№466 7-13-октябрь, 2011
2-октябрда борбордогу “Пава” бильярддык клубу бильярд боюнча Өлкө биринчилигин өткөрдү. “Эркин пирамида” тартибинде өткөн мелдештин байге фонду 50 миң сомду түздү. Жыйынтыгында Кубанычбек Сагындыков жеңип чыкты. Ал финалда келечектен көптү үмүттөндүргөн 15 жашар Ызатбек Раатбековду кыйынчылык менен жеңди. Ызатбек жөнүндө айтсак, ал жаш болсо да Бишкектин чемпиондугун жеңген. Эми минтип чоңдор арасында өлкөнүн вице-чемпиону аталган Ызат дүйнөнү дүңгүрөткөн айтылуу агасы Каныбек Сагынбаевдин жолу менен бараткандай. Кезинде Каныбек 13 жашында Кыргызстандын чемпиону болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |