Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЭРдин УУЛУ СОТ ЖООБУНА ТАРТЫЛАБЫ?

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

Мындан бир ай мурун болгон жол кырсыгы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда. Балким, башкы каарман Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу болуп жатканынандыр. Бул окуя биздин да көз жаздымыбызда калган жок.

3 адамдын өмүрүн алган Лэндкрузер.

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
15-августта түнкү саат экилерде Токмок шаарындагы Дунларов көпүрөсүнүн жанында жол кырсыгы катталган. Ысык-Көл тараптан жогорку ылдамдыкта келе жаткан Тойота-Лэндкрузер автоунаасы каршы тилкеге чыгып кетип, алдында келе жаткан Ауди-80 автоунаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Аудинин айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ошол замат каза болушкан. Бул кымбат баалуу Жипти Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев башкарып келе жатканы ошол күнү эле анык болду. Лэндкрузердин ичиндегилер (А.Исаевден сырткары бир жигит жана эки кыз) жеңил жаракат алышып, Азамат Исаев жана Жибек Кожобердиева Токмок шаардык ооруканасына «Тез жардам» менен жеткирилген. Ауди автоунаасы катуу соккудан былчыранып калса, Тойота-Лэндкрузер толугу менен өрттөнүп кеткен. Ал эми Аудиде Талгар Турдукеев, Алтынай Турусбекова, Мурат уулу Жайнак болушкан.
Эгерде мэрдин уулу күнөөлүү деп табылса, 7 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Каза болгон Алтынай Турусбекова – Өзгөн РИИБинин башчысы, милициянын полковниги Мырзабек Исмаиловдун кызы. Муратбек уулу Жайнак экөөнүн тою күзгө болжолдонуп, жаштар тойго даярданып жүрүшкөн экен. Талгар Турдукеев болсо Жайнактын досу экени айтылууда.

УШАКПЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?
Бул окуя боюнча көптөгөн имиштер айтылууда. «Мэр жеңил жаракат алган уулун «оор абалда» дедиртип ооруканага жаткырып, калкалоодо» деген кептер. Экинчиси, «жол кырсыгынан аз гана убакыт мурун мэрдин уулу МАИ кызматкерлеринин токтотууга кылган аракетине моюн сунбай, аябай жогорку ылдамдыкта айдап өтүп кеткен» деген сөздөр. Дагы бири «мэрдин уулу ошол убакта кызуу болгон» десе, кээ бир ММКлардын маалыматы боюнча, мэрдин баласы ушуну менен үчүнчү ирет жол кырсыгына кабылып, үчөөндө тең адам канына забын болгон имиш.
Айрым маалыматтарга караганда, Иса Өмүркулов уулунун айынан каза болгон балдардын ата-энелери менен ортого киши салып сүйлөшүп, 150 миң сомдон берүүгө аракет кылган экен. Орто жерде да бир катар табышмактуу жагдайлар бар. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтында кырсык 15-август күнү түнкү саат 02:05 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда катталганы жана анда мамлекеттик номери Е91-21Е болгон Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа менен Тойота-Лэндкрузер үлгүсүндөгү, 12-50ВS мамлекеттик номердеги автоунаа сүзүшкөнү жазылган. Ал эми бир аз убакыттан соң ИИМдин таркаткан билдирүүсүндө Лэндкрузердин номери S2662V болуп өзгөрүп калган.
Андан да кызыгы, бул кырсык боюнча билдирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк интернет сайтынан 15-август датасы таптакыр жок болуп кеткен. Эгер 1250BS номери маалыматтарда жок болуп кетпегенде, Азамат Исаев атасы менен чогуу жагымсыз учурга кабылып калмак. Мэрияга тиешелүү номерди мэрияда иштебеген адам тагып жүрсө, мыйзам алдында атасы экөө жооп берип калышы мүмкүн эле.
Дагы бир жагдайга карасак, биринчи күнү Азамат Исаевдин бир аз жаракат алганы айтылса, кийинчерээк таң каларлык себептерден улам «өтө оор абалда (башынан катуу жаракат алып, акыреги, чыканагы жана үч кабыргасы сынган делинип) реанимацияда жатат» деп өзгөрүп кеткен. Аудиде канча киши бар экендиги ошол замат эле белгилүү болсо, Тойотада канча киши болгондугу бүгүнкү күнгө чейин табышмак болуп келет. Алгачкы маалыматтарда мэрдин уулу менен эки кыз жана бир бала болгондугу айтылса, кийинки маалыматтарда Азаматтын жанында Жибек Кожобердиева жана 17 жаштагы Алина Глуховерова болгондугу тууралуу маалымат беришүүдө. Ал эми дагы кайсы жигит болгону табышмак бойдон калууда.

“ИСАЕВ КАЙЧЫ ЖОЛГО ЧЫГЫП КЕТКЕН”
Аталган кылмыш иши боюнча ИИМдин басма сөз кызматына кайрылдык.
– Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) 3-бөлүмү (бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул материалдар Чүй ИИБинин тергөө бөлүмүндө иликтенип бүттү. Экспертизалардын жыйынтыгында Азамат Исаевдин жогорку ылдамдыкта кайчы жолго чыгып кеткени жана тормозду да баспагандыгы аныкталды. Эми ал ооруканадан чыкса, ага айыбын угузуп, бул иш сотко өткөрүлүп берилет.

МЭРДИН УУЛУНА ЖОЛУГУУ АЖОГО ЖОЛУГУУДАЙ
Токмок шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Али Ладжаровго жолукканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 14-августтан 15сине караган түнү саат үчтөрдө бизге бир эркек жана бир кызды алып келишкен. Алар автокырсыкка кабылган экен. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, толук текшерип бүтө электе эле туугандары алып кетишти. Эгер алар оор жаракат алышса, биз кетирмек эмеспиз. Бизге кайрылгандар селсаяк болобу же президент болобу, жардам беребиз. Ал жигит Иса Өмүркуловдун уулу экендигин кийин билдик.
«Ал Кыргызстандан чыгып кеткен» деген имиштерди тактоо үчүн жана ал-абалын билели деп биз ооруканага баш бактык. Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Жаныш Сулаймановго барсак, кабинетинде кишилер бар экен. «Чоңдордун күттүрбөй жүргөн күнү болчу беле?» деп аны 1 сааттан ашуун күтүп отуруп чыдамыбыз кеткенде кабинетине кирип бардык. Сулайманов майрамдап отурган экен, келген жөнүбүздү айтсак, “мен азыр отпускадамын, башкы врачка кайрылгыла” деди. Азамат Исаевдин кайсы бөлүмдө жатканын сураганыбызда, ал бөлүмдү айтып берди. Ал айткан бөлүмгө кирип, медайымдан сурасак, “бөлүм башчынын уруксаты менен гана киргизе алабыз” дегенинен бөлүм башчыга кирдик. Бечара бөлүм башчыны да түшүнсө болот, жогорку жактагылардын айтканын ашыгы менен аткарып жатканбы же жашыра турган нерселер барбы, өзүнүн аты-жөнүн да атагысы келбеди. “Мен эч нерсе айта албайм, башкы врач гана жооп берет. Исаевдин абалы оор, эч ким ага кирбеши керек, ал эми силер чыгып кеткиле” деп кетиргиче шашты.
Борбордун башкы врачы Алмаз Кубатбековго телефон аркылуу байланышып, төмөнкү маалыматка ээ болдук:
– Исаевге үч жеринен операция жасадык. Акыреги, далысы жана чыканагы сынган экен. Азыркы учурда Исаевдин абалы жакшы болуп калды, буюрса, 3-4 күндөн кийин чыгарабыз. Ал жаткан бөлүмдүн башчысы эмнеге жолуктурбай койгонун мен билбейм. (Автор: Биз 6-сентябрда ооруканага барганбыз)

ЧЫН ЭЛЕ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?
3 кишинин өмүрүн алып кеткен жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан кийин, кырсыкка тиешеси бар Азаматтын атасы, Бишкек мэри Иса Өмүркулов “эгер Азамат чынында эле күнөөлүү болсо, анда ал мыйзам алдында жана Кудай алдында жооп берет” деп билдирүү жасаган. Бирок биздин аткаминерлер кооз сүйлөгөнү менен, Кыргызстанда ушул убакка чейин бир да чиновниктин баласы сот жообуна тартылганы тарыхыбызда болуп көргөн эмес. Балким, ушинтип ата мансабы менен көпкөндөр көбөйгөн үчүн жол кырсыгынан мерт болгондор арбын болуп жатпасын?
Бул жол кырсыгы боюнча шайлоо убагында жаңы фактылар калкып чыгышы да ажеп эмес. Себеби Иса Өмүркуловдун партиялашы Атамбаевдин каршылаштары өз каналдары аркылуу компромат чогултуп коюшу да толук мүмкүн. Бул окуя саясий оюнга айланса да, мэрдин уулу жоопко тартылса да, кырчындай үч өмүрдүн билиги эч качан кайра жанбайт.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(34)
12.09.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз сот жообуна мыйзамдын негизинде тартылмайын, бул баладан пайда чыкпайт. 3 тоок уурдагандарды соттоп жиберип жатышат, бул 3 адамдын омурун алды... Жоопко тартылбай калышы мумкун атасынын кучу менен деп тим койбостон, ушул окуянын аягына чейин коз салалы, туугандар !!!
12.09.2011. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер машинанын номери мэрияга таандык болсо, атасын кошо жоопко тартыш керек болчу! Бизде чиновниктер кудай сыяктуу сезишет оздорун.Мыйзам баарына бирдей болушу керек.
12.09.2011. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жагын да коробуз тиги окоонун тоючу жалка жайы жаннатта болсун
12.09.2011. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kan e4 ka4an koe berbeit,Kudai aldunda joop beret,muizamdu ak4a onoi ele byryp koetda,aga oilonuwtun dele keregi jok,iwenim dele kalbadu go bizde((
12.09.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бумеранг деген бар! Байдын баласы болсо эмне экен? Жоопко тартылышы керек. Уч адам эмес бир тоок уурдаган адамга 10 жыл беришет?! Обязятельно, жоопко тартылсын.КАН КОЁ БЕРБЕЙТ!
12.09.2011. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы экоону тен жоопко тартыш керек. Себеби атасы баласын тарбиялаш керек болчу.
13.09.2011. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fatimka, туура айтасын.созсуз жоопко тартыш керек.Алар эмне Кудай бекен.жоопко тартылсап чондорго сабак болмок.
15.09.2011. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fatimka, ооба мен да кошулам тарбиялаш керек болчу
13.09.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал 15 жыл эмес өмүр бою түрмөдө отуруш керек. Үч адамдын өмүрү кыйылып жатпайбы. Буга чейин дагы болгон окшойт, жогоруда айтылгандай, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт.
13.09.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baikush milisiyanyn kyzy,kancha umut menen kancha oi-maksat menen talpyntyp koigon kyzynyn omurunun kyskalygynaiiiiiiii.....dushmanybyzdyn da baldary olbosun, tigi merdin balasy jazasyn alsyn atasy mer bolso emne katuu jurup baaryn urganym barby,- dep
13.09.2011. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13.09.2011. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте жоопко тартыш керек.
13.09.2011. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй туугандар антсин-минтсин деп суйлой беребиз, аны эч ким соттобойт... Кайсы чондун баласы соттолуп коруптур. Эн негизи Алла тааламдын соту бар. Уч кишинин каны кое бермек беле. Мурун деле эки жолу кырсык болгон турбабы, ошондо соттолсо бул учоо тируу калмак да.
13.09.2011. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul okuyadan kiyin merdin uulu joopko tartylbasa, merdin ozu ordun oz erki menen tapshyryp berishi kerek, kyrgyz jarandarynyn ukugu baardygy birdei, merdin je bashkasynyn baldary bolobu kylmysh kylaby joopko tartylysh kerek
14.09.2011. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иса Омуркулов Бийлик байлык деп журуп баласына тарбия бергенге жетишпей калган тура кайран киши.Мэрдин эми моралдык укугу жок иштегенге кантип элге улгу болуп иштейт.Баласы уяат кылып жатса.соттолобу соттолбойбу бирок аллах бар озу таразалайт буда болсо Омуркуловдорго чоон эскертуу
14.09.2011. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авариядан кийин Крузак эч нерсе болбоптур аны атайын Омуркуловдун кишилери орттоп салышыптыр. Вот Она сила власти!!! Тан калганым бизде закон эч качан иштебейт го дейм.
15.09.2011. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иса Өмүркуловдун баласы күнөлүү болсо сот жообуна тартылыш керек,буга Кыргызстанда мыйзам бар экенин тастыктайт.Эгерде жоопко тартылбаса
анда Акаев байкемдин жана Бакиев акамдын убагындагы көрүнүш кайталанат.
15.09.2011. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyikattuu 4e4im kutobuz!!!!
15.09.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан койо бербейт го...
16.09.2011. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akiykatty chygaryw kerek bolboso "zakonoposluwniy grajdanin" kinosundagyndai araket kylyw kerek jabyrlanuuchu tarap
16.09.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОМУРКУЛОВ болсо озуно жана уй-булосуно! Ал эми уч кишинин убалы кимде?! Акыйкаттуу сот жургузуу керек, тоок урдагандарды кесип жаткан бийлик, киши олтургондорду тим койсо, алардын оз абийри, жараткан Кудай соо койбостур!
17.09.2011. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы мэр болсо эмне болуптур?Жыргал доордо ойноп кулкусу келгендир да. Мына эми ошонун баарысы тешип чыкты. Кудайым бар,ал баарына тегиз мамиле кылат. Олтургон баланын да жазасын берет,пускай актасын,бирок Алла Таалама бул жакпагандыгы учун,ошол олгон адамдардын олуму учун бат эле бул дуйнодон кош айттырып коет.Биз оз алдыбызча мамлекет тузгон кундон баштап,законго каршы иш алып барабыз.
17.09.2011. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча эле жазам дегем,бирок пускайды билбей койдум.
17.09.2011. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El aldynda timele adilet bolgon Isa myrzanyn bashyna mushkul ish tuwuptur...Kandai bolbosun Azamat Isaev kolu menen jasaganyn ertebi ke4pi moynu menen tartat, sebebi KUDAI Adilettuu...
17.09.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртеби кечби жазасын алат да. Бирок менин оюмча ал бала камалбайт болуш керек.эртеби кечби жазасын алат да. Бирок менин оюмча ал бала камалбайт болуш керек.
17.09.2011. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал бала камалбайт болуш керек. Бирок тиги олгондордун арбагы деле жон коюшпаса керек. Кудай сактасын мындай кырсыктан.
17.09.2011. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигиттик кылып милицияга озу келип,куносун мойнуна алып,жазасын отош керек!Баарыбир кан коё бербейт деп коёт.
18.09.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким оз куноосу учун жооп беруусу керек!
18.09.2011. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде мэрибиз менен анын баласы жонундо гана кеп болуп жатат. А аудидегилерчи? рульда олтурган бала жана кыз уйлонмок, ал баланы жалгыз апасы баккан, Азаматтай атасы жок, а жанындагы жаш балачы? ашып кетсе 20жаш куруктагы бала эле. бул жерде ким куноолуу, аны жалгыз Жараткан гана билет жана жазалайт. Кайран кеткен жаш омурлор...
21.09.2011. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гопкон баланы соттоп атасын посттон ыргытып салыш керек а бирок андай болууга 1 % мен болсом ошондой копкондорду иттердей атмакмын
28.09.2011. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MERdin balasi bolobu prezidenttin balasi bolbu jazasin alsin akmak dese eldin akchasyna jirgap az kelgensip adam omurun kyiyp otursun jana kaza bolgondorgo moraldik jana materiladik jardam korsotsun ISA OMURKULOV.....
01.11.2011. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер машинанын номери мэрияга таандык болсо, атасын кошо жоопко тартыш керек болчу! Бизде чиновниктер кудай сыяктуу сезишет оздорун.Мыйзам баарына бирдей болушу керек.
Мен да ошондой ойдомун Мыйзам баарына бирдей болушу керек!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо