КЫЗДАРЫ СУЛУУ КЫРГЫЗДЫН

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

Учурда шоу чөйрөсүндө көз күйдүргөн бойдок кыздар көп. Биз аларды тизмектеп чыгып,  сайтыбызда “Жигиттер, төмөнкү бойдок кыздардын кимисин тандайсыңар?” деген суроо менен сурамжылоо жүргүзгөн элек. 30дан ашык селкилердин ичинен алдыңкы ондукту төмөнкүлөр ээледи.

1. ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫ

  • 21де. Бою 175 сантиметр, салмагы 56 килограмм.
  • Ашканага көп кирбейт. “Тамак жасаганды кийин деле үйрөнүп алам” деп жүрөт.
  • Баш-аягы 6 тасмага тартылган.
  • Чаң сүртүү сыяктуу майда-чүйдө жумуштарды жактырбайт.
  • Көз тийгенден көп жабыркайт.
  • Үйү, машинасы азырынча жок.
  • Жигити бар же жогун сыр кылат.

Сурамжылоодо 1-орунга чыккан актриса менен башыңызды байлап калсаңыз, анда үйүңүздү өзүңүз жыйноого аргасыз болот көрүнөсүз. Анын үстүнө чыгармачыл адамдар көп учурда үй бетин көрбөйт. Андайда сагынып кетсеңиз, ал катышкан кинобу, клиппи, айтор, көрүп, көз тойгузуп отура берсеңиз деле болот. Анан көз тийип ооруп калса да азабын өзүңүз эле тартарыңызды эстен чыгарбоо кажет.

2. КУНДУЗ КАНАТБЕК КЫЗЫ

  • 24тө. Бою 167 сантиметр, салмагы 52 килограмм.
  • Сүрөткө түшкөндү жаман көрөт.
  • Жигити жок, жүрөгү бош.
  • Боёнбогон кезиндеги кебетеси өзүнө өзгөчө жагат.
  • Тасмага тартылууга сунуш түшкөн, бирок кабыл алган эмес.
  • Күнүнө сөзсүз бирден шоколад жейт.
  • Палоону мыкты жасайт.

2-орунга чыккан бул ырчыга өзүнүн боёнбогон жүзү өтө жакса, демек, сизге деле жагарынан кам санабаңыз. Башкасын айта албайбыз, бирок күн сайын шоколад алып берип турууга аргасыз болосуз. Ал гана эмес, кечкисин тамак жебей диета кармаган кыздардан да эмес. Бирок анысын өзү деле актайт. Кундузду аш-той, жакшылыгына чакырып ырдаткысы келгендер толтура. Андай болсо ырчынын убактысы болор бекен, сүйүктүүсүнө көңүл бөлгөнгө?

3. ЧОЛПОН ТАЛИПБЕКОВА

  • 21де. Бою 160 сантиметр, салмагы 52 килограмм.
  • Жигит күтүп көрбөгөн жан.
  • Сахнадан жакынкы 10 жылда кетип, шериги Максатты таштоо оюнда жок.
  • Сайма сайганды жаштайынан билет.
  • Бир күндө 300-400 сом коротот.
  • Машина айдаганды үйрөнгүсү келет.
  • Сахнага чыкпаса, боёнбой деле жүрө алат.
  • Жинденип турганда кантип үйүн жыйнап салганын билбей калат.

Бойдок кыздардын арасынан 3-орунду ээлеген Чолпон менен бирге жашап калсаңыз, анда дуэттеш шериги Максаттан кызганбашыңыз керек. Анча-мынча ачуусуна тийип койгондон зыян тартпайсыз. Анткени Чолпон маанайы бузулган убакта иштин баарын жасап, тоону томкоруп жиберүүдөн кайра тартпайт.

4. АСЕЛ АБДЫБЕКОВА

  • 21де. Бою 170 сантиметр, салмагы 50 килограмм.
  • Бийлээр алдында бата тилеп, анан сахнага чыгат.
  • Бийчилик – хоббиси.
  • Ырчы жигитке турмушка чыккысы келбейт.
  • Тамакты жакшы жасай албайт.
  • Учурда прокуратурада практика өтөөдө.
  • Сүйгөнүн кезиктире элек.
  • Юридикалык академиянын юридика факультетинде 3-курста окуйт.

Сахнада чимириле бийлегенин көрүп суктанган мырзалар канча? Алардын берген добушу менен бул бийкеч 4-орунга ээ болду. Эгерде сиз жөнөкөй жана акылдуу болсоңуз, анда Асел жүрөгүн арноого даяр. Анткен менен, турмуш курууга өзүн даярмын деп эсептебейт. Атүгүл тамак жасаганды алигиче үйрөнө элек. Билбей барып кайын журтуна уят болууну ким кааласын? Бирок Асел бийлегенде Жади биякта эле калат!

5. КАНЫКЕЙ

  • 24тө. Бою 166 сантиметр, салмагы 49 килограмм.
  • Ичеги-карын артканды билет.
  • 20 адамга көрдүм-билдим дебей тамак жасап, дасторкон даярдай алат.
  • Үй иштерине убактысы жок. Бош боло калса уктап алганга шашат.
  • Эч ким менен дуэт ырдагысы келбейт.
  • Жеке дарыгери бар, ага жыл сайын көрүнүп турат.
  • Үшүсө, күндүн ысык экенине карабай өтүк кийип алат.

Каныкей күн жылууда да кышкы кийимдерди кийип алып сизди таң калтырбасын десеңиз, анда ырчы кызды жылуу кучагыңызда жылытууга туура келет, тууганым. Каныкей кээде "носонте" сыяктуу жаңы сөздөрдү да таба калганга эптүү эмеспи, эгерде сизди да жаңы сөздөр менен эркелетип калса, кубанып гана коюуңуз керек.

6. БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА

  • 26да. Бою 173 сантиметр, салмагы белгисиз.
  • Үйүндө ар бейшемби күнү палоо жасамай адаты бар.
  • Кичине кезинен эле соодага аралашкан.
  • Жарыя кылбаганы менен, намаз окуйт.
  • “Арыктаймынбы, толомбу, эң негизгиси, ден соолугум чың болсо болду” деп көп айтат.
  • Эркектер маймылдан бир аз эле айырмаланып турса болду деп эсептейт.
  • Жигити бар.

Бактыгүл Бадыева тизмектелген бойдок кыздардын катарынан 6-орунду багынтты. Ырчы менен баш кошкон мырза сулуу болбосо, сулуулук салонуна бир кирип чыкса өзгөрүлбөй коймок беле? Бирде Кытайга, бирде Түркияга каттаган ырчы 40 000 долларлап деле клип тартып жатпайбы. Демек, бул айым мырзасын өзү эле багып алчудай. Бир гана жаман жери, жигити бар да, атаганат!

7. АСЕЛ КУДАЙБЕРДИЕВА

  • 21де. Бою 164 сантиметр, салмагы 54 килограмм.
  • Ондон ашык бийдин түрүн билет.
  • Арыктарга караганда толук кыздар жакшы бийлешет деп эсептейт.
  • Өзүн жылдыздуулардын катарына кошот.
  • Сахнада бийлеп жүрүп деле жанындагылар менен сүйлөшө берет.
  • “Бактыгүл Бадыеванын сиңдиси эмессиңби?” деп көп сурашат.
  • Үй жумуштарынын бардыгын катыра аткара алат.

Жылдыздуу кыздар кимге жакпасын? Анын үстүнө үй иштерин катыра жасаса. Болгону, “көп жумуштарга убактым жетпейт” деп кейийт Асел бийчи. Эми алар көшөгө артындагы маселелер дечи, кантсе да мырзалардын тандоосу боюнча 7-орунга чыкты.

8. ЖАНЭЛ

  • 26да. Бою 169 сантиметр, салмагы 55 килограмм.
  • Бек Борбиев “сен ырчысыңбы?” деп сураганда ыңгайсыз абалда калган.
  • Сыра ичсе эле бети-башында аллергия башталат.
  • Төрт ай Түркияда практика өтөп келди.
  • Идиш жууганды жаман көрөт.
  • Ауди үлгүсүндөгү унаасын акча керек болуп сатып жиберип, жөө жүрөт.
  • Жигити жок, буга чейин бирөө гана болгон.

"Байлыгым – жалгыз апам" деп эсептеген ырчы Жанэлдин жүрөгүн багынтсаңыз, анда чогуу саякаттап эле калат окшойсуңар. Болгондо да айлап-жылдап. Бирок абайлаңыз, кээ бир тамак-аштардан деле аллергия болуп чүчкүрүп-бышкырып калмай жайы бар. Кыргыз гана эмес, кытай ашканасын да катырат. Анткен менен, ичкенден кийин идиш жуумай милдетин өзүңүзгө жүктөп коюшу ыктымал.

9. САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА

  • 19да. Бою 167 сантиметр, салмагы 56 килограмм.
  • Окуу акысынын акчасы жылына 28 000 сом.
  • Бирок күнүнө 1500 сомдун тегерегиндеги акча коротот. Өзүнүн айтымында, бир айда 1000 доллардан ашык акча табат.
  • Сүйүктүүсүн таба элек.
  • 10 жылдан кийин өзүн сулуулук салондун, мода үйүнүн ээси катары элестетет.
  • Эки темир тулпары бар.
  • Жолдошу каршы чыкса, ырчылыгын таштоого макул.

Сайкал бойго жеткен бийкечтердин сап башында эмес, 9-орунга илинди. Бул сулуунун жүрөгүн багындырам деген жигиттер деле аз эмес. Эгер тагдыр буйруп Сайкал менен кол кармашып калсаңыз, анда ырчынын үйгө кеч келгенине көнүүгө мажбурсуз. Азырынча Гүлшайыр эженин Сайкалды күйөөгө бергиси жок.

10. АИДА КУЛУЕВА

  • 29да. Бою 172 сантиметр, салмагы 58 килограмм.
  • "Сүйгөнүм артымдан аңдытат" деп жүрчү эле, азыр ал жездекеден дайын жок.
  • Бир ирет орустардын “Даамдуу дүйнө” телеберүүсүнө барып калып, самса жасаганды билбей, апасы телефон аркылуу түшүндүрүп берип жасаткан.
  • Бирөө менен уруша кетсе сөгүнөт.

Бул ырчы турмуш курууга дапдаяр. Болгону, бакыраң көз сулуунун сүрдүү көз карашына туруштук бере алган мырза чыкпай жатат өңдүү. 10-орунга ээ болгон Аиданы өмүрлүк жар кылууну кааласаңыз, биринчиден, эр жүрөк болушуңуз керек. Өзү болсо "кыз киши болгондон кийин бардык эле иштер колумдан келет" дейт. Эгер колунан келбей баратса, апасына чалып сурай коёт да.

Эскертүү: Бактыгүл Бадыевадан башкасынын жүрөгү бош, жигиттери жок. Демек, жигиттер, сулуулар силер үчүн! Сезимдерин багынтуу силердин колдо!

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫЗЫҢЫЗГА КАНЧА КАЛЫҢ СУРАЙСЫЗ?

Рахман Разыков,
куудул:

– Эки кызымды калың сурабай эле турмушка узаткам. Ошол кезде калың суроо оюма да келбептир. Негизи, салттардын пайдасыз жактары да көп. Ашыкча чыгым кылбастан, андан көрө жаш үй-бүлөгө керектүү буюмдарды алып бергенибиз туура.

Айчүрөк Иманалиева,
ырчы:
– Кызым кичине болгондуктан, калың тууралуу азыр ойлоно элекмин. Чоңойсо, бешенеге жазганы болор. Мен көпчүлүк ата-энелер сыяктуу эле кызымдын калыңын эмес, бактысын тилейм. Калың бул – экинчи орундагы нерсе.

Шайлообек Дүйшеев,
акын:
– Мен калың сурабай эле, кыргыздын азыркы заманбап каада-салттарын колдонуп узатмакмын кызымды. Эч качан кыздарыбыздын тагдырын акчага өлчөбөшүбүз керек. Кызы турмуштан ордун таап, барган жеринен бак айтса, ата-эне үчүн бакыт ошол эмеспи.

Гүлшайыр Садыбакасова,
"Кыз-Бурактын" жетекчиси:
– Эгер турмушу кыйыныраак үй-бүлө болсо, калыңдан баш тартышым мүмкүн. Калың бергенге шарты болсо, анда 2 эсе ашырып сеп даярдайм. “Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” дейт. Калың алуу, сеп даярдоо – салт.

Шайырбек Абдрахманов,
ЭлТРдин башкы директору:
– Калыңдан мурда ата-эне кызына татыктуу тарбия бериши зарыл. Кызды кайын журтун сыйлап, кадырына жете тургандай тарбиялоо – милдет. Азыр мен да ошондой кызды тарбиялоо түйшүгүндөмүн.

Динара Акулова,
ырчы:
– Мен кыздарыма калың деле сурай элекмин. Негизи, үй-бүлөнүн бекемдиги үчүн кыздардын бийик бааланганы жакшы го. Ашыкча чыгымга жол бербей, каражатты жаш үй-бүлөнүн пайдубалына жумшаган туура, үй, машина алып берип дегендей.

Дүйшөн Байдөбөтов,
актёр:
– Мен эч качан кудалардан калың сураган эмесмин. Калыңдан мурда кызыңдын бактысын тилеш керек. Калың менен эле жашоо чектелбейт. Кыздын бактылуу турмушун көрүү эле жетиштүү ата-энеге.

Автандил Добулбеков


Кыздары сулуу кыргыздын (Жигиттер, чапкыла!)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
04.10.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элинанын жигити абдан абдан жагат жылдыздуу бала,а азыр эмнеге жигти жок өткөндө экөөнүн сүрөтүн көргөм сонун пара экен тим эле укмуш.
SUPER.KG видео
04.10.2011. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okugan bala dooduroit da Bek Barbiev,5-klasstyn balasy jakwy okuit boluw kerek1
04.10.2011. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей 166 см? Абсурд!
SUPER.KG видео
05.10.2011. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыздардын бетиндеги боекторун жуудуруп туруп анан конкурс болсо - ошондо накта коруп ал кимдин ким экенин. анан бул репортаж учун "Биздин Ала-Тоонун кыздары ай" деген ырды музыкалык коштоого койсонор болмок.
05.10.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина!
Аттин ай,эмне гана жок бул дуйнодо?
Кереметтуу нерселер бар кем дуйнодо!
А чексиз, жансыз заттар- толоор бекен бир конулго?
Чиркин ай, бар экен го айымдын сулуулугу-
Жаркырап шоола чачкан бут омурго!
SUPER.KG видео
05.10.2011. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men baaryna raazy bolgon jokmun,bular menen tolko konyl achysh kerek,aialdykka alganga jarabait,ne keregi bar tamak kylbasa,yidyn chanyn tazalabasa,
SUPER.KG видео
05.10.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп атканын билинип калыптыр, жон эле айтып аткандай окушун керек эле, окуу темпин да тезирээк.
05.10.2011. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конечно Бактыгулдун жигити Камчы Колбаев болсо анан 40мин долларга клип тарткызат да,мындай жаш ырчылардын анчалык доходу жок болуш керек деп ойлойм,озу мурун дарбыз сатып жургон эле кыз экен эле,озунун интервьюсунан.
07.10.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chinara77, какая разница баарынын башынан ар кандай кундор отот?! Бадыева молодец! кыргызда ким онуксо ошону чукумай адат бар.
05.10.2011. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен угушумча Бадыеванын жигити Колбаев эмес Азамат деген жигит. Анан ырчынын озунун жеке бизнеси бар деп баарыбыз эле угуп журобузго.
SUPER.KG видео
05.10.2011. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы екен. Бирок жарнама кылгандай болуп калыптыр, уят деп есептейм буну.
SUPER.KG видео
05.10.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elina jalgyz meniki !!!
06.10.2011. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошонун учун ырчыны аялым дебе айддочуну эрим дебе деп койушканда кыргыздар
SUPER.KG видео
06.10.2011. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алпаруучу жигит шок-фактта суйлойт го, ошентип суйлоптур. "Мына бул кылмышкер. Бою мынча мурда кылмышка шектуу деп кармалган" деп окуп жаткандай эле сезилди мага.
06.10.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элина чындыгында кыргыздын эн сулуу кыздарынын бири!
06.10.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз да сулуу кыз, бирок эч бир соз байлыгы жок экен, же билими жокпу?
SUPER.KG видео
06.10.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жап жакшына эле окууган мага жакты
06.10.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изначально известно всем
Человек стремиться к прекрасному
На свете во всем.
Щедра природа к слабому полу
Награждая Элину-
Умом и сердцем,
Телом и душой!
memory_955@mail.ru
SUPER.KG видео
06.10.2011. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne myn4a tez. asel degen bii4ini 2 jolu berip koidu okwoit. men oilogom bul suluulardy jurogu bow emes go dep korso adawypmyn!
07.10.2011. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоргонун жону кургабайт
07.10.2011. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiraasira, жазганын туура. Бирок, бул жерге жазганын туура эмес. Уятта кыз киши окууса.
SUPER.KG видео
07.10.2011. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы реклама кылыптыр кыздарды.
SUPER.KG видео
07.10.2011. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узак-узак жашагыла кыргыздын сулуулары ! Силердин сулуулугунар менен дуйно корктуу. Канчалаган адамдар силердин келбетинердин деми менен бул дуйнонун ырахатын сезе алат.
SUPER.KG видео
07.10.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красотки
08.10.2011. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operaledi ошону айтсан
SUPER.KG видео
14.10.2011. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
полный отстой!!!
16.10.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Elina,ty prosto tupica! Slov net. Svoim 45 razmerom nog polu4ila 1oe mesto!Esli doma ne4ego delat` togda Zaimis` figuroi,podka4ai nekotorye ne dostatki. A lu46e prikroi kak ran`6e!!!
16.10.2011. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина кандайсыз! сиз абдан озгоруп кетипсиз. Мурунку Элина кайда? Шоу дуйносу аябай озгортот окшойт адамды...
16.10.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Blin na ablojke kunduz ele derjitsya na vysokih.Esli ne mojesh luchshe ne nosit`!!! Ato stoika ujasnaiya he-he.
SUPER.KG видео
19.10.2011. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kanykeige kim dobushun berdi deim da,korkunuchtuu kyz go al.
29.01.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээлиноооооооочка.мен сени суйом
SUPER.KG видео
17.04.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эчкимиси мага жаккан жок, бул кыздардын ич дуйносу таза сулуу болуш керек!!!! страшилки какие то все, и многие из них тамеки чегишет!!!! эмнеси сулуу! фууу(
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо