Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алмамбет Анапияев: «МЕН БАНДИТ ЭМЕС, БОЛГОНУ, КАМЧЫНЫН ЖАКЫН ДОСУМУН»

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

Алмамбет Анапияев деген ысым соңку күндөрү көңүл борборунда эмеспи. Журналист Жанар Акаев “ошо киши менен учурда анын дарегине айтылып жаткан айыптар, Жаныш Бакиев, маркум Баяман тууралуу маек курсам чыгарасыңарбы?” деп кайрылды. Кылмыштуу чөйрөнүн популярдуулугун арттыруу максатында эмес, ушул күндөрү Интерполдун издөөсүндө жүргөн Алмамбет мырза учурда айтылбай жаткан кайсы иштерди ачыктайт болду экен деген кызыгуу менен маекке орун бердик.

– Алмамбет мырза, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги сиздин Араб Эмиратында кармалганыңызды жарыя кылып, Кыргызстанга алып келүү аракети болуп жатканын айткан. Бирок сизди Дубайда ээн-эркин эле жүргөнүңүздү көргөндөр көп экен, бул кандайча?
– Мен бул жакта кылмыш кылбасам, эмне үчүн түрмөдө отурушум керек? Сиз байкагандай, ээн-эркин эле жүрөм, түрмөнү эч бир адамга, душманыма, жыландын баласына да каалабайм. Болор-болбос бир нерсе болсо эле кылмыштуу дүйнө деп бизге жаба салган туура эмес. Бизди Дубайдын полициясы кармаганы чын, паспортту текшергенде Интерполдо издөөдө болуп чыктым. Бирок жашап жаткан аймакта кылмыш кылдыбы деп изилдешти. Кылмыш кылган жокпуз да, аныктай албай кайра коё беришти. Азыр, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Кыргызстанда телеканалдар, гезиттерден мени курулай доомат менен жамандап жатышыптыр, элдин башын айлантып. Баса белгилеп коёюн – мен кылмышкер эмесмин! Кыргызстанда ким кылмышкер экенин элдин баары жакшы түшүнүп калды. Кимдер курал сатып, элибиз кыйналып турганда кимдер контрабанда менен алек болуп жатат, ГСМди кандай жол менен башка өлкөгө ташышты элдин баары аларды билет. Өздөрү элдин мүлкүн талагандар бизди кылмышкер деп күнөөлөбөй эле коюшсун.
– “Алмамбет Анапияев – Жаныш Бакиевдин баш кесери” деген сөздөр айтылды. Буга эмне дейсиз?
– Мени Жаныш Бакиевге жакын деп айткандардын баары өздөрү Жаныштын кишилери. Мен Жаныштын адамы болсом, анда качан депутат же губернатор болуп, же бир министрликте иштемекмин да. Баяман Эркинбаев атып өлтүрүлгөндөн кийин бизге катуу кысым кылышты. Мен Казакстанда, Германияда качып жүрүп кайра өз мекениме келсем, «Жаныш чакырып жатат» деп калышты. Жолугуштук. «Баямандын байлыгын, кимдер менен байланышы барын билесиңби?» деп мени кысымга ала баштады. «Анын байлыгын билгендей, байлыгын таштап кеткидей мен анын тууганы да, эсепчиси да эмесмин» дедим. Мени өздөрүнө тартайын деген ою ишке ашкан жок, анан мага катуу эскертүү берди. «Унчукпай, жолуң менен жакшы жүргүн, болбосо, таарынба!» деди. Баямандын спорт залын Марат Бакиевге өткөрөбүз деп талашышты. Менин жолум алар менен бирге эмес болчу. Мен анын тоюнда, юбилейинде белек көтөрүп жүргөн жерим жок. Кийин Алыш-бел боо федерациясы боюнча Азия чемпионатын өткөрөйүн, кыргыздын атын дал ушул күрөш менен чыгарайын деп ошол кездеги Спорт министри Бектур Асановго кирсем, ал “мунун баары Жаныш Бакиев аркылуу чечилет” деди. Жаныш менен дагы жолуктум. Ал мага чемпионатты өткөрүүгө уруксат бербей койду. Анан мени кайдан эле Жаныш Бакиевге жакындата беришет?! Жанышка белек берип, керек болсо өмүрүмдү берем дегендер депутат, министр болуп алып, анан ушинтип сөз чыгарышат. Саясатчылар ушундай болот экен. Сиз менен отурганда бир нерсени сүйлөйт, эшикке чыккандан кийин 90 градуска бурулуп башка нерсени сүйлөйт. Менин мүнөзүм башкача, бирөөнүн алдында отчёт берип, жалган сүйлөп, актанбайм. Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Менде жигиттик принцип деген бар. Жигит – калп айтып, эки сүйлөбөшү керек. Азыр Кыргызстанды башкарып жаткандардын баары 2005-жылы 24-мартта дал ошол Бакиевдер менен жетелешип келишкен. Бүгүн эле баары сүттөн ак, суудан тунук болуп чыга келишти да, кылмыштын баарын Анапияев менен Көлбаевге шылтап жатышат. Кылмыштуу дүйнөгө тиешем жок, учурда Алыш-бел боо эл аралык федерациясын башкарам. Бул – кыргыздын ата-бабадан калган улуттук оюну. 2010-жылы Астана шаарында федерациянын президенти болуп шайлангам. Элдин башын айлантып, мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү чыгарышпасын.
– “Анапияевдин кылмыштуу тобу Медет Садыркуловдун өлүмүнө катышкан, Жаныш Бакиевдин буйругун аткарышкан” деген айып тагылды го?
– Мен дагы интернет, гезиттерден окуп жатам. 2010-жылы «Агым» гезитине жазып чыгышкан, “Садыркуловду өлтүргөн киши табылды, бул – Алмамбет Анапияев” деп. Кудайдын астында ак болгондон кийин мен гезиттерге барып, маек берип актанган жокмун. Мына азыр чындык чыкты, өлтүргөндөр билинди, анын баары укук коргоо органдарынан болуп чыкты. Ошол эле УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик күзөт кызматынын балдары экендиги аныкталбадыбы. Булар башында “Анапияев өлтүргөн” деп менин атымды атап алып, кайра актана алышпай, “Алмамбет эмес, анын балдары өрттөп салган экен” деп чыгышты. Өлтүргөндөрдүн аттарын атап, анан өрттөп койгон Алмамбеттин балдары деп кайдагы бир жомокту ойлоп табышыптыр. Угуп алып абдан таң калдым. Эгер Жаныш ошончо генералдар менен, ошончо укук коргоо органдарынын адамдары менен Садыркуловду өлтүрсө, менин буга эмне тиешем бар? Ноокаттык Өмүрбек Осмонов деген баланы менин балам деп жүрүшөт. Ал баланы мен дегеле көргөн эмесмин. Анан Илгиз, Бакыт деген бала деп айтышыптыр. Ооба, алар менин спорт залымда машыгып жүргөн балдар. Нарын ашуусунда жол кырсыгында каза болуп калышкан, эми ошол каза болгон балдарды айтып жатышат. Өлгөн адамга баарын шылтап коюу оңой да. Азыр ушундай жолго барышууда. Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн болуп, ММКнын баары алардын колунда, мени болушунча каралап жатышат. Элге жөн жерден жаман көрсөтүп жатышат. Биротоло эми Ленинди да Алмамбет өлтүргөн деп мага шылтап коюшсун, ошол эле калды. Мен беш убак намаз окуган, спорт менен машыккан кыргыздын жигитимин. Садыркуловдун өлүмүнө таптакыр тиешем жок, ал бир-эки кишинин ойлоп тапканы. Кимдер экенин билем. Аттарын айтпай эле коёюн.
– “Алмамбет Анапияев кылмыштуу топтун лидери, түштүктүн “смотрящийи” деп айтылат. Сиз айткандай, кылмыштуу иштерге таптакыр тиешеңиз жок болсо, мындай сөздөр жаралбайт болчу да?..
– Дагы кайталап коёюн, кылмыштуу топтун лидери болгудай мен “вор в законе” эмесмин. “Смотрящий”, “положенец” да эмесмин. Мен, болгону, Камчы Көлбаевдин жакын досумун. Камчы Көлбаевдин досу болсоң же тууганы болсоң эле кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү болуп каласың деген мыйзам барбы? Камчы Көлбаев – “вор”, аны элдин баары билет. Ал менен дос эмесмин дебейм, жакын достордонбуз, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Түштүктүн “смотрящийи” дегениңиз туура. 2006-жылы Суусамырда өтө чоң жыйын болгон. Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Ташкенттен келишип Камчыны “мыйзамдагы ууру” болду деп белгилешкен. Ошол жыйында “түштүктү Алмамбет карап берсин, элди реалдуу карайт, акты ак-караны кара дейт” деп көпчүлүк мени шайлап жиберишкенде баш тарткан эмесмин. Бирок 2008-жылы аны өткөрүп берип, ФИЛАга мүчө болуп, Алыш-бел боо федерациясын өнүктүрүүгө, кыргыз спортун көтөрүүгө бел байладым. Азыр түштүктү ким карайт, ким “смотрящий” экенин элдин баары билет. Менин тиешем жок.
– Балким, ошол “смотрящийдин” атын атап коёсуз?
– Эми аны мен Манаска салыштырбайм, чоң баатыр деле эмес. Бирок Кыргызстандын жарымы болгондон кийин ал жакта да тартип болушу зарыл. Жаман-жакшыны ошол көзөмөлдөп турушу керек. Ал азыр менин сөзүмдү укпайт, мен деген Алыш-бел боо федерациясын гана карайм.
– Айрым интернет сайттар сизди Ош окуясындагы башкы каарман кылып жазышты, азчылык улутту 500 жигити менен кырып салды деген сөз чыкты?
– Элдин башына кыйын иш түшкөндө карап отура берген жигит эмесмин. Бирок “автомат менен кырып салды” деген кадимки ушак. Ок тийген, жараат алгандарды ооруканага жеткирип, биздин балдар жардамдашып жүрүштү. “Алмамбеттин карындашы өлүп, ал өчөшүп калыптыр, он миң өзбекти Алайга алып барып камап коюптур” деп мени да катуу жаманатты кылышты. Кудай көрүп турат, колдон келген жакшылыкты жасадым. Бирок башкаларга окшоп “баатырлыкты” алайын, элге жасаган ишиме мактанайын деген оюм жок. Бир Алла, анан эл үчүн гана жасайм.
– Өзүңүз издөөдө жүрсөңүз, Алыш-бел боо федерациясынын ишин ким жасайт?
– Ошол башкы маселе болуп турат. ФИЛАнын президенти Рафаэль Мартинетти менен сүйлөшүп, Азиялык олимпиада комитетинин президентине, Кувейтке кат жөнөткөнбүз. “Келгиле, сүйлөшөбүз, келишим түзөбүз” деген жооп келген. 2014-жылкы Азиялык олимпиада оюндарына чейин биз муну киргизишибиз керек эле. Мени кайдагы бир ушактарга аралаштырып, бандит деп, Интерполго чейин издөөгө берип, улуттук спортту көтөрөйүн деген аракетиме мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Интерполдон издөөдөн алынсам, баарын тез арада бүтүрөйүн деп турам. Кыргызстанда баары саясат менен ооруп жатып калышты, кыргыз спортун ойлогон саясатчылар деле жок.
– Баары кантип башталган? Баяман Эркинбаевге жакындагандан тартыппы? Эмне үчүн сиз жөнүндө ар кандай коркунучтуу сөздөр тыйылбай келет?
– Алмамбет Анапияев деген ысымдын кылмыш дүйнөсүнө аралашып, сөз болуп кетиши Баяман акеге жакындагандан улам башталган. Баяманды атып кетишкенден кийин анын тегерегиндеги балдарга зонадан Азиз Батукаев тарабынан чабуул күчөдү. Балдардын баары мага чалып, “балдардын кулагын кестирип, жок кылгыла” деген буйрук Батукаевден түшүптүр” дей башташты. Кыргыз балдарды, спортчуларды чечендер кордой баштады. Буга кайсы кыргыз чыдап тура алат? Намысым ойгонду. Чыдабай балдарды жыйып, тиги чечендер менен эсептешүүгө туура келди. Бардык маселени чечип бердим. Эми ошол балдар азыр сурап койгонго да жарабай, ар кимиси өз алдынча тарап кетти. Болбосо мен кааласам бизнес, кааласам башка жумушту деле жасай алмакмын, жигиттик намыс менен бул ишке киришип, аягында ушинтип жаманатты болуп отурам. Ошол убакта чечендер, уйгурлар, өзбектер күчөп кеткен. Кыргызды уруп ойнобой калган. Тоготпой калган. Баарын жайына койдук. Балдардын бир тал чачын түшүргөн жокмун. Эгерде Алмамбеттен зыян тарттым деген бир кыргыз болсо, айтсын. Эми өзүбүздүн кээ бир чиновниктер мага асылып, көө жаап, кылмышкер деп күнөөлөп жатат. Башка улуттар үстүбүздөн күлүп жатышат. Кыргызда көрө албас, намысы жок адамдар көбөйдү. Бирок мунун баары утурумдук нерсе. Биз да ынтымакка келебиз, шайлоо тынч өтсө деп тилеп жатам. Буюрса, Кыргызстанга барып, улуттук спортту эл аралык деңгээлге чыгарууга болгон күчүмдү жумшайм. Мага саясаттын кереги жок. Бийлик да керек эмес. Кайрымдуулук иштерин кылып келем, барсам, ал иш-чараны да улантам. Элге кайрылып кетейин, “Алмамбет Анапияев баш кесер, бандит” деген ушактарга ишеништин кереги жок, андай сөздөрдү чыгарып жаткандар да ойлонуп иш кылышса. Алмамбет – кыргыздын жөнөкөй эле уулу, спорт менен чоңойгон, кыргызды башка бирөөгө кор кылбайм деген принципте жашаган жигити. Ошол сөзүмө өмүрүмдүн аягына чейин турам. Сөз берем.
– Маегиңизге рахмат!

Жанар Акаев,
атайын «Супер-Инфо» үчүн


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(45)
03.10.2011. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баяман баатырдын кыргыздар учун жасаган иштерин коп эле угуп журобуз. КЫРГЫЗ спортун эл аралык денгелге которгону да белгилуу . Алманбет Баямандын тарбиясын алган бала . КЫРГЫЗ учун куйгон адам. КЫРГЫЗ спорту учун куйгон адам деп ойлойм. Кафелерден " доля " алса ала берсин. Ал кафелер мамлекетке салык толобогон бир чиновниктердики болсо керек . Алардан " доля" алып спортсмен балдарды которсун. Аларга тамак- аш жана башка колдоолорду корсотсун. Ансыз да мамлекет андай колдоолорду унутуп калды
03.10.2011. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер Алмамбет Баяман байкенин тарбиясын коргон болсо, анда ал кыргыз эли учун куйгон эр жигит.
03.10.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмамбетке окшогон кыргыздын ар намыстуу жигиттери кобойушуно тилектешмин,бар болгула эл уулдары!!!Алмамбетке окшогон кыргыздын ар намыстуу жигиттери кобойушуно тилектешмин,бар болгула эл уулдары!!!
03.10.2011. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат. Кайрымдуулук фонду бар экенин мактанбабтыр.
04.10.2011. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен,эркек бир суйлойт жана суйлогон созуно жооп берет деген ушул да,эч кимден коркпой суйлоптур.Озбектердин журогун тушуруп турган ушулар да, азаматсынар!
04.10.2011. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмамбет мырза сиз чыныгы кыргыз жигитин суроттоп турасыз. Ушундай кырдаалда сиздей мырза-эркектерге суусап турат КЫРГЫЗ элим.Биз СИЗди суйобуз.
04.10.2011. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгон кундо да ак ийилет сынбайт, Аллах баарын коруп турат. КЫРГЫЗ спортун олимпиадага алып чыгам десе, кайрымдуулук кылса, оорукана мечит салса анан кайдагы бандит. Э кичине кудайдан коркуп жазсанар!!!
04.10.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак үйдө отургандар менен крим чөйрөнүн кишилерин "легалдуу" жана "легалсыз" деп гана бөлүп карайм. "Байкуш" блатнойлорду болушунча пайдаланышат, анан "кидать" этишет. Негизи экөөнүн айырмасы деле жок! Бирок Алмамбет сыяктуулар өз ордун билиши шарт. Антпесе, өзүнүн эле "достору" о дүйнөгө кезексиз жөнөтүп жиберет.
04.10.2011. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааай ииий жон эле бул мырзабызга эки канат эле жетишпей калыптыр го... жон эле аппак, жумшак болуп суйлоптур, "шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт" деген соз бар эмеспи.. балким чын эле кандайдыр бир байланышы бардыр... Кудай озу таразаласын.
04.10.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канткенде да адамды чын же жалган суйлоп жатканын билиш кыйын. Бирок намаз окуйм дегенден кийин ишенип койсо болот. Кыргыздын патриот жигити экенсин, журогун кыргыз деп согот турбайбы.
04.10.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
той бергендердин эле баары бандит эмес да, ал жети дубандан УЛУУ КЫРГЫЗ элин чогултуп улуттук оюндарын ойнотуп чон байге сайып элдин ынтымагын бекемдеген. азыркы бийликтегилердей болуп жарбай.
04.10.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ брат эркек, ал коп жолу москвадагы,астанадагы кыргыздардын проблемаларын чечип берет. Сизге таазим !!!
04.10.2011. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар, мен анын жакын ишеничтуу эле адамдан уктум англис тилинде эркин суйлойт, орусча туш корот деп. Тан бердим мен качантан бери уйроно албай журом аттин десе, аракетчил билимдуу экен да канчалык жамандасак да.
04.10.2011. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kooi juma maga oto jakty english tilinde erkin suiloso ohoooooooo kantip bailanyshsam bolot eken aaaaa (wutka) )))))
04.10.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah iwinizge iygilikterdi bersin!!!
05.10.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмамбет байке сиздин кыргыздын патриот уулу деп билем акты ак караны кара деген адамсыз кайда журбогуз бар болунуз пландап жаткан иштеринизге ийгилик
05.10.2011. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Баяман эркинбаев олгондо 11-класста окуйт элем козумо жаш алып ыйлагам Баямандын тарбиясын алган байке экен бар болунуз аман болунуз жаратканым колдосун баямандын арбагы колдосун ак ийилет бирок сынбайт!!!!
05.10.2011. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALmambet Anapiyaev siz jigitche aytkanda ERKEK ekens PATRIOT ekens ech kim mynday kylyp achyk tars tars suylop interview bere albayt, Patriot Osh shaaryn saktap kaldy any da ozu zchyk aytyp jatat katyshtym dep, mynday ERKEK jigitter bolboso bizdin patriottuk sezim oygonboyt RESPECT!!!
05.10.2011. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмамбет братан Кыргыз спорт суйуучу жаштарынын баарынын агасы. Ал АЛМАМБЕТ деген атына ылайыктуу адам.Озу айткандай бир кудайдан гана корккон чыныгы кыргыз жигити. Бар болунуз братан.
06.10.2011. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кыргызым коро албастыкты качан коёбуз. Кыргыз деп чыккан эрдин баарын жей берсек качан онолобуз! Бар болунуз Алманбет! Ишинизге ийгилик!
06.10.2011. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эркектиги. Сөз берип жатат. Эя кимден коркпогон кыргыз үчүн күйгөн чыныгы алайдын мырзасы. Жаман ишке айласыздан барган учурлары көп эле болгондур, бирөк жакшы иштери да көп экен. Ал жле эмес алыскы Россияда жүргөн кыргыздарга да көп жардам берген деп укчумун.
06.10.2011. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El oozunda elek jok. Almambet baike sizdin bergen maeginizge ayabai baa berdim. Kudaiym ozu koldosun! Ar bir baskan kadamynyzdy iygilik kowtop tursun!
07.10.2011. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудая тобоо!!! Саясатчыларыбыз эки жүздүү болгону аз келгенсип эми темирдей бекем тартипти карманган Кылмыш чөйрөсү андан өтүп кеткенин кара. Заманыбыз кайда баратат?! Кишинин канын төгүп бирөөнүн нанын тартып жеп анан намазга жыгылып аппак болуп көрүнгүсү келгендер күлкүнү келтирбегилечи... Сөзүнө турган эркек болсо Дубайга жашынып алып тоону сүйлө
07.10.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым озу тараза.озу чечсин кимде куноо кимде акыкат.
07.10.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер сиздин айткан создорунуз чын болсо кыргызга сиздей патриот жигиттер азыркы кундо абдан керек болуп турган убагы, адам болгондон кийин жанылышат эгерде жанагы жакщы ойлорунузду аткарсаныз кыргыз учун ат которгус иш кылган болосуз
07.10.2011. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы , ачык айтылыптыр. Азамат Алманбет. Эч качан кайгырба? Атка минерлер сендей кыргызым деген адамдын атын сатып жатса, жоо жургон биздей элин колдойт. Аман-эсен ден-соолукта бол!
08.10.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ворлордун политикасы дагы туура! Нацист болгону жакшы! Бирок, шохалары эле Волорду жаман кылып коет...

Ушу куго чейин уга элекми, бир бандит келип кыргыз бинесменин кордогонун!

Алмамат - грамотный экенсиз! Сиздей адамдар, черный мирде дагы и нормальный жашоодо дагы орун таап кетет!

Сизге ийгиликтерди каалайбыз!
08.10.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз байке мыкты айтылыптыр созунуз,сыйлам ушундай кыргыздын баласын ,ишенем кыргыз спортун которосуз деп оз мекенинизге келип !!!!ийгилик сизге !!! улутчул болгон да жакшы!!!!!
09.10.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PATRIOT_KG,
09.10.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы Кыргызстандагы чиновниктерге караганда Алмамбет братан элге кобуроок куйот аны баары жакшы билет.Кыскасы братанга коп САДАГА болбогула.
09.10.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алманбет аке бар болунуз, кыргыздын духун которуп журо бериниз, сиздей беш убак намаз окуган, спортко кызыккан балдарды коп коп остурунуз, ойлорунуз ишке ашсын!!! Кыргыз олбойт, очпойт, алгааааааааааа!!!!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо