СТИВ ЖОБС. дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек

№467 14-20-октябрь, 2011

Үч алма адам баласынын жашоосуна чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Биринчисин Обо эне жей коюп адам баласы бейиштен куулса, экинчиси Ньютондун башына түшүп, илимде чоң ачылыш болду. Ал эми үчүнчү алма – Стив Жобстун алмасы. “Эппл” компаниясынын жаңы технологиялары биздин жашообузду жаңы нукка бурду.

ЧЫГААН ЧЫККАН ТАШТАНДЫ БАЛА
Атактуу инноватор 1955-жылы 24-февралда Калифорния штатынын Маунтейн Вью шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин бул шаар дүйнөнүн эң акылдуулары чогулган микрокомпьютердик технология өндүрүшүнүн борбору болуп калган. Стивди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси аны ымыркай кезинде эле Балдар үйүнө таштап кетишет. Төрөлгөндөн эле жетим калган талантты Пол жана Клара Жобстор багып алышкан. Стив төрөлгөн убагына жана жерине жараша өсүп, анык өзгөчө боло алган. Балким, башка шаарда төрөлсө, аты алтын тамгалар менен жазылган Стивен Жобс болбой калат беле, аны бир Кудай билет. Ал кичинекей кезинен чачын өстүрүп, өзү курактуу балдар менен көп сүйлөшкөндү жактырчу эмес. Жалгыздыкты жактырып, өзүнөн улуулар менен жакшы тил табышчу.
16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызык­чылык­тары төп келишкен экөө бат эле тил табышышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “менин колледждеги убакытым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанат.

АЛГАЧКЫ КАДАМДАР
Стив жыйырмага чыга электе буддизмге кызыгып, Индияга барып келет. Калифорнияга кайтып келген соң ошол кездеги эң алдыңкы компьютердик оюндарды чыгарган “Атари” компаниясына ишке кирет. Бирок Возняк досу менен 1975-жылдан баштап жеке компьютерлерди чыгарууга бел байлайт. Алгачкы капиталды чогултуу үчүн экөө тең эң баалуу нерселерин сатып, Стив Жобстун гаражында иш башташат. Возняк, чындыгында, электроника тармагында гений болгон. Бирок көптөгөн адистердин айтымында, эгер Жобс болбосо, анын ойлоп тапкан буюмдары текчеде эле чаң басып калмак. Ошентип, алар “Эппл” компаниясын негиздеп, алгачкы “Эппл-1” компьютерин чыгарышат. Стив токтобостон Возняктан «мындан да күчтүүрөгүн ойлоп тап» деп өтүнөт. Возняк биринчисинен кыйла күчтүү “Эппл-2ни” жасап чыгат. 1977-жылы элге тартууланган бул жаңы компьютер бардыгын таң калтырат. 1980-жылга чейин экөө 120 миңдей компьютер сатууга жетишишет. Стив Жобс жеке компьютерлердин революциясын жасаган адам катары тарыхта калат. Көп өтпөй 1984-жылы ал рынокко жаңы компьютер – «Макинтошту» тартуулайт. Тилекке каршы, бир жылдан кийин сатуу абдан төмөндөп, “Эппл” компаниясынын мүдүрлөр кеңеши Стив Жобсту жумуштан четтетүүнү чечишет.

“ЭППЛГА” КАЙТЫП КЕЛҮҮ
Өзү негиздеген компаниядан чыгарылган инноватор “Эппл­ден” тапкан акчасына “Некст” компаниясын ачат. Тилекке каршы, Стив ал компания менен ийгиликке жети­ше албайт. Анын кийинки кадамы анимация жаатындагы «Пиксар» компания­сын сатып алуу болот. Бул тармакта да көрүнүк­түү өзгөртүүлөрдү жасап, өжөрлүгү менен миллиардер болууга жетишет. Ошол мезгилде “Эппл” компаниясынын абалы абдан начарлап кетет. 1997-жылы Стив Жобс “Эпплга” кайра келет. Ал келери менен компанияны тазалап, таптакыр жаңы багытта иштеп, компаниянын эң негизги атаандашы, «Майкрософттун» кожоюну Бил Гейтс менен кызматташа баштайт.
Анын биринчи кадамы жаңы iMac же­ке компьютери менен башталат. Андан соң музыкалык ойнотуучу iPod дүйнөнү дүңгүрөтөт. Анын өзгөчөлүгү – өтө ыңгайлуу жана мурункулардан кыйла күч­түү болгондугу эле. 2007-жылы Стив дүйнөгө уюлдук телефондун жаңы муунун, тагыраак айтканда, iPhone`ду тартуулайт. iPhone`го бүткүл дүйнөнүн көңүлү бурулат. Ал эми кийинки кадам технологиялык рыноктон ноутбуктарды сүрүп чыгууга багытталат. 2010-жылы дүйнөгө iPad`ды сунуштайт. “Эпплдын” продукциялары дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан ордун табууга өтөт. Бул жаңы кадамдар технология тармагындагы революция катары бааланат.

ДАРТКА ДАБА ТАБЫЛГАН ЖОК
Стив үй-бүлөлүү, 4 уул-кыздын атасы эле. Эл алдында күлүп-жайнап жүргөн инноватордун ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2004-жылы анын уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. Жакындарынын айтымында, Стив өлүм жөнүндө көп ойлончу. Себеби ал бул жашоодо өчпөс из калтырып кеткиси келген. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумду.
Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калды.

Азамат Абдраев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
17.10.2011. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай талант бул дуйнодо кайра жаралуусу эми абдан кыйын!
18.10.2011. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнодогу эн Акылдуу киши болчу,
18.10.2011. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн таланттуу коп кырдуу адамдын катарын толуктачу эле, бешийке чыксын, артында калган мурасын улантуучу адам табылаар
18.10.2011. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адам тууралуу сонун кеп уктум: Дуйнодо миллиардерлер коп, генийлер саналуу гана. Ал эми миллиардер-гений бироо гана болчу. Ал - Стив Жобс.
18.10.2011. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стив Жобс дуйнодогу генийлердин бири болчу. арты кайрылуу болсун
12.11.2011. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziattita озунун заманындагылардын акылдуусу десе туура деп ойлойм

02.12.2011. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стив Джобс, тот кто меня вдохновляет! R.I.P
12.12.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn ele genij,akylduu adamdar jalgyzdykty jaktyryp,party,disco degendi sujo berishpejt.Bul 100% ishendim.
A 3 almanyn bul dujnodo ojnogun rolun da kara.:)
Ozun4o ele mistika.
Stiv Jobs-men senin tuboluk fanatynmyn!
21.12.2011. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай буйурса мындан да кыйыны чыгат бул дуйно ушундай дагы кудай билет
13.06.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гений
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо