БЫЙЫЛ СӨЗСҮЗ КҮЙӨӨГӨ ТИЕМ!

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

Учурда “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием!” аттуу комедия Тарых музейинде коюлуп жатат. Аталган фильмге биз да барып, көрүп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Тасманын баш каармандары комедия тууралуу биз менен ой бөлүшүшөт.

– Жараткан образың өзүңө жактыбы?
Даниель, ырчы: Сценарийди окуп чыкканда эле тасмадагы образым өзүмө жаккан. Дарыгердин ролун аткаруу мен үчүн татаал болгонуна карабастан, образды ачып берүүгө аракеттендим. Башында образга кире албай жаткам, кийин көнүп калдым.
Чолпонду узатып жатаканага келгенде ага Максат коңгуроо кылып суук кабар угузат. Ошондо Чолпон ыйлай албай кыйналды. Мен ага кайгылуу ырлардан ырдап берип турган болчумун, ыйласын депчи. Ошентип жатып бир топтон кийин ыйлаган.
Экөөбүз өбүшкөн жерде да “аткарбайм, уят эмеспи, жакындарым көрсө эмне дейт?” деп жатып араң аткарды.

– Съёмка учурундагы кызыктуу окуялардан айта кетсең...
Бегимай Эсенгулова, ырчы: – Күлкүлүү окуялар көп эле болду. Башында тажрыйбам жок болгондуктан, камерадан аябай сүрдөдүм.
Жайлоодо кыздар менен эшек минип жүргөн эпизод бар эле. Ошондо Чолпон экөөбүз бир эшекке тыгылып отуруп алганбыз. Мен мине албай кыйналдым. Үзөңгүдө Чолпондун буту бар болчу. Эптеп минсем, эшек аябай “скоростной” экен. Элестет, эки чоң эле кыз кичинекей эшекти минип алып дикилдеп кетип баратканын. Анан мен креолинге түшүп кеткен жер бар, ошондо кыздар кебетемди көрүп каткырып күлүш керек болчу. Бирок алардын мага боору ооруп “бул ыйлап жатса кантип күлмөк элек?” деп болбой коюшкан.
Ал эми Максат менен өбүшкөн эпизод аябай кыйын болду. Баары сени карап турса уялат экенсиң. Тиякта Динара эже “ай, болбойсуңбу эми!” деп шаштырса, Максат “давай, быстро сделаем” деп боорду эзип жатпайбы. Ошол жерин эптеп кыйналып жатып аткардык.
Назира Айтбекова кыздар менен мушташкан жеринде да тиги кызды бетке чаап алып, кайра “и-ий, кечирип койчу, катуу тийдиби?” деп кечирим сурап алат. Анда Динара эже “сен биринчи катуу чаап туруп анан кечирим сурасаң!” деп урушат, айтор, кызык эле болду.

– Тасмадагы образың жөнүндө айтып берсең...
“Non-Stop” дуэти, Максат: – Фильмде мен жатаканада жашаган катардагы студентмин. Алгач Бегимайдын жакын досу болуп, кийин ортодогу достук сүйүүгө айланып кетет.
Кинодо Назира эжени машина уруп кетип, ошол эле маалда “Бегимай милицияда” деп Чолпонго телефон аркылуу айткан жерим бар. Ошол жерден эмоция жетишпей кичине кыйналдым.
Анан аянтта Бегимай экөөбүз машинада сейилдеп жүргөн эпизодду тартып жатканда өткөн-кеткендер бизди карай берип аябай уялтышты. Негизи, баарыбыздын кино жаатында тажрыйбабыз жок болгондуктан, тартылууда кыйынчылыктар болду.

– Фильмге чейин эшек минип көргөн белең?
“Non-Stop” дуэти, Чолпон: – Өмүрүмдө эшек минип көргөн эмесмин. Бегимай экөөбүз эшекти мине албай аябай кыйналдык. Бирок отуруп алгандан кийин жагып калып кечке түшпөй жүрбөдүкпү.
Суусамыр өтө суук экен, бирок жайлоодо кымыз ичип эс алганга не жетсин?! Жамгыр алдында кийимдерибиз суу болуп, Даниель экөөбүз өбүшүп турган эпизоддо аябай үшүдүк. Анткени ошол күнү жамгыр жаап, күн суук эле. Анан ага кошумча үстүбүздөн дагы атайын кран менен суу куюшту. Экөөбүз үшүп-тоңуп жатып араң аткарып бердик.

– Кайсы эпизодунда өзгөчө кыйнал­дыңыз?
Бакыт Байсариев, бийчи: – Профессионал актёр болбогондон кийин баары бир кыйын экен. Назира экөөбүздүн машинада урушуп кеткен жерибиз бар. Ошол эпизодду ойноо оорчулук туудурду. Эки жакка өткөндөр бизди колдору менен көрсөтүп, өзүмдү ыңгайсыз сездим. Баары сенин кыймыл-аракетиңди карап турса, бир чети сүрдөсөң, бир чети уялат экенсиң.

– Кайсы эпизодду үч-төрт дубль менен тарттыңар?
Назира Айтбекова, телеалпаруучу: – Мени жолдон машина коюп кеткен жерин аткаруу оор болду. Жаным ушундай таттуу десең, машина келатса эле мени сүзүп кете тургансып качып кетем. Машина коюп кетип жерге жатып калганымда эл келип, кээ бири МАИни чакырып, “байкуш кыз...” деп чөнтөк телефондоруна тартып өзүнчө эле трагедия болуп кетти. Алар билбейт да бул кино экенин.
Анан Бакытты сүйүш өтө кыйын болду. Динара эже мага “сенин жолдошуңду бирөө тартып кеткени жатат, ошону элестетип ыйла” десе, мен такыр элестете албайм десең. Кыздар менен мушташат эмеспизби, ошол жери да кыйын болду. Тиги кыз айтып жатпайбы, “Назира эже, катуу, катуу эле чаба бериңизчи. Менин сизге жиним келиши керек да” депчи. Динара эже “бол эми, жамгыр жаап жатат” деп шаштырганынан эптеп аткарсак, ал дубль кийин жарабай калыптыр.

P.S. Тасма тууралуу кененирээк маалыматты кийинки сандарыбыздан табасыздар.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(24)
12.09.2011. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушул киного баргым келип калды!
12.09.2011. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек экен
12.09.2011. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsizdarbi,internetten korso bolobu?
12.09.2011. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бла бла бла, бул кино эмес, бул фильм! даже ералаш жакшы тартылат!!!!!!
13.09.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gang_UTK, Kinonu korup koygondoy Koro albastyk menen aytip koydungo!!
14.09.2011. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пиратический версиясы болсо керек?..кинотеатрдан тартылган.
14.09.2011. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага кино аябай жакты,соонун тартылган жана абдан жакшы образдарды корсото алышкан. Молодцы
14.09.2011. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу эмне ырчылардан башка актерлор калбай калса да ,мыкты актер балдар кыздар коп эмне ырчы ырчы киного тарта беришиет же аткара алышса десенерчи кыргыз киносунун коркун кетиришип фууууууууууу
19.09.2011. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dioro, сага толугу менен кошулам. Азыр жаны чыгып жаткан актерлордон тартышса болмок. Азыр чон жерде иштеген таанышын жок болсо, талантын бар болсо дагы баарибир которуло албайсын. Бул тасма озу эле корсотуп турат. Бут эле режиссердун тааныштары, достору, туугандары тартылган. Мен атайын кинотеатрга барып жаны кино коройун десем, ушул тасма экен корбой кетип калдым эле. Элдердин айтканына караганда жакшы эле кирбептирмин.
15.09.2011. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги ушу Назира мага жакпайт. Суйлойт десе эле суйлой берет.
15.09.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи коруш керек,а потом сындаш керек...Бирок негизи эч кандай талантуу актриса актерлордон эч ким жок экен,кадай болду экен деген суроо туулбай койбойт!!!
15.09.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино экен туугандар мен кордум,комедия айабай ичим эзилип кордум...
15.09.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кино экен! Азыркы убактагы Кыргыз кинолору кундон кунго жакшы болуп баратат. Тарых музейинде оорун жок , жада калса элдер туруп корду.
15.09.2011. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
көргүм келип атат!!!
17.09.2011. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janusia-эн туура айтасын,Назиранын тантырап суйлой бергени кыжырынды гана келтирет
17.09.2011. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okup 4ygyp kyzyk bolup kaldy koruw, birok ka4an nasip etet eken koruw.
17.09.2011. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оштук ким эмне десе ошол дей бересинби озун кандай адамсын ойлонуп суйло
18.09.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото уят туугандар, ушул да кинобу? Маданиятыбыздын томон экендигин айгинелеп коюшуптур, КИнонун максаты акча табуу жана типа звездаларды даназалоо экени айкын!! эч болбосо озбектерче тартсанар болмок, жасалма баары, эгер эми билет сатса 50 тыйынга да алмак эмесмин, кинону акырына чейин коргум да келбеди
18.09.2011. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммда...Комменттерди окусам вроде кызыктуудай бирок,аткаргандар профессионал актёрлор эмес да.Ошон үчүн,көрүп алып анан сынабасак болбойт го.Инеттен онлайн качан көрсөк болот экен?
19.09.2011. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кинодон артта калганбыз. Ал учун актерлорубуз оригиналдуу эмес.алар коп коп образ аткарышса,анан актер болот да. Алар аткаргандан кийин да компьютерден жасап тузошот. Томондогуну окуп чыгып кулдум чын эле.киносун коро элекмин
19.09.2011. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
по рассказу интересно,хочу посмотреть,а когда диск выйдет?с удовольствием в кинотеатр но не могу
25.09.2011. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кордум жакшы эле кино экен эми жаштарга да, женил желпи менин ойумча 30 га чейинкилер корсо болот
27.09.2011. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ Zhan элдин баары эле сендейби экен! ар кимди сынап коюп! Барып хотя бы жарым сааттык кино тартып корчу! Онойбу экен! сени бироо билет ал деп атыптырбы! дальше отура бер озунду ачып перед компом!
27.09.2011. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Люди хотя бы стараются что то делать! сага окшобой,баары эле сендей болсо азыркыга чеин деле пещераларда чийки этти жеп коюп отурмакпыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо