Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМ ЖАН БАГЫШ ҮЧҮН ТҮРМӨДӨ ЭЛЕ АР КИМГЕ ҮЙЛӨНӨТ»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

Бир учурда эле адамды сүйүп жана жек көрүүгө мүмкүнбү?.. Ооба же жок деп айтуу өтө эле оңой нерсе. Бирок биздин каарманыбыз Гүлнурга бул суроого жооп берүү өтө эле кыйын болуп турат.

“АЛГАНЧА АЛТЫНЫМ...”
– 2010-жылдын 14-август күнү Новопокровкадагы №3-абакта камакта жаткан досумдун абалын сураганы курбум экөөбүз барганбыз. Бир аз сүйлөшүп отуруп, эми чыгалы деп жатсак, бир дос баласы камерага кирип келди. Узун бойлуу, кара тору, жылдыздуу мырза экен. Эски тааныштардай болуп биз менен жылуу учурашып, колун сунуп “атым Мирлан” деди жылмая. Ошол эле күнү кечинде мага телефон чалып, ар кайсыны сүйлөшүп калдык. Жанымды койбой, “сени дагы көрбөсөм өлөм” деп тамаша-чынга салып, сөз арасында айтып жатты. Эртеси таң атпай телефон чалып, “жаным, ойгондуңбу? Сени аябай көргүм келип жатат, такси менен эле тезирээк келе калчы” деп жалдырады. Жолугушуу бөлмөсүндө экөөбүз тиктешип көпкө отурдук. Анан ал “сени көргөндөн бери жаным жай таппай жатат” деп арзуусун айтты. Биз, аялзаты табиятыбыздан ушундай ишенчээк болот экенбиз. Ошентип, экөөбүз кыз-жигит болуп калдык. Ал мага “катасыз жашоо болбойт экен. Башында “Кумтөрдө” иштечүмүн. Шаарда бир эмес, эки үйүм бар. Бирөө жиниме аябай тийгенинен катуу сабап койдум эле. Ал арызданып, ар кайсы жакка кайрылды. Акыры “мага үйүңдү бер” деди, мен көгөрүп бербей койгом. Ошол жоругум үчүн бул жакта отурам” деп кейип-кепчип айтып жатты. Билбейм, эмнегедир ал эмнени айтпасын, баарына ишене берчүмүн. Адамдарды ишендирүү боюнча ал чебер экенин кийин түшүндүм.
Чын дилинен сүйүп жаткандыгын далилдегиси келдиби, апасы, бир тууган иниси менен телефондон тааныштырып, мамилебиз аз болсо да бекемделе түштү. Ошондон баштап менин жашоом экиге бөлүндү. Бири абактагы Мирлан болсо, экинчиси эркиндиктеги кадимки жашоом. Дагы бир жолугушуу учурунда Мирлан “бири-бирибизди чындап сүйсөк, неге нике кыйдырбайбыз?” деп баш кошууну сунуштады. Таанышканыбызга болгону 10 күндүн жүзү болгон. Ошентип, 11 күн дегенде абактын бир бөлмөсүнөн экөөбүз нике кыйдырып, аял-күйөө болдук.
“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, эртеси күнү чыныгы жашоо башталды. Жумуштан жумуш алмаштырып, анын диктатурасына баш ийип калдым. Эркиндикте болгонум менен, эки күндүн биринде барып, жашоомдун көбү абакта өтө баштады.

“МЕН АЯЛЫ БОЛОМ... А СЕНЧИ?”
– Күндөрдүн биринде телефонум шыңгырап, алсам эле бир чоочун аялдын үнү угулду: “Мен Мирландын аялы болом, атым Аида. Эки балабыз бар, азыр 5 айлык боюмда бар. Мен го аялымын, а сен кимсиң?”,- деп абийиримди кетирди. Дароо эле Мирланга чалып, “эмнеге алдадың, аялыңдын каргышына калдым” десем, ал “ий, ал өзү жабышып жүргөн жесир катын, ошого да ишенесиңби, жаным?..” деп телефонун өчүрүп койду. Бир маалда кайра мага чалып, тигини конференц-байланыш аркылуу мага угуза шатыратып сөктү. Он жаш улуу аялды эмне кылмак эле, ал өзү эле жабышып алган го деп Мирланга ишендим.
Туулган күнүм келип калды. Аны да жолдошумдун жанында үч күн тостум (ал абакта “смотрящий” болчу. Абактын “базарын” тартипке салуу анын милдети экен. Камерасында конок тосуу адатка айланган көрүнүш эле). Кетер күнү Мирлан ичип алып, мени сабап салды. Ыйлаган боюнча үйгө келдим. Экөөбүз үч күн сүйлөшкөн жокпуз. Анан өзү телефон чалды. Эмнеге дебейсиздерби? Анткени кумар оюнга утулуп калган экен, “жаным, 1500 сом алып келе кал” деп жалдырады. Санаам тынчыбай, айткан акчасын таап, абакка жөнөдүм. Барсам, “мас болуп алып аялын сабаган” деп камерасына киргизбей коюшту. Эч нерсени түшүнбөстөн, ызаланып жолума түштүм. Ага ишенбей калганымды айтып, “энеңди чакырт, келсин” деп талап койдум. Энеси келип, Мирланга чогуу бардык. Кайненем кайын журт менен тааныштырып, той-топурларга келиним деп ээрчитип бара баштады.

“ЖЕТИ ЖЕРДИН ЖЕТИ КЫЗЫНА БИР ЭР”
– Материалдык жагына келгенде Мирланды мен багып, акчасын акчадай, кийимин кийимдей алып барчумун. Телефон чалган Аида аттуу аял такыр оюмдан кетпей койду. Акыры ал ким экендигин сүрүштүрө баштадым. Көрсө, ал абакты өз үйүндөй эле көргөн неме экен.
Акырындык менен Мирландын былыктары да чыга баштады. Мирлан абакка түшкөндө башка бир фамилия менен жазылыптыр. Өзү айткандай, 1980-жылкы эмес, 1982-жылкы жигит экен. Бирөөнү сабабай эле, таксистти бычак менен коркутуп 400 сом алганы үчүн соттолуп, жоопко тартылыптыр. Биринчи аялы казармандык, экинчиси көлдүк Динара, үчүнчүсү Мадина, төртүнчүсү өзүнөн 17 жаш улуу Айсалкын аттуу аял экен. Бешинчи аялы жанында бирге отурган кишинин Кундуз аттуу кызы, алтынчысы өзүнөн 10 жаш улуу нарындык жалгыз бой Аида аттуу аял экен. Жети жердин жети кызына бир эр болуп калганын карабайсыздарбы?!

“БИР ПАСПОРТ ҮЧҮН БАЛАСЫН КЕЧТИ”
– Беш айлык боюмда бар кезимде жогорку маалыматтардын баарын угуп, Мирлан экөөбүз ажырашып кеттик. Кийин тааныштарым аркылуу Мирлан өзүнөн 10 жаш улуу Гүлбарчын аттуу аялга үйлөнгөнүн уктум.
Ошентип, арадан эки ай өттү. Бир күнү үйдө отурсам эле бирөө телефон чалып: “Мен Мирландын эжесимин, мага бала керек, балаңды төрөсөң эле мага бер”,- дейт. Ашатып сөгүп, толтура нерселерди айттым. Сүрүштүрсөм, мага чалган аял Гүлбарчын болуп чыкты. Ошол учурда өзүмдү эч кимге кереги жок таштанды катары сезип, бир кочуш дары ичтим. Өмүр менен кош айтышканга деле даяр болчумун. Ойгонсом, ичим чыдатпай ооруп жатыптыр. Түнкү 11:30да курбума чалып, ал төрөт үйүнө алып барды.
Ошентип, маалына жетпей төрөп, уулдуу болдум. Мирлан чалып: “Кечирип кой, жаным, сенин жытыңды сагындым... Келип кетпейсиңби”,- деп суранды. Кандай акмак болсо да, уулумдун атасы деп бардым. Камерага кирип бара жатсам, алдыман баягы Гүлбарчын чыга калды. Экөөбүз урушуп кеттик. “Сен кимсиң?” дейт, “мен Мирландын аялымын” дегениме ишенбей, Мирланга чала баштады. Мен да ызаланып, камерага кирбестен сыртка жөнөдүм. Мирлан мага телефон чалып “жаным, ага теңелбечи, ал мага паспорт алып бермек. Паспорт колума тийсе эле...” деп алдап-соолады. Мен Гүлбарчынга чалдым да, Мирландын айтканын айткандай айтып салдым. Ошол күнү кечинде Мирлан телефон чалып, кайрадан мага талак берди. Баласынан да бир паспорт артык болду. Гүлбарчын кайненем менен таанышып, ага 5 миң сомго шакек белек кылыптыр. Эми жаңы келинин ээрчитип жүрөт имиш.

Бул баян сизди да таң калтырган чыгар, окурман. Ошондуктан каарманыбыз окуяны айтып бүткөн соң суроолорду узаттык:

– 10 күндүн ичинде абактагы адам менен никеге турупсуз. Бул кадамдан корккон жоксузбу? “Абак” деген сөздүн өзү чочутат да?..
– Балким, көпчүлүк мени түшүнбөстүр, көбү мени айыпташар. Бирок жакшы көрүп калсам кантейин? Ал эле эмес, энеси да бир туугандарына алып барып “келиним” деп жатса, кантип ишенбейсиң? Бул кадамдан корккон жокмун, анткени Мирланды адам экен дегем.
– Экөөңүздөрдүн мындан аркы мамилеңиздер кандай болот деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, билбейм. Канча жолу ажырашып, талак бергенден кийин деле кайра эле чалып жатпайбы. Балким, анын да сезимдери бардыр.
– Эркиндикте ошондой адамды табуу мүмкүнчүлүгү деле бар го. Эмне үчүн Мирлан?
– Кеп сезимде болуп жатат.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(97)
23.09.2011. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek туура айтасын
23.09.2011. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orto joldo balaga ele kyiyn,jakshylap oilonup ish kylsan bolmok.
23.09.2011. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз озу жинди неме го! Мен ойлойм бул кызды эч ким карабай койуп анан ушул жолго барды деп. Озу деле олуп жургондур да ошол убакта! Тан калыштуу
27.01.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
masr88aza, туура айтасын жакшынакай кыздар бар ошол жака жугургон ал жерде алар жон эле жаткансып
23.09.2011. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рао
23.09.2011. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да абакта олтургандан бир кыздуу болгон жаш келинди билем.Кантип аны суйуп калганымды билбейм дейт.Чакырса эле ал да акыркысы болсо да которуп алып жонойт экен.Бир туугандары билишип кезикпе дешсе макул дейт да кайра башынан башталат.Азыр ушунчалык кыйналып журот.Ага окшогон кыз-келиндер абактагыларга коп барышат экен.Колдорунда чон-чон пакет,чонтокто акча.Оздоруно жетпей жатса аларга ташышат экен.Бирдик да салат,абактагылар укмуш психолог болот экен жакшы соз айтып,жалынып дегендей.
23.09.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы тайкы аял экен, абактагы киши соо болчу беле. Анын үстүнө 10 күндүн ичинде эле тие калган кыздын мээсинде бир мандем бар, жеңил ойлуулуктун белгиси.
23.09.2011. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э олуп калгыр десе
23.09.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
teleport, эмне соз байлыгын тугонуп калдыбы?караштырып суйло,созду тандап туруп.
01.10.2011. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jansezim26, телепорт туура жазыптыр.ушундай акмактарга тандап атып ушундай соз айткын келет.
24.09.2011. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kep sezimde bolup jatpaiby...degenge men koshulam, lubov zla polubish kozla degen tuura eken!!!
01.10.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMG, сезим-пезим деп эле шылтай бербей,кичине,баш-акыл деш керек да
24.09.2011. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toybosjigit - кыздарды сыйлабайм деп атасын, балдар барго "альфонсы"-"иждивенцы", а этот мужчина именно такой, да она неправильно сделала, но ты не обобщай, не все девушки такие, и мы не имеем право ее судить "Аллах судья"!
24.09.2011. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдош тандоодо 10 кун жетиштуу эмес да, азыр ададар ото онуккон, бири бирин алдап гана жашайт, ошого шашылган туура болбойт. Адашыпсын кыз ... Эми балана тарбия берууну ойлон, атасынын жолун жолдосо озуно кыйын ...
24.09.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен гарантия берем,по любому кайра эле барат ага. Озуно озу жооп бере албаган бош адам, терен ойлонбойт!
24.09.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин курбу кызым бар болчу,ал дагы телефон менен бир жигит менен таанышкан(окуя 2 жыл мурда болуп откон),ал жигит так ошо абакта отургандардын бироосу болгон,Рыспектин адвокатымын деп айтчу,ушундай кооз суйлочу,укмуш создору менен озуно ирмеп алган.Байкуш курбум баарып бетме-бет таанышкандан кийин ого бетер суйуп калган,накта джентльмен экен деп,курбуларым менен чогуу чогулганда,жалан эле ал жигит жонундо айта берип,тажатчу,айтор аябай эле,бир романдын каармандарындай болуп,бушайман болушту
25.09.2011. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан ал жигит,начал жестко контролировать ее,тияка барба,тигини кийбе деп,(даже его друзья)доводил ее до слез и причем по телефону,анын достору мага дагы чала башташты,голос приятный суйуп калдым приходи деп,башымды оорутушту,потом выяснилось,что она беременна,а он болен туберкулезом,причем в тяжелой стадии,болгон акчасын менин курбум ушул балага ташычу,целый год она жила межде домом и тюрьмой,в общем биз менен дагы достугун узуп салды,анткени биз жигитине жакпаптырбыз,потому что
25.09.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анын достору менен таанышпай койдук,вот так вот,достор.беш кол тен эмес,бирок ошол жигиттерге аябай жиним келди,эки кундун биринде эле аларга бирдик салмай,тамак ташымай,акча бермей...когда он тяжело заболел,больницага жаткырганда ой да кыздар келе баштаган,я его единсмтвенная неповторимая девушка деп,но он очень красиво выходил из ситуации сухим из воды,азыр ал кыз боюнан алдырып жаны жашоо баштаптыр,а он к сожалению умер
25.09.2011. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
P.S.имерип
26.09.2011. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай тан калдым окуп алып. Аллах чебер,эки кудай дебеген адамды кошуп коюптур. Турмо...укмуш го. Получается... эркектер денесин сатып иштеп жатышат. Кыргызстанда арам нерселер качан азаят экен.
01.10.2011. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол адамга турмушка чыккан кыздарга соз жок!башын да ойлонушса болмок?
08.10.2011. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да что тут не понятного. Бул кызга тияк керек болуп жатса кантсин байкуш. Мен уккам зонадагылар шарик койдуруп алат деп. Бир жолу проба кылып алса болду бара берет деп. Как наркоманки.
17.01.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elissbek, Мындай соз такая глупость, жон эле ишенчек, романтикалык, жаманды корбогон кыздар алданат, гулящие стервы никогда на такое не попадутся они сами кого хочешь обманут и кинут. А ТИЯКты эркиндикте деле тапса болот
15.10.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа,бирок чынында сенден башка куноолуу адамды корбой жатам
27.10.2011. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сизге тан калдым, себеби ошол жерден уйлонсонуздор, анан эле аз отпой ошол жерден сабаса, аззарт оюнунан утулуп сизге 1500 сом салык салса... ушулардын баарын коруп билип туруп эмнеге кайра кайра чакырса эле бара бердиниз, сиз да эч нерседен жалкпаган корпогон адам экенсиз, эми азыр 21-кылымда жашап жатабыз го, номеринизди алмаштырып эле башка адамдан бактынызды издеп бактылуу болбосонуз ал адам сизди эч убакта бактылуу кыла албайт го деп ойлойм...
09.11.2011. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча актансанда куноо озундо екени корунуп турат. Журо бер ойлонуп коройун деп турмодо сабаганы ошол болсо чыкканда кандай болот екен алар психолог болуп калат адамды алдаганга.
15.11.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeti jerdin jeti kyzyna uilonso kyiyn eken al emi algan a9ldarychy jindi okshoit suiuu puiuu jok ele siler altyn tilge aldangansynar
18.11.2011. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не важно это женщина или мужчина, мы все не боги, мы все грешны, просто кто-то решил сказать это в свет, а кто-то за углом сидит и плачет, а между тем кто-то, тоже грешник его осуждает!
20.11.2011. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарга сын тагуунун,пикир айтуунун кереги жок.бул сыяктуу адамдарга энеси,жакын досу берген кенеши да эч качан жардам бербейт.бугун айтсан "аа"деп угушат да,эртеси озу туура коргон нерсесин кыла беришет.Табиятынан озу менен кошо пайда болгон кулк-мунозун,жашоого болгон коз карашын эч ким озгорто албайт.оз эркине ээ боло албаган женил ойлуу адам.
20.11.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,бул кыз келесоо го он кун ичинде суйуп никени абакта кыйдырып эрге тие калган.сыртта адам жок бекен?бу озу тарбия коргон кызбы деги!!!женилдиктин кереги жок го ушунчалык, сен уй булоо куруп эне болуп бала тарбиялаганды ойлогон жоксун...турмушка терен коз карашта карасанар болмок кыздар!!!!
17.01.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melissa, туп-туура, баарын ойлонуп туруп куйоого тийиш керек, кийинки жашоом бул адам менен кандай болт деп, а не просто люблю и все
14.12.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сезимиң өлгөндө арты карасаң жашооң бүтүп калган болот :эсиң барда этегиңди жыйна деген улуулардын жакшы сөзү бар;
17.01.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарманга айтарым, балан бар, эстуу журсон жакшылыктардын баары алдыда, а тиги кишини баары бир келечекте жакшылык кутпойт. Ар бир адам ар кандай дечи, бирок тангалам абактагы кишини жуз сонун болсо да суйо албайт болчумун, это же на всю жизнь. Сенин, балдарындын жашщщсуна да зыян келтирет, может сенин балан аябай жакшы болуп чыгып окуп мамлекеттик жумушта иштегиси келеттир эч качан иштей албайт анткени атасы судимый. Ошону ойлогулачы кыздар, каяктагы суйуу - куйуу ерунданы ойлобой
29.03.2012. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мээн иштебесе буту-колундун шору. ач калбаш учун алар психолог болушат. жакшылап ойлонуп жур ,бирдеме кылаардын алдында...
03.04.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмодогуго да тийеби алар тулкудон да откону бар бирок жакшы адам болгондо мындай кылбайт еле так что кыздар козунорду чоон ачкылачы алдана бербей ар кимге
11.04.2012. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
у каждого есть черная полоса жизни. баланыздын келечегин ойлосонуз жашоонузду ак барактан баштаныз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо