ТАШТАГЫ ЖАЗУУ

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

Илгери-илгери бир айылда кичинекейинен бери дос болгон Адылбай жана Жаркынбек деген эки киши жашаптыр. Алар кайда барбасын, чогуу барып, чечилбеген маселелерди да чогуу чечишчү экен. Бир күнү алар чөлгө саякатка чыгууну чечип, сапарга даярданышат. Тамак-аштан мол алып, жолго чыгышат.
Күн ысык. Экөө көпкө жүрүшөт. Кимисинен кеткени белгисиз, айтор, бир убакта эки дос уруша кетишип, Адылбай досун шапалак менен эки-үч жолу катуу чаап жиберет. Таарынып калган Жаркынбек үн катпай тултуюп кете берет. Бир убакта бадалдын түбүнө эс алганы отурган маалда Жаркынбек кумга “Досум мени шапалак менен чапты” деп жазып коёт. Аны окуган Адылбай унчукпайт.
Ошентип, эки дос сүйлөшпөй дагы көпкө жүрүшөт. Бир убакта катуу шамал болуп, Жаркынбекти алып учат. Ошондо Адылбай болгон күчүн жумшап досун сактап калууга үлгүрөт. Кайрадан алар жол улашып, чоң таштын жанына келгенде эс алмай болушат. Жаркынбек отурардан мурун ошол ташка “Мени досум өлүмдөн куткарып калды” деп бадырайта жазат. Досунун бул кылганына таң калган Адылбай:
– Жаркынбек, мен сени урганда кумга “досум мени чапты” деп жаздың. Эми болсо ташка “досум мени өлүмдөн сактап калды” деп жазып койдуң. Неге минтип жазып жатасың? Айтчу нерсең болсо бетиме эле айтпайсыңбы?- дейт.
Анда Жаркынбек:
– Ээ, досум, мында бир чоң сыр жатат. Эгер жамандыкты кумга жазсаң, аны шамал бир заматта учуруп салат. Ал эми жакшылыкты унутпаш үчүн ташка жазуу керек,- деп жооп берет.
Ошентип, Жаркынбек досун сөзгө жыгат. Ал эми досунун акылына баа берген Адылбай Жаркынбектен кечирим сурап, аны мурдагыдан да сыйлап, урматтап калган экен.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
20.09.2011. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сооонун экен,дайыма ушул притчаны колдонуп журбосом,созго жыгып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо