АТА-БАЛА КАТЫШКАН ШУМДУКТУУ ОКУЯ

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

Августтун баш чендеринде Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну дайынсыз жоголуп кеткен. Кичинекей үч баланын энеси кайда кетиши мүмкүн эле? Октябрь РИИБинин из кубарларына бул оор кылмышты ачууга эки жума керектелди. Келиндин сөөгү борбордон анча алыс эмес жерден табылды. Кызыгы, кылмышка шектүү катары эки киши кармалып, алардын бири келиндин күйөөсү болсо, экинчиси кайнатасы болуп чыккан. Мындай окуя эң мыкты деген детектив китептеринен да табылбайт болуш керек.

Ажал тооруп турганын Елена билбесе керек.

КЕТКЕН БОЮНЧА КАЙРЫЛГАН ЭМЕС
Жоголуп кеткен Елена Линин жолдошу – Каржы полициясынын майору Акылбек Осмонов Октябрь РИИБине аялынын дайынсыз жоголуп кеткенин айтып кайрылган. Адегенде из кубарлар Еленаны тааныгандар менен сүйлөшүп чыгышкан. Алардын баары Еленанын жоопкерчиликтүү экенин, эч качан үч баласын таштап себепсиз чыгып кетиши мүмкүн эместигин айтышкан. Шектин баары айланып келип эле күйөөсүнө такала берген. Башкалар билбесе да, ИИМ академиясын бүтүргөн, бир нече жыл милицияда иштеген, Каржы полициясында майордук чинде иштеп жаткан Акылбек Осмонов аялынын жоголгонун укук коргоо кызматкерлерине эртеси эле кабарлоону билиши керек эле. Бирок анын милиция кызматкерлерине бир нече күндөн кийин гана кабарлаганы кызык.
Дагы бир шектүү көрүнүш, ал эмнегедир аялынын эски сүрөтүн алып келип берген. Бул сүрөткө Елена качандыр бир кезде, чачы узун маалда түшкөн жана ал сүрөттөгү менен азыркы убактагысында айырма көп болчу (кийинки убактарда ал чачын кыска кылып алып жүргөн). Мунун баары из кубарлардын Акылбекке шектенүүсүн күчөткөн, бирок түздөн-түз далилдер жок эле. Акылбектин айтымында, ошол түнү жубайы менен конокко бармак болушкан. Бирок урушуп кетишкен да, ал башка бөлмөгө кирип жатып алган. Эртең менен караса эле аялы жок болуп чыккан.

АЛГАЧ БАШКА ИЗ МЕНЕН...
Жоголгон сулуу келиндин сүрөттөрү азыркы күнгө чейин көчөлөрдө илинип турат. Ал жөнүндө интернетке жазышып, туугандары көргөн-билгендер болсо кабарлап коюну суранышкан. Анын өзгөчө белгилери жана качан жоголгондугу тууралуу да кабарланган. Интернет колдонуучулар да түйүндүн чечилишин күтүшүп, “аман-эсен келип калат чыгар” деп туугандарына жубатуу сөздөрүн аяшкан эмес.
Кылмыш иликтөөчүлөр киши өлтүргүчтүн изине түшкүчөктү издөө улана берген. Еленанын туугандарынын айтымында, бул убакытта Акылбектин бүт үй-бүлөсү эмне болгондугун билишкен экен. Атасы өлүктү бекитүүгө жардам берсе, Елена өлтүрүлгөндөн кийин карындашы үйдү жууп чыккан. Бирок алар эл көзүнө Еленаны издеп жатышкандай түр көрсөтүшүп жүрө беришкен. Бардыгынан өкүнүчтүүсү, апасын өлтүрүп жатканына 7 жашар уулу да күбө болгону билинди.
Еленанын туугандарынын айтымында, Акылбек аялын дайыма сабачу. Чыр-чатактын чыгышына Акылбектин кыз-келиндер менен көп жүрүшү себепкер болгон дешет. Кийинки кездерде аны Акылбек башка көп ургандыктан, башы тез-тез ооруй турган.
Тергөө учурунда Еленанын аялдар үчүн “Сезим” кризистик борборуна бир нече жолу кайрылгандыгы да аныкталган. Мурунку милиция кызматкери Акылбек иликтөөнү бир нече жолу туура эмес жолго салууга аракет кылган. Еленанын туугандарына ар кайсы номерлерден телефон чалдырып, "бул жактан, тигил жактан көрдүк" деп айттырып турган. Укук коргоо кызматкерлери уюлдук операторлор аркылуу кимдер экенин аныкташканда, алар "ушинтип чалып кой" деп суранганын, Еленанын кайсы жакта экенин билбегендигин айтышкан. Мунун баарын Акылбек өзү ойлоп тапкандыгы да аныкталды.

БААЛУУ КҮБӨ
Бул коркунучтуу сырды Еленанын 7 жашар уулу туугандарынын жана милиция кызматкерлеринин катышуусунда психолог-дарыгерлерге ачып берген. Еленанын туугандарынын айтымында, балакай апасы жоголгондон кийин чукул өзгөрүп кеткен. Атасынан да аябай корко баштаган. Анын өтө коркуп калганы дарыгерлерге көрсөтүүгө түрткү болгон. Психологдор наристе менен сүйлөшкөндөн кийин Еленанын эчак каза тапкандыгы билинген.
Баланын айтымында, ошол түнү ата-энеси урушуп кетишкен да, аны башка бөлмөгө киргизип коюшкан. Бирок ал апасынын бети-башы кан болгонун байкап калган. Мурун милиция кызматкерлерине “апам чачын боёгон” деп айткан экен. Из кубарлар "чачын боёгондугун кантип билдиң?" деп сурашканда, "атам айткан" деп жооп берген. Мындан башка да "эч кимге айтпа" дегенин айткан. Бала ошондой эле апасынын ошол күнү кара көйнөк кийип жүргөнүн айтса, күйөөсү аялынын кара футболка жана чолок шым кийип жүргөнүн айткан. Үйүн текшерип көрүшкөндө кара көйнөгү жакында эле жуулгандыгы билинген. Акылбек кылмыш изин жашыргысы келгени ошондо анык болгон.

СӨӨКТҮ КАЗЫП АЛЫП ӨРТТӨП, СУУГА ЧӨКТҮРҮП...
Далилдер жетишерлик топтолгондо, бир нече күндөн кийин Акылбекти милиция кызматкерлери сүйлөтүүгө жетишишти. Ал акырында аялын кантип өлтүрүп алганын жана кайсы жерге көөмп койгонун айтып берген. Анын айтымында, аялын түртүп жибергенде ал башы менен керебетке тийген. Елена ыйлап жатканда ал башка бөлмөгө кирип жатып алган да, кийинчерээк анын өлүп калганын көргөн. Коркуп кетип атасын чакырып, экөөлөп
ГЭС-3 жакка алып барып көмгөнүн, көмүлгөн жердин үстүнө дөңгөлөк өрттөп салганын айтып, көрсөтүп берген.
Иликтөө тобу Бишкек шаарынан алыс эмес жердеги айылга барып, ал көрсөткөн жерди табышат. Ал жер чынында эле мурун казылган жана үстүндө резина дөңгөлөк өрттөлгөн болуп чыккан. Бирок казып көрүшкөндө ал жерде өлүк жок болуп, Еленанын кийиминин калдыктары жана чачтары гана табылган. Ошондо Акылбек атасы менен телефон аркылуу сүйлөштүрүүнү суранган. Экөөнүн телефондон сүйлөшкөнүн уккан оперлерге дагы бир шектүү бар экендиги маалым болгон.
59 жаштагы Шакирбек Осмоновду суракка алган учурда ал Акылбек кармалгандан кийин Елена көмүлгөн жерге жалгыз келип, сөөктү казып алып, өрттөгөнгө аракет кылганын айтып берген. "Адамдан айла качып кутулбайт" деген ушул белем, эки капка таш толтуруп, сөөктү ага байлап, анан каналга чөктүрүп салган. Милиция кызматкерлери суу астынан сөөктү алып чыгышкан.

"КЫЛМЫШКЕР МЫЙЗАМ АЛДЫНДА ЖООПКО ТАРТЫЛЫШЫ КЕРЕК"
Ал эми Еленанын агасы Сергейге байланышсак, ал: "Акылбек суудан кургак чыгыш үчүн азыркы убакта күнөөнүн баарын психологиялык жактан жабыркагандардын каттоосунда турган атасына оодарууга аракет кылууда. “Үч балам калды” деген шылтоолорду айтып, элдин сезимин козгоо менен алек. Еленаны жерге коёрго бир күн калганда анын туугандары келип, "балдарды бизге калтыргыла" деп суранышкан. Балдарга мындай каргашалуу тагдырды көрсөткөн адамдын туугандарына кантип ишенип бермек элек? Алар эмнени үйрөтүп, кантип тарбияламак эле?"- дейт.

"МУУНТУП ӨЛТҮРГӨНМҮН" ДЕЙТ
Учурда кылмыш ишин Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү иликтөөдө. Тергөөчү Алексей Ханин менен байланышканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Акылбек Осмонов алгач "мен өлтүрүп алганмын" деп көрсөтмө берген. Кийин биринчи берген көрсөтмөсүн танып, эми күнөөнү атасы Шакирбек Осмонов өзүнө алып жатат. Шакирбектин айтымында, ал түнү Еленаны үйүнүн жанынан көрүп, автоунаасына салып Садовое айылындагы өзүнүн үйүнө алып бармакчы болгон. Жолдо баратып экөө урушуп кетишкен да, ал Еленаны муунтуп өлтүрүп, талаага алып барып көөмп койгон. Бирок 18-августта кайра келип сөөктү казып алып, эки капка таш толтуруп, бирин төшүнө, экинчисин тизелеринин ортосуна байлап сууга чөктүрүп жиберген. Азырынча Еленанын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(41)
19.09.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ишке кантип колу барды? Балдарын энесиз калтырып....
19.09.2011. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоону тен камаш керек!
19.09.2011. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага берсе кескилеп олтурмокмун эки айбанды.
19.09.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas... ushuncha da mykaachylyk bolobu?
19.09.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койнунда жаткан аялын ушундай кылды башка киши колуна тийсе мынданда жаман кылатгоо ужас омур бою турмого жэ атып салыш керек
19.09.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай киши олтургучторду, камап, тамак берип отурбай эле атып салыш керек, 1 адамдан кыргыз кемип калбайт...
19.09.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баладары деле козуно корунбой калганга тигил ата соройдун!Аялынын,балдарынын убалы уктатпасын.
20.09.2011. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adam emes aibandar... kudai silerge jazasyn bersin, baldaryna jaman boldu ... baldaryna kudai den sooluk ,uzun omur bersin.
20.09.2011. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kynyr ish kyrk kundo achulat degeni chun eken da ee?!
adamdardan ar nerseni kutso bolot eken...
men da korgom al izdoo barakchasun Bishkekte Jibek Jolu Panfilova kocholorunun kesilishinde.
Suluu kelin eken, dagu bir kulmushtu bir nersege aralashup kalgan okshoyt dep otup ketkem...
janu jannata bolsun insAllah...
20.09.2011. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук, атасын да, баласын да жоопко тартыш керек. Ишенген кожом сен болсон, кепшеген оозунду урайын дегендей, карасан куйосу милиция кызматкери болуп иштеген экен. Милиция кызматкерлери ушундай жоруктарга барып жаткандан кийин соз жок. Азыркы заманда сак болуш керек, эч кимге ишеничтин кереги жок.
20.09.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени жетим калган балдары коп ойлондуруп жатат. Себибе оз козу менен апасын олтуруп жатканын коргон баланын психологиясы эч качан онолбойт, онолсо дагы журогуно туболукку так калат.Тиги мыкачыга соз жок, колу менен кылганды башы менен тарта берсин.
20.09.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала чонойсо ал карыйт ошондо корот копконду.Аялдар үчүн “Сезим” кризистик борбору газетага жазыптыр.Азыр аялын олтургон эркектер кобойуудо деп.Кудай озу сактасын озундай куйоодон.
20.09.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөлүүлөр өз жазасын толук кандуу аларына көзүм жетпейт. Биздин өлкөдө укук коргоо органдары бул сыяктуу кылмыштарды ачып, күнөөлүлөргө тиешелүү жазасын берген учурлар аз. Көбүнчө кылмышка тиешеси жок, күнөөсүз адамдар жаза тартып калат эмеспи...
Эмнеси болсо да маркумдун жаны жанаттан болсун, балдарына ичим ачышты...
20.09.2011. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укук коргоо органдарында иштеген адамдар кундо олгон маркумдарды жумушуна байланыштуу коро беришип оздору дагы мыкаачы болуп калшкан. Ошондуктан жолдошу туура эмес кылгандыгын сезе элек окшойт. Мен дагы бул кыз издоодо деген баракчаны кордум эле Бишкектеги жаны вогзалда илинип турганын. Уч баласы бар деп эч ким ойлонбойт болчу, аябай жаш корунот экен. Балким мунун баары кызганычтын жыйынтыгы... аны эч ким билбейт.
22.09.2011. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдарга бул жашоодо орун жок. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун,жанын жаннаттан берсин.
22.09.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласынын ойуна келбеген бул ишти кантип жасашты айбандар.Ата бала экоо тен мыйзам алдында жооп берип тийиштуу жазаларын алышса экен мындай зоокурлорду кантип жер которуп журот.Балдарын бизге калтыргыла дегени кантет...
22.09.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачы адамдардын саны кун санап осуп барат.Никелешкен жарын олтуруп алып,кантип жер устуно батып басып журот???Анан дагы канынан жаралган баласынын козунчо...Кудайдан коркпогон акмак адам экен го,чиркин...Ташбоорлугун,канкордугун...
22.09.2011. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан дагы олтурбосо керек койнунда жаткан ургачысын
24.09.2011. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ujas myndaidy birinchi ugushum,ushundaida adamdar mykaachy bolushaby??????
24.09.2011. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баары Зынаа кылгандыктан келип чыгып жатат. Шарыятта тыйылган нерселерди (Арак,зынаа ж.б) тыйбаса эки дуйнодо тен азап тартышат
26.09.2011. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
O_M_A,tuppa tuuru
24.09.2011. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adam emes myndai ewekter,jok kylyp salyw kerek atasy ekoonu kowup. maldar.
25.09.2011. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала мындайды жон калтырбайт, алар да ушундай турмушка туш келишет. мындан эки эсе кыйналышат. буларды адам деп ким айтат..
25.09.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tvz ele atyp salsa bolmok myndai nachar Aibandardy
01.10.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astahfrallah Allahym ozun sakta mynday jaman joldordon, baldaryna ayabay boorum orup jatat, Allahym adam zatyna iyman ber, jatkan jeri beyishten bolsun! iymanyt salamt bolsun!
06.10.2011. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларды олтурбош керек, олум аздыккылат. Экоону тен байлап алып бычак менен кескилеп ойнош керек!
14.10.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак адамдар экен кайнатасы да, карындашы да, куйосуу да. Уч баласын жетим калтырганга кантип колу барды. Андайларга олум аздык кылат. Мин наалат, зоокурлорго.
19.10.2011. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaiym ozun sakta. akyr zaman degen uwul tura.
21.10.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi astafgir allaaa,kudai saktasyn!!!!!!!!!
25.10.2011. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арты кайрылуу болсун десен да болбойт ко негизи корейлер кайсы динди тутушат?
19.11.2011. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарга бул дуйнодо эч орун жок.бул ото мыкаачылык.мин наалат андайларга
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо