№467 14-20-октябрь, 2011
Ырчы Райхан Абдувалиева көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеткен. Дале чыгармачылыктын чыйыр жолунда экенин угуп кубандык. Райхан Абдувалиева, Мирлан Жетигенов, куудул Назира Жетигенова 13-октябрь күнү фольклор жанры боюнча өтүүчү “Лабра” деп аталган Эл аралык фестивалга аттанышты. Бул фестиваль Түркиянын Хатай шаарында өтөт. Биз ойлогондой Назира Жетигенова куудулдук өнөрүн көрсөтпөйт, түрк элдерине. Үчөө тең репертуарындагы мыкты делген ырларын, “Маш ботой” сыяктуу бир нече күүлөрдү тартуулашмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |