КИМ КҮЧТҮҮ?

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

Жомоктор дүйнөсүндө

Илгери бир кемпир менен чал жашап, алардын жалгыз кызы болуптур. Кызы бой жеткенде абышка “дүйнөдө эң күчтүү ким болсо, ошого кызымды берем” деп күчтүүнү издеп жолго чыгат. Узак жол жүрүп ак кар, көк муздуу тоого жетет. Капыстан муздан тайып жыгылат да, “дүйнөдө муз эң күчтүү экен” деген жыйынтыкка келет.
– Эх, Муз, сен мени алдан тайгызып, жыгып койдуң. Дүйнөдө эң күчтүү сен окшойсуң, менин кызымды жубайлыкка ал,- дейт.
Анда Муз:
– Жок, мага караганда Күн күчтүүрөөк. Ал мени эритип жиберет.
Абышка Күнгө барып жалынат:
– Сен музду эрите алгандыгың үчүн дүйнөдө эң күчтүү экенсиң, менин кызымды жубайлыкка ал.
Күн өзүнөн да Булут күчтүүрөөк экенин айтат. Күн бетин булут жаап калса, музду эрите албай каларын түшүндүрүп, абышканы Булутка жиберет.
– Эгер мен күчтүү болсом, жамгыр мени тешип өтө алмак эмес. Менден да Жамгыр күчтүү.
Абышка шылкыя Жамгырга барат. Ал да “менин ар бир тамчымды өзүнө сиңире ичип алган Жер күчтүү” деп коёт.
– Жер, сен эң күчтүү экенсиң. Менин кызымды жубайлыкка ал,- деп аргасы кеткен абышка ага барат. Жер болсо “мен күчтүү болсом, чөп мени тешип чыга алмак эмес. Чөп менден да күчтүү” деп карыяны Чөпкө жиберет. Чөп:
– Мени жеп койгон Мал күчтүү,- десе, Мал абышкага:
– Эң күчтүүнү дүйнө кезип из­деген сен да кызык экенсиң. Дүйнөдөгү эң күчтүү – адамзаты. Адам баласы кааласа мени союп жеп коёт эмеспи,- деп жооп берет. Ошондон кийин абышка дүйнө жүзүндө адам баласы эң күчтүү экенин билип, кызын алыс барбай, адам баласына эле берүүнү туура көрөт.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо