Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАГДЫР ОЮНУ

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азиретти өздөрүнүн квартирасына алып барды Бегимай. Адатта аны чет элден келген жарандарга батирге беришчү. Бир топ убакыттан бери бош турган. Азирет ачык адам экен. Кыздар менен кичинесинен бери бирге өскөндөй тез эле аралашып кетти. Келип жайгашып, чай-пай ичип отурушту.
– Сен кыргызча жакшы сүйлөйт экенсиң. Кичинеңден бери ошол жакта өскөнсүңбү?- деди Алина.
– Жок, апамдын айтуусунда, биз бир топ жылдар Түркияда жашаган экенбиз. Кийин Шах-Алам шаарына көчүп келиппиз. Апам – мыкты врач. Кесибинин аркасынан түшүп, жер кезип жүрө бермей адаты. А экөөбүз үйдө дайыма кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Балким, мени кичинесинен өз тилин билип чоңойсун деген далалаты болсо керек. Бегимай, сен эмне сүйлөбөйсүң?..-деди Азирет үнсүз угуп отурган Бегимайга.
– Кечирип койгула, мен өзүмдү жаман сезип турам,- деген Бегимай сумкасын ала салып сыртка жөнөдү.
– Бема!
– Мына ачкыч, Алина, сен конокту жакшы жайгаштырып, биздин шаар менен тааныштыра бересиң, ээ? Мен чындап кетишим керек болуп калды,- деген Бегимай ачкычын столго коё салып сыртка жөнөдү.
Чындап чыдай албайт эле мындан ары... Аскаттын кебин кийген адам маңдайына келип, бирок анын үнү менен эмес, анын кыялы, мүнөзү менен эмес, башка адам болуп келип алдында турганына... “Эмнеден үмүт кылдым? Эмне үчүн мынчалык окшоштук бар? Окшош, бирок ошол эле учурда таптакыр эки башка адам!” Колдору рулга карышып бара жатты.
Азиреттин келишинен тынчтыкты издеген эле. Кайдан? Жараатын бирөө чукуп жаткансып кыйналып турду. Бегимай канчалык кыйналса да, ата-энесине билдирбеген жагы бар эле. Бирок эненин кыраакы көзү кызынын абалын рентген сыяктуу эле билип жатты. Бул жолу кызынын көңүлүнө карабай катуу айтты. Чындап жини келди окшойт.
– Аскатты мен өз уулумдай жакшы көрчүмүн. Бирок ар нерсенин чеги болот. Ал кезде катуу айта албагам. Анткени жараң өтө эле ачык болуп турган. Эми өзүнө келип калды деп жүрсөм... Дагы эмне башталды?! Өңүңдү карачы, чүнчүп, арыктап кеттиң. Болду, жок дегенде бизди ойло!
– Апа, өлгөн адам тирилип келиши мүмкүнбү?- деди алсыз үн менен.
– Эмне деп жатасың?
Бегимай апасына болуп өткөн окуяны айтып берди. Эч нерсени жашырган жок. Азирет менен кокусунан таанышып калганын, анын Аскатка таң каларлык окшоштугун да айтты. Апасы таң калды. Кеңешип отуруп, Азиретти конокко чакырмай болушту.

ххх

Биздин каарман Азирет ким? Кайдан пайда болгон жан? Адамда эң бир жакшы сапат бар дешет. Ал – тагдырдын кандай соккусу болсо да туруштук берүү. Кандай абал болсо да ууртунан жылмаюу менен тосуп алуу. Азирет ушундай жигит эле. Дүйнөнү тамаша менен кабыл алып, тамаша менен жашаган шайыр, тынып-тынчыбаган энергиялуу жана акылы курч жигит болчу. Ошону менен бирге эле анда Аскаттагы мээримдүүлүк, токтоолук жок эле. Эгерде экөөнү сууга салыштырсак, Аскат мөлтүрөп тунуп турган, жан аттуунун баарына пайда алып келген, ичсең суусунуңду кандырган таза булак болсо, Азирет тентек, бейтынч, тыным албай шар аккан суу эле. Сырт келбети, жүзү укмуштай окшош болгон экөөнүн ушунчалык айырмасы бар болчу. Бегимайдын да биринчи көзүнө урунган нерсе ушул болду. Аскат жан дүйнөсү тынч, жайлуу мекен болсо, Азиреттин жанында туруу жалбырттаган өрткө кол тийгизүү менен барабар эле. Тигилгенде эле бейтынч, ойноктогон каректерге урунуп, өзүн кандай алып жүрүүсүн, эмне деп сүйлөөрүн билбей апкаарып жатты. Ал эми Азирет... Кучагына Бегимай келип урунуп “Аскат” деп шыбырап, өзүнөн паана издегенде эле жүрөгү солк эткен.
А бирок түнт, ойлуу Бегимайдан көрө шайыр, күлкүлүү Алина менен жүрүү ага ыңгайлуу болчу. Ошентип, Бегимайдын чакыруусу менен алардын босогосун аттап турган кези.
– Саламатсызбы?- деп кирип келген Азиретти көргөндө Бегимайдын апасы чочуп кетти. “Оо, Жараткан” деп алды көздөрү алайып. Азиретке мындай реакция тааныш болгондой жылмаюусунан жазбай, кашын чимирип тура берди.
– Кир, үйгө кир, эмне босогодо туруп калдың?- деген Бегимайга шоктоно тигилип алды.
– Кийинки кездерде мени көрүп эстен танган адамдар мага жаңылык болбой калды,- деп койду тамаша-чыны аралаш.
Тамак ичип отурушканда да, чай алынып келгенде да ыңгайсыз жымжырттык өкүм сүрө берди.
Апасы чыгып кеткен соң Бегимай акырын сөз баштады.
– Кечирип кой. Сени ыңгайсыз абалда калтырып жатабыз. Бирок...
– Көнүп калдым. Бирок ошол окшошумдун сүрөтүн же өзүн көрсөм болот эле. Эми, албетте, өзү менен таанышканга жетишпей калыпмын. Бирок сүрөттөрүн көрсөм болобу?..
– Албетте.
Экөө Бегимайдын бөлмөсүнө кирди.
Дубалда чоңойтулган сүрөт. Рамкадагы сүрөттөр өтө көп эле. Азирет Бегимай экөө түшкөн сүрөттү алып, көпкө тигилди.
– Кызык, бул сүрөттү апам көрсө, мен деп ойлошу мүмкүн, ээ?
– Ким билет?..- деди Бегимай ойлуу.
– Аскаттын атасы бар деп айттың эле. Мен ал адам менен жолуксам болобу?
– Билбейм, Азирет, иштин жайын өзүм түшүнбөй туруп ал кишиге сени ээрчитип барыштан коркуп турам. Жүрөгү да ооруйт. Бекер үмүткөр кылгым келбейт. Билесиңби, үмүт кылган өтө жаман. Аскаттын өмүрдөн өтүп кетишине эки жыл өтсө да ишене албай жүрөбүз.
– Мен кызык адаммын. Мени бир нерсе кызыктырса, ээрчитсе, кете берем. Апам экөөбүздүн ушул жагыбыз окшош болсо керек. Кыргызстанга келгенимдин себеби да ошол кызыкдарлык оорум. Бул жолу мен туура эмес кылган окшойм.
Бегимай башын көтөрө албай отура берди. Башын көтөрсө эле Азиреттин шоктонгон көз карашына кабылып каларын ойлоду. Өзүн ыңгайсыз сезип турду.
Аңгыча Азиреттин телефону шыңгырап калды. Экөө тең ким экенин сезишти.
– Суранам, Алинага бул жакка келгениңди айтпа,- деди Бегимай.
Түшүндүм дегендей башын ийкеген Азирет аны менен көңүлдүү сүйлөшүп кетти.
– Алина, мен шаар аралап жүрөм. Кайдасың дейсиңби, өзүм да билбейм, кайсы көчөдө экенимди. Жок, адашпайм. Адашсам дароо сага чалам. Мейли, көрүшкөнчө...- деп телефонду коюп, Бегимайды колдон алды.
– Кеттик.
– Кайда?
– Шаар кыдырып келебиз. Мага гид болосуң. Баса, менин бир шартым бар. Менин жанымда түнт, күлбөгөн адам болсо, жүдөп кетем. Андыктан...
Колдон тарта сыртка сүйрөп жөнөгөн Азиреттен колун тартып алган Бегимай күнөөлүү үн катты.
– Азирет, мен бара албайм. Мен сага гид да боло албайм. Алина мындайга шыктуу. Анын үстүнө мен ойлонушум керек. А балким, чындап Аскар байке менен сени тааныштырыш керек болуп жүрбөсүн?..
Шаабайы сууй түшкөнүн билгизбей Азирет күлүңдөй берди.
– Макул, сулуу кыз. Бирок экинчи жолу колумдан чыгып кетем деп ойлобо...
Эшик шарт жабылды. Шалдайган Бегимай аркасынан узата тигилип туруп калды. Чындап бул адамда эмне деген күч бар? Бөлмө Азирет менен шаңга бөлөнүп тургандай ал кетери менен томсоро түштү. Терезеге тигиле эркин кадам таштаган Азиреттин карааны узап кеткиче карап турду да, Аскаттын сүрөтүнө көзү түштү.
– Таарына түштүңбү, жаңылышасың, сенин ордуңду ээлей турган адам болбосо керек. Ал тургай сага тамчы суудай окшош Азирет да ээлей албайт. Кабатыр болбо. Мойнума алам, башкача адам. Бирок мен үчүн эмес.

ххх

Аскар үйүнө кирип келе жатып, Бегимайдын машинасын тааный койду. Дароо айдоочусуна кол жаңсай токтотуп, Бегимайга кадам шилтеди.
– Кызым, сен кайдан?
– Саламатсызбы?
– Жакшы, бу сен биз жакка көп кайрылчу болдуң. Тынч элеби?
Бегимай аргасыз күлүп алды. Оюна Аскардын өзүн алыс бол деп жатканы, ар дайым бир нерседен коопсунуп турганы түштү. Атасындай жылуу мамиле жасаган бул адамды ого бетер сыйлап, жакшы көрүп алды.
– Мен сизди жөн эле көргүм келип... Балким, бир жерге барып тамактанабыз. Анын үстүнө бир топ иштер боюнча кеңешейин дедим эле.
– Мейли, азыр мен үйгө кирип чыгайын.
Аскар үйүнө кирип, кайра чыкканча Бегимай тийиштүү жерге телефон чалып койгонго үлгүрдү.
– Бардыгы менин сүйлөшүүмө көз каранды. Эгерде иш оң жагына айланбаса, акырын билгизбей кете бересиңер...
– Эми кайда дейсиң? Бүгүн эрк сенде.
Эки колун жая тамашалуу күлгөн Аскардын көздөрүн кимдир бирөөгө окшотуп жиберди. "Оо, Жараткан! Азиретти кимге окшоштуруп жатам десем, Аскар агайга окшош экен го". Ошол замат Аскардын сөздөрү эсине түштү. "Мага сырткы келбети гана окшош, ал эми Аскаттын кулк-мүнөзү энесине окшош" деген эле.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(19)
03.10.2011. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап эле Аскат менен Азирет эгизби?чындап эле Аскат менен Азирет эгизби?Аскар байкеси эмнени сыр туткан?Балким......
03.10.2011. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болор экен?!
03.10.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууфф дагы бир жума кутуш керек китеби бар бекен,эми эмне болот.
03.10.2011. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиреттин апасы врач болсо, демек роддомдон эле уурдап алса керек эгиздин бироосун. Ошого башка мамлекеттерде иштеп журот окшойт.
Деги табышмагы кобойуп жатат...
03.10.2011. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushunu menen chehilet beken bul tabyshmak?
03.10.2011. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыш сонатасы деген корейский кино кордунор беле? сюжети куюп койгондой окшош экен!!!!Ал кинодо бала чын эле Аскат болуп чыгат. Авариядан частичное потерия сознаний болуп, мурунку жашоосун унутуп коет. Кийин апасы баарын айтып берип,Аскат Бема экоо бактылуу жашап калат(кыска мааниси). Деги эле эки суйушкон адамды кудайым эч качан айрыбасынчы.
03.10.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматуу, корей киносуна жакындыгы жок. Анда экоо бир адам болуп чыгат эмеспи. Мында Азирет башка адам Аскат башка адам болуп жатпайбы.
03.10.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiagi kizik bolup butso eken "Aidai"degen chigarmadai bolboi.
03.10.2011. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай мен жинди болгону калдым..тезирээк бутсо экен...
03.10.2011. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде китеби бар егиз емес уурдап алганю
04.10.2011. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ergazy.kgz, Кандай болот кыскача жызып берчи окуп коелу.
04.10.2011. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен кутобуз...............
04.10.2011. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качанга чейин ушинтип суйройсунор адамдарды! баарын бир жаз
04.10.2011. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кообурооок жазгылачы ,Супер-инфо.
05.10.2011. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hahahahahah kittepti ushundai jazysh kerek da sonun bolup atat mliiin
05.10.2011. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamdy kyinap jiberdiner koburookjasgylachy suranycg!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
07.10.2011. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энесинин карьерасы себеп болуп эки баланы болуп алып эки жолдо басып кеттиби же Аскар байлык артынан ээрчип кримчойрого аралашканы себеп болдубу
08.10.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
как жаль, что я текст не понял полностью(
14.10.2011. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улам кызыктуу болуп бара жатат. Менин оюмча Азирет менен Аскат бир тууган болуш керек.Атасы апасы ажырашып кеткенде эки баласын болуп алышкан го. Королучу аягы кандай болоорун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо