Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «АЙЧҮРӨК ЭКӨӨБҮЗДҮ ӨЧҮРӨ АЛЫШПАЙТ»

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

Айчүрөк Иманалиеванын тегерегиндеги ызы-чуулардын аягы суюлчудай эмес. Дегеним, бул жолу Динара Акулова кайрылды, “жок жерден Айчүрөккө жаман көрүндүм” деп. Эмесе, сөздү Динара Акулова өзү уласын.

– Динара эже, кабак-кашыңыз түйүлүп, капа болушуңузга эмне себеп болду?
– Бир күнү Айчүрөк чалат мага “сен мени жамандап жазган турбайсыңбы?” деп. “Эмне деп, кайсы жакта?” дедим, чочуп кетип. Анан “ушундай, баланча деген гезитке” дегенинен чын эле карасам, менин атымдан Айчүрөктү шыбаган материал чыгыптыр. “Айчүрөк экөөбүз эч келишпейбиз. Ал мүнөзү жагынан да, жүрүм-туруму жагынан да өтө начар айымдын катарын толуктайт. Кыскасы, мен Айчүрөктү жакшы аялзаты деп айтуудан алысмын...” деген сыяктуу ыплас сөздөр менен менин атымдан бирөө интервью бериптир.
30-40 жылдын ичинде мен бирөөнү жамандап, мага жамандык кылып жаткан учурда да эч кимди шыбаган жан эмесмин. Урушуп-мушташып, соттошуп кеткен учур болгон эмес менде. Канча интервью бербейин, оозумдан жаман сөз чыгарбайм, ошондуктан менин атымдан жазылган ал макала мага тиешелүү эмес деп кесе айтам. Айчүрөккө түшүндүрүп “бул менин интервьюм эмес” деп айттым.
Оозум ачылып, таң калып, аябай ачуум менен ошол гезитке барсам, “сизден интервью албадыкпы, сиз ушинтип айтпадыңызбы?” дешти. “Кандай кылып, кайсы жерден алдыңар эле менден?” десем, “телефон аркылуу алдык эле” дешти алар. “Телефон менен интервью алганда деле менин үнүмдү тааныбайсыңарбы, ырдап эле жүрөм го. Орто жолдон Айчүрөк экөөбүздү уруштургуңар келип жатабы?” дедим. «Кайсы номерге чалдыңар?» деп сурасам, таптакыр башка номерди беришти. Же диктофонго жаздырып алышпаптыр.
Алар айткан убакта Айчүрөк экөөбүз “Кыргызстаным” деген ыр жаздырып, студияда болчубуз. Атүгүл эгемендүүлүк күнүнө арналган концертке деле катышпайт болчумун. Айчүрөк мага “чыгармам бар эле, экөөбүз чогуу ырдайлы” дегенинен жок деп айта албай макул болгом. Кичинебизден чогуу өсүп, канча деген кыйынчылыктардан өттүк, балдарды болсо канатыбызга калкалап жүрүп бактык.
Ошол биз сахнада ырдап жаткан учурда саат 10:30 болчу, ал эми менин атымдан берилген макала басмаканага 11де кетиптир. Ушул жерден эле билсе болот, мен интервью бербегенимди.
– Динара эже, мунун аркасында бирөө турат деген түкшүмөл ойдо окшойсуз?
– Ары ойлонуп, бери ойлонуп, мунун аркасында бирөө бар болсо керек деген чечимге келдим. Атайын уюшулган сыяктуу болуп турат. Гезит болсо “эмки саныбызда тактоо берип, кечирим сурайбыз, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп менден кечирим сурашты. Эми алар кечирим сураган убакта деле ар кайсы сайтка жүктөлүп, менин атым жаманатты болду да. Эл-журт “Динарага эмне болгон?” деп таң калды болуш керек. Ушундай ак жерден күйүп кеткен өтө жаман экен. Керек болсо мындан жаман интервьюну окуп деле ичимден сызып калып кеткем. Бул жерде болбогон ушак, курулай жаманатты болуп жатат. Мен Айчүрөктү антип айтканга акым да жок. Айчүрөк үлгүлүү үй-бүлөнүн кожойкеси, мына жакында келин алайын деп турат.
Анан баягы адашкан номерге чалдым, эки күн өчүк болду, берки маекти жазгандар да чалып жатышты. Дагы чалсам, бир кыз алды, үнү мага абдан тааныш. Кайра ишенбей кыздарды чалдырттым, “сиз баланча дегенсизби?” деп айткыла” деп. “Ооба, менмин” дептир, тиги мен күмөндөп жаткан айым. “Сизден интервью алалы дедик эле” дешсе, “мен интервью бербейм. Надоели, экинчи чалбагыла” деп урушуптур.
Ошондо билдим, ал ким экенин, азыр атын айтып уят кылбай эле коёюн, менин атымдан интервью берген айымды. Ызы-чуу кылып сотко чейин баргым келбейт. «Бирөөгө көр казганча өзүңө ор каз» дейт. Анын бул ыплас кылыктары убактылуу гана.
Мен билем, аны жазган кыздар да акчага муктаж болуп азгырылгандыр, жаш кыздар экен, көп нерсеге түшүнбөгөн. “Ушинтип айт, мен аялзаты болгондо минтип айтмакмын” деп эркек башы менен интрига жараткан эркек турат мунун артында. Анан бир кызык жери, бир сайтка Айчүрөк «Динара ал телефон Жанара Атабекованыкы экен деп айтты» дептир. Жанара менин келиним, мага андай кылбайт. Айчүрөк да сөзүн абайлап айтса болмок. Курулай жерден Жанараны күнөөлүү кылбай.
– Сиз Айчүрөк эже менен чогуу болсоңуз, сизге ишенгендир?
– Чынында, аябай жаман болдум. Ал эми Айчүрөктүн абалы менден эки эсе начар болгонун сезип турам. Аны жазгандар моралдык жактан доо кетиргени үчүн кечирим сурабаса да, мен Айчүрөктөн кечирим сурайм. Эки дөө урушса, ортосунда бейажал чымын өлөт болуп, орто жолдо мен калдым.
Кудайга койдум, бирок Айчүрөк экөөбүздү уруштурганга, жок кылабыз дегенге алар эми кечигип калышты. Биз жаш эмеспиз, жаңы ырдап чыгып келатсак, ошентип өчүрүп коёбуз дешсе болот эле. Азыр бизди жаманатты кылып жок кыла алышпайт. Эл билет, кимдин ким экенин. Канча жылдан бери мындан жаман интригага чыдап келгем. Айчүрөк экөөбүз бири-бирибизге «сен» деп урушкан эмеспиз. Канча жерден жолугабыз, саламыбыз түз. Ошондуктан эл чындыкты билүүсүн туура көрдүм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(38)
12.09.2011. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эстуу айым. Илгери ушул эле Айчурок козун эле корсоткон афиша тууралуу бул айым менен да кыжылдашса керек эле. Анда да, "Мен Айчурокту сыйлаймын, ырчылыгын баалайм" деген ондуу тынчтыкка келтируучу создорду айтып, сыпайы гана жаап койгон баарын. Ошондо бир баа бергем, азыр да баа берип турам.
16.09.2011. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, ооба, корунушунон эле кандай эстуу аял экени корунуп турбайбы
12.09.2011. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми динара калыптыр да айчурокко не болгон баары менен урушуп соттошуп эле
12.09.2011. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчуроктон башканы эле жазгылчыыыыы, журогум айланып калдыыыыыы
12.09.2011. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урааа,Айчурок сериалы башталды.Откон аптада Айчурок сериалы болбой Кызыксыз отту.Эми Динараны да коробуз канчалык ажаан экенин, жакшы кундор отуп жатат негизи...
13.09.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakiev_kurmanbek, лапух ты и мусор
15.09.2011. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joysin77, Я те и всем покажу кто мусор.Я жив и здоров я вернусъ...
16.09.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joysin77, Ошону айтып боктун ысыгын жепсин сен
12.09.2011. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakiev_kurmanbek, сиз олкодон качып кетпединиз беле ;)
13.09.2011. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pozitiff, oy, tochno
12.09.2011. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин эл ушундай тупой калк да, бул эки ырчы сериял эмес. Сен тороло электе чыкан эл ырчысы жакшы билбесен бир аз ата- энеден сура алар кандай ырчылар экенин билсе керек, ким эмне деп жазса дагы абирсиздер десе, мен ал ырчыларды сыйлайм и жакшы ырчылар экенин баалайм а беркил жамандап жазгандарга айтарым колундан эч нерсе келбешин билип ал.
12.09.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganulai, озун тупой болсон боло бер! Биздин эл деп коет, элден айлангыр! Каждый по себе судит болуп жатат окшойсун го.
13.09.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganulai, мынча не алам болдунуз
14.09.2011. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganulai, ты за себя говори!
12.09.2011. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушу биздин олкодогу урушка же бир интригага туш болгон белгилуу инсандарды тушунбойм! Мамлекет. кызматкерлер баш болуп, ырчылар тош болуп атын айтпай эле коеюн ким экенин деп эле турушат! Ак жеринен каралап куйдуруп аткандан кийин айтпайбы кайсы бети жок экенин. Албетте ачык айтышпаса анан Жанаранын аты же дагы бироонун аты жон жерден чыгат. Же бул кайра эле пиар. Колдуктор бетке айтчу эле тарс эттирип эле, Динараны тушунгон жокмун айтпайбы, болоор иш болгондон кийин. Айчурок аман эле болсун
12.09.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экөө тең начар аялдардан,
12.09.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чиновниктердики жетишет эле озу,ырчылар жон эле журушподу да.биринин к... бири чукуп.
13.09.2011. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanybay,буаха ха ха
12.09.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже, таланттуу эже. Ишинизге ийгилик !!! А калганы оз иштерин жакшы корушпойт жана баалай албайт.
12.09.2011. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заманыбыз тынч болсун бул дуйнодо аз эле жашайбыз ошон учун татыктуу жашайлы урушпай талашпай
12.09.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто бул ырчы эжекелерге больше ничем себя пиарить болуп калды окшойт... Элди жийиркентип алабыз деп ойлошпойт окшойт. Андан коро ырлары менен кубандырса болот эле...
12.09.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aichurook ejeni biz jakshy korobuz,suiobuz,syilaibyz!!!
Ishinizge iygilikterdi kaalaibyz!!!
12.09.2011. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El durboso eshek kosho durboit bolbogulachy ustudogu koro albastar!
12.09.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже менен Айчүрөк эженин дуети сонун экен Алина ежени да кошуп алышса болмок екен,жыл өткөн сайын булар да ески ырчы болуп бара жатышат.Ушакка алдырып бири бириңздерге сыйыңыздарды кетирбеңиздер,душманыңардын табаасын кандырбаңыздар!!!Сиздер элдик кишисиздер!
12.09.2011. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminali, туура айтасын сага кошулам.ынтымак баржерде ырыс бар. так что бул менин девизим.
12.09.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карыганда тынч эле отурушса болмок да.муну да короалбаган душмандары кылып жатышат да.эмне дейбиз .Айчурок эже сиз тушунукту эле .айымсызго. акылыныз болсо териштирбей эле дальше жаны жаны ырларынызды жаза бериниз.бекер ден соолугунузга зыян келтирбей.Аллахым баарыбызга ыйман берсин....билем баарибир сиздерди эч ким уруштура албайт.
12.09.2011. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu yrchylar chyrynardy but olkogo bildirip turuunar zarylby??? jon ele chernyi piar kyla beresinerbi? bir biriner menen sotoshsonor dele kelip gazetaga maktanasynar jarashsanar dele aitoor silerdin chyrynar tugonbos boldugo! je bir maanisi manyzy jakshy yr chygarbaisynar!!! chygargan yrynar ashyp ketse 1 ai gana hit bolot!1 aidan ashkan son any kim yrdaganynda unutushat! yryspai abdykadyrovdoi je chubak sataievdei tubolukko kalchu yrynar da jok!
12.09.2011. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinara jana Aichurok ejelerdin kylgan emgegin,koo jaap jatkan "ANONIMKA" soroilor birin da kyla albagandan kiyin ich kuiduluk,koro albastyk kara niettuuluk m-n iw alyp baryp jatywat,"ak iyilet synbait" emespi, urmatuu bizdin ejekeleribizdi ech kim syndyra albait!Bar bolunuzdar Aichurok & Dinara ejekeler!Biz sizdedi urmattaibyz syilaibyz!
13.09.2011. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже сиз малоч адам кечиримдуу болуш керек!
13.09.2011. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prokuror, малоч деген не
13.09.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm... ne deyli aman bolgula deyli,urushpagyla silerdi "Emgek sinirgen artist" dep koyot ejekeler,birok bokubai sokubaiynardy ushul gasetaga kelip aita bergeniner iiiiiittei tajatty da G.Satylganovadai boluuup tynch ele juro berbeisinerbi deim da ottoshup sottoshpoi!!!
13.09.2011. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балык башынан сассыйт деген ушу дабалык башынан сассыйт деген ушу да
13.09.2011. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык ... деген буларга туура келбейт. булар эмне башчы болуп калыппы... Динара чын эле ак болсо "мен соттошпойм" дебей эле ошол газетаны, ошол журналистти сотко берип койсо тубу чыкмак да, антпейби, демек бир илинчеги бар.
13.09.2011. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотко берсе абийир табат деп ойлойсунбу?Андан коро туура кылган.Азаматсыз Динара эже.Соттошсо ал кара пиар болуп калмак.Пиарсыз эле Динара эжени элдин баары жакшы билет
14.09.2011. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы адам эч качан мындай иш учун сотко барбайт даже озун актоо учун да,динара эже туура кылат
14.09.2011. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
очередной пиар го ээээээээ
15.09.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейсин кимиси чын айтып жатканын кудай эле билбесе
18.09.2011. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kimdir biroo koralbagan boldu da kantip ele uwunday bolsun
azatmatsyz dinara eje
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо