«КЫЗДАР, ИЛЬЯЗ ҮЙЛӨНГӨН...»

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

Көрөрмандар – Спорт Ордосунун 60 пайызы (24-сентябрь күнү)
Алпаруучу – Жанара Атабекова
Мыкты номер – “Соң-Көл”, “Азап” ырлары

Концерт мынча мүнөт кечигип башталды, түкүнчө ырдады, баланча бийледи, сахна жаман жасалды” деп айтпайм. Анткени кыйын ырчы концерт коёбу же эптемей эки ыры барлар “тушоосун” кесеби, баары бир эч өзгөрүү жок. Жарнама кылып элди жыйып, калктын капчыгын кагып алып же өзүнө аброй арттырганы менен, кеткен чыгымын жаба албай таптакыр жөө калган артисттерди көрүп жүрөм.
Кудум ошондойлордун бири болгон Ильяз Абдыразаковдун концертин баяндайын. Үйлөнүп-жайланып, таптакыр сахнага чыкпай эски ырлары менен гастролдоп калган болчу Ильязбай. Күздө кыймылдай баштаган экен, концерт берди, 2 күн. Бир баалаганым, гимн менен ачты концертин, азамат. Бул жолку концертин көп жаңы ырлар түзүптүр. Жаңысы го жаңы, бирок мурда-кийин ал ырларды укпаган соң элге жетиши кыйынга турса керек. Анан аты-жыты билине элек ырчылардын биринин артынан бири чыгышы репетиция кылып ар ким келип ырдай берген го деген ойго такады. Концерттин “Соң-Көл” аталышынын себеби Исрадин Аманбаевдин “Соң-Көл” аттуу ырын Ильяз кайрадан иштеп чыгыптыр.
Алпаруучу Ильязды мактаган ар бир адамга “Соң-Көл” ырлар жыйнагын тартуулады. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган кыздар бири оюндун шартына баш ийип жазса, бири жетпей калган арзуусун айтып кагазга, кагаз таппай калгандары телефонуна жазып алпарып үлгүрүштү. “Азапты” аткарганда залды кыйкырык-сүрөөн коштоп, бир күйөрман кыз чыдабай кетип, коопсуздук кызматкеринин тосконуна карабай сахнага чыгып, Ильязды өөп, жанында туруп бийлеп, бактылуу өзүнчө.
Кыздар, Ильяз үйлөнгөн...” деген алпаруучунун айтканы бекеринен эместей, анткени ырчынын үйлөнгөнү күйөрмандарына эч таасир бербептир. Ырчы жигиттин ырын эле эмес, өзүн да жүрөгүнө багып келгени Ильяздын ар бир кадамына куштарланып, кол булгалап, жол талаша гүл сунуп, колуна кат карматып, телефонуна сүрөткө тартып жаткандарынан билинди. Бир сөз менен айтканда, жөнөкөй баланын концерти жөнөкөй өттү.

Толик сынчы


Ильяз Абдыразаковдун жеке концертинен репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
26.09.2011. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aa iyigilik Iliyazga!
SUPER.KG видео
27.09.2011. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О Малыш чоноюп калган тура! Азаматсын Ильяз, талантына таазим. Талантын єркїндєп осо берсин
SUPER.KG видео
27.09.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи Ильяз Абдразаковдун ырлары абдан жагат!
Ильяз ийгилик Сизге! Бар болунуз, бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
27.09.2011. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Ильяз, талантына таазим.
SUPER.KG видео
27.09.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгынын фанаты болбосом да озун жонокойлугу менен башка ырчылардан айрымаланып турганынан сыйлайм. ишине ийгилик!!!
репортажга+5
SUPER.KG видео
27.09.2011. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бир да бийчи кыз жок, менимче мурдагы концерттерине караганда анча эмес!
SUPER.KG видео
27.09.2011. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскартылган репортаж го,ошон учун корсотпогондур бийчи кыздарды. менимче алар бийлесе керек.
SUPER.KG видео
27.09.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mykty talanttuu jigit.
SUPER.KG видео
27.09.2011. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жаны ырларын жуктоп койсонуздар СОН КОЛ ТАПТЫМ СЕНИ БАГЫТТАР2
SUPER.KG видео
28.09.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya o4en uvajau takie parni.uda4i vam!
SUPER.KG видео
29.09.2011. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяздын айрыкча "Азап" деген ыры жаман жагат.Уккан сайын откон кундор еске тушот.Молодец!!!Алга!!!
SUPER.KG видео
29.09.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляз молоччик
03.10.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильязга жакшы продюссер керек. Жаны ырлары кандай болду экен, уккум келип жатат.
04.10.2011. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казахстанда Ильязды аябай сыйлашат! Мен, мен деген кыйын ырчылар, Ильяздын ырларын сатып алышып, которуп ырдап журушот. Конечно алардын аранжировкасы кымбат, уккулуктуу болуп, сразу эле хит болуп кетет ал жакта.
07.10.2011. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, tuura aytasin men saga kowulam...
SUPER.KG видео
04.10.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары айябай жагат, артыкча "Азап" деген ырын укканда ооооолуп каламда :). Медина женебиз айткандай "артист" койноктору жакшы экен. бойдок кезинде кобунчо жонокой кийинчу эле азыр шым костюм ПРОСТО SUPER!!!
04.10.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы негизи арман деген ырын дагы деле угуп журом
SUPER.KG видео
05.10.2011. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамтсын Ильяз талантына там беремин,ийгилик жана бактылуу бол ылайым!
06.10.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш болсо да коп ийгиликтерге жетишти. Азамат,эмгегин баалайм. Бек байкебиз деле эптемей концерт коюп жатпайбы............Бул жаатта ырчылар кичине ойлонуп корсо жакшы болмок.......
06.10.2011. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкебиз эптемей концерт койгону менен ырлары жан дуйнонду козгойт,ал эми сахнанын жасалгасынын кимге кереги бар ырдын мааниси жок болсо.
11.10.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз senin talantega kayelmen senida biz jakda kyrgyz emes bashka ulutdarda bizdi tuurap senin erlarengde erdashat ugushat biz jaka ka4an kelip konsert beresing senin erlareng olbos jashdar jurogunon oorun algan erlar ekenin 4endek biz jakada bir jelet etip ket 4 kozdop kutobuz
SUPER.KG видео
27.11.2011. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо концертти толук каерден корсок болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо