ИЧ ЭТТЕРДЕН ЖАСАЛГАН ДААМДАР

№468 21-27-октябрь, 2011

Кыргыздар ич эттерден жөргөм, быжы, куурдак сыяктуу даамдарды жасап келишкен. Акыркы кездери ич эттерди тазалагандан эринишеби, айтор, төгүп салышууда. Аларды ысырап кылбай, ар түрдүү даамдарды жасоого болот.

БООР “ЗАПЕКАНКАСЫ”

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Боор – 500 грамм
Түстүү капуста – 1 баш (чакан)
Пияз – 1 баш
Кумшекер – 1 чай кашык
Жумуртка – 3 даана
Каймак – 100 грамм
Cыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

ДАЯРДОО ЖОЛУ:

Бөлүктөргө ажыратылган түстүү капустаны туздуу сууда 5 мүнөт кайнатып, сууганча коё турабыз.

Андан соң койдун боорун чел кабыгынан ажыратып, чоң-чоң кесимдерге бөлөбүз. Тууралган боорду пияз менен биргеликте күчтүү отто 5-7 мүнөттөй кууруйбуз. Татымына жараша туз, кара мурч жана 1 чай кашык кумшекер кошобуз.

Чийки жумуртканы чагып, ага каймак, татымына жараша туз, кара мурч кошуп, жакшылап чалабыз.

Эми көмөчтанга алгач түстүү капуста, анан куурулган боорду салып, үстүнө каймак менен жумуртка аралашмасын куябыз. Эң үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, көмөчтандын капкагын жаап, жай отто 10-15 мүнөт демдеп коёбуз. Дасторконго коёрдо жашылчалар менен кооздоп койсоңуз болот.

ЖҮРӨК САЛАТЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун жүрөгү – 2 даана
Бадыраң – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Жумуртка – 3 даана
Майонез – 150 грамм
Укроп – 1 тутам
Лавр жалбырагы – 2 даана
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач жүрөктү таза жууп, сууга бышырып алабыз. Лавр жалбырагын кайнап жаткан сууга салууну унутпаңыз. Бышкан жүрөктү муздагандан кийин чарчы кылып туурайбыз.
2. Бадыраңды чарчы, ал эми пиязды жарым тегерек түрүндө туурап даярдайбыз.
3. Тууралган азыктарды аралаштырып, салат салынуучу идишке салабыз да, үстүнө майонезди куюп, сүргүчтөн өткөрүлгөн жумуртканы себелейбиз. Фантазияңызга жараша укроп менен кооздоп койсоңуз болот.

КАРЫН САЛАТЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун же уйдун карыны – 500 грамм
Сабиз – 500 грамм
Сарымсак – 4-5 тишче
Кумшекер – 1 аш кашык
Уксус – 2 чай кашык
Соя соусу – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 4-6 аш кашык
Корей салаттарына кошулчу татымал, татымына жараша туз, кызыл мурч

ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач карынды жууп-тазалап алабыз. Анан ага кайнак сууну жаба куюп жыдытып, бычактын мизи менен аппак болгуча кырып тазалайбыз. Андан соң карынды сууга бышырып, муздаганда чарчы кылып туурайбыз.
2. Сабиз, сарымсакты аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, татымалдарды кошуп кадимки корей салатын даярдап алабыз. Аягында буга тууралган карынды кошуп аралаштырып, даамына келгенче 2-3 саатка муздак жерге коюп коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(13)
24.10.2011. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даярдап короючу даамду окшойт.
25.10.2011. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nyam nyam
25.10.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер-инфо, менин суротторумду деле корсонор, ич эттен жасаган тамактарды, (merim83@mail.ru/мой мир)ал жерде средний болуп калган да, получалось еще лучше. опкодон сонун кылып ак-куу да жасашат, ошондой кызыктуу статья чыгарсанар, коп эле шаардыктар билишпейт андайларды.
25.10.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээде коноко шаардыктар келип калса, аябай тан калышат ич эттен жасалган кооз "деликатестерди" коруп алып, ушул теманы развивайтетсенер, мен аябай кызыгам, инициатива болсо келип корсотуп деле берем :)
25.10.2011. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...
25.10.2011. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai peri sen al surottorunu retsebi menen ashkana bolumuno jazsan jakshı bolot ele,biz da uyronup almakbiz
25.10.2011. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тустуу капуста кадимки белокачачанная капустабы жазып кое аласынарбы,рахмат.
23.11.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида,тустуу капуста кадимки цветная капуста
26.10.2011. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ич эттерден ордок, ак куу, жылан жасагандарды да жазгылачы суроту менен, мен да кызыгамын ич эттен бир нерселерди жасаганды, жылан жасаганды мурда билчу элем,азыр унутуп атамын, супер сураныч жазгылачы, кутомун
27.10.2011. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КИШИНИН(АДАМДЫН) ИЧ ЭТТЕРДЕН ЖАСАЛГАН ДААМДАР деп койсо Вампирский тамак болмок эле.
27.10.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nerrazuri, баарын озундой ойлой бербесен
27.10.2011. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз ашканасында мындан да оригиналдуу тамак аштар коп го. мына ошлорду жазсанар абдан жакшы болмок.
29.10.2011. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu Eka ayım,tamak-ashtın turunun joktugunan emes,koldo bolgon nerseni jok kılbay,tuura paydalanuu uchun bul tamak bayandarı bizge kerektuu.Antkeni baarıbızga belgıluu bolgondoy olkobuzdu bayıtuu ozubuzdun saramjalduulugubuzdan bashtalat.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо