Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АК ШООЛА» БАЛДАР ХОРУ

№466 7-13-октябрь, 2011

“Ак Шоола” балдар хорун көптөгөн концерттерден көрүп, өзгөчө кичине топтогу балдарды карап эзилип отурат эмеспизби. Алардын ар бир кыймылы кызык. Андан да кызыгы, аларга хордо ырдаганды ким, кантип үйрөтөт?

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫНАН
СССРдин убагында Кычан Жакыпов атындагы Пионерлер үйүнүн алдында балдар хору болгон. Жалпы эле бала тарбиялоодо, элдин духун бийик кармап турууда да хор искусствосунун ролу чоң болчу. Бирок ошол кезде кыргыз улутундагылар хорго анча кызыкчу эмес. Чоң-чоң фестивалдарда өзбек элинин хору десе өзбек балдары, тажик элинин хору десе тажик балдары чыгып ырдашса, кыргыз десе эле сары чачтуу орустар чыгышчу экен негедир. Муну байкаган маданият башчылары 1985-жылы “пионерлер хоруна кыргыз улан-кыздарын топтогула” деген катуу талап менен кайрылышып, бул милдет ошондо 5-курсту жаңы аяктаган Гүлмира Эсенгулованын мойнуна жүктөлөт. Үч айдын ичинде топ түзүп, шаардын деңгээлиндеги конкурс, концерттерге алып чыга баштайт. Бул топ чоң хорго такыр кошулбаган башка багытты алып, өз алдынча “Ак Шоола” балдар хору деп аталат.

1991-ЖЫЛДАРЫ ХОР ЭҢ КЫЙЫН КҮНДӨРҮН КЕЧИРДИ
“Ак Шоола” хору 27 жылдык өмүрүндө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Бул тууралуу хордун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Хорду сактап калуу мен үчүн Союз кулаган жылдары эң оор болгон. Эл ырдатмак түгүл балдарынын курсагын тойгуза албай жүргөн кезде мен “Ак Шооланы” сактап калууга тырыштым. Анда 8-кичирайондо турчумун. Эртең менен үйүмө 20 чакты майда балдар келишет. Алардын баарын ээрчитип троллейбус менен Пионерлер үйүнө алып барып ырдатып, кайра кечинде 20 бала менен үйгө келчүмүн. Тапкан акчамдын акыркысы калса да, аларга жол кире кылып, кийимдин коозун кийгизип, ээрчитип жүрөр элем. “Ата-энеңерден жолго акча ала келгиле” десем эле “акча жок” деп балдарын хорго жибербей коюшчу.
Ошол күндөн азыркыга чейин эле бир баланын кетип калышы мен үчүн чоң жоготуу. Мамлекет хор эмес, карапайым элге эч жардам кыла албай турган кез эле. Ошентсе да эл аралык сынак, фестиваль дегендерге тынбай чакырылып турдук. Гран-Прини утуп келген күндөрү да бизге эч ким көңүл бурган эмес. Менин байкаганым, адамдын турмушу канчалык оор болгон сайын жан дүйнө менен эмес, көз менен көргөн кооздукту каалап калат экен. Муну мен ошол жылдары мага хорго келип жүргөн кыздарын ата-энелери жапырт жетелеп бийге алып бара баштаганда байкадым. Кафе, ресторандарда курсактарын көрсөтүп бийлеп жатышса, ошого өздөрү суктана карап калышпады беле. Үйрөтүп, ырдатып койгондо “биз бийлейт элек” деп кетип жатышканда сыртымдан билгизбегеним менен, ичимден ыйлап турчумун.

"АК ШООЛАНЫН" БАЛДАРЫ ЖЫЛДЫЗ БОЛУУГА КЫЗЫКПАЙТ
– Биздин хордон канчалаган таланттар тарбияланды, учурда да тарбияланып келишет. Алдардын биринин да “мен ырдап чыгышым керек, жылдыз болушум керек” деп жулкунганын көрбөдүм. Анткени алар бала чагынан эле сахнада чоңоюшту. Мисалы, Айбекти Юрмалага барып келгенге чейин жылдыз деп таанышчу эмес. Чынында, ошого чейин деле ырдап жүргөн бала да. Алмаз Адамалиевде, Алтынай Атакановада да чоң талант бар. Алтынай “жок, мен ырчы болбойм” деп эле койбодубу. “Сен ырдашың керек” деп ага канча айттым, “кыргыз сахнасы мен каалаган сахна эмес” деген гана жооп алдым. Наргиза деген солисткам бар эле, жакшы ырдайт. “Мен балдарым менен үйдө эле отурам” деп койду. Азыркы таанымалдардан Салтанат Шабданалиева (азыр “Ак Шооланын” окутуучусу), Назгүл Айдаралиева, Эрнист Уметалиев, Чолпонайлар дагы менин окуучуларым,- дейт Гүлмира Эсенгулова.

"КИЧИНЕ БАЛДАР МЕНЕН ИШТӨӨ – КЕРЕМЕТ"
Эң кичине топко балдар 2 жаштан баштап кабыл алынат экен. Ал эми 2 жаштагы балдарды элестете бериңиз, жаңыдан сүйлөп, тилинен балы тамып турган кез.
– Эгерде мен бир ыр жазсам, анын сөзүн-обонун баарын балдардан алам. Бакчада балдар менен ойнобой, жер тепкилеп жаткан баланы көрүп, анын сөздөрүн кошуп “Чыр бала” деген ыр жазам дегендей. Айтор, алар менен сүйлөшүүдөн рахат аласың. Күлдүрүп, үйүндө болгон окуяларды айтып келишет, бизде болгонун үйүнө айтып барышат. Таң калганым, бир жолу бир нерсеге капа болуп, башка бөлмөгө кирип ыйлап чыктым. Аны мугалимдер деле байкашкан эмес, балдар байкашып, үйүнө айтып барышыптыр. Орусча сөздөрдү которушат, күлдүрүп. Ойлоп коём, тилчилер котормо жагынан балдар менен иштешсе, чет тилден кирген сөздөргө керемет котормолорду табышмак. Эң кызыгы, дайыма сахнага мына чыгабыз дегенде дааратканага баргылары келе баштайт. Бул жаатында кызыктар өтө эле көп.
Ал эми эң кичине топтогу балдарга бир ырды толугу менен жаттатып, ырдатып чыгыш үчүн жок эле дегенде 5-6 ай убакыт кетет. Ошентсе да ошол эле кичине, музыкалык сабаты жок балдардын катышуусунда ыр эмес, “Алтын уя” деген театрлаштырылган опереттаны аткарып койбодукпу. Мунун кандай чоң эмгек экендигин эл деле түшүнсө керек. Андан тышкары канча деген каражат керектелет. Бир эле кумурсканын кийими 4 миң сомго турган,- дейт топтун жетекчиси.

ДҮЙНӨНҮ КЕЗГЕН "АК ШООЛА"
Бул багытта Гүлмира Эсенгулова төмөнкүлөргө токтолду:
– Бизди өз жерибизде көп барктабаганы менен, чет мамлекеттерге дүйнөлүк деңгээлдеги салтанаттарга чакыруулар арбын.
2010-жылы Апрель окуясынан кийин шаар өрттөнүп жаткан учурда биз Алматы аркылуу Түркмөнстанга учушубуз керек эле. Билеттердин баарын чакырган тарап сатып берген болчу. Бийлик жок, кимге кайрыларымды билбейм. Суранбаган кишим калган жок, акыры барбай калганыбызды айтып фестивалдын уюштуруучусуна чалсам, “келесиңер, азыр баары чечилет” деп койду. Казактар чек арадан бизди эмес, чычканды да өткөрбөй турган болчу анда. Ошентип, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр болуп жатып биз бардык. Учак да биз үчүн эки саатка кармалыптыр. Алгач эле “Мекеним, кутманым, кыргыз жерим” деп ырдаганыбызда, Апрель окуясы дүйнөнү таң калтырып турган эле, кыргыз эмес, башка эл да ыйлап укту ырыбызды. Ошентип, чыныгы хор искусствосун баалаган элдердин бар экендигине кубануу менен кайттык.

ЫРЧЫ ЧЫГАРУУ МИЛДЕТ ЭМЕС
“Ак Шоола” хорунун учурда 150дөй мүчөсү бар. Хордун жетекчисинин айтымында, мындан балдар сөзсүз эле ырдап чыгат же чыгармачыл болот деген кепилдик жок. Бирок алардын жан дүйнөсү бала чагынан баштап искусство менен тарбияланат. Демек, бул балдардын ой жүгүртүүсү өсөт, мекенчил болот, ата-энени сыйлап, барктаган, тартиптүү, адептүү болуп чоңоюшат. Өткөөл куракта алар тамеки тартуудан, мушташтардан алыс болушат. Мектепте сабактардан жакшы окушуп, дайыма алдыңкы окуучулардын сап башында турушат. Буга кызыктыруу максатында “5” деген бааны ким эң көп алып келсе, ага белек берип турушат экен.

Чолпон Сүйүнбаева
lira@super.kg


Маек - Гүлмира Эсенгулова "Ак шоола" балдар хорунун көркөм жетекчиси

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
12.10.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гүлмира эже - азамат эже да! Сүйлөгөн сөздөрүнөн эле көрүнүп турат. Илгери "Жаш таланттар" фестивалына катышып жүргөндө эженин балдарга кылган мамилесин көрүп аябай баа берчүмүн.
12.10.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибрагим Жунусовдун элуу жылдыгын мен да кордум. Сонун болду ээ "Ак шооланын" хору
SUPER.KG видео
12.10.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ак шоола"нын шооласы ааламга чачырап, ар бир уйго кубаныч алып келсин. Сиздердин ишиниздерге ийгилик каалаймын.
SUPER.KG видео
12.10.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
yrahmat sizge eje! Bar bolunuz.Okuuchularynyz koboyo bersin.
SUPER.KG видео
12.10.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтынай сонун ырдачу, кичине кезибизде ушул хордун ырларын жыргап угуп-корчубуз. Азыркы кичинекей группасы да керемет:) Ишинизге ийгилик каалайбыз, Гульмира эже!
SUPER.KG видео
12.10.2011. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Vaaay, myn4a sonun keremet bular)))
SUPER.KG видео
12.10.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир жагдайга конул бургум келди. Ушундай уккулуктуу маек болуптур, азамат эже экен чынында. Созго жарды жаш ырчылар менен болгон маектерди коргондо, алардын мукактанып, кыйналып-кысталып,тим эле айлан кетет:))
SUPER.KG видео
13.10.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulmira Esengulova sizge densooluk kaalaim,bar bolunus! ALban iyigilikder koshtoi bersin!!!
SUPER.KG видео
13.10.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiabai kyiyin eje eken sizge iygilik!!! Jana oshondoi ele Ak shoola dagi 4on iygilikterdi kaalaim. Jani 4agarmalarynyzdar koboi bersin!!!
SUPER.KG видео
13.10.2011. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак Шоолага ашык болуп калдым. Кызымды алпарам.
SUPER.KG видео
13.10.2011. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулмира эже абдан сонун суйлойт экен. Конулу чогуп турган адамдын маанайын бир паста эле которуп койсо керек, эже. Ушунчалык таасирлендим. Ишиниз ийгиликтуу болуп, ар дайым жаны нерселерди жаратып журо бериниз. "Ак Шоолага" албан ийгиликтерди каалайм!
SUPER.KG видео
13.10.2011. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы педагок! Таазим! Данк! Бар болунуз.
SUPER.KG видео
13.10.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
просто супер азамасыз эжеке!!!
14.10.2011. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гульмира эже-Ар дайым бар болунуз!!! Албетте балдар менен иштешкен абдан оор...ар бир баланын кыял жоругу эле канча...
SUPER.KG видео
14.10.2011. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябагандай бала кыял эже экен, жакты.
14.10.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулмира эже саламатсызбы.менин кызымды да албайсбы.тел ном берсенизчи.
14.10.2011. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульмира эже sizge bekem den soooluh jar bolsun!!!jarathan allanen jahxelge jar bolsun !!!!!
15.10.2011. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndygynda myndaj tabigyj pedagogikalyk talanty bar mugalimder az.Kee bir jalkoo pedagogtordun ajynan omur boju chala bilim menen kyjnalasyn.
SUPER.KG видео
15.10.2011. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан мыкты жан дуйносу менен берилген окутуучу экен,азыр ушундай мугалимдер чанда чанда гана кезикет,жок десе да болот.
15.10.2011. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакты эже жонокой экен,ишинизге ийгилик.
SUPER.KG видео
03.11.2011. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulmira eja maga abdan jakti, professional ekeni korunup turat! sizderge iygilik!
SUPER.KG видео
14.11.2011. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжеке сизге ден-соолук,ишинизге ийгилик каалайм ,ар дайым сиздин театрыныздан жакшы балдар оорун алып журо берсин талыкбай эмгектенебериниз !!!
SUPER.KG видео
22.11.2011. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже сизге жана сиздин кылган эмгегинизге таазим. Менин 2 кызым бар улуусу "Алтын уя" опереттаны суйуп корот.Кичуу кызым "Кун балдары" ырынар менен уктайбыз. Ишинизге ийгилик аман болунуз. РАХМАТ
SUPER.KG видео
22.11.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жана да сиздердин дисктеринер барбы "Алтын уя опереттаны аран таап алганбыз. Биз Россияда болгондуктан кичинекей балдарга ылайыктуу кыргызча ырларды кыздарыма уйротот элем.
Супер балким сиздер таап бересиздер
SUPER.KG видео
17.06.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы маек болуптур.Гульмира эжеге ийгилик дагы коп жакшы ийгиликтерге жетишкиле.
SUPER.KG видео
23.11.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы педагог, мыкты инсан! Талапты катуу коет, Ак-Шоола дегенде жанын берууго даяр. Кесипкой жетекчи, уйдо мээримдуу эне, суйуктуу жар. Уулу Эрнест Уметалиев да шоу-бизнеске оз салымын кошуп келет. Ак Шооланын ырдаганын укканда кадимкидей ырахат аласын. Гулмира эже ЧОН ТАЛАНТ, менин суйуктуу эжем жана экинчи апам
02.04.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгынызга ийгилик
SUPER.KG видео
16.05.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызым, кутманым, кызыл туум деген да ыры бар болчу мумкун башкача аталышта болуш керк, сураныч ошол ырды жуктоп койсонор жакшы болмок!!! РАХМАТ!
Медиа-портал
08.05.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ак шоола" керемет хор. Кызым барып баштады. Мугалимдери тим эле балдарды суйуп, беттеринен ооп эле турушат. Эн сонун топ. Ийгилик!
04.02.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун концертин кордум. Сонун болду.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо