Омар: «ҮЙЛӨНГҮМ КЕЛЕТ, БИРОК КИМГЕ?»

№466 7-13-октябрь, 2011

“Күнүгө эртең менен уйкудан ойгонгондо бул жашоого кыргыз жигити Өмүрбек болуп жаралганыма кубанам”,- дейт Омар.

– Кандайсың, Омар? Жакында концерт берем деп кол бошобой жүгүрүп жүргөн кезиң экен...
– Сөздү тээ алыстан баштайын. Негизи, кичине кезимден эле уккан “Backstreet Boys”, “'N Sync” деген топтордун музыкасы менен чоңойдум. Анан ошолордун гитара, барабандардын коштоосунда өткөн жандуу концерттерин көрүп, суктана берчүмүн. Мына, Кудай кааласа, 17-18-ноябрда ошондой жандуу концерт берейин деп күндө репетициядан кол бошобой жүрөм.
– Фонограмма деген оңой оокатты таштайын деп жаткансың го?..
– Эми ырчылардын баары эле фонограмма менен катуу достошуп алганбыз. Андай концерттерде сахнанын жасалгасын, кийимдерди, билетти кантип өткөрүш тууралуу биринчи ойлонмокмун. Негизи, фонограмма менен ырдай берсең, чыгармачылыкка болгон чыныгы кызыгуу басаңдап калат экен. Ыр жаздырасың, анан дискти коюп ырдай бересиң. Азыр жандуу концертке даярданып жатып, өзүмдө кадимкидей изденүү пайда болуп, чыныгы чыгармачылык менен алек болгонум сезилүүдө. Буга чейинки ырдаган ырларымдагы катачылыктарым да байкалып жатат. Бирок кесе айта албайм, таптакыр эле фонограмманы таштайм деп. Себеби ар кандай жерге барып ырдайсың, анан аппаратура толук кандуу канааттандыра албашы мүмкүн. Биздеги аппаратуралар жок дегенде Казакстандын деңгээлинде болгондо кайсы жерге чакырылбайын, жандуу эле ырдап берет болчумун. Кудайга шүгүр, бизде деле акырындап жандуу концерттер бериле баштады. Мисалы, Гүлнур эже, Актан байкелер жандуу концерт берип эле келишет. Менден кийин Султан, Ильяз, анан Арсен берсе ошентип эле уланып кетет. Анан элди ырчылар өзүнөн өзү эле фонограмма менен тарта албай калышат. Ошентип, эми колдон келишинче жандуу үн менен ырдоого аракет кылам деп сөз берем. Деги эле жандуу музыканын «кайфы» башкача.
– Буга чейин эле фонограмманы жоём деген төбөлдөр чыккан. Маданият министри болуп калсаң...
– Ооба, анда фонограмманы жойдурмакмын. Анан, биринчиден, концерт берүүгө жакшы бир жай салдырмакмын.
– “Омар эми гастролдоп акча тапкандын даамын татты” деп кесиптештериң айтып жүрүшөт...
– Ооба, чынында эле буга чейин гастролдогонду көп жактыра берчү эмесмин. Жол азабынан жүдөйсүң. Ачка-ток жүрөсүң дегендей. Бир жолу Ош тарапка гастролго баргам. Ошондон кийин көңүлүм катуу калган. Тапканым барып-келген жол кирени эле араң жапкан. Же менин популярдуулугум аз беле анда, билбейм. Анан мына жаз айларынан баштап кайрадан гастролго чыга баштадым. Эл абдан күтүп, жылуу кабыл ала баштады. Билеттер калбай калып жатты. Бул мага чоң стимул болду.
– “Кичинекейимден эле ишкер болом деген тилегим бар” деп айтып келесиң. Бир иштин учун чубап, план түзө элексиңби?
– Азырынча эч нерсе ойлой элекмин. Чыгармачылык менен эле жүрөм. Буюрса, бул кыялымды сөзсүз ишке ашырам.
– Жакынкы арада жеке жашооңдо өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?
– Ырчылардын үй-бүлө куруп жатканын көрүп, үйлөнө берсемби деген ойлор келүүдө. Бирок кимге деген суроо көңүл өйүйт.
– Кыздар менен таанышууда кандай ыкмаларды колдоносуң?
– Таанышууда “фирменный” ыкмам деле жок. Көп жигиттер кыздар менен таанышканда уялышат го. Анан “таанышсам болмок” деп көп өкүнүшөт. Ошондуктан уялып барбай койгондон көрө барып “отказ” алып келгеним жакшы деп эсептейм.
– Шайлоого карата үгүт концерттерге катыша баштасаң керек. Чакыруу алганда аброюнабы же акчага карайсыңбы? Деги эле саясатка тилиң өтөбү?
– Негизи, ырчымын деп эле өлкөңдө эмне саясат болуп жатканына көңүл бурбай коюу туура эмес. Адам бардык жагынан өзүн маалыматка толтуруп туруусу керек. Кээде ырчылар менен отуруп калганда “тиги тигиндей ыр жаздырыптыр, ал мындай ырдаптыр” деген сөздөрдөн тажап кетем. Ал эми талапкерлерден сунуш алганда өзүм ишенген, добушумду бере турган адамдын сунушун кабыл алдым.
– Кийинүү стилиңде өзгөчөлүк бар. Бир кепкаңды көп киесиң...
– Калпак күнүндө калпак деле кийип чыккам. Ооба, менин бир кара кепкам бар. Аны абдан жакшы көрөм. Өзүнчө окуясы да бар. Жыртылып калса да ыргытпай илип коём.
– Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Казакстанда белгилүү болгон “Ринго” тобунун продюсери менен бир долбоордун үстүндө иштемей болдук” деп калдың эле, ушул өңдүү сунуштар түшсө, Кыргызстанды таштап кетесиңби?
– Биринчиден, бул жакта иштерим көп болгондуктан, жогоруда айтылган сунуш боюнча, алар менен байланышууга убакыт тар болуп жатат. Бирок бизге чектеш Казакстан, Өзбекстан сыяктуу тегерек-четтеги өлкөлөрдөн сунуш түшсө, кабыл албайм. Ал эми Европа болсо, анда эки колум менен макулмун. Себеби ал жактан кыргызстандык деп баары бир элимдин атын чыгармакмын.
– Шоунун мен-мен деген жылдыздары актёрлук чеберчиликтерин сынап көрүп жатышат. Сени да бир тасмадан көрө алабызбы?
– Жакшы сөз бар “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген. Бизде таланты бары, жогу деле киного тартылып жатышат. Бир чети кино тарткандар аты элге билинген ырчыларды тартуу менен көрүүчү топтоону максат кылгандай сезиле берет. Албетте, ырчылардын арасында бар, таланты барлар. Мисалы, Съездбек байке. Менин актёрлук дараметим жок. Ыйла десе ыйлай албайт болушум керек. Бирок өзүмдүн мүнөзүмө ылайык роль болсо тартылып көрмөкмүн.
– Сени кейиткен нерсе?
– Биз сындаганды жакшы көрөбүз. Бир эле мисал, “тиги жылдыз менен сүйлөштүм, мындай бала экен” деп жакшы жактарын айтуунун ордуна “эй, мен аны башка чаппадымбы, сөкпөдүмбү” деп мактанганды жакшы көрөбүз. Бул биздин сабатсыз, маданиятсыздыгыбыз.
– Сени кубанткан нерсе?
– Жакында эжем турмушка чыкты. Жезделүү болдум. Алгач аябай ичим ачышты. Бирок алардын бактылуу көз караштарын көрүп, кубанып жүрөм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Менин дүйнөм - Омар:"Сүйүү бул бир эле учурда ачуу жана ширин нерсени

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(61)
12.10.2011. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар аябай жонокой жигит
12.10.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда Омардай ырчылар коп болмо....... Молодец.
12.10.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар аябай акылдуу,тартиптуу жигит, бут кыргыздын жигиттери ушундай болсо мамлекет, эл учун жакшы болот эле!
14.10.2011. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
I4ki duinosu jakwy bala korunot maga dayima. Azamatsyn Omar
SUPER.KG видео
14.10.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
SONUNN JIGIT!!! ALGA!!!!
15.10.2011. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой кадырына жеткен кызга уйлон,лучше айылдык и кедей семьянын кызын ал сени бактылуу кылат
15.10.2011. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Уйлоном бирок кимге...??" конечно магааа!
15.10.2011. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас атабыз жонундо кино тартылса деп мен да абдан коп кыялданам!Анан тартат десе эле нары бери тарта койбой троянын денгээлиндей кылып тартса экен кандай сонун болмок!
16.10.2011. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meni alchy omar jop jonokoi kyzmyn, prostata ukrashaet cheloveka degendei prostayamyn =)
16.10.2011. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такой простой человек!!!
16.10.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам бул дуйнодо озунун тенин табууда, анын мунозу- бой которгону эч кандай ролду ойнобойт. Журок жактырып, суйуп, дем жетпей турганда, сен бой которбойсун, тескерисинче, ошол бакытка жеткиче шашасын. Менин жеке оюмда, биринчиден Омар азырынча жаш, келечеги алдыда, ал эми журогунун жалгыздыгы, бул убакыт суроосу. Омар азырынча оз тугойун жолуктура элек, эл уйлонуп атат деп эле, уйлонуу бул туура эмес болуу керек. Кудай буйруп, жакын арада журогун суйуу балына малынышын каалайм!!!
16.10.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдын тубу сары алтын!!! Бактылуу бол!!! Чыгармачылыгына ийгилик!!!
SUPER.KG видео
19.10.2011. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
баарынан да намаз окуп жетишкени кубантат
SUPER.KG видео
04.11.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар азаматсын!!
SUPER.KG видео
19.11.2011. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ну, он симпатичный парень, хорошо поет, и как человек он он тоже хорош!!!
24.01.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar PLS ...don't get married...(((...I'll come back soon 2 KG))) U r the best...P.S I love you...
SUPER.KG видео
27.01.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан жагат мага ушу ырчы
SUPER.KG видео
14.04.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар-азаматсын!!!!!! Менин эн жакшы коргон ырчым!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
15.04.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ochen horoshiy chelovek,talantlivyi,stil'nyi,simpotnyi v obshem samy samyi
SUPER.KG видео
18.04.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омардын "Энекем" деген ыры абдан жагат, озгочо клиптеги армияда жургон жери, а чынында армияга барып, кыргыз элине кызмат отоду бекен?
SUPER.KG видео
30.05.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар молодец алланы кошуп суйлгону жакты.
SUPER.KG видео
16.07.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул байкенин козу жакты!!!!!!!!!!!!!!!!!
20.07.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик сага. Талантын осо берсин
SUPER.KG видео
11.09.2012. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ова кошулам тим эле "Мачо" бирок ал экранда жасалма суйлогондой сезиле берет.
SUPER.KG видео
18.09.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat omar. kyrgyzdyn yimandu jigiti alga
SUPER.KG видео
14.10.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар я тебя люблю !!!
SUPER.KG видео
27.10.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omardyn adamdyk sapattary en jogoru! Suilogondoru da oz jaiynda!
SUPER.KG видео
22.03.2013. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омар ты супер
SUPER.KG видео
06.07.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jurogum seni kumsait,seni 4yn4yldykka jumwait.demek4i omar! - bul jawoo onoi emes,owonduktan ondoo mn otuwu kerek dep oiloim,kylym karytkan kyrgyz elime daiyma kyzmatyn a9bai kop boluwu mn birgekikte ozun aitkandai den soolugun 4yndap ata-enen,bir tuugandaryndy elibizdi syilap talantyn orkundoi bersin demek4imin i men seni teren urmaataim omar,,,,,,,,,,,,,,
SUPER.KG видео
07.09.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik Omar baike
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо