АБИЙИРИБИЗ АЙРАНДАЙ ТӨГҮЛДҮБҮ?

№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл

ЖОЛДОМОНУН ЖЫТЫ ЖОК!
18-сентябрда Стамбулдагы “Синан Эрдем” спорт комплексинде күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана аялдар арасында) дүйнөнүн 105 өлкөсүнөн келген 900гө жакын спортчунун катышуусундагы Дүйнө биринчилиги аяктады. 17 балбаныбыздын бири да байгелүү орун биякта турсун Лондон Олимпиадасына жолдомо ала алышпады (ар бир салмакта алдыңкы 6 орун үчүн жолдомо берилди). Аттанып жатып машыктыруучулар “3 же 4 жолдомо менен кайтабыз” деп үмүт шооласын жагышкан эле. Балбандарыбыздын мындай “эрдиги” Кыргызстандын аброюн болуп өткөн эки төңкөрүштөн да түшүрдү дешүүдө. Бирок бул кыямат кайым эмес. Алдыда дагы Олимпиадага жолдомо ойнотула турган мелдештер бар. Демек, балбандарыбыз үчүн мүмкүнчүлүк бар.
Айта кетчү нерсе, 17нин ичинен жүрөк жылытарлык натыйжа көргөзгөн Канатбек Бегалиев болду. Үч атаандаштын далысын жер жыттаткан Канатбек мырза мыкты 8дикке кирди. Командалык эсепте Орусия биринчи, Иран экинчи жана Япония үчүнчү орунду ээледи. Коңшуларыбыздын ичинен казак баурдастар гана ийгиликке жетишип, 5 жолдомо илип кетишти.

КИМ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Көптү үмүттөндүргөн классиктерибиздин катышуусу жөнүндө грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов: “Атаандашуу аябай күчтүү болду. Ар бир салмакта 6 жолдомо үчүн 45-50дөн балбан айыгышкан күрөш жүргүздү. Катышуубуз жаман эмес. Эми жазында жолдомо утабыз деп турам”,- деди. Ал эми балбандар эмне дейт?

Данияр Көбөнов:
– Катышуубуз баа берүүгө арзыган, албетте, бул спорт эмеспи. Жолдомосуз кайтып келгениме машыгуудагы кетирген катачылыгым себеп болду. Себеби салмак кууп жатып өзүмдү мелдешке калыптандырууга жетишпей, күчүмдү да туура сарптаган жокмун.

Канатбек Бегалиев:
– Даярдык да, натыйжа да жаман эмес дейт элем. Алгачкы уткан 2 атаандаш да мыкты даярдыкта экен. Үчүнчүсү – америкалык да ошондой болуп чыгып, беттештин акырында алдырып койдум. Эми жазында утабыз деп турам.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
27.09.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээюю мейли спорта антейин десен, барынар женилипсинер биронор жакшы орунду алсанар болмок
27.09.2011. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birde jigit too minet, birde jigit joo jurot degen ushul da, birok jashoodo ar kanday bolot, buga chein dele kop joldomolordu alyp kelishken, myndan kiyin jakshy dayardanyshyp joldomosuz mekenge kaytpaganga araket kylyp, iygilik menen kelishsin demekchimin.
28.09.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар!!!
Спортто жеңип гана эмес,жеңилип да туруш керек...Ошондо жеңишке жетесиң!
Кыйындан кыйын чыгат,кийинки сапарларыңарда ийгилик жаратып,жеңишке жетишүүңөрдү каалайм!
28.09.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Жон гана АЗАМАТТАР!
29.09.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aramga aralawbai, adal menen jursonor utuw silerdiki bolot buirusa
04.10.2011. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз баары бир силер менен сыймыктанабыз :)
04.10.2011. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балбандарыбыз менен сыймыктанам. Мен балбандарыбызга ишенем . Жолдомо алышынарды кудайдан тилейм.
05.10.2011. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женилишсиз жениш болбойт! эмки мумкунчулугунорду жибербегиле! ар дайым алга меенет мн! ошондо жениш биздики болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо