№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл
Кыргыз шоу-бизнесинде бой кыздардын саны дагы бирге кыскарганы турат. Турмушка чыгуу кезеги эми Бегимай Эсенгуловага жетти. Көз арткан кыргыз жигиттерин калтырып, Кенже Дүйшеева эжесине окшоп казак жигитине чалма салды.
– Бегимай, жакшы кабар менен келиптирсиң, кайсы бактылуу жигит сени түбөлүк жар кылганы турат?
– Толкунданып жүргөн кезим. Жакында сөйкө салып алып кетишет. Анан октябрь айларында Алматыда үлпөт той өткөрөлү деп турабыз.
– Кыргыздын эмес, казактын жигитин чааптырсың...
– Болочок жолдошумдун аты – Руслан. Казак жараны, Алматыдан. Жөнөкөй эле үй-бүлөдөн. Бирок 17 жашынан баштап ата-энесинен бөлүнүп, өз алдынча иштеп, ийгиликтүү ишкер мырзалардын катарына кире алыптыр. Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Кайрымдуулук фонду жана бир нече сайттары бар. Кыскасы, ишкердүүлүк менен алектенген казактын тың жигиттеринин бири. Эки жыл мурун бир туулган күндө таанышып калганбыз. Анда мен 18 эле жашта элем. “Бул кыз азыр жаш, 2 жылча күтө турайын” деп сүйүүсүн сактап келгенин айтты. Анан чогуу тааныштарга “жакындан таанышкым келет” дей баштаптыр. Мен деле каршы болгон жокмун. Анан эмне болгонун билбейм, сүйүү оту жанып кетти.
– Русланга чейин жигитиң жок беле?
– Достор бар болчу. Руслан менин биринчи жигитим, сүйүүм, анан болочоктогу жолдошум десем да болот.
– Руслан сенден бир топ улуу экен...
– Ооба, 13 жаш улуу. Анын өзүн алып жүрүшүнө карасак, экөөбүздүн ортодогу айырма билинбейт.
– Ий, эми сага көз арткан кыргыз жигиттери капа болушат го... Кыргыздын эмес, казактын жигити эмне кылып жүрөгүңдү ээлеп калды?
– Бул нерсе буйрук деп ойлойм. Аны менен бактылуу болорума көзүм жетет. Эң биринчиден, мага жана менин үй-бүлөмө кылган жакшы мамилеси менен багынтты.
– Эми турмуш куруп кетсең, ырчылыкты таштабайсыңбы?
– Руслан өзү деле айтат, “эгер ырдоону кааласаң, тоскоол болбойм” деп. Муну убакыт көрсөтөт го. Эми Алматы менен Бишкектин ортосу жакын эле, келип ырдап кетип турсам деле болот.
– Той өткөн соң бал айын кандай өткөрүүнү пландай элексиңерби?
– Руслан саякаттаганды абдан жакшы көрөт. Буюрса, Кытайдын бир аралдарына барып бал айын өткөрүп келүүнү кыялданып жатабыз.
– Көшөгөң көгөрсүн, Бегимай, бактылуу бол!
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Башка улутка чыкан кыргыз кыздарын, чынын айтсам тушунбойм:(