КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова: «АПАМ ЧЫРАКТЫН ЖАЛЫНЫНА СҮТ ЖЫЛЫТЫП...»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

“Эне, сага кандай мактоо жарашат,
Эне, сенден ким сыймыкты талашат?
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат”
демекчи, эне жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт. Бүгүн Гүлнур Сатылганова өз апасын эскерет.

«АПАМДЫН 3 КЛАССТЫК ЭЛЕ БИЛИМИ БОЛГОН»
– Кыргыздын макалдарына таң калам, “эненин таманы турган жер – бейиштин төрү” деп кандай гана таамай айтылган! Анын сыңарындай, азыр “эне” деген сөздү укканда бүт денем балкып, бир башкача сезимге келем. Дагы да болсо эне мээримине бөлөнүп эркелегиң келет, сагынасың, куса болосуң. “Апа” деген сөздүн өзүндө канча жылуулук жатканын сезип турасың. Эне – Кудайдан кийинки эле ыйык зат.
Менин апам уйгур кызы болгон. Уйгурлардын улуттук бийин катыра бийлеп, жакшы ырдачу. Кичинесинде өзбектердин Тамара Ханум деген бийчисинин концертине барып, кийин бийчи болом деп да чыккан экен. Бирок тагдыр нугу башкага буруп, балалыгы согуш жылдарына туура келет. Атасы аскер, апасы ашпозчу катары экөө тең согушка кетишип, апам эки бир тууганы менен томолой жетимдей чоңоёт.
Ошол жылдары эптеп 3 класстык билим алган экен, кийин улантып окуй албаптыр. Агасы экөө ар кайсы туугандарынын колунда жүрүп турмуштун азабын көп эле тарткандыгын кээде айтып берип ыйлап да калчу. Иниси согуш жылдары айылга жетим балдарды алып кетүү үчүн келген вертолётко түшүп кетип калган экен. Апам өмүрү өткөнчө ошол инисин бир көрсөм деген арманда жүрүп өтүп кетти.

«ТӨРӨГӨНДӨН КИЙИН ЭНЕНИН БАРКЫН ОГО БЕТЕР ТҮШҮНДҮМ»
– Апам 10 бала төрөп-өстүргөн. Ой­лоп көрүп, таң калам. Ал кезде азыркыдай памперс деген болбосо, жарык деген болбосо, кантип баарыбызды дени сак кылып чоңойтту экен? Айтып калчу, “түнкүсүн балам ыйлаганда чыракты жагып, анын жалынына сүт жылытып берчүмүн” деп. Андай шартта азыр он бала эмес, бирди дагы багыш мүмкүн эмес го. Өзүм баламды аябай кыйналып төрөгөм, ошондо апамдын баркын ого бетер түшүндүм. Кайсы гана баласынын туулган күнү болбосун, апам анын кантип, канчада төрөлгөнүн айтып отурар эле. Мени толготуп түнкү саат экиде төрөт үйүнө барса, врачтар жок болуп, бир топ азап менен көз жарганын күлүп айтып берчү.

«ТАМАШАКӨЙ ЖАН ЭЛЕ»
– Алгач мени бала бакчага алпарса, таптакыр көнбөй, эртеден кечке үйгө кайтканча ыйлаптырмын. Кийин өзүм балалуу болгондо деле “ошондо эмнеге бакчага барбай койдуң? Бакча деген жакшы да, түрдүү тамак жеп, ыйлабай жүрө бербейт белең?” дей берчү мени тамашалап. Мен кандай адам болуп жетилсем, ошонун баары апамдын тарбиясы. Тарбиянын 70 пайызы энеге байланыштуу.

«АПАМ АБДАН СУЛУУ АЯЛ БОЛГОН»
– Жаш кезинде апам абдан сулуу аял болгон. Бала чагынан эле ашканаларда ашпозчу болуп иштеген. Ошол жерден атам апамды бир көрүп эле сүйүп калып, көргөн күнү “бүттү, мен ушул кызды алам” дептир. Акыры экөө баш кошуп, бактылуу өмүр сүрүштү. Апамдын улуту уйгур болгону менен, кыпкыргызча сүйлөйт эле. Ал тургай жайкысын ар жума сайын бизге жүн тыттырып, кийиз, шырдак жасап, кыргыздын салт-санааларын абдан жакшы билчү.

«ТАРТИПТИ КАТУУ КАРМАЧУ»
– Атам биз үчүн сүрдүү болчу, абдан тартипке бекем адам эле. Бирок кыз кишиге таптакыр катуу сүйлөчү эмес. Бир жолу кыздар менен мектептин талаа иштери боюнча чөпкө барып, чачым узун болгондуктан, кыска чачтууларга кызыгып, маңдайымдагы төрт чачымды билинер-билинбес эле кыркып койгом. “Кыз киши чачын кыркпайт деп айтпайсыңбы?!” деп апамды урушуптур. Анан апам келип мени урушкан.
Бир жолу... Анда 9 жашта элем. Эртең менен нан алып келүүгө мени апам дүкөнгө жиберди. Көчөгө чыккандан кийин аны унутуп калып ойноп кетиптирмин. Бир топтон кийин наны жок үйгө келсем, “кайда жүрдүң?” деп мени аябай сабаган апам жарыктык.

«ЫРЧЫЛЫК МАГА АПАМДАН КАЛГАН»
– Апам өтө шайыр жан эле. Мени, Венераны, инилеримди жетелеп алып индия кинолоруна барып, айтор, үйдө качан болбосун музыка жаңырып турганын жактырчу. Менин үнүм апамдыкына окшош. “Ырдагылачы” деп ырдатып коюп, өзү көзүн жумуп угуп жаткан күндөрдү көп эстейм. Анан да апам бизди өзүнүн туулган күнүндө аябай күтүп, балдарынын курчоосунда бакытка балкып отурганды жактырчу. А биз апамды тегеректеп отуруп ырдачубуз. Анда Бакыт Айтбосуновдун “Энекем” деген ырын мен жакшы көрүп апама арнап ырдап берер элем. Менин ырдаганымдан бул ырды Динара Жусаева жактырып, калың элге ырдап чыкпадыбы.

«ЭНЕНИН ТИЛЕГИ, ЭРДИН БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ»
– Биздин үй базардан бир топ эле алыс болчу. Бир жолу, 4-класс болсом керек, апам экөөбүз тамак-аш алып келе жатып, оор баштыктарыбызды улам ар жерге коюп эс алып жаттык. Көчө бопбоз чаң. Бир жерден токтогондо “апа, мен кийин чоңойгондо машина сатып алам, анан базарга барганда сизди салып жүрөм” дедим. “Алдыңа кетейин, Кудай тилегиңди берсин!” деп ошол жерден батасын берип кирди. Кийин мен машиналуу болгондо апамды көп эле ташып жүрдүм. “Сен ушинтип айттың эле” деп машинама отурган сайын эстей берчү. “Эненин тилеги күчтүү” демекчи, апамдын тилектери менен мен минтип бир топ ийгиликтерге жетишип отурам. Менин ырчы болгонумду абдан колдоду. Гезиттер мен жөнүндө жакшы жазса кубанып, жаман жазса кайгырып эле жүрчү.

«АТЫМДЫ ГҮЛНУР ЭМЕС, КҮННУР КОЙГОН ЭКЕН»
– Негедир апам мени дайыма Күннур дечү. Кийин эс тартканда сурасам, “мен сени күн нурундай элге пайдалуу кыз болсун деп Гүлнур эмес, Күннур деп койгон элем. Документке Гүлнур кылып жазып коюшуптур” деди. Ошол бойдон өмүрүнүн акырына чейин Күннур деп айтып өттү, а атамдан тартып калган бир туугандарымдын баары мени азыркыга чейин Гүкү деп чакырышат.

«ООРУДАН КӨЗ ЖУМДУ»
– Өмүрүнүн акыркы он жылы бейтапканаларда гана өтүп калды. Бул жылдары бир бутум үйдө болсо, бир бутум ооруканада болуп өттү. Акыры оору менен алпурушуп отуруп 66 жаш курагында, 2004-жылы 8-сентябрда келбес сапарга узап кетти. Азыр ойлоп көрсөм, 35 жыл бала бакчада күнүнө үч маал тамак бышырып тикесинен тик туруп иштеген экен. Жок дегенде дагы бир он жыл жаныбызда болсо болмок деп көп арман кылам. Баарыбызды туурубузга кондуруп, эми гана төрүбүздүн көркү болуп, сыйыбызды көрчү маал келгенде кайрылбаска кете берди.
Апама болгон кусалыгымдын артында «Апакем» деген ырым клиби менен жарык көргөн.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(25)
19.09.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур эже азаматсыз жакшы статья болуптур
Эне деген созго чындышгында эч нерсе жетпейт.
Эне олсо тоголок жетимсин, Ата олсо эрке жетимсин деп айтат
19.09.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еже ишинизге ийгилик сизди абдан урматтайм
19.09.2011. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже ишинизге ийгилик сиздин апакем деген ырынызды уккан сайын озумдун апакемди эстеп сиз менин апакеме арнаган ыр сыяктуу кабылалам. Мен дагы апакемди 3-сентябрь 2005жылы кайрылбас сапарга узатып аргам жок айлам жок тагдырга баш ийип олтурам жашоо уланат тура
дагы бир жолу ишинизге зор ийгилик.
19.09.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге ийгилик жана таазим
19.09.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апамы эстеп аябай сагынып кеттим.
19.09.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне деген кандай улуу!Сиздин эскеруунузду окуп,апамды эстеп ыйлап олтурам.Сизге ден-соолук!
19.09.2011. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗАМАТСЫЗ !!! Сиздей адам ото аз !!!
19.09.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун жазылган. Озунчо бир китеп.
19.09.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне деген озунчо эле бир наам го.Эне жонундо ырларынызды жакшы коруп угам!Ийгилик сизге.
20.09.2011. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо эч бир нерсеге алмашкыс бул ата-эне! Ар бир ата-эне учун эч нерсеге алмашкыс бул бала! Ата-энелерибиз аман болсун!
20.09.2011. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apam menin kandai jurot boldunuz eken, men sizdi aiabai aiabai sagyndym, sizdin meeriminiz, akyl keneshiniz meni adam kylyp chonoittu... Sizge ming mertebe taazim...
20.09.2011. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnur ejeke sizge taazim. İwinizge iygilik. Apakem degen yrynyz degele bardyk yrynyz maga jagat.Ar daiym el kyzmatynda juro beriniz.
20.09.2011. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апа - деген соз айтсам,айыл болуп угулат.
от жагылып очокко, аппак камыр жуурулат...
апалар ар дайым бар болсо экен... улуубу же кичуубу барибир баарына "апа" эн керек..
20.09.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а апаныздын аты ким эле?..сизге окшош экен... бар болунуз!!
20.09.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagi apakemdin janina u4up jetkim keldi go okup!Bar bolunuz,Gulnur eje!
20.09.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa maga okshop alysta jurgondorgo yilata rurgan statiya boluptur,men da apamdy ayabaai sagyndym aman esen oorubai jurson eken,a gulnur ejege ishinizge iygilik apanyz chyn ele suluu b-n eken i siz da suluusuz
20.09.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz Gul'nur eje.Urmattaim jana syilaim,al emi apa jonyndo klibingizdi korgon sayin jyrok bashka4a sogot...Apa bul dyinodo eng bir e4 nersege tengelgis!!!
21.09.2011. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алтын башыбызга асыл апаларыбыз дайым аман эле болушсунчууууу оо жараткан!!!! апамсыз мага жашоонун кызыгы жоок!!
21.09.2011. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апанын мээримине эч бир мээрим тен келгис бул дуйнодо апалар бар болушсун гулнур эже сизге ийгилик жана ден соолук
22.09.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zizdi bir toido kordum aryktap ayabai suluu bolup ketipsiz sary tustogu koinogunguz ayabai jakshy jarashat eken
22.09.2011. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да апамды сагынып кеттим сонун жазылган,гулнур эже кудай сизге апаныздын да омурун берсин
22.09.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болгула Апалар ар дайым
22.09.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн ыйык, эн бийик, эн керемет жан бул- ЭНЕ. Энелерди сыйлайлы. Гулнур эже ишинизге ийгилик. Сиз да баланыз учун эн керемет жансыз.
24.09.2011. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге ийгилик Гулнур эже. Бирок кечиресиз, созунуздун башындагы айткан макал кыргыздын макалы эмес, Мухаммед пайгамбардын хадиси, созу. Пайгамбар с.а.в. айткан; ' Бейиш энелердин таманынын астында'. Атаныз сизди ыймандуу аялзатынан болсун деген го. Азыр да чачынызды атаныз каалагандай узун алып жургонунуздо, дагыда сулуу, ыймандуу аялзатынан болмоксуз.Сизге ийгилик Гулнур эже. Бирок кечиресиз, созунуздун башындагы айткан макал кыргыздын макалы эмес, Мухаммед пайгамбардын хадиси, созу. Пайгамбар
27.09.2011. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шикарная женщина!!!! ийгилик каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо