№467 14-20-октябрь, 2011
10-октябрда Эдил аттуу жеке ишкер жайында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугун жеңип алган, келечектен көптү үмүттөндүргөн балбан Арсен Эралиевге темир аргымак мингизди. “Бул кадамым өсүп келе жаткан муундарга стимул, спортко кош көңүл караган чоңдорго үлгү болсун”,- деди Эдил мырза белекти тапшырып жатып. Ал эми Арсен ага ыраазычылык билдирип: “Мындай көрүнүштөр, албетте, бийиктикке умтултат. Бир кезде Канат Бегалиевдин эмгеги бааланып, машина алып жатышканда абдан шыктангам”,- деди.
Эдил мырза тууралуу айтсак, ал 29 жашта, Көлдүн кулуну. 2007-жылдан тарта Гонконгдо жеке ишкерлик менен алектенет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |