«Кеңеш» тобу: «ЫРЫБЫЗДЫ СЫНДАШСА ЫЙЛАГЫБЫЗ КЕЛЕТ»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

“Ыр дегениң балаңдай эле тура, боюңа бүтүп, төрөгүчө кыйналасың” деп Бактияр Токторов айткан экен. Ошол сөздү бүгүн “Кеңеш” тобу кайталап отурат. Үй-бүлөлүк түгөйлөрдөн турган “Кеңеш” тобу тууралуу кызыктар төмөндө.

– Мүзүр, алгы сөздү “Кеңеш” тобунун түптөлүшүнөн баштасак?..
– Бир күнү атам “балам, сага келинчек алып берейинби же эмне каалайсың?” деп сурады. Ойлонбой туруп “үйлөнгөнгө шашпай элемин. Ямаха алып берсеңиз жакшы болмок” депмин. Көрсө, атам мага акыркы керээзин айтып жаткан экен. Ямаха алып берген соң 67 жашында дүйнө салып кете берди. “Жалгыз балам элең, сенин алдыңда кетсем болмок, Кеңешим” деп ыйлап жүрүп чоң энем уулунун артынан кетти. Атамдын көзү өткөн соң ямахада ойноону үйрөндүм, бала кездеги кызыгуумдан чыгалбай ырга ыктап, аккордеон кармадым. Чубак Сатаев биздин айылдан чыккан. Ошондон болсо керек, Чубак аганын ырларын аткарып, айылдын экинчи Чубагы атка конуп кеттим. Өзүмчө жылдыз болуп, сынактарга катышып, тойлордо ырдап, берилип кеткенде ямаханы тилим менен ойноп жиберчү элем. 1998-жылы топ түздүм, атамдын атын өчүрбөйүн деп “Кеңеш” деп атадым топту.
– Гүлмира, кантип топко алынып калгансыз?
– Мүзүр Бек Борбиев, Бактияр Токторов байкелер ырдаса, “эч кур десе, алардын жанында ямаха чертип турсам” деп кыялданчу экен. Ал максаты Бек байкенин бир концертинде ишке ашса, Алим Токторовдун жардамы менен Бактияр байкеге жакындаган. Мен окууну бүтүп, телевидениеге журналист болуп кирмекчи болуп жүрүп Алим байкени жолуктурдум. “Ырдайт элем” дегениме ал киши “кафеде музыкант балдар бар, ошолорго барсаң, тобуна кошуп алышар” деди. Ал айткан кафеге барып, Мүзүргө кезиктим. Мүзүр “сендей кыздын далайы келет, үнүң жок турбайбы, жолуңа түш, чоң кыз” десе болобу! Курбу кызым экөөбүз барган элек, мен арданып кетсем, ал “карап тур, сени баары бир тобуна коштурам” деп сооротту. Анан күн сайын Мүзүр иштеген кафеге бара баштадык.
Мүзүр: – Кафеге келген кыздардын көбү ичип-чегишчү. Байкасам, Гүлмира андай кыздардан эмес. Мен аны сыртынан багып отурсам, Гүлмираны мен жүрөккө атыпмын. Ошентип, өжөрлөнүп жүрүп сүйдүрүп алды, жеңеңер кыйын.
Гүлмира: – Анда сен арык, бою кичинекей эле бала болчусуң. Дайыма эле чычалата бересиң, “жабышып тийип алган” деп. Сүйүүңдү сен билгизбедиң беле?.. 7 ай сүйлөшүп жүрүп, 2002-жылы баш коштук. Мен ырдайм десем, иниси экөө ырдатпайт эч. Ырчы кыздарды үйгө алып келишчү, көздү кызартып. Анан да “сенден уялышат, сыртка чыгып тур” деп мени чыгарып жиберип, ырдатып көрүшөт эле кыздарды. Мындайча айтканда, кызганычтын артынан ырчы болуп алгам.
– “Бир үй-бүлөгө бир ырчы жетет” деген сөздү жокко чыгардык дегиле. Гастролдоп жүрсөңүздөр үй оокатты ким кылат?
Гүлмира:
– Бул маселе Мүзүргө эмес, мага кыйын. Гастролдон кол бошобойт. Баламды ата-энеме карматып коюп, чыгармачылыкка чуркайм. Уулубузду колубузга аларыбыз менен анын айтканын эки кылбай алып беребиз.
– “Кеңеш” тобу деген ат элге сиңиш үчүн кандай эмгек кетирдиңер?
Мүзүр:
– Тойго чакыруу алабыз, бизге кезек жеткичекти эле той бүтөт да, “силер жетишпей калдыңар” дегенди угуп үйгө кайтчубуз. 34 жашка чыккыча шагым көп сынды. Аскерден да мындай азап тарткан эмесмин, чыгармачылыктын азабы жаныма баткан учурум көп, карындашым.
“Нике кайып” аттуу ырыбызга клип тарттырганбыз. Бир соода үйүнө барып, диск саткан балага бердим. Клипте кыйкырган жер бар эмеспи, аны укканда эле эл топтолуп калды. Бир эже дискти 500 сомго алып кетти. Ошондо ойгондум, элге жаккан, жакын темадагы ырлар уккулуктуу болоруна көзүм жетти. Ыр жазып, артынан клип тартып, пираттык диск саткандарга таратам. Пираттар бизди элге жеткирди.
Гүлмира: – Мүзүрдүн бир туфлиси бар эле. Кышында такасын калыңдатып кактырып кийип, жазында клейлеп тойлорго барып акча тапчу. Ошол туфлиси желип түгөнгүчө чуркап иштеди. Аны көрүп, качан бут кийимдин жакшысына жетет дечүмүн.
– Ошол туфлисин сактап койбойт белеңиз. Шералынын чокою сыңары илип койсоңуз, азыр көрсөтүп “шеф, мына бут кийим эсте болсун” деп турмаксыз...
Гүлмира:
– Ха-ха-ха!.. Ошону айтсаң, азыр эми бут кийимдин жаркырап турганын көрүп, көңүлүбүз ток.
– Сиздерди калктын кайсы катмары угарын талдап көрдүңүздөр беле?
Г.М.:
– Концерттен көрөбүз, кичине баладан чал-кемпирге чейин биздин ырды угуп, кол чаап калышканын.
– “Кызыл гүл”, Сирень гүлү”. Кезекте кайсы гүл? Балким, “Карагаттан” соң “Кожогат” деген ыр чыгарасыңар?
Мүзүр:
– (Тизесин чаап каткырып) Гүлдөр тизмеде турат, ооба. Азыр үч ыр жаздырып жатабыз. “Ак жамгыр”, “Ак кеме”, “18 жаш” деген.
Гүлмира: – Мүзүр “сен сыртка чыгып келчи” дей берчү. Көрсө, байкеңе ал учурда илхам келип, жалгыз калганда ырдап жүрчү экен. “Карагат” деген ыр жаздым” десе “жаш балдардын ырын өзүң ырда, мен сага кичинекей кызмынбы?” деп кыйкыргам. Көңүлсүз барып ырдап койгон элем, “Карагаттын” багы кийин ачылбадыбы.
– Чыгармачылыкка короткон каражатты эсептеп көрдүңөр беле?
Гүлмира:
– Өткөндө санасак, 200 тойго барыппыз, бир жыл ичинде. Ошонун төртөөндө гана эл бийлебептир. Ошол да оор тийди, себеби биз ырдап баштаганда көпчүлүк бийлешет. Чыгармачылыкка каражат көп короттук, аянбай. Береги төрт жылды эле айтайын, 40 миң доллар коротуптурбуз. Ал да толук эмес, мындан башка майда-чүйдө чыгым көп.
– “Кеңеш” тобу кандай сындарды кабыл алат да, кайсынысын четке кагат? Мисалы, силердин дарегиңерге айтылган “эптемей, жеңил-желпи ыр, монтажы начар, окшош клип” деген сөз чычалоону жаратабы?
Г.:
– Ырыбызды сындашса ыйлагыбыз келет. Кээ бир ырчылар “сагынди-им, кайгырди-им” деп эле ырдап жүрүшпөйбү, Европаны туурап. Биз кыргызча ырдайбыз, плагиаттык жол менен жаралбайт биздин ырлар.
М.: – Сындаган алп акындарга каршы эч нерсе айтпайм. Бирок алардын ырын ырдасак, обон чыгарууга оор болуп кетет. Бизди шыбагандарга ыр жаздыргым келбейт, алар акын, биз ырчыбыз.
– Гүлмира, сизге ырдын кайырмасын кайрып коюп тура берген жакшыбы же өз алдынча ырдоо оюңузда барбы?
– Өзүмчө деле ырдайм. Сахнага чыкканда жалгыз ырдасам, оң жакты карап эле кылчактай берем, Мүзүргө көнүп калыптырмын.
Мүзүр: – Өткөндө бир тойго барып ырдасам, эл-журт кылчайып эле карап, кол чабымыш болуп коюшту. Гүлмира менен мен Мүзүр экем да.
– Ашыктык калем карматып акынга айлантса, кээде аса таяк сүйрөтүп дербиш кылат. Мүзүр, бир кездеги сүйүү баяныңызды мага эле шыбырап койбойсузбу?..
– Гүлмирадан башка эч кимди сүйбөпмүн. Ырлардагы сүйүүлөр Гүкүшкө менден белек. Аранжировкачылар айтып калышат “ырдын майлуу жерин жеңешкага бересиз, ээ?” деп.
– Аксыга концерт коюп барып, “капабыз” деп кайттыңар.
М.:
– Эл суранса, таш бараңга алабы, балакет кылабы, ырчылык кызматыбызды кылабыз.
Г.: – Аксыга жеткиче клубдун директору кайра-кайра чалып, бизди күттү. Кербенге барсак, баягы байке “свет өчүп калды, генератор таап келип коё бергиле” деп жатпайбы. “Ижара акысын азайтыңыз, генераторду өзүбүз таптык” десем, тиги байке милицияга “Кеңеш” тобу чаң салып жатат” деп айтып барыптыр. Бир маалда Мүзүр менен милициянынбы, иши кылса начальниктин жардамчысы тирешип калышты. “Элге өзүңүз жооп бериңиз” десе, Мүзүрдү “сен мени элге салгыдай кимсиң?” деп тепкичтен темтеңдетип сүйрөп түштү. Элдин баары карап калганынан ызаланып кетип, баягы кишини чаап жибердим. “Аялды ал, мен аял менен сүйлөшпөйм” деди ал. “Элдин алдында сүйрөбөгүн, эл сыйлаганы үчүн келип жатат” деп дагы чаап-чаап салдым.
М.: – “Буларга жалдырабай, ресторанга барып койгула” дешкенинен ал жакка бардык. Барганыбыз менен, ресторанга да койдурбай койду. Өчөшкөн милициянын айтканы “тепкичтен кулап түшүп өлүп калсам не болот?” болду. Кийин дагы бир жерди сүйлөшсөк, ал жер да болбоду. Эки гана киши Аксынын элинин тагдырын чечип койду. Ошентсе деле топтолгон элдин арасынан “койгула, булар алыстан келишти” деп койгон бир киши чыкпады.
– Мындан кийин өкүнбөй, таарынбай концерт коюп жүрө бергиле.


Жылмайып коюңуз!

Гүл саткан дүкөнгө Мүзүр кирип:
– Чоң кыз, кызыл гүлдөн берсеңиз аялыма.
Сатуучу көздөрүн чоң ачып:
– Ай-ий, анча эмне күнөө кылдыңыз эле?..
– Сиз мени тааныбай жатасыз го.
– Жок, тааныбадым.
– Сирень гүлү, сирень гүлү, неме кызыл гү-үл, кызыл гүл...
Сатуучу:
– Байке, алтын тишиңизди көрсөтөсүзбү, ырдайсызбы, баары бир бекер эч нерсе жок...

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Маек - "Кеңеш" тобу өз дарегине айтылган сынга кандай жооп берет?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(58)
20.09.2011. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир жылдыз болуп кеткендерге караганда тоочолук ойдо деп эсептеймин.
20.09.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии бечалар! Аксылык Аксылык, Колунан келбейт жакшылык
20.09.2011. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сындагандарды жаман корбош керек. Орустар айтат эмеспи "О вкусах не спорят"-деп. Бул топту жакшы корогондор жана бул топ жакпаган угармандар бар. Ошон учун жаман соз айтты деп таарынып ал адамды жаман корбогуло. андан коро кайсы жери жакпайт экенин билип ошол жагынарды ондогону аракет кылгыла. Бирок мага бул топ жагат Кызыл гул деген ырын уксам деле кайра уккум келе берет Бул ырдын клиппи аябай сонун болуп тартылган. Кенеш тобу силерге кааларым чыгармачылык ийгилик!!!
20.09.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдааа..ырчылык деле озунчо эле туйшук турбайбы!өнөрүңөр өркүндөй берсин!мындан да жакшы ырларды жарата бергиле!ийгилик.
20.09.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат, азыр булардын ырын угуп жатам.группадагы жигиттин атын, каяктык экенин суперден билдим. сиздерге рахмат
SUPER.KG видео
20.09.2011. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай ырлары жагат. ийгилик. уй булолук бакыт каалайм.
20.09.2011. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bavariу кыйын болсон озун ырдап чыкпайсынбы. жапаса укпай кой, сени эч ким кыйнабайт. Кенеш тобу мага аябай жагат артыкча "Карагаты". Алга, ийгилик силерге!!!
20.09.2011. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресинер ЖАКПАСА
20.09.2011. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malades muzur aka alga igilik 4ygarma4lyktarga
20.09.2011. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогоруда. Бироо жазыптыр мага жакбайт деп. Жакбаса пикир жазбай эле койчу. Айнанайын.
21.09.2011. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ит уроберет кербен кете берет азаматсынар.
SUPER.KG видео
21.09.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элди краган таза башчылар калбады го бар болсо деле эски башчылар бутунан чалып жатышпайбы
21.09.2011. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музур байке, Аксылыктардын атынан кечирим сурайм. Кыргызда жакшы макал бар эмеспи, "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген. Ошол сынары ар бир жерде андай адамдар бар. Жалпы Аксылыктарды куноолой бергениниз туура эмес.
21.09.2011. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар, КЕНЕШ тобу! Мен сиздердин баардык ырыныздарды суйуп угам. Сиздерге ийгилик!Азаматсыздар, КЕНЕШ тобу! Мен сиздердин баардык ырыныздарды суйуп угам. Сиздерге ийгилик!
21.09.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karagat karagat kandai bolup jaralat....
22.09.2011. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахахах
22.09.2011. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой байкуш bavariy ни не мынча баарылап урушкансынар? :) Ар ким озу билет эмнени жазса! Озунор деле сындасанар кыйын сындайсынар го!
22.09.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenesh tobunun baardyk yrlaryna menin ejemdin egiz kyzdary ayaby jakshy biyleshet jakshy korushot. Yrlarynar toi jyttanyp turatRahmat silerge! Iygilik!!
23.09.2011. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы группа !!! Анын устуно экоонун эмгеги, аракети аябай чон!!! Ийгилик каалаймын !!!
23.09.2011. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жылдын ичинде 200 тойго барышса ар уч кун сайын тойдо экен да
24.09.2011. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bavariy tuura maga da jakbait bul 2 tyltyk- byltyk
24.09.2011. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баваря.
Жакшы адам эмес экенсин
24.09.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада бардык ырлары жагат. КЕНЕШ тобу, силерге ийгилик!Магада бардык ырлары жагат. КЕНЕШ тобу, силерге ийгилик!
25.09.2011. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музурдун голосу жагат мага аябай,аялы ырдаганда ырды бузат,голос у нее не приятный.
26.09.2011. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul top jonundo e4 nerse jaman aitkym kelbeit. Emi kantse da uda4i vam!
27.09.2011. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм
SUPER.KG видео
28.09.2011. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага "Кенеш тобу;абдан жагат
SUPER.KG видео
01.10.2011. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ырчылар да Филип Крикоровтой знаменитой болгон учурда гана менттери эмес государство тосуп алышы мумкун хихи
30.11.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха-ха создун маанисине конул бурбайсынарбы, бишкектик жигит кандайсын деген ырдай да точно. ыр деген Чубактын, ырыспай абдыкадыров, же А. Озбековдукндай болуш керек да анан кечке эле соз таппай калган немедей кызыл-гул кызыл гул кызыл гул ооо кызыл гул дей бербей
SUPER.KG видео
06.06.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш тобу супер ишиниздерге ийгилик уй булоолук бакыт каалайм!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо