№467 14-20-октябрь, 2011
2011-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда өспүрүмдөр аралашкан 593 жол кырсыгы катталган. Анда 61 өспүрүм каза болуп, 619у ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми өткөн жылы 4420 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 985 киши көз жумган. Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, жол эрежесин толук сактабаган айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр.
АВТОУНАА КЫЙМЫЛЫНЫН ЫЛДАМДЫГЫ ЖАНА ДИСТАНЦИЯ
КАЛКТУУ ПУНКТТАРДАН СЫРТКАРКЫ ЖОЛДОРДО
Жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар 3,5 тонна салмактан ашпаган жүк менен саатына 90, ал эми автомагистралда саатына 110 чакырым ылдамдыкка чейин айдоого уруксат.
Шаар аралык кичиавтобустар жана мотоциклдер бардык жолдордо саатына 90 чакырым ылдамдыктан ашпашы керек.
3,5 тоннадан ашык жүгү бар прицеп чиркеген автобустар, жеңил жана жүк ташуучу унаалар кадимки жолдо саатына 70, ал эми автомагистралда саатына 90 чакырым ылдамдыктан ашырбашы керек.
Автоунаага жаңы отурган айдоочулар 2 жылдык тажрыйба топтогонго чейин кадимки жолдордо жана автомагистралда саатына 70 чакырым ылдамдыкта айдоолору керек.
Жүргүнчүлөрдү ташып бараткан унааларды саатына 60 чакырым ылдамдыктан ашырууга болбойт.
МАИ КЫЗМАТКЕРИНИН ЖӨНГӨ САЛУУ БЕЛГИЛЕРИНИН МААНИСИ
А) Маичи колун эки тарапка сунуп же жөн гана түшүрүп турса:
Оң жана сол капталдагы автоунаалар түз жана оңго бурулуп жүрүүгө уруксат. Жөө жүргүнчүлөр да жолду кесип өтүүгө уруксат.
МАИчинин көкүрөк жана арткы тарабындагы автоунаалардын жүрүүсүнө жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолду кесип өтүүсүнө тыюу салынат.

Б) МАИчинин оң колу алдыга сунулган болсо:
Сол тараптагы автоунаалар үчүн бардык тарапка жүрүүгө уруксат.
МАИчинин көкүрөк тарабынан бардык автоунаалар оңго гана бурулуп жүрүүгө уруксат.
Оң капталдагы жана МАИчинин арткы тарабындагы бардык автоунаа кыймылдарына тыюу салынат. Ал эми МАИ кызматкеринин арткы тарабындагы жөө жүргүнчүлөр гана жолду кесип өтүүгө уруксат.

В) МАИчинин колу өйдөгө көтөрүлгөндө:
Бардык тараптагы автоунаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тыюу салынат.

МАИ кызматкерине баш ийбеген учурда 1000 сом айып пул же соттун чечими менен 6 айдан 12 айга чейин айдоочулук укугунан ажыратылат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |