АЙНУРАДАН АШАР КОНЦЕРТ

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

Аталышы – “Кусалык”
Башталышы – 20:05 (35 мүнөт кечигип башталды)
Билет баасы – 150-300 сом
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 70 пайызы
Алпаруучу – Турусбек Жумалиев
Катышуучулар – Санжар Бердибеков, Роза Шакирова, Мирлан Баеков, “Жоролор” тобу, Ынак Осмоналиев, “Кеңеш” тобу, Мая ж.б.

Ишемби, 3-сентябрь. Спорт Ордосунда “Кусалык” аттуу Айнура Салахидинованын концерти болуп өттү. Алгач Ордонун ичине кирбей туруп, сыртындагыны айтайын. Концерттин билеттери “распродажа” эле болду. 300 сомдук билетти 150 сомго сатышып, тутамдап билет көтөргөндөр эле көп. Ошентип, “мына арзан билет, менден алгыла” деген кыйкырыктар басаңдап калганда залга кирдик. Партердеги оюлуп-оюлуп калган байкуш отургучтардын оңдоло турган күнү бар белем, партердин эки капталы отургучсуз бош калыптыр.
Сахна суз жасалгаланыптыр, сары жалбырактар илинип, күздүн белгисин берейин деген ойдо болсо керек. Кыргыз көйнөкчөн көйкөлүп Айнура чыкты сахнага “меникиндей арман барбы?..” деп сыздап ырдап. Сахнанын оң капталына илинген экрандан клиби кошо кетип, эл Айнураны карабай эле башты оң жакка буруп, экранды тиктеп клип көрүштү. Толкунданган ырчы эл менен учурашып туруп, дагы эки ырын ырдады. Жай, армандуу сүйүү тууралуу ырлар көп аткарыла бергенге келгендер термелип ыр угуп отурушкан. Бул тынчтыкты “Жоролор” тобу бузду. Жаш куудулдардын элге жакын темадагы сатирасы боорду эзип, залдан каткырыктар чыга баштады. Мирлан Баеков визиттик карточкасы болгон “Кызыл өрүгүн” эмес, “Каниет” аттуу ырды аткарып, шатырата кол чабууларга арзыды.
Кайрадан сахнада Айнура. “Тар болуп дүйнөм, териме батпай баратам...” деп буулугуп ырдап жатат, угуп отуруп куш уйку салып кетипмин. Роза Шакирова чыга калып “аа-аай, жүрөгүм, ай, жүрөгүм, аа-ай” деп бакырып ырдап, көзүмдү фонардай ачып жиберди.
Ырчы достору тамашалап айткандай, “аппак кыз” атка конгон Айнуранын “карап тур, мен сени сүйдүрүп албасамбы” деген ыры бойдок жигиттерди “айт-уйт” деп кыйкырганга аргасыз кылса, апасына арнап чыгарган ыры залдагы аялзатынын жүзүнө кубаныч тартуулады. Көңүлүн кыя албай келгенби же көңүлүнө жакындын баарын чакырганбы, айтор, көп ырчы катышты. Улактай секирип бийлеген Нурлан чунак “Эркелетсемби” аттуу ырын ырдап жатса, экранда “Жоопсуз сүйүүсүнүн” клиби көрсөтүлгөнү калпыс болду.
Антракт узакка созулуп, “эу, башта, светти өчү-үр” деп амфитеатрда отургандар чыдабай кыйкырып баштаганда бийчилер чыкты. “Жаз”, “Тату” деген бий топторун билбейт экем, бирок такшалыш керек экен бий жактан ал кыздар. Болбосо, сөлөкөтүн көрсөткөнү бекер. Кыскасы, төрт көйнөк которуп, сегиз ыр ырдаган Айнуранын концерти башка ырчылардыкынан эч айырмаланбаган катардагы ашар концерттин бири болду.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(11)
12.09.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm da negizi bul ejebiz dagy bir top yrlardy jaratyp anan jeke konsertin berse bolmok emnege an4a wawty aitor ozunun avtoritetin tuwurup aldy go deim
12.09.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таң атпай келип Заманада жургөнүнөн камсанап калдым эле концерт берет турган киши саат 12де сахнанын жасалгасы бутөт анан салондо болом деп ооз учунан айтып жаткан барбаганыма суйуном кызыгы билеттин сатылышы болуптур го
12.09.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
быйыл шашпай ,бир эки жылдан кийин концерт берсе болчудай..же срочно акча керек болуп калган го.лично мен бекер концертине да бармак эмесмин
12.09.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozynyn aftoritetini tywyrboi bawka ele jumuw menen alek bol4u,suranam...
13.09.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен урдум-соктум концерттерге барбайм,барып да көргөн эмесмин.Токтогулдук ырчылардын концерттерине эле барбасам...Концерт деп мына ошолордун концертин айтам.Үн десең үн,өң десең өң деги койчу талантуулардын накта талантуулары!!!Токтогулдан "эптемей" ырчылар жок!Болгон эмес,болбойт дагы!
14.09.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы, бул ким деген? Орус атын койую алып адыраңдап оозду тырмап катындай биякта ушактап жатат. Ииииий, уят, уят Толяша сынча. Позор.
Бизде бир макал бар "Жаман катындын - оозу тынбайт". Толик, сен жөн эле тынччы, суранам, өзүндү уят кылбай эле калчы.
14.09.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IlyasMasirov, Айнуранан бир тууганы болосунбу же пир тутасынбы, билбейм, бирок чындыкка чычалай турган сен эмес. Сен Айнуранын фанатына айлангыча Толик далай концертти болгонун болгондой жазып келет, акты капкара деп коолобой. Ошондуктан,бул жерде Толикке асылбай "атандын кору, жакшы уюштуруп жалгыз ырдаса болмок" деп сан чапкылап кумирине куйуп-бышып чындыкты айтсан мен тушунмокмун.
22.09.2011. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба да, биздин ырчыларды сындап турбаса...кыргызчасынан боло берет деп эптемей концерттерди койо беришет...
23.09.2011. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik sicni tuura ele iw jazap jatat dep oyloym. adamdin osuwu uchun, sin kerek da. zamira sen toktogulduk bolgonun uchun aytip jatasin da emi. bew kol ten emes. oylon
24.09.2011. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сынагандан мурун адам озун билиш керек.мейли аракет кыла берсин.жакшы ырдайт.Сынагандан мурун адам озун билиш керек.мейли аракет кыла берсин.жакшы ырдайт.
27.09.2011. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu tolik sinchi katira sindait negizi birok kim boldu eken Alikul osmonovdun chigarmasindai men dele kim boldu eken dep oilono berem azamat Tolik mirza
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо