№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл
ЧЕТ ӨЛКӨДӨН КАНЧА ЭТ КЕЛЕТ ЖАНА БИЗДЕН КАНЧА ЖӨНӨТҮЛӨТ?
Быйылкы жылдын 8 айында өлкөбүзгө Кытайдан 4100 тонна чочко эти, 7000 тонна тоок эти жана 810 тонна уй эти келсе, АКШдан 40 миң тонна тоок эти импорттолгон. Ошондой эле быйыл жогоруда аталган өлкөлөрдөн сырткары Индиядан да уй эти келе баштады. Бул өлкө жалпысынан 60 тонна уй этин жөнөткөн. Мындай маалыматты Мамлекеттик ветеринария департаментинин экспорт-импорт секторунун жетекчиси Көчөркул Кудакеев берди. Индиядан келген эттин баасы биздин эттерден 50-60 сомго чейин арзан сатылууда.
БИЗДИН ЭТТИ КОНТРАБАНДИСТТЕР ЭКСПОРТТОЙТ
Кыргызстандан мал этин чет өлкөгө экспорттоого “дүйнөлүк лабораториялык талаптарга жооп бербейт” деген тоскоолдуктар жаралып келет. Бирок былтыр Кыргызстандын малынын этине кызыккан Иран дүйнөлүк лабораториялык талаптарга карабай 590 тонна эт сатып алган. Ал эми быйыл өзүбүздүн базарларда эттин кымбатташына байланыштуу өкмөттүн чечими менен Иранга этти экспорттоо токтотулган. Бирок контрабандалык жол менен Казакстанга биздин эттер өткөрүлүп турары маалым.
ИМПОРТТОЛГОН ЭТТЕР ЖӨНҮНДӨ...
Кытай менен АКШдан бат чоңойтуучу каражаттар менен багылган малдын эттери келет. Гормон менен багылган торпок 1 жылдын ичинде эле чоң уйдун этин бере тургандай салмакка жетет. Мындай эт адамдын ден соолугуна зыян экени айтпаса да түшүнүктүү. Мындай малдын этин жеген адам бара-бара тукумсуздук, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Бирок химиялык каражаттар менен багылган малдын этинин зыяндуулугун дүйнөнүн бир дагы лабораториясы тастыктай албай келүүдө. Себеби алар малды союуга жакындаганда малга дары берүүнү токтотуп коюшат экен. Ошондой эле АКШ, Орусия жана Кытай улуу державалары мамлекеттик резервдеги тамак-аш продуктуларын сактоо мөөнөтү бүтүп баратканда бизге окшогон экономикасы чабал өлкөлөргө экспорттоп жиберери белгилүү. 
Четтен келген эттин баасы арзан болгондуктан, шаарыбыздагы кафе-ресторандар алышат. Мындай эттердин биздин өзүбүздүн эттерден айырмасы – алар тоңдурулган сулп эт түрүндө болот. Бирок тез чоңойтуучу каражаттар менен багылгандыктан, даамы супсак.
ЖАҢЫ ЭТ МЕНЕН ЭСКИ ЭТТИН АЙЫРМАСЫН БИЛҮҮ
УЙ ЭТИНИН КАЙСЫ БӨЛҮГҮ СУУГА БЫШЫРУУГА ЖАНА КУУРУГАНГА ЫЛАЙЫКТУУ?

БИШКЕКТЕГИ ЭТТИН БААЛАРЫ:
Уйдун тили 1 кг – 180-200 сом, уйдун шыйрагы (1даанасы) – 25-35 сом,
жылкы эти 1 кг – 285-350 сом, топоздун эти 1 кг – 180-250 сом,
казы-карта 1 кг (бышканы) – 400-450 сом,
чучук 1 даанасы (көлөмүнө жараша бышканы) – 200-750 сом,
фарш – 275-285 сом, койдун куйругу 1 кг – 250 сом.
АШКАНА СЫРЛАРЫНАН
ЭТТИ ТЕЗ КУУРУУНУН ЖОЛДОРУ
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |