Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

ОРУСИЯДА ТАНАЕВДИН ҮЙҮНӨ УУРУ КИРДИ
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Акаев менен кошо качып кеткен Кыргызстандын мурунку премьер-министри, азыркы убакта “Газпромнефть” ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеп жаткан Николай Танаевдин үйүнө уурулар кирип, 2,5 миллион рублдан ашуун акчасын уурдап кетишкен.
Бул факт боюнча маалымат укук коргоо кызматтарына 25-сентябрда түшкөн. Маалыматтарга караганда, 66 жаштагы Николай Танаев 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин үйүндө болгон эмес. Үй ээсинин жоктугунан пайдаланган уурулар үйгө кирип, 2 миллион 450 миң рубль, зер буюмдарды жана ноутбугун көтөрүп кетишкен. Келтирилген зыян 2 миллион 650 миң рублду түзгөн. Бул уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

КӨРҮНГӨН АДАМ МЕНЕН ТААНЫША БЕРБЕ!
23-сентябрда милицияга Бишкек шаарынын Эне-Сай жаңы конушунун 20 жаштагы Ж. аттуу тургуну жакшы тааныш эмес жигит зордуктап койгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делинип Бишкек шаарынын 23 жаштагы К.И. аттуу тургуну кармалды. Иликтөө уланууда.

МОСКВАДАГЫ ТОНОО
Орусия ММКларынын маалыматы боюнча, Москва шаарында жеке ишкерди уурдап, акча талап кылгандар кармалды. Болжол менен алардын баары кыргыз жарандары. Белгилүү болгондой, алар “Партизанская” метросунун жанынан жеке ишкерди кармап, белгисиз тарапка алып кетишкен. Уурдап кеткендер ишкердин башы үчүн миллион рубль талап кылышкан. 24-сентябрда Тынчтык проспектисинде төрт кылмышкер талап кылган акчанын бир бөлүгүн алып жатышканда милиция кызматкерлерине колго түшүшкөн. Бир нече сааттан кийин кылмышкерлердин шериктери кармалып, ишкер бошотулган.
Орусиялык милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, кармалгандар кылмыштуу топтун катарына киришип, жердештерине карата кылмыш кылып турушкан. Аларга Орусиянын Кылмыш кодексинин 126-беренеси (киши уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 5 КИШИ КАЗА БОЛДУ
23-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районунун аймагында болгон жол кырсыгынан 5 киши каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түнкү саат үчтөрдө Хонда-Одиссей автоунаасынын айдоочусу Б.Сариев унааны башкара албай калып кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 5 киши каза болуп, жараат алган айдоочу ооруканага жеткирилген.

ТАМЕКИНИН АЙЫНАН КИШИ ӨЛДҮ
27-сентябрда Чүй облусунун Кант шаарындагы Герцен көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, үй ээси 1979-жылы туулган А.Борщ каза болгон. Өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыккан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо