БУЙРУК БОЛСО...

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

«Ар бирибизге түгөй буюрган... Адам баласы эмес, асманда канатын жайып көккө учкан чымчыктын да түгөйү бар” деп бала кезимде атам көп сөз кылчу эле. Кийин буйрук деген нерсенин чын экенине өз тагдырым далил болду»,- дейт Чынара катында.

– Артымдан чуркап, арзуусун айткандар арбын эле болду. Алардын арасында менин биринчи махабатым Кеңеш да бар. Төрт жыл кол кармашып жүрүп, арзыбаган таарынычтын айынан бири-бирибизден кол үзгөнбүз. Ал үйлөнүп-жайланды. Мен да андан кем калышпайын деп өмүрүмдө бир гана жолу көргөн адам менен турмуш курдум.
Тагдыр эч качан адамга баш ийбестигин өз убагында сезбегениме кээде өкүнүп кетем. Үй-бүлөлүк жашоомдо казан-аяк кагышып, болбогон нерседен чыр чыкчу болду. Жолдошум Замир башында жакшы эле көзүмдү карады. А бирок акыры эки ача жолго түштүк.
Билем, баарына өзүм күнөөлүүмүн. Себеби бактылуу турмушту Кеңеш менен гана элестетчүмүн. Ажырашканымдан 4 жыл өтүп, бул жылдар ичинде адвокаттык контора ачып, өз алдымча иштеп калууга да үлгүрдүм.
Бир күнү эле жумушта кагаздарды карап отурсам, эшик тыкылдап, башымды көтөрө сала узун бойлуу мырза менен тиктешип калдым. Бир заматтын ичинде жер астын-үстүн болуп кетти. Босогодо турган мырза менин Кеңешим болчу. “Бул күндү мен канча күттүм? Канча жаздык менин көз жашыма сууланды эле? Анын бирин да билбейсиң...” деген ичимдеги бушайман ойлорумду, таарынычымды жашылданган көздөрүм айтып турду. Кеңеш да өзүн жоготуп койду, себеби бир кездеги махабатыбызга анын кежирлиги чекит койгон. Көпкө чейин унчукпастан, көз караштарыбыз бири-бирибизди күнөөлөгөнсүп, биринчи сүйлөгөнгө моюнубуз жар бербей тургандыгын сезип турдук. Бул тирешүүдөн мен жеңилдим окшойт, кармана албай “төргө өтүңүз” дедим. Маңдай-тескей отурдук. Акыры ортобузду сөз аралады:
– Кандайсың?
– Жакшы... Өзүң?..
– Иштериң кандай?
– ...
– Ден соолукчу?..
– Ден соолугум жакшы эле, турмушумда бир аз кыйналып калдым...
Кеңештин чачын ак басып, жүдөгөнсүп, өңү азып калыптыр. Акыры “жубайың кандай, бала-чакаң?” десем, кабагы бүркөлө түшүп: “Жылдыздан айрылып калгам... Кудайга шүгүр, балдарым аман калганына”,- деп терең үшкүрүндү. Көрсө, Кеңеш үй-бүлөсү менен жол кырсыгына кабылып, жубайынан айрылып калган экен. Анын мындай абалына боорум ооруп, алып келген кагаздарын бүтүрүп, жылуу коштошуп, жолго салдым.
Эки жумага жетпей бир документтерди шылтоо кылып Кеңеш кайрадан кеңсеме келди. Өткөн-кеткенди эстеп сүйлөшүп, ортодогу таарынычтар жазылгансыды. Башында тээ жаш кезибиздей ынак достор катары сүйлөшүп жүрдүк. Акыры кайрадан сүйүшкөндөргө айландык. Арадан эки ай өтүп, Ысык-Көлгө экөөбүз бирге эс алганы бардык. Ал жактан Кеңеш баш кошууну сунуштады. Мен бул көп жыл бою күтүп, эңсеп жүргөн сунуштан баш тарта албадым. Ошентип дароо эле эки баланын энеси болуп калдым.
Тагдырыма ыраазымын. Менин текке кеткен мурунку жашоом акыры мага бакыт тартуулады. Бир жылдан кийин үйүбүздө ымыркайдын үнү жаңырып, үй-бүлөбүздү кичинекей кыз толуктады. Көрсө, буйрук деген ушул турбайбы.

Чынара

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(18)
19.09.2011. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бакытыныздан кудайым эч качан айрыбасын!Эже бактылуу болунуз ылайым!
19.09.2011. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кандай сонун
19.09.2011. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, бешенеге жазганы болот да, андан качып кутулганга же озгортконго эч кимдин кудурети жетпейт.
19.09.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз!
19.09.2011. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай кызык окуя мен ойлочумун кинодо гана болот деп корсо... бирок билем кино деле турмуштан алынат эмеспи негизгиси бактылуу болгула эмки кармашкан колунар туболуктуу болсун.
20.09.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинодо эле болот мындайлар...
21.09.2011. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да...! тагдыр оюну!
22.09.2011. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuz men da bir jigit menen uzak ubakyt suilowup ekoobuz bat ele taarynywyp kettik birok anyn kaira keluusuno kozum jetpeit a ozum bolso jakynda turmuwka chygam anyn k-ki jawoomo aralawuusun kaalabaim
27.09.2011. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiluu bolgula
27.09.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болсун !
27.09.2011. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun okuya eken. Maga abdan jakty. Eje, baktyluu bolunuz! Happy endder ar daiym kop bolsun!sonun okuya eken. Maga abdan jakty. Eje, baktyluu bolunuz! Happy endder ar daiym kop bolsun!
30.09.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх...тагдыр да. Сонун окуя экен. Бирок кыска-нуска. Эмнеге урушканын да жазып койбопсуз даа....
04.10.2011. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээхх....
07.10.2011. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынара, буйрук деген ушу да,суйгонуно жетипсин,бактылуу болгула! мен жетпей калдым,чечкинсиздик кылып жигитим уйлонуп алды,бирок дагы эле суйлошуп,жолугуп турабыз, ар бир жолугууга чейин жана кийин созсуз ыйлайм, 4айга карап баратат,же коз жашым тугонбойт,же жолукпаганга эрким жетпейт. Козумду жумуп башкага турмушка чыгайын десем ылайыктуу адам да жок. Аялы м-н бактылуу экенине козум жетпейт,акыры кайра мага келчудой эле сезиле берет.Бул суйуубу?Дагы канча убакыт кутом? Такыр эле карып кетем го?
04.09.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bermettai, сен кучтуу бол, юолбосо бир семьяны бузасын. Ал токтотпосо сен токтот. Бул сага кенешим. Аны унут. Айтыш оной бирок сен чыда и колундан келсе чет жакка кетип кал. Пусть озу да ойлонсун озу да окунсун что сенбей кызга уйлонбогонуно. Сага бакыт и денсоолук каалайм. Омурлуу бол чыдамкай бол. Менин сага кенешим....
08.10.2011. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bermettai ekoobuz menimche okshoshpuz birok men jaktyrgan adam uilono elek men bargycha uilonso kerek. kantip chydaim bilbeim. Karygandy aitpa. kimge tiem.
18.10.2011. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле баары буйруктан....
30.10.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыт отуп баарын унутса болот,адамдын озундо унутам созсуз деген максат гана болуш керек деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо