕТИМДИ ГАНА БАГА АЛАМ”
– Үч айдан кийин боюма бүтүп, оокат менен алек болуп жүрдүм. Кайненемдин кыялы чорт болгондуктан, күйөөм “өзүнчө жашайлы” деп көп жолу сунуштады. Мен болбой “кой, жалгыз энең болсо, аны таштаба” деп ага боор ооручумун. Кайненем Бакыт үйдө жок болгондо “селсаяк, сойку, уулумду окутуп алгансың” деп каргап-шилей берчү. Төрөт үйүнө каттоого да турган жокмун, себеби менин эч кандай документим жок эле. Жадакалса төрөлгөндүгүм жөнүндө күбөлүгүм да жок. Бакыт “мен сага баарын жасатып берем” деген убадасын аткарганга жетишпей калды. 16 жашымда Таш-Көмүр шаардык төрөт үйүнөн көз жарып, бир кыз, бир уулдуу болдук.
Биз 3 жыл бактылуу жашадык. Тагдырымдын менде кандай өчү бар экенин билбейм, Бакытымды мага ыраа көрбөй ажал жула качты. Жолдошума туура эмес диагноз коюп алышып, кургак учук деп ысык укол сая берип, боору эзилип кетиптир. Кыркына чейин кайненем мага такыр унчуккан жок. Андан кийин “жолуң ачык, каалаган жагыңа бар, мен бул эки жетимди гана бага алам” деп эшикке түртүп чыгарды. Тизелеп жалдырадым, “апа, өмүр бою сизге кул болоюн, балдарымдан ажыратпаңыз” десем, такыр укпады. Жалынып жатып акыры “кийим-кече, тамак-аш алып келсең, балдарыңды көрсөтүп турам” деген убадасын алып кете бердим. Мен балдарды талашканга укугум жок эле, документим жок болгондуктан, балдарым кайненеме жазылган.
Кайрадан Ошко кайтып келип, каякта гана иштеген жокмун?! Дааратканаларды да, кафелерди да жууп жүрдүм. Болгону, күнүнө 80 сом тапчумун. Аным эч нерсеге жетчү эмес. Ичип-жегенден артканын балдарыма чогултчумун. Ошентип, ары урунуп, бери урунуп жүрүп бир жылдан кийин кийим-кече, майда-чүйдө алып кайненеме келдим. Алып барганымды жерге чачып, кийимдерди топуракка ыргытып, босогодон киргизбей койду. “Сойкулук менен тапканыңдын мага кереги жок” деп дарбазасын ичинен илип, кадам шилтетпеди. Акмалап, эшик-терезени шыкаалап көпкө турдум. Жерде ыйлап отурсам, бир маалда коңшубуз келип “балдарыңды алганда деле каякка алып барасың, кантип багасың?.. Кийин алып аласың, азыр акырын эле кете бер” деп акылын айтты. Ошентип, балдарымды көрбөстөн кайра Ошко кайттым. Анын үстүнө кайненем “баламды сен уу берип өлтүргөнсүң, азыр милиция чакырам” деп коркутканынан кеткенге аргасыз болдум.

“БАГЫ ЖОККО ДАГЫ ЖОК”
– Таянар бир адамым жок, ушул жашка келип бир жакшылык көрбөпмүн. Бакыт жанымда болгондо мени мынчалык кор кылбайт болчу. Арадан алты жыл өттү, балдарымды көрө элекмин. Канча жолу босогосун акмалап бардым, эки баламды бир да жолу алыстан да көрө алган жокмун. Быйыл алар 2-класска барып калышты. 1 жыл мурун кайненем башка жакка көчүп кетиптир. Дарегин коңшулары бербей жатышат. Балдарымдын кайда экенин таптакыр билбейм. Алар энеси ким экенин билбей калышарын эстеген сайын жашоом менен кош айтышкым келет. Мен сыяктуу жетим өсүшөбү, мен аларды издеп жүргөнүмдү билбей калышабы?
Ошто жүрүп тапканым эч нерсеге жетпей койду, анан Бишкекке келдим. Кээде кул базарга да чыгам. Талаага барып бирөөнүн помидорун терип, капустасын чогултам. Бирөөнүн короосун шыпырып, үйүн жыйнайм. Бири акымды берсе, экинчиси бербей кууп жиберет. Ичип кетким келет, баарын тең унутуп... Денемди сатып кетким келет, ачка калгыча деп... Бирок намысым мындай ыплас нерселерге жол бербейт. Шаарга келгенимде Дамира деген таанышым бар эле. Аны таап, уурулук, сойкулуктан көрө пол жуусам да оокатымды кылам дедим. Ошентип, “Дордой” базары жакка экөөбүз 2,5 миң сомго батирге чыктык. Ашканалардын полун жууп, базардын ичине тамак ташып иштедим. Тапканымдын баарын балдарыма деп чогулттум. Анан бир күнү жумуштан чарчап келсем, үй бош турат. Дамира кийим-кечемди, чогулткан тыйынымдын баарын алып качып кетиптир.

«ТАГДЫРЫМДЫ БААРЫ БИР ЖЕҢЕМ!»
– Кийин бир тааныш эже аркылуу турмушка чыктым. Аскар башында жакшы эле кабыл алган, бирок көпкө созулбады. Чачыман сүйрөп урчу, кайненем көрсө да көрмөксөнгө салып койчу. Мейли, көчөдө калгыча акыры мени деле жакшы көрүп калышар деп чыдап жүрдүм. Коңшулары “мурунку аялдары 1 айдан кийин эле качып кетчү, сен кантип чыдап жүрөсүң?” дешчү. Аскар “сен сулуу эмессиң, капкарасың” деп сүйлөнө берчү. Кайненем “сенин келгениңе бир жыл болду, төрөсөң эмдигиче төрөмөксүң, сени бул жакта кармоочу эч нерсе жок” деди. Кайнатам гана “балам, жаштыгыңды кордобо, сен да бактылуу болушуң керек” деп көп айтар эле. Акыркы жолу күйөөм дагы сабап киргенде кайнатам мага болушса, “ий, келиниң жакшылап берип койсо керек?” деп абийиримди кетирди. Кийимимди чогултуп, ыйлап, эшикти көздөй бара жатсам, кайнатам пенсиясынан чогултуп жүргөн 1,5 миң сомун колума карматып, батасын берди. Азыр жалгызмын. Бирок баары бир эгиздеримди табам, боорума кысам деген зор тилек менен жашап келем. Тагдырымды баары бир жеңериме көзүм жетет...

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(51)
12.09.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип тапсак болот, бир аз болсо да жардам берет элем.
12.09.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарын,жакындарын издеген адамдар көздөрүн жашырбай эле сүрөттөрүн ачык эле илип коюшатго,а бул айым эмнеге көзүн жашыртып(көрсөтпөй)койгон? Жардам сурап келгенден кийин эмнеге жашырат! Бир мандем бар да,болбосо эмне?...
12.09.2011. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге бетин жашырып койгон,бул да болсо кудайдын сыноосу балдарын кантип багат алданып жүрсө,кичине болсо да тың болуш керек!
13.09.2011. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудай озу жардам берсин.албетте качандыр балдарынызды боорунузга кысып бактылуу эне болуп жашайсыз.Менин да боорум ооруп атат
13.09.2011. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi kudai,emne degen wumduk,jurogu muz eneler uwundaiga barat,bolgonu korgongo makuldugun berse bolmok. Uwundai wumduktardyn baaryn jaratkan kudaym korup turat! Eje sabyr kylynyz. Menin jardam berein degen oium bar. Men bishkekte turam, tel nomerimi jazyp kaltyrdym tartynbai maga 4alyp kouwunardy suranat elem!0700911959 gulnaz.
13.09.2011. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетимге кун жок- деген соз бекеринен болбосо керек.
13.09.2011. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабыр кылып жаман жолго барбаныз. Бир куну болбосо да бир куну багыныз ачылат.
14.09.2011. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуу болунуз андай жаман жолдор оюнузга келбесин,анын баары убактылуу, эгиз балдардын энесин кудайым кантип унутсун, сиздин уйдо да майрам болоор.
14.09.2011. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оорчулуктун баары убактылуу сыноо, Аллахым деле коруп турат сиздики баары жакшы болот эже сабырдуу болунуз.
14.09.2011. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне окубаса эле тарбия корбогон болобу бул аялдын да убулы бардыр эч качан чунчубон албетте сиз да жакшы турмушта жашайсыз аракет кылын
14.09.2011. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал эми zamira сен кудайга тобо кыл бироону табалабай бешенеси ушундай экен эмне кылсын
14.09.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka8585,Ооба,КУДАЙга тобоо кылам. Мен бул айымды табалаган жерим жок.Бул айымды керек болсо сиздин жана moinokтун сөздөрүнө караганда менин сөздөрүм чыйралтышы мүмкүн!!!Жакшы сөз айтып жайгарганда эмне.Тагдыр экен деп моюн сунуп бербей,жеңиш керек!!!
15.09.2011. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, ushul kyz ka4an bolso komentaryi jazgany jazgan,jazsa da meili ozynyn iwi,biroogo akyl yirotyp,owol temany kaira-kaira okup ,kim aga komentaryiyna joop jazsa ,sozsyz kaira aga joop jazat,kaira-kaira okui berip jazywtan uialbaisynby,oto grubaia kyz korynosyn,kattuu tyise ke4ir,jana kata jazylyp kalsa da yzyr,tuuralap okup al,egerde dagy bul temeny okup kalsan zeerikpei.
15.09.2011. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arman,Сага чоң ырахмат!Аябай сүйүнүп калдым,артымдан кууп окуган бирөө бар экен деп.Тез-тез кирип-чыгып окуп тур!Уялгыдай уят иш кылган жокмун,бул бир,экинчиден;грубая?...ммм,кырска кырсмын,жакшыга жакшымын!Жооп сени канааттандырдыбы?Супер-Инфо силерден суранам:Мени кечирип койгула,банга жөнөтпөгүлө.
15.09.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashoodo ar kanday bolot....ejege boorum achidi......
15.09.2011. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamira жакшы соз жан эритет синдим биз айткан ар бир жакшы соз ал эжеге кичине болсо да жардам болушу мумкун
15.09.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже аллах таалам сизге сабырдуулук иман берсин буюрса баары жакшы болот
15.09.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eje menimche kyiynchylyktyn kobu ketip azy kaldy okshoit sabyr kylyn ALLAH baldarynyzga sossuz joluturup baktyluu bolosuzdar.
15.09.2011. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умуттун шооласы очпойт дейт эже ошол умутунузду узбой жашаныз сизге да аллах тааладан акыры жардам болоруна ишенем!Ар кандай женил ойлуулукка алдырбаныз бардыгы утурумдук жашоо ошондуктан адал мээнет кыла бериниз берекесин берет аллах таала!
15.09.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу урматтуу супер инфо бул эжеге колумдан келишинче жардам берет элем алла ыраазычылыгы учун кайдан тапсак болот!
16.09.2011. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгиздеринизди тапканга чын журоктон тилектшмин,
16.09.2011. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu chyn okuyaby je koshumchalanyp dagy ketkenbi, koozdop, kyzyktuu bolsun dep, kichine koshup koyushkan okshoyt, eger ushul okuya chyn bolso anda adamdar adam emes ele ayban bolup baratishkan go.
17.09.2011. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул он жолунуздан адашпай сабырдуу болун.Озун олтургонда куноо болот жана арак ичкенда куноо сабыр кылып жашап алладан тилеп намаз окунуз аллага гана жардам берет.
17.09.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макала бир тараптуу жазылган.Биринчи жана экинчи кайненелеринин да жоопторун угуп коруу керек.
19.09.2011. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы ушунчалык, таш боорлука барат экен. (кайненениз дегеним) эже сизге, кудайым жол берсин бардыгы , жайына тушот . Куда каласа. Ден-соолукта болунуз!!! Аа балдарынызга омур берсин.
19.09.2011. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы ушунчалык, таш боорлука барат экен. (кайненениз дегеним) эже сизге, кудайым жол берсин бардыгы , жайына тушот . Куда каласа. Ден-соолукта болунуз!!! Аа балдарынызга омур берсин.
19.09.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабыр кылыныз, сабырдын тубу сары алтын. Ургаачынын чырагы кырк демекчи акыры сиздин да багыныз ачылат. Алла Таала Сизге жар кылсын.
20.09.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже фэн-шуйга барып корунузчу,жалан позитивдик оулонууга конунузчу,бул оор тагдырыныз кобунчо сизден,билем мени азыр жаман короорсуз,бирок сиз озунуз куноолусуз в ваших отношениях с людьми,озунузду сыйланыз,влюбитесь в себя,психологиялык тренингтерге катышыныз,вот ошондо бир майнап чыгат такыр башка ой-жугуртуу пайда болот,жашоонуз онолот,балдарыныз аз эле убакыттын ичинде сиз менен болот,бай болосуз,ханга салам бербей каласыз.ОЗУНУЗДУ СУЙУУНУЗ
05.10.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rooshan, кайдагы фен-шуй, кайдагы тренинг садагасы? не до них болуп жатпайбы. Айылдан келгендерге эле жашоо кыйын шаарда. эже озунун кунумдук жашоосуна аран акча тапса. Конечно сеники оптимисттик коз караш ,но не для нее.
05.10.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодо жалгыз калуу деген эле кандай жаман. А тем более уй-жайын, иштеген ишин болбосо. Окуп алыпабдан жаман болот экенсин.Жетим деген эле чего стоит. Абдан журок оорутаар окуя. Кыздын чырагы кырк уйдон деген жакшы соз бар эмеспи, кудай буйруп, сизди тушунгон адамга жолугуп бактылуу болунуз.
08.10.2011. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamira сага дагы кудай бардыр
11.11.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аявай кейидим окуп алып колуман келишинче жардам бергим келип жатат
20.11.2011. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман окуя болуптур,эми сабыр кылып чыданыз убакыт чечет баарын,,,,,
03.12.2011. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеге жардам бергим келет 555775079 Назира
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо