АТАСЫЗ БАЛАГА КАНДАЙ ТАРБИЯ БЕРҮҮ КЕРЕК?

№466 7-13-октябрь, 2011

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу берсеңиз болот.

– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты? Жашым 22де. Жолдошум экөөбүздүн ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашып кеткенибизге 2 жылдын жүзү болду. Ортобузда Арсен аттуу уулубуз бар. Атабыз кеткенден бери бизден бир жолу да кабар алууга жарабады. Уулум жакында 3кө чыкты. Ал чоңойгон сайын “уулумду кантип чыныгы эркек кылып тарбиялайм?” деген суроо тынчымды алат. Элден “атасыз өскөн балдардын көпчүлүгү назик, тартынчаак болуп калышат” деп угуп, ого бетер санаа жейм. Мүмкүн болсо, психологдон менин суроомо жооп алып берип койсоңуздар, сураныч. Жазгүл, Бишкек шаары.

– Жазгүл, сиз учурдагы эң олуттуу суроолордун бирин бериптирсиз. Анткени учурда сизге окшоп баласын жалгыз тарбиялаган энелер көп. Сиздин берген сурооңуздан бардык жалгыз бой энелер да кеңеш алат деген ойдомун.

АТАСЫЗ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК:

  1. Эч убакта балага атасы тууралуу жаман айтып, сиздерди таштап кеткендиги үчүн нааразыланбаңыз.
  2. Уул бала эркектер менен көбү­рөөк сүйлөшүүгө тийиш. Мисалы, таятасы, таякеси, эркек кошуналары жана башкалар менен. Баланын тегерегинде эркек киши канчалык көп болсо, андагы эркектик сапаттар ошончолук жакшы калыптанат.
  3. Баланын эркектик сапаттарына басым жасап, аны мактап турууну унутпаңыз. Анын кандай күчтүү, чыдамдуу экендигин айтып, аны менен сыймыктанарыңызды баса белгилеңиз. Уулуңуз жакшы бир жумуш бүтүрсө, «менин уулум азамат! Чыныгы эркек ушундай болушу керек!» деп көңүлүн көтөрүүнү унутпаңыз.
  4. Жалгыз бой эне эч убакта баласына өзүнүн күчтүүлүгүн, ал үчүн бир мезгилде эненин да, атанын да милдетин аткарып жатканын билдирбеши шарт. Анан да бардык маселелерди өз моюнуңузга үйүп, бийликчил экендигиңизди көрсөтпөңүз. Себеби балада калыптанып келе жаткан эркектик сапаттарды, лидерликти жана өзүнө ишенүүчүлүктү жоготуп аласыз. Эң биринчи кезекте эне баланын алдында мээримдүү, назик болуп көрүнүшү керек. Мындан бала апасын сыйлоону, колдоону, аёону, ага кол кабыш кылууну үйрөнөт. Эне мээрими, анын аялдык назиктиги эркек баланы күчтүү, жоопкерчиликтүү, ар кандай учурда туура чечим кабыл ала билген, аялзатын сыйлаган эркек кылып өстүрөт. Бала бакчага баргандан тарта эле кыздарга сылык мамиле жасоого, оор сумкаларын көтөрүшүүгө, эшикти ачып берип, аларды алдыга өткөрүүгө тарбиялоо керек.
  5. Ашыкча эркелетүүдөн ка­чыңыз. Уулуңуздун курагына жараша энелик мээрим төгө билиңиз. Мисалы, өспүрүм куракта балага эне тарабынан ашыкча камкордуктун кереги жок. Бул убакта ага бир аз эркиндик берүү туура. Ал досторун өзү тандасын. Эгер эне анын тандоосун жана чечимин сыйлай билсе, бала өзүнүн жасаган иштерине жооп берүүгө, өз алдынчалуулукка үйрөнөт. Эгер уулуңуз сизге көз каранды болсо, жеке жашоосун курууда кыйналат.
  6. 5-6 жашынан баштап балага эркектерге тиешелүү жумуштарды, мисалы, мык кагуу, жыгачтан бир нерсе жасоо сыяктуу жеңил тапшырмаларды берүү керек. Бала улуу эркектерге жардамдашууну канчалык эрте баштаса, анын өзүн-өзү баалоосу ошончолук эрте ойгонот.
  7. Баланы кинодогу жана китептеги оң каармандардын жардамы менен тарбиялоо да оң натыйжа берет. Бирок китеп менен тасманы кылдат тандоо керек. Бул үчүн аялдарды коргогон жоокерлер жөнүндөгү чыгармалар туура келет. Боевиктерди, мелодрамаларды, комедияларды тандоодон алыс болуңуз.
  8. Атасыз тарбияланып жаткан бала менен энеси футбол, хоккей сыяктуу эркектердин оюндарын ойноосу шарт. Мындан сырткары достору менен ойногон оюндарга тыюу салуунун кереги жок. Эгер бала үйгө бети-башы көгөрүп, сыйрылып келсе, чыр чыгаруунун ордуна жөн гана тазалап, керектүү дары-дармекти коюп койгон туура.
  9. Балага буйрук берүү туура эмес. Андан көрө жардам берүүсүн өтүнгөнүңүз оң.
  10. Өзүңүз менен чогуу бир керебетте жатууга жол бербеңиз.

Бул суроого “Paradise Sun” психологиялык борборунун психологу Гүлай Акбутина жооп берди.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
10.10.2011. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voobse ATA emnege kerek?
11.10.2011. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш бериптир. Заман талабына ылайык. Психолог Гүлай Акбутинага ыраазычылык билдирем.
11.10.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эле суроо, бирок кызы менен калган энелер учун жооп берип койсонуз
13.10.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы жок балдар кыйын болот наоборот, энелерге данк!!!
13.10.2011. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата деген бала учун ким экенин мен дагы тушуно бербейм, себеби мени атам 2,5 жашымда таштап кеткен. Эми озум ойлонуп отурам - кантип баламды тарбиялайм деп(
14.10.2011. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, бала остуруу жоопкерчиликтуу милдет... Апакеме ыраазычылыгымды айтып, иш жузундо корсотконумду токтото албаганымдай, атакемди да сагынып кутконумду тана албайм... Эмне болгондо да, ал киши менин атакем экендигин эч ким кыя албайт... Акыйкатта, атамы суротто гана эмес бирге жашап, ата мээримин сезген эмесмин......
24.07.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энелерге кыйын мындай учурда,уйдо аял-кочодо эркек!Апакемди ушунчалык жакшы кором соз мн жеткире албайм!аман болгула энелер,анан албетте аталар дагы ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо