№467 14-20-октябрь, 2011
Президенттик шайлоого эки апта убакыт калды. Үгүт кампаниясы башталгандан бери талапкерлер 80 миллиондон ашуун сомду сарпташты. Бул аптанын “күнөөкөрлөрү” Нариман Түлеев, Акылбек Жапаров жана Исхак Масалиев болду.
АЛЫБЕК АЛЫНА ЖАРАША ДЕЧҮ БЕЛЕ?..
Ойт десе, опурула жарышка чуркаган бул ажо болчуларың чечүүчү күн жакындаган сайын Алыбек алына жараша боло башташты. Баарынан кызыгы Нариман Түлеевдики болду. Башында бул талапкер БШКнын элегинен өтпөй калып, соттон-сотко чапкылап жүрдү. Аягында БШКны утту, бул ортодо санаалашы Марат Султанов “Түлеевди колдойм” деп жарыштан баш тартты. Анан кандай жин урганы белгисиз, же баары бир президент болбошуна көзү жеттиби, кыскасы, “шайлоо кампаниямды үзгүлтүккө учуратууга бардык тоскоолдуктар жасалды. Менде эми өзүмдүн элимди сатып алуу же оюндан адилеттүү чыгып кетүү жолу эле калды. Акча менен президент болууга моралдык укугум жок” деген билдирүүсүн таратты.
"Ачууну Акыл басат" деп кыйыр түрүндө үгүтүн элден биринчи баштаган Акылбек Жапаровдун баяны өзүнчө укмуш. “Айла алтоо, акыл жетөө” деген сыяктуу көрнөк-жарнактарын туш тарапка илүүгө чебер Акылбек мырза “Ар-намысты” кыйла олку-солку кылып, ал эле эмес, аз жерден Феликс Куловду да лидерликтен чыгаруу чегинде турат. Өз эрки менен талапкерлигин алып салганын “өлкөдөгү кырдаалды жакшыртууга кошкон салымым” деп түшүндүрдү. Бирок билдирүүдө талапкер Алмазбек Атамбаев менен бир канча ирет жолукканын жашырбады. Өз учурунда Алмазбек мырза анын идеясын колдоп дегендей, балким, көшөгө артында майлуу-сүттүү орунду да убада кылган чыгар. Ошентип, Акылбек Жапаров президент болуу кыялынан кайтты.
Ошондой эле Коммунисттер партиясынан чыккан Исхак Масалиев талапкерлигинен баш тартып, “мынчалык кымбат баалуу шайлоо кампаниясына даяр эмес экенбиз” деди. Акча жок болсо, айла да жок. Айтмакчы, “Эл бийлиги” партиясынан көрсөтүлгөн Шамшыбек Медетбеков да талапкерлигин алып салды.
“СҮЙМӨНЧҮКТӨР” – АТАМБАЕВ, МАДУМАРОВ, ТАШИЕВ
Саясат таануучу жана эксперттердин пикиринде, шайлоонун фавориттери – Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев. Мындай пикирлердин пайда болушуна алардын пиар кампаниялары да таасир этүүдө. Акчанын көзүн карабай миллиондорду коротуп жаткандардын катарында жогорудагы үчилтиктен тышкары Кубатбек Байболов, Кубанычбек Исабеков, Анарбек Калматов, Өмүрбек Суваналиев да бар.
Алмазбек Атамбаев былтыркы картасын кайрадан колдонууну чечкенби, Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугуп, аны орусиялык ММКлардан өйдө жабыла көрсөтүштү.
Ошол эле тапта Мадумаров менен Ташиев бири-бирине “бомба” ыргытууну баштады, кожоюндук кылган басылмалары аркылуу.
Гезитибиздин расмий www.super.kg сайтында жаңыланган “Президенттик шайлоодо кайсы талапкерге добушуңузду бересиз?” деген сурамжылоодо да Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев алдыда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |