№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл
Сүйүнчү! 19-сентябрь күнү күндүзгү саат 14:30да Кенже Дүйшеева кыздуу болду. 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн наристеге ысым ыйгарыла элек. “Кайненемдин туулган күнү 11-сентябрь болчу, анын 60 жылдыгына чоң белек болуп калды” деп кубанат Кенже айым. Негизи, Алматы шаарындагы төрөт үйлөрүнүн бирине бармак экен. Бирок наристе болжолдонгон мөөнөтүнөн мурда жарыкка келүүнү чечиптир. Ошентип, Бишкекте көз жарган эненин кубанычы койнуна батпай турган чагы. Ырчыга бешик боо бек болсун, кызыңыздын көп жакшылыктарын көрүңүз дейбиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Атын "Айназик же Арууке" коесузбу?