Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

З.Рысалиев: «МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУ ТОКМОКТОП, МУУНТУП, ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда Президенттик аппараттын башчысы, Ак үйдүн “серый кардиналы” атыккан Медет Садыркуловдун каза болгонуна эки жыл болду. Анын сөөгү өрттөлгөн унаанын ичинен табылган. Кылмыш ишин “жол кырсыгы” деп бурмалоо аракетине ишенгендер дээрлик болгон эмес. Мына эми ошол кылмыш ачылып отурат.

“ЖАНЫШ БАКИЕВ АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ”
“Өлтүрүүгө тиешеси бар 17 киши кармалды, анын баары мурунку мамлекеттик кызматкерлер. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы начальниги Айбек Абдразаковдун өзү өлтүрүүгө катышкан. Жаныш Бакиев да бул окуяга түздөн-түз катышып, өлтүрүү убагында, кийин сөөктү жүктөө учурунда баарын көрүп турган”,- деп Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.
Садыркуловдун Бакиевдер тарабынан киши колдуу болгонун көпчүлүк билсе да, мындай расмий сөздү айтууга эки жылдан бери эч кимдин кудурети жетпей келген. Чынында эле Ички иштер министрлигинин тарыхында бул ишти ийгиликтүү иликтөө деп айтууга арзыйт. Эгерде министрдин айткан сөздөрү далилденсе, экс-президент Курманбек Бакиевдин режими криминалдык чөйрө менен тыгыз, кээ бир учурда чогуу иш алып барганын тастыктай алат.
Эскерте кетсек, 2009-жылы 13-мартта Аламүдүн районунун “Тёплые ключи” курортун көздөй созулган жолдо Ауди 100 жана Тойота Лексус 570 кагылышып, анда эки унаа тең өрттөнүп кеткендиги айтылган. Лексустун ичинен үч адамдын сөөгү: Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов табылган. Үчөөнүн өлүмүнө Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов күнөөлүү деп табылып, 12 жылга кесилген. Бирок Апрель окуясынан кийин ал абакта 11 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн.

“КЫЗЫЛДАР” МЕНЕН “КАРАЛАР” БИР КАЙЫКТА
Зарылбек Рысалиевдин айтымында, Осмоновду өлтүрүү чындыкты жашыруу үчүн жасалган. Буга байланыштуу Талантбек Чолпонбаев кармалып, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алманбет Анапияевдин буйругу менен Осмоновду өлтүргөнүн айтып берген. Ал эми жогорудагы үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча иштин баары Президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасында болуп өткөндүгүн, анда үчөөнү токмоктошуп, кийин муунтушуп, аягында гана из жашыруу үчүн машинада өрттөп жиберишкенин билдирди.
Укук коргоо органдары ошол учурда Ички иштер министри болуп турган Молдомуса Конгантиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиев жана башкалардын ошол кезде бул ишке көзүн жумуп койгондугу тыкыр текшерүүгө алынарын жана суракка чакырыларын айтышууда. Азырынча шектүүлөрдүн арасынан Чек ара кызматынын ошол кездеги жетекчиси Замир Молдошевдин колго түшүрүлгөнүн ИИМ билдирүүгө жетишти.
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев КТРКга берген маегинде: “Мунун баары экс-президент Курманбек Бакиевдин кабары жок жасалышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу маалыматыбыз да бар. Бул ишти саясий өлтүрүү болгон деп айтууга негиз бар”,- деди.
Бирок дүрбөлөңдүү иштин былтыркы жылдын апрель айынан бери мына эми, президенттик жарыш мурун учунда турганда ачыла калганы түкшүмөл туудурат. Бул «чуулгандуу ачылышты» кандайдыр бир жагдай үчүн пайдаланганы жатышабы? Балким, талапкерлердин ичинен бирөөнө кошумча упай керектир же күчтүү атаандашты катардан алып салуу аракетиби?


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(37)
19.09.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай жанылык деле болгон жок анткенде ошол учурда деле баары билген кимдер тарабынан болгонун
19.09.2011. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albette saiyasiyi buiruk. Eki unaa kagylyshyp echnersesi kalbai ortonup ketkenin bir ele jolu uktuk omurubuzdo, ushul ele sluchiyi. Oi ishi kylyp Allah jardam kylsyn,karapaiym kalkka, akyikat izdegen,ak adamdarga!!!!!!!!!
19.09.2011. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы ясно эми.
Азыркы бийлик,утуп чыгышына көзү жетпей атаандаштарын оюндан четтетирүү жөнүндө аракеттерди башташтты.
А.Мадумаровдун оо студент кездеги мушташкан окуяларын да изилдеп таап сурака алсаңар керек?мүмкүн пайдасы тиеттир?Шайлоо жакындаганда..
19.09.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
крим дуйнону тушунгучо мен карып калат окшойм
19.09.2011. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына азыркы окмот туздон туз куноолуу!
20.09.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba_kg, кандайча?
20.09.2011. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba_kg, кичине башынды иштетип ойлонуп туруп жазсан. Бироону куноолордон мурун. Ойуна келгенди жаза бербей.
19.09.2011. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол бул президенттик шайлоо жакындаган сайын Адахан Мадумаров утуп чыгт деп азыркы бийликтегилерди кара пиары.
19.09.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай тварларды Садыркуловдун озундой кылып олтуруш керек Бакиевдерди баш кылып. Ошол учурда азыркы Мадумаров патриот соройубуз жана башка министирлерибиз куч органдарында иштеп турушуп неге ооз ачпады экен. Ушундан улам Жаныш менен дос дегенине дагы бир жолу ишенип кеттим Мелис мырза Азаматсыз сиздин ошондо изилдеп 7 этажка чыгабыз дегенинизге ишенген жок элем. Азыр ынанып отурам Бали Мелис мырза.
20.09.2011. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого жакын тапкан компроматынар ошобу...эмнеге именно эми муну мурда эле бетин ачышса керек!!!Баарибир Мадумаров утат!!!
20.09.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыңыр иш кырк жылда билинет" деп, бекеринен айтылган эмес! Бул дагы бир жолу Бакиевдин бийлиги криминал менен кошо жуурулушуп калганына байланыштуу чоң далил! Каалаганым жана күткөнүм бул кылмышка кымындай тиешеси барларынан тарта баарынын өз жазмышына карата жазасын сөзсүз алсын!
20.09.2011. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр коргон козуно ишенбей калган заманда биронун айтканына ишениш кыйын. Анын устуно шайлоо дагы жакындап келе жатат, элдер белгилеп жаткандай эле мумкун жон гана кара пиардыр. Мейили эми сурак жургузуп жатышыптыр дейли, тиги чон куноокор каякта экенин билбегенден кийин мунун баардыгынан эмне пайда. Менимче чындыгында эле бул иш козгоо менен бийликтегилер кошумча добушту бироонукун тартып алгысы келип жаткандай туйулат экен.
20.09.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдердин чыныгы эл душманы экендигин далилдеген кабар.Мыкаачылар колдору менен жасаган ишинин жазасын созсуз алышат.Адам омуру оюнчук эмес,канкорлор!
20.09.2011. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кылмышты ачып берсе дагы бизге жакпайт. мындан дагы бир кыйкым таап
20.09.2011. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин ишин далилдеседа антпесе да баары бир ал ЭЛ душманы!!!!! Бул учун эч кандай далилдин да кереги жок.
21.09.2011. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuzmich, aр нерсени айтып дабдырай бербечи!Эмне Бакиев алардын ар биринин уйуно барып атып келипби?алар оздору Бакиевдин алдына келип атышты го...
20.09.2011. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут жоопко тартыш керек. Ошол кездеги куч органдарынын башчыларынын да катышы бар бул кылмышка. Ошол Конгантиев Сатыбалдиев Мадумаровдор билбей коюшу мумкун эмес бул пландалган кылмышты. Мына катышы барлардын жарымы Коопсуздук кенешинин балдары экен. Мадумаров атайын болуп берсе керек бул балдарды. Мадумаров биринчи кезекте жооп бериш керек кантип ал балдар катышып калганын.
21.09.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге бул нерсе адат болуп калды.Ким бийликтен кулап калса ошолордун куноосун издемей болуп калды.Ушу айткан адамдардын баары мурунку А.Акаевдын да Бакиевдин да мезгилинде ишетегендер.Бул кара пиар Именно Мадумаровдун рейтингин тушуруш учун.Азыркы учурда олкобуз эн кырч кырдаалда.Бир гана ушул адам кыргызстанда ушундай кырдаалдан алып чыгып кете алат.Пускай июнь окуясына куноолулорду жазага тартышсын.7-апрельдеги олгондорду баатыр дейбиз оштогу курман болгондорду не дейбиз.
21.09.2011. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тилейт эле кудайдан ушул 2011-жыл президенттик шайлоо тынч отушун.элибизге эле кыйын болот
21.09.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдон келсе Алып келишсин К.Бакиевди.Жанышты кармасын.Максимди кармасын.колунан келеби экен азыркы бийликтин?
21.09.2011. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укпайт деп ушак айтпа,корбойт деп уурулук кылба дейт эмеспи, Кудай баарын коруп турат, бул дуйнодо болбосо оо дуйнодо жазасын алышат
21.09.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Была бы моя воля,я бы убила на хрен всю семейку Бакиева,их даже убить мало!!!!!!!
22.09.2011. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул иш шайлоонун алдындагы оюн. ИИМ Садыркуловпу же башкасынынбы олумун ачканга кызыкдар эмес. Куноолуулорду атаганы менен аларды кармап келип суракка ала албайт да? Рысалиев ушундай журоктуу экен, алып келсин Бакиевтердин баарын?!
22.09.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле Мадумаровду шыбоо болуп жатат го... Кудай колдосун Мадумаровду !!! Кми эмне кылганын кудай гана билет, анын устуно кыргыздар- мусулман калкпыз, кудайга гана ишенебиз !!! Анча- мынча ушактарга ишенбей калдык гоооооо...
22.09.2011. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Мадумаровду рейтингин түшүрүү үчүн жасалган нерсе. Келесоо адамдар эле ишенбесе бул нерсе тескерисинче Мадумаровдун авторитетин көтөрөт.
23.09.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык турмуш ким эмне дегин келет
23.09.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
САСЫК САЯСАТ! эртеге шайлоодон кийин июнь апрель окуяларына ким кунолуу булуп чыгат экен?
24.09.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бары Мадумарова защищаете? как будто он беленький и пушистенький
24.09.2011. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийлик, мурдагы бийлик дей беребиз бирок ошол эле адамдар иштоодо, кээде гана карга экинчи карганын козун чукуп оюндан чыгарып кою жатат. Бул ишти билгендер эмнеге ушул убака чейин ооздорун ачпай келишкен ? Бул шайлоо алдындагы негизги атаандашты алыа салуу оюну. Менимче Адахан Мадумаровду бул сапар оюндан чыгаруунун бир жолу...
25.09.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin chinovnikter kachan yimanyna kelishet, bul duino jalgan duino, kudaidyn synagy, oilonup ish jasashsa...
30.09.2011. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев Алга!!! Учурда мындан бөлөк президенттикке ылайыктуу адам жок. Татыктуулары болсо, жетиле элек. Андыктан Атамбаев алга!!!
01.10.2011. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul okuya kanchalyk chyn ekenin bilbeym birok Almambet Anapiyaev ayabay kuchtuu jigit men any ayabay sylaym,kriminalny avtoritet jana chynygy patriot al kyrgyzdarga kop jardam beret, Osh okuyasynda jana bashka kop jumushtardy kylgan Kyrgyz elinin naamysyn korgosh uchun,egerde bular bolbogondo yunda oshtu toktotush oor bolot ele bular Kyrgyzdyn er azamattary
15.10.2011. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров Президенттикке татыктуу эмес жана талапкерлигин коюууга моралдык укугу жок деп эсептеймин, себеби ал Бакиевдин артын жалачу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо