Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№467 14-20-октябрь, 2011

Испания

БУКА МАТАДОРДУН КӨЗҮН ЧЫГАРА СҮЗДҮ
Испаниянын Сарогоса шаарында өткөн майрамда кайгылуу окуя катталды. Коррида (бука менен кармашуу) оюну жүрүп жаткан. Аренада 38 жаштагы белгилүү матадор Хуан Хосе Падилья жана Маркиз аттуу бука болчу. Аңгыча оюнчу сыйгаланып жыгылып, жинденген бука чуркаган бойдон ага жетип, мүйүзү менен сүзгөн. Катуу мүйүз оюнчунун жаагын тешип, учу сол көзүнөн чыгып кеткен. Учурда врачтар Падильянын көзүн сактап калуу аракетинде.

Орусия

КАР КИШИНИН БАР ЭКЕНДИГИ ДАЛИЛДЕНДИ
Кемерово облусунда орус жана чет өлкөлүк окумуштуулар катышкан экспедиция жана илимий конференция аяктады. Конференциянын жыйынтыгында облустун түштүгүндөгү Тоолуу Шорияда кар кишинин (йети) бар экендиги фактылар менен далилденди. Экспедиция учурунда кар кишинин байырлаган жайы, ага таандык чач, бутунун издери табылган.

АКШ

БАЙЛАРДЫН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ОЮНЧУК ҮЙЛӨР САТЫЛУУДА
Пенсильвания штатындагы «Lilliput Play Homes» фирмасы байлардын балдары үчүн оюнчук үйлөрдү сатыкка чыгарууда. Компаниянын жетекчиси Стив Черницки: “Биздин кардарлардын бири баласы үчүн дээрлик бир көчө үйдү заказ кылды. Заказ 100 миң долларды түздү. Бизде эң арзан оюнчук үй 6 миң доллар турат. Заказдар чет өлкөдөн да келүүдө. Үйлөр чоң особняктардын кичирейтилген түрлөрү десек болот. Эмеректерден тышкары кээ бир үйлөргө электр киргизилип, кондиционер да коюлган”,- дейт.

ПИНГВИНДЕР ТАЗГА АЙЛАНУУДА
Түштүк Атлантиканын жээктерин байырлаган пингвиндердин жүнү, канат-талдары түшкөндүктөн, жылаңач калып, тазга айланышууда. Мындай жаңылыкты АКШнын Жапайы табиятты коргоо коому билдирди. Канат-жүндөрдү жоготуу оорусу алгач 2006-жылы Африкада изилдөө институнда жашаган пингвиндерде катталган. Андагы пингвиндердин балдарынын 59 пайызы жылаңач калган. 2007-жылы ушул эле оору Магеллан пингвиндеринде байкалган. Окумуштуулар бул оору деңиздин нефть менен булганышынан, климаттын алмашышынан жана мите курттардын айынан келип чыкканын болжолдошууда.

Австрия

ШВАРЦЕНЕГГЕР ӨЗҮНҮН ЭСТЕЛИГИН ӨЗҮ АЧТЫ
Калифорниянын экс-губер­натору, кино жылдызы Арнольд Шварценеггер уулу Патрик менен Австриядагы туулуп-өскөн шаары Таль-Грацта болду. Ал жерде өзүнө арналып тургузулган 3 метрлик коло эстеликти салтанаттуу түрдө ачты.
Эскерте кетсек, Таль-Грацта Арнольддун үй-музейи 2011-жылдын июлунда ачылган. Жердештери туулуп-өскөн үйүн музейге айлантуу идеясын айтышканда актёр макул болуп, кичине кезинен бүгүнкү күнгө чейин колдонгон буюмдарын өзү алып барып берген. Эми музейдин алдына минтип эстелик орнотулду.

Англия

АДАМ СЫМАЛ САБИЗ
Түштүк Англиянын Суссекс графтыгында Ивонна Дарнелл аттуу айымдын үйүндө көрүнүшү адамга окшош сабиз сакталууда. Сабиздин адам сымал көзү, оозу, мурду да бар. Ивонна муну: “Мен балалуу боло албай жүрүп, акыры жасалма түрдө боюна болтургусу келген айымдарды ийне сайып дарылайм. Менин дарылоомдон кийин 80 аял кош бойлуу болушту. Андыктан менин ишимди Кудай жактырып, адам сымал сабизди бакчама өстүрдү”,- дейт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
18.10.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sabiz ukmush go tuugandar
19.10.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
матадорго чала!не надо издеватся над животным.
29.11.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабиздин алигиси дагы барбы дейм да?ыя
17.12.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sabiz zynk eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо